#ОПУРТАЛ ОЮНДАР.
15-аяккы бөлүм.
Папа, он оказываетсяя не нападал, а наоборот защищал
президента!
Да-а, деп экөө жарыша кирип барышкандарында жүзүндө кубанычтын изи байкала түшкөн Бийка: Вот,-деп экөөнө интернеттеги көрүнүштү коюп бере калды. Анда Кайнар эки колун жая ортого атылып чыгып өзү кол салаар президентти же коркунуч келээр анын денсакчыларын карабай такыр эле башка жакты карап кыйкырганын көрүштү.
Да-а, это очевидно, что он не нападал наоборот защищал, -дешип Бийканын ата-энеси дагы бул жандуу сүрөттөн Кайнардын куноосуздүгүнө ишенишкендери менен Бийканын "Муну тиешелуу органдарга, Кайнарды тергеген тергөөчү менен коргогон адвокатка билдиришим керек",- дегенине "Бул жерде сенсиз деле анын кылганы даана көрүнүп турат, сенсиз деле билип алышат кийлигишпей эле кой, - дешип караманча каршы болушту. Бийка ата-энесине унчукпай макул болумуш эткени менен эртеси күнү эле Кайнардын жакындары менен байланыш издей баштады. Анын агасынын телефон номерин командалаштарынан табаарын болжоп такси айдатып түшкө жакын атканага келсе, бир нече улакчы анан Болоткан машыктыруучу бар экен. Өзү сыяктуу эле Кайнардын жоругуна түшүнө албай калган Болотканда Кайнардын өзунун телефону бар экенин билгенде Бийка суйунуп кетти. Өчүрүлүү аны күйгүзүп Кайнардын Залкар байкесинин номерин таап телефонуна көчүрүп, дароо эле аны менен байланышты.
Өзүн Кайнардын жакшы таанышы катары тааныштырган Бийка ушундай кыйын учурда анын күнөөсүздүгүн далилдеп бошонуп чыгуусуна кол кабыш кылгысы, өзүнө жолуккусу келгенин. билдирди эле Залкар дароо макул болуп кезигишчу жерди белгиледи.
-Саламатсызбы,- деди Бийка болжолдонгон жерде турган кишини Кайнарга окшоштуруп, ийменинки жылмайып. Саламатчылык, деп Бийканын тулку боюна бир көз
жугуртуп өткөн Залкар.
-Сиз, - деп суроолуу карады эле.
Бийка: Менин атым Бийка,- деп жиберди.
Бийка сиз Кайнардын президентти өлтүрөйүн, - деп атайылап кол салганына ишенесизби? -Жок ишенбейм.
Биз деле ишенбейбиз, бирок факты деген факты да ага каршы эч кандай далилибиз жок болуп жатат. Сиз жана телефондон жардам берем, дединиз балким сизде бардыр.
Сиздер жанагы интернеттеги видеону жакшылап караn
чыктыныздарбы?
Карадык.
Жакшылап карап чыксаныздар анда Кайнардын президентке нападения кылбай эле аны защищать эткени даана байкалып жатат.
Ээ-ээ, чын элеби? - деп таңгалгандан көзү чакчайып, оозу
ачылган Залкар:
Жүрсөнүз, - деп иниси акталгандан бетер кудундап Бийканы интернет клубду карай ээрчитип жөнөдү. Кайнардын президентти карай атырылып чыкканын кунт коё көп жолу караган Залкар да андан кол салууну эмес калкалоону коруп, көзу жеткен сон кадыресе кубанып кетти.
Мында эч кандай кол салуу жок, колундагы жалгыз куралы болгон камчысы дагы булдүргөсүнүн билегинде илинип жүрөт. Рахмат карындашым. Сен болбосон биз муну байкамак эмес экенбиз. Рахмат. Азыр биз Кайнарга адвокат издеп жатабыз Бул тууралуу ага сөзсүз билдиребиз. Буюрса Кайнарды актап чыгартабыз. Бизге чоң жардам анан жакшылык кылдың.
Эч нерсе эмес. Сизге чалып Кайнардын иши тууралуу
билип турсам болобу? Албетте, албетте болот. Баса сен баягы Кайнарды Зулкар сабатып талаага таштап кеткенинде сактап калган кыз эмессинби?
- Жок. -
- Ошондой бир окуя болуп Кайнарды сендей эле, бирок шаардык кыз өлүмдөн сактап калган. Сен дагы бүгүн ошондой эле жакшылык кылдын, Чон рахмат бактылуу бол.
Эч нерсе эмес. Ининиз акталып чыкса болду. - Акталат буюрса акталат, - деп экөө жакшы тилектерди айтып ага ишенип тарашкандары менен эртеси күнү эле жанылыктардан Кайнардын президенттин өмүрүнө кол салуу күнөөсүн моюнуна алганын, Мунусун ал ажону жаман көргөндүгү менен анын саясаты менен келише албагандыгы менен түшүндүргөндүгү жарыяланды. Бүткүл өлкөнү дүңгүрөтүп, чет өлкөлүк маалымат каражаттарында да айтылган бул кабарга Кайнарды жакындан тааныгандардан эч кимиси ишенген жок.
Саясаттан алыс, эч кандай жаман адаттары жок, түз жүргөн, көкбөрүчү жигиттин бул жоругуна эч ким түшүнбөдү.
Кайнар чынында эле бул кылмышты моюнуна алган эле. Суйуктүү атына ок жанылып, өзү анын башынан алыс кетип, жүзтөмөнүнөн кулап, укук сакчылары басып жыгылышып колуна кишен салынып жатканында эле ал ажыдаардын куйругун басканын сезип, эгер эле даярдалып жаткан күтүм тууралуу өзүнүн билип калганын алар билчү болсо Сагындан маскара өлүмгө учураарын сезип күнөөнү дароо моюнга алып ынгайлуу учурду күтө турууну ойлогон болчу. Түнү бою Кентавр атынан айрылганына жаны сыздап, анын ок жаңылып жыгылганынан кийинки оор онтоп кошкурунганына (ошончо ызы-чуунун арасынан, колу кайрылып жерде жатса да угуп калган жаны) эзэни кейип, өзүнүн коркунучтуу кылмышкер сыяктуу камалып, ак жеринен күнөөлөнүп жатканына ызаланган, арданган ал бул да эч нерсе эмес экенин ойлоп, ажонун өмүрүнө кол салгандан кайра тартпаган немелер өзүнүн өмүрүн чымынча көрбөсүнө көзү жете аларга эч шек алдырбай күнөөнү моюнуна ала берүүнү оюнда бышыктап, ошол чечимге бекем бекиген. Ушинтсе гана "Ак ийилет, бирок сынбайт",- дегендей бул көркоолордон өз өмүрүн дагы сактап, Сагын учун дагы. Кентавр аты учун дагы, өзүнүн минтип камакта жатканы үчүн дагы өч алып, киллер деген жаман аттан кутулуп акыры бир куну акталып жүзү жаркыраарына ишенди. Ошол үчүн тергөөчүнүн биринчи эле сурагында "президентти жаман көрүп, анын саясаты менен келише албагандыгым үчүн өлтүргүм келди", - деп жазып кол коюп берди. .
Суралуучунун минтип оңой эле күнөөнү моюнуна ала калганы тергөөчүнү алымсындырбады же кандайдыр илинчектерди тапкысы келдиби "Сен кимден буйрутма алдын эле, артында кимдер турат, дагы эмнени билесиң, шериктериң барбы? - деген сыяктуу суроолорду берип такыганына баягы эле бир жообун айтып туруп алды.
Ошентип дагы бир жума өтүп тергөө аяктап иш сотко өткөрүлгөндөн кийин Кайнар камалганда эле айылдан жетип келип зарыга күтүп отурган ата-энесине жолугушууга уруксат берилди. "Карга баласын аппагым", - дегендей эле уулунан эч кандай кылмышкерди көрө албаган ата-эне каралдысын басып жыгылышып ый-күлкүгө аралаш жыттап моокум кандырып, сагынычтарын жазып анан:
- Эй бул эмне кылганын?" - деген тескөөгө жетишкендеринде Кайнар атасын кучактай калып өпкүлөмүш эте кулагына шыбырады:
-Ата менин ишим ак, кунөм жок, бирок мени президент гана куткара алат. Мен аны өлтүрөйүн деген эмесмин, коргоюн дегенмин. Сиз Залкар байкеме айтыңыз. Ал президентке туз кире алчу кишини таап, андан менин ага айта турган маанилүү сөзим бар экенин айттырсын. Мен президентке жолугуп болгонун болгондой айтсам гана бияктан кутулуп чыгам,- деди да ошондой эле апасын кучактап "атасынын кулагына шыбырагандай эле бирок катуураак: - Апа мени кечириниз буюрса мөөнөтүм бүткөндө чыгып барам. Камтама болбой күтүңүз. Ушунча азапка салган. уулунузду кечириниз,- деди аяккы сөздөрүн угуза айтып...
Уулунун күнөөлүү эмес экенине кудундап ишенген атасы Залкарга Кайнардын шыбыраганын төкпөй-чачпай айтып бергенинде ал:
- Ушундай болушу керек эле ушундай! - деп алгач катуу кубанып алганы менен аздан соң кайра эле: Ажого түз кире алчу кишини кайдан табабыз эми. Ага көрүнгөн эле киши жолуга албайт да, -деп оор түйшүк менен чечилбес маселеге кептелгенсип, озунун тааныштарынын арасынан эч кимиси ажого туз кирмек тургай жакындабаганын ойлоп айласы кете отуруп калды. Инисинин эч ким билбеген бир сырды билээрин, эгер ал байкоостон ачыкка чыкса арты өздөрү үчүн эле жаман болоорун боолгологон Залкар
эмне кылаарын, кимге кайрылаарын билбей эки күн жүргөнүнде баягы Кайнарды бошотууга кол кабыш кылам деген Бийка аттуу бейтааныш кыз чалганында ал эмнегедир сүйүнүп кетти да, ал- абал сурашаары менен эле:
Сенин президентке туз кире ала турган, же үй-бүлөөсү менен жакын катышы бар туугандарын, болбосо таанышын жок беле?-деп собол узатты.
Жок. Билбейм. Аа эмне болду? - деп бул күтүүсүз суроодон улам кайра өзүнөн сураганда, Залкар эки күндөн бери ичинде сакталып, эч кимге айта албаган сырды тартынбай эле айтып салды.
Ата-энем Кайнар менен жолугуп келди. Анын президентке жеке айта турган сөзү бар экен. Түшүнүп атасынбы президенттин жеке өзунө гана. Ошол үчүн президентке түз кире алчу же үй- булолук катышы бар киши табышыбыз керек.
Байке, билбейм бирок азыр эстеп көрөйүнчү, - деп телефонун өчүрүп жарым саатка жетпей кайра чалганында, Залкар кадимкидей сүйүнүп кетип, оң жооп алаарына ишене телефонун көтөрду.
Байке Берен Арстанбеков деген кишини билесизби? Билем. Кадимки Беренди ким билбесин. Андай киши бизде бирөө эле да. Ошол киши менин атам менен ага-ининин балдары болот.
Двоюродной деп коет го орусча.
Ии, соба. Анан?
Берен ата президенттин устаты экен, кийин дагы көп жылдар чогуу иштешкен экен. Азыркы мамилелери кандай билбейм, бирок мен эртен алардын айылына такси айдатып алып барып, андан президентке кирип Кайнар тууралуу айтуусун суранам. Макул болот болушу керек.
-Оозуна май карындашым. Бул жакшылыгынды эч качан унутпайбыз.
Рахмат
-Ошо, калганын эртен Берен атага жолуккандан кийин- чалып айтайын. Жакшы туруңуз, - деп Залкарды чон үмүткөр кылып телефонун өчүргөн Бийка айтканындай эле эртеси түш
ченде Берен Арстанбековдун үйүндө отурду. Өзү эле меймандос немелер эн эле сейрек каттаган инисинин кызы келгенде ого бетер жетине албай калышты.
Үстүнө үйрүлүп түшкөн абышка-кемпирдин ортосунда бир топко ар кайсыны сүйлөшүп отурушкандарынан кийин Берен аксакал жетине албай сүйлөдү. Мына, мына кичиненде тилиң такыр эле орусча чыкты эле.
Азыр кадимки айылдык кыргыздарча сүйлөп калыпсың. Азамат, Аракет кылдым да ата. Кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөй албасан жаман экен. Рахмат каралдым. Муну кезегинде ата-энеңе айтып түшүндүре албай койдум эле. Сенин ушунуна шүгүр.
-Берен ата, - деди келген себебин айтаар кез келгенин сезген Бийка: - Сизге бир маселе боюнча келдим эле.
Маселе? Ой маселеси жок эле жөн келсен болбойбу? Биз дагы суйунуп жатсак Бийка да бизди эстейт экен деп. Кечирип коюнуздар ушундай болуп калды. Бирок озум
учун эмес, атамдар үчүн да эмес башка бирөө үчүн келдим сизге
Айта гой.
- Баягы сиздин жетимиш жылдыгыңызда улак тартып келген жигиттердин капитаны эсиңиздеби?
- Тан ай көп эле улакчылар келбеди беле. Баягы Зулкарды
осол кылган жигит эмеспи?
- Ии ошол
Анан
Ошол жигит азыр президентке кол салды деген кунөө
менен түрмөдө олтурат. Уктунуз да.
Укпай анан. Өткөндө эгемендик күнүндө ошенткенин көрүп алып "Кыргыздын эр көкүрөк, мекенчил жигиттери ушинтип жатса буткөн экенбиз" деп капа болдум эле.
Кайнар президентке кол салбай эле коргоюн деген. Бирок аны түшүнбөй камап коюшту. Ишенбесениз интернеттеги видеосун карап көрсөнуз ишенесиз. Чын элеби?! Сен жанылып жаткан жоксунбу? Кантип эле ошондой болсун?
- Жок ата жанылган жокмун. Интернеттеги видеону карап көрсөңүз.
-Караса карайлы, деп комьютери бар бөлмөгө өтүшүп баягы Кайнардын эгемендик күнүндөгү ажого атырылган видеосуна көпкө үңүлгөндөрүнөн соң Берен дагы таңгала түштү.
- Ооба кол салган кишиге окшобойт. Каныккан чабандеске машыккан көкбөрүчүгө да окшобойт. Колун жайып алып президент жакка карабастан тетири жакты карап кыйкырып бара жатат. Жалгыз куралы болгон камчысы колунда илинип жүрөт. Эгep бул жигиттин президентке кол салайын деген ою болгон болсо шукшурулган бойдон барып тебелетип өтмөк, денсакчылары улгурмөк да эмес.
- Ооба муну видеону кунт коё карагандардын баары эле байкап жатышат.
- А бирок ал күнөөнү моюнуна алып албадыбы?
- Биз да ошонусуна таңгалып жатканбыз. Өткөндө ата-энеси кирип жолугуп чыккандарында атасына шыбырап президенттин өзүнө гана айтчу сөзүм бар дептир.
- Ии анан?
- Анан ошо президентке түз кире алчу киши таппай айла кеткенде сизге келдим.
Мына кызык! Жанагы сөзүн президенттин өзүнө гана айтышы керек бекен?
- Ооба,
Анда мында чоң сыр бар го. Жардам бербесек болбойт окшойт. Бирок президент менен кылмышкер кантип жолугушаары акылыма сыйбай жатат.
- Ата ал кылмышкер эмес. Ал ак жеринен камалып отурат. Видеону коргозуп Кайнардын ага айтчу сөзү бар экенин айтсаныз, Президент деле кайдыгер калбайт болушу керек.
Макул каралдым, макул. Күйүп-бышканына караганда жанагы жигит деле сен үчүн жөн кишилерден эмес окшойт. Аракет кылайын. Кана качан чалсам? Азыр чалсам туура эмес учур, иш устунда болушу керек. Кечинде байланышып айтып көрөйүн. - А сиз ага туз чала аласызбы?
- Чала алам. Президент деле биздей эле адам да.
- Бирок телефондон айтсаныз макул болобу?
- Эселегим десе. Мындай маселени кантип телефондон айтмак элем. Берен атанды оңой ойлобо! Керек болсо президенттин үйүнө чейин барып маселенди чечип берем. Камсанабай эле кой...
Бир кишилик камеранын темир эшигинин кулпусу шарактап ачыла баштаганда эле селт чочуп, ойгонуп кетти Кайнар. Жыгач наранын катуусу өтүп уюган денесин козгогуча оор каалга женил ачылып андан эңгезердей бойлуу бирөө далдая көрүндү. Уйкулуу көзүн бардап, бүшүркөй карагыча тигил бир аттап камерага кирип:
Эй киллер тур! Бизге уйку бербей, өзу уктап жатканын дегенинде Кайнар президенттин ден сакчысы Эрнисти көрө тааный калды. Эгемендик күнүнде Кентавр атын атып жыккан ушул эле. Ден сакчылык жумуштары бир неме менен теңтушчулук мамилелери бар болгондуктан тигинин мамилесине жараша жооп берди Кайнар:
- Атымды тирилтип бербесен уктабай калдың го.
- Ошондой түшүмө кире баштадың. Баягыда атынды эмес өзунду атсам болмок экен.
- Ага эркин жетпеди да.
-Көрсөн эй мына муну. Рахмат айткандын ордуна суйлөп жатканын. Атып салсам баш оорум аз болмок экен. Ме сени менен шеф өзу сүйлөшөм деп жатат,- деп телефонун сунуп калды эле Кайнар чочуп кетти.
Мени мененби?
- Анан ким менен. Шефке айтчу сөзүн бар экен го. Тынша кошуп койдум. Телефонду кулагына такай бергенинде:
-Алоо Кайнар,-деген коңур үн угулуп, Кайнар шашыла:
-Алоо,- деп жиберди. Кайнар кандай? Мен президентмин. Сенин мага айта турган созун бар турбайбы.
-Ооба
-Анда айта гой.
Президент ага кечириниз. Бирок мен сизге кол салайын деген эмесмин. Мен тескерисинче киллердин огунан сизди коргоюн дегем.
-Кайнар шашпай башынан баштап айтып бере аласынбы кандай болгонун.
- Ооба. Бул Сагын Ишекеевдин өлүмү менен байланыштуу. Ал киночулардын арасында жүргөн Кеша киллерди таанып калып мага айткан болчу, бирок эки күн өтпөй өзү ок жеп калды, деп эмне болгонун бир топко чейин айтып түшүндүрүп келип акырында: - Президент ага, сак болунуз айланаңызда жаман адамдар бар экен, - деп сөзүн аяктаганда ажо аны алкап жиберди:
-Рахмат Кайнар рахмат, мен үчүн өз жанынды аябаганын учун. Башында эле сенин мага кол салгың келгенине ишенген эмес элем, эми даана ынандым. Сендей уулдары бар биздин элдин тоодой багы бар, келечеги кен деп ойлойм. Бирок Кайнар сен бул айткандарыңды далилдешиң керек.
Ат майдандагы снайпердик мылтык катылган жашыруун жайды таап бере алам деп ойлойм. Анан Кеша киллер кармалса ал бардык маалыматтарды чубап чыгат болушу керек.
Андай болсо жакшы болот. Кайнар эртен мен өзүм дайындаткан тергөөчү сага барат. Сен ага болгонун болгондой айтып, жанагы ат майданда курал катылышы мүмкүн болгон жайды тапканга аракет кыл, макулбу?
Макул.
Анда сага ийгилик
Рахмат...
Атмайдандан снайперлик мылтык катылган жашыруун жай табылып, өлкөдөн чыгып кетип бара жаткан жеринен Кеша киллер кармалып сурак бере баштагандан кийин айыптары алынып салынып, ал тургай дароо эле кылмышкерден баатырга айланган Кайнарды камактан Азимжан Басылбекович өзү чыгарып машинасына салып кайдадыр алып жөнөду.
Демейде сыртынан катаал көрүнсө дагы түпкүлүгүндөгү камкор мээрими оной эле байкалчу Азимжандын бул жолу кабагынан каар төгүлүп, мамилесинен кандайдыр бир тоңдоосундук сезилди. Камактан кадам аттап чыгаары менен эркиндиктин илеби жүзүн жымындаткан Кайнардын кубанычын тең бөлүшпөстөн тек гана колун кыса кармап учурашып сыртты карай баштап жөнөдү.
Жолдо ката алдыңкы орундукта дүңкүйө сыртын сала отуруп лам деп соз ачпаган ал борбордогу сауналардын биринин короосуна кирип токтогондо гана:
-Сенин бир саатын бар өзүндү тезирээк ирээтке келтирип чыга кал, - деп колуна чон желим баштык карматты. Шефинин тондоосун тарта өзгөрүлө түшкөнүнөн улам анын кандайдыр өзунө болгон кусаматын, нааразылыгын сезген, ал тургай өлке башчысына каршы уюштурулган "Кутумга аралашкан жайы бар го", - деген шектуу ойго да келген Кайнар шашыла жуунуп, Азимжан берген баштыктагы кийимдерди шапа-шупа кие баштаганда гана өзүн үйлөнчү жигиттей жасанткысы келгендерин түшүнө калды. Ошентип кычырай кийинип галстугун тагынбай колуна кармал чыкса дале кабагы жазылбаган Азимжан:
- Эй алдагыны тагынбайсынбы деди.
- Тагынгым келген жок байке.
-Тагынгын! Азыр президент менен жолугушасың. Кутуп калды,- дегенинде гана эмнеге минтип жатышкандарын түшүнө калды.
Бир аздан кийин алды артынан үстүндө кызыл-жашыл жарыктары жаркылдаган кош маи машинасы коштогон өлкө башчысынын унаасында эчен бир опуртал учурларда опкоолжубаган жүрөгү дүкүлдөгөн Кайнар президент отурчу жумшак орундукта өзүн ынгайсыз сезип алдыдагы сыймыктуу жолугушууну карай сызып бара жатты. Өлкө башчысынын айтылуу резиденциясынын ачык дарбазасынан акырын кирип барып токтошкондорунда эшик ачкан Эрнис ден сакчы: - Улуу урматтуум куш келипсиз. Президенттин буйругу менен жайкы серугө чейин коштоп баруу иши мага ишенип тапшырылганына сыймыктанам,-деп колтуктай калып коштоп жөнөгөндө аны бул тамаша-чыны аралаш кебине жараша сөз таба албаган Кайнар тек гана жымын эте күлгөнгө жарап анын эрки менен кетти.
Жайкы сөрудөгу берекелуу дасторкон боюнда отургандарды көргөндө таңгалганынан селейип туруп калды. Эн төрдө бакай калпак кийген атасы, аппак элечек кийген апасы президенттин жанында отурушат. Он ыптада болсо Залкар байкеси, женеси, эжелери солдогу мамлекеттин биринчи айымы баш болгон президенттин үй-бүлөөсү менен мандай- тескей отурушуптур.
Кирип келип туруп калганында бул жердегилер жапырт ордуларынан козголушуп, дароо жанданышып, президенттин бойго жеткен эки кызы кучагын гүлгө толтурса, тестиер уулдары атасын атылган октон сактап калган эрдиги үчүн рахмат айтышты. туугандары колун кысып, далысынан тапташкандарынан кийин гана Кайнардын өз туугандарына кезек келип сыймыктуулукту, кубанычтуулукту, ыраазычылыкты жүздөрүндөгү жылмаюудан чагылтышкан, көздөрүнөн сүйүнүч жашы куюлуп, сөздөрунөн жалыныч жаадырган алардан кийин гана төрдп бул көрүнүшкө толкундана карап, өзүнүн кезегин күтүп турган президентке салам берди Кайнар. Кучагын кенен жайып көкүрөгүнө Кайнарды бекем кыскан президент далысынан таптагылай берип:
- Рахмат, рахмат! Мен үчүн көрсеткөн эрдигиң үчүн. Тушунбостук менен түрмөгө түшкөнүң үчүн кечирип кой. Сендей жигиттер бар биздин бактыбыз бар. Кыргыз элинин келечеги кең.Сен болбосон ушул жерде ушинтип отурат белем. Ошол үчүн сенин алдында, кыргыз элинин алдында милдеттүүмүн. Сенин бул эрдигинди ар кандай баалуулуктар менен өлчөп, турдуу акча, үй, машина менен деле сыйласам болмок. Бирок сен бул эрдигинди алар үчүн кылган жоксуң. Жигиттигиң үчүн, жамандык менен чыккынчылык менен келише албагандыгың учун, адамдыкты аткарыш үчүн жасадын бул баатырдыкты Ошол учун мунуңду буткул кыргыз эли өзү баалап, сыйласын. Мен болсо бул эрдигине кыргыз элинин гүлдөп өсүшү үчүн кылган иштерим менен жооп берейин. Бар бол жигит! Сендей жигиттер ар дайым болгон үчүн биз ушундай кооз, ажайып жерде, оз эгемен, эркин доорубузда жашап жатабыз жана жашай бермекчибиз. Сиздерге да рахмат ушундай баатыр уулду төрөп, өстүрүп жакшы тарбия бергениниздер үчүн. Башымды ийип таазим кылам сиздерге,- деп чындап эле көкүрөгүнө колун коюп башын ийди президент.
Андан кийин Кайнардын атасы да уулунун актыгына президент ишенип, тергөөнү өз колуна алып, баласын камактан чыгарып, минтип улуу башын кичик кылып өздөрунө түшүнүүчүлүк менен жылуу мамиле кылып, сый көргөзүп жатканына ыраазылык келтирди. Ушинтип бири өлкөнун башында турган, экинчиси айылдык карапайым үй-бүлө бири-бирин жакшы түшүнүшүп, ыраазылык билдиришип бир дасторкон боюнда даам сызыша тилектери бир жерден чыга жарп жазып отурушту.
- Байке сиз азаматсыз. Сиз болбосоңуз бул чындык ачыкка чыкмак эмес, - деди Кайнар Залкар байкеси экөө суйлөшкөнгө ыңгай табыла калганда.
- Мага рахмат айтпай эле кой. Жанагы кыз болбосо менин колуман эч нерсе келмек эмес.
-Кайсы кыз?
- Берен Арстанбековдун мага жардам берген кызы - Берен Арстанбековдун? Анын инисинин кызы эмеспи?
Ошондой го. Жана келген Беренди ээрчип.
Баягы Бийка деген шаардык кызбы?
- Жок шаардыкка деле окшобойт. Айылдык эле. Бул жерде
болсо барып ыраазычылыгынды билдирип кой. Ошол биринчи президентке кол салбай эле коргоп чыкканынды байкаган, ал болбосо президент менен да байланыша алмак эмеспиз.
- Андай болсо мен барып рахматымды айтып коёюн. эгер бул жерде болсо,- деп жайкы сөрудөн акырын чыгып эки жакты караса, Берен менен Азимжан окчун жерде сүйлөшүп турушуптур басып барып салам айтты эле Берен Кайнардын колун бекем кысып силкилдете:
- Жанагы Чолпонбайча окко төшүн тоскон Кайнар деген жигит сенсин да! Оо бар бол уулум! Жаштарга көп ичим чыга берчу эмес эле. Көрсө уучубуз куру эмес экен. Жаша жигит жаша! Ушунундан жазба, деди эле бир колу менен далысынан таптагыдай Азимжан сөзгө аралашты:
-Ооба азыркынын эрдиги бар эси жок деген жыланач төш баатыры ушул. Болбосо эстүүлүк кылып киночулардын арасында Кеша киллер жүргөнүн мага алдын ала айтса Сагын дагы окко учмак эмес, өзү дагы камалмак эмес. Мен дагы президенттин алдында уят болмок эмесмин. Азим байке кечирип коюнуз. Мен ишенген эмес болчумун.
Мен сенин кылмышкерлигине ишенбей атынды, өзүндү сактап калыш үчүн жанталашып жүрсөм, сен кайра менден шек санагансын го. Мен кантип эле ошондойго барайын?!
Азимжан байке кечирип коюнуз. Кечирбегенде кайда барам? Кечирем да!- деп колунан бекем кысып, ийининен таптап, анан Беренге кайрылды. Мунун атын айыктырыш үчүн өлкөнүн мен деген ветеринарларын которуп, Казакстандын кыйын врачтарын алдырып операция жасаттым. Дагы жакшы ок талуу жерлерине зыян кылбаптыр.
Эмне дейсиз байке атым айыктыбы? Ал өлгөн жокпу?
- Айтып жатпаймынбы сактап калдым деп. Мен болбосом ошондо эле малды кыйнабайлы деп мууздап салышмак. Карасам көзу тирүү, турмак болуп улам обдулуп коёт ошондо эле айттым: - Эй мына бул өлчу мал эмес, деп.
Ыя чын элеби? Рахмат байке! Ал каякта?! Сенин бугунку майрамындын бир жери кем болбосун, сюрприз кылайын. деп алдырып келгем тээтигил бактын арасында турат.
Муну укканда Кайнар ордунан атып жөнөдү. Ал калын бакка жете бергенинде моюнунан омуроосуна чейин ак даки менен таңылган Кентаврга банан берип жаткан Бийканы корду. Кайнар жайлай басып жакындаганда бут алдындагы жалбырактардан чыккан шарпадан улам Кентавр баш көтөрүп тикчие карап кошкурунуп жиберди. Мындан улам Бийка да баш бурду.
Үчөө тиктеше түшүштү. Алардын көздөрүнөн чагылган жылуулуктан көңүлү жибиген Кайнар саамга дел боло тушуп анан эки-үч чоң аттап экөөне жетип барды.
Алтындарым... ыраазымын... рахмат, кечиргиле мени!.. - деп ички күчтүү сезимдеринен улам айтаар сөзүнүн иретин келтире албай аптыгып, анан азыр бул жерде сүйлөө ашыкча экени, анткени баардыгы иш жүзүндө аныкталып калганы конулунө кылт этип, опуртал оюндагы ишенимдүү канаты болгон аты менен бут тагдырын тапшырса боло турганы далилденген аялзатын кабаттай кучактап көкүрөгүнө батырчудан бетер өзүнө тартты...
Аягы
Жакшы президент экен
Аягы жакшы бүттү, жомоктой.
კომენტარები 76