---кан басымдын көтөрүлүшү, уйкусуздук, ашказан жарасы, ревматизм, боор ооруларын, кант диабети, жүрөк ооруларын, жыныстык алсыздык сыяктуу ооруларды чакыраарын билип алганыбыз жакшы болот. Адам баласынын эң биринчи ички жан дүйнөсү ооруйт, анан органдары ооруйт. Ички жан дуйнонуздорду абайлап, сактаныздар.
Ал үчүн эң биринчи ыкма КЕЧИРИМДҮҮ болунуздар! Мага көптөгөн адамдар кайрылат, кечириниз десем, жок, жок, жана дагы жок, кечире турган адам эмес, кантип кечирем деп ыйлаганга чейин барышат. Кандай болгон күндө да, өз жашообуз үчүн кечиришибиз керек, кечиргенди үйрөнүшүбүз, билишибиз керек.
Бизди капа кылган адам, биздин жан дуйнобуз канчалык кыйналганын сезип да койбойт, ошондо биздин капа болгонубуз кимге пайда, кимге зыян? Адам өмүрү өтө кыска болоор болбос кыжаалатчылыктарды чоң көйгөй кылып алып, жан дүйнөнү кыйнай бербениздер! Жан дүйнө кыйналганда Нерв системасы жалпы кыйналат. Баш мээдеги кан тамырлар ичкерип, кан басым көтөрүлүп инсульт, инфаркт деген оорулар келип чыгат.
Адам баласы жеген тамагынан эмес, уккан сөзүнөн көп ооруга чалдыгат. Бул көйгөйдон чыгууга ар ким ар кандай жолду тандайт. Башка бирөөнү өзгөртүү үчүн эң биринчи өзүбүз жакшы жакка озгорушубуз керек. Анан чөйрө өзү бизге карап жакшы жүзүн бура баштайт. Ден соолук бекем болуп, узакка жашоонуз үчүн, ыңгайлуу жолду тандоонузга тилектешмин. Баарыныздарга аманчылык каалаймын!
#Ташбү Жамиловна
Ватсап: 0559-23-73-13
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 77