Бекжан менен жогорку окуу жайга жаңы тапшырганда таанышкам. Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан баш кошууну чечкенбиз. Ата-энелерибиз жолугуп тойдун күнү белгиленмек. Бирок жолугушат деген күнү жигитим апасы ооруп атканын, келе албасын айтты. Атасы, эжеси, карындашы келди. Кайненем менен тоюбузда бет келиштим. Кубанычтын эпкини менен сустайган жүзүнө, чытыган кабагына деле маани берген эмесмин. Кайын-журтумдун босогосун аттаган күндөн тартып экөөбүздүн ортобузду кара мышык аралады. Башында кайненемдин оту менен кирип, күлү менен чыгып ийиктей имерилип аттым. Бирок кар жааган кабагы ачылбай түнөргөнү токтогон жок. Кылган ишимен кыйкым табат:
- Ай келин, түш оогондо турганың аз келгенсип, кылган ишиңдин баары чала! Бир ишти бүтө элек жатып экинчисин баштайсың, ташта аны, тур чай кой! –деп баш аламан жумшап, керээлди кечке эрмеги мен болдум. Кудум мышык чычканды эрмектеп, тажаганда чала жан кылып коё берип койгондой. Кечинде үйдөгүлөр чогулганда билмексен болуп бөлмөсүнө кирип кетет. Кантсе да аял, эне эмеспи, көңүлүн таап жибитип алам деген аракетим суу кечкен жок. Мен канчалык жумшак, ийкемдүү болгон сайын каарын төгүп, кабагын ачпай атты. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй караган кайненемдин мени эмне себептен жек көрөөрүн кийин уктум.
***
Менин тек-жайымды, карапайым, колу жука айылдык кыз экенимди укканда таанышуудан да баш тартып келбегенин себеби ошол болуптур. Мындай жагымсыз жаңылыкты айтып беришкенде кийимдеримди чогултуп, бул үйгө түнөбөй басып кетким келди. Бирок күйөөмдү кыйбадым.
Көп өтпөй кош бойлуу болдум, үйдөгү болгон түйшүктү жонума үйгөн кайненем анда да аяп койгон жок. Уу тили менен кууруп, көңүл сыртынан мамиле жасап кыйнап жиберди. Дегеле табиятынан тажаал, эч кимге баш бербеген өзүн-өзү билген аялдардан болчу. Кайнатамдын, күйөөмдүн арача түшкөнүнө ого бетер от алып эртеси алар жумушка кеткенде жанымды жай алдырбай үйдөгү болгон оокатка салар эле.
- Бекжан, мен үчүн апам менен айтышпай эле койчу, өзүм тилин таап алам,- дейм эртеси тарта турган азаптарымды алдын ала билип. Муну күйөөм жакшылыкка жоруп, менин акылдуу экенимди айтып мактап, санаасы тынып калат.
Адам жумшагын адам жейт деген сөз чын экен. Мен канчалык ийкемдүү болгон сайын анымды коркоктук катары кабыл алган кайненем менен өзүмдү коргоо үчүн айтышып, тилим чыгып баратты. Келин болуп келгениме жети жылдан ашып, үч баланы удаа төрөп берсем да жакпадым. Же карыган сайын кайратынан тайбай, уу тили тартылчу түрү жок.
Мурда күйөөм менен кайнатам жокто урушсак, эми бетибиз ачылып, экөө ортобузга арачы түшчү болду. Эзели оозуна ачкыл албаган күйөөм кээде ичип келет. Андайда үйгө көпкө кирбей бактын ичинде ой басып отурганы отурган. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле да солгундап урушубуз көбөйүп, жаза-буза чапканды адатка айландырды. Андайда кайненем мени өзү сабагандай колунун кычуусу канып, көңүлү көтөрүлүп калат.
Кудай акы, колуман келишинче жакшы жубай, келин болуп ушул үйгө сиңип кеткенге аракет кылдым. Менин аракетимди жагалдануу, жасакерленүү, эки жүздүүлүк катары баалаган кайненем көңүлүмдү оорутканын койбоду. Бөлүнүп өз алдынча тиричилик кылалы деген сунушума күйөөм так секирип көнгөн жок. “Эл эмне дейт? Жалгыз баласы ата-энесин таштап, катынын ээрчип кетиптир деп сөз кылсынбы?” деп болбойт. Балдарды алып кетем дегениме жалынып-жалбарып, сүйөрүн, биз жок жашоосу болбосун айтып жалдырайт.
*
Ал кезде кыздарымдын улуусу мектепке, кенже уулум бала бакчага барып калган. Өзүм кесибим боюнча айыл өкмөттө иштеп калдым. Жумушка байланыштуу кээде кеч келем, караңгыда жалгыз кетпесин деп унаасы бар кесиптештерим үйгө чейин жеткирип коюшат. Муну өз пайдасына бурган кайненем күйөөм жумуштан келери менен уруштун сөзүн баштайт: “Катының бүгүн да кеч келди, өзү келбей дагы бир эркек жеткирип келди. Үйдүн түйшүгүн мага өткөрүп берип, минтип карыганда келин болуп отурам” деп көнгөн обонун созуп баштайт. Ушунча жылдан бери экөөбүздүн ортобузда чайналып бүткөн Бекжан столду тарс эттире бир коюп сыртка чыга жөнөдү.
Акыркы күндөрү өзүнүн деле жылдызы түшүп, үйдөн качып жолобой калган. Же биз тура электе таң атпай кетет, же баарыбыз уктаганда түн жарымында жылып кирип жатып алат. Ачка келгенине деле кайыл, аарынын уюгундай ызылдаган үйдөн тынчыраак бир бурч тапканына каниет кылгандай.
*
Бул жолу да сыртка чыга качкан күйөөмдүн артынан издеп жөнөдүм. Короону айландыра карап, эс алганда келип жатар деген ой менен бөлмөмө бет алдым. Эртең менен таң аппак атыптыр, күйөөм ордунда жок. Дагы эрте турган экен деп маани бербей жумушка камына баштадым. Сыртка жаңы чыга бергенде кайнатамдын ачуу кыйкырыгы угулду. Кантип жетип барганымды билбейм, уй короодо күйөөмдүн асылып турган денесин кучактап өкүрүп ыйлап туруптур... Андан аркы окуялар коркунучтуу кинонун лентасындай көз алдыман чууруп өтүп атты. Кошуналардын чогулганы, кайненемдин башын муштап ыйлаганы, күйөөмдүн суналган денесин боз үйгө киргизгени, балдарымдын эси чыгып мени кучактап ыйлагандарын нес абалда гана карап турдум.
Качан гана төркүнүм келип үстүмдөгүлөрдү чечип, башыман ылдый кара түндөй болгон оор кийимди кийгизгенде ойгонгондой болдум. Ошентип отуздан ашканда кара кийип жесир аталып, бир бурчта бүрүшүп отурдум. Дагы да тилин тартпаган кайненем элди көзгө илбей ушунун баарына мени күнөөлөп каргап-шилеп атты. Ботодой боздоп күйөөмдү акыркы сапарга узаткандан кийин мени төркүнүм алып кетмек болду. Ашы тургай кыркылыгына чейин экөөбүз бир үйгө батпасыбызды түшүнгөн соң калганымды эч ким туура көргөн жок. Ошентип экөөбүздүн арзыбаган нерсе үчүн тирешибиз эң жакын адамыбыздын өлүмүнө алып келди.
Миргүл, Бишкек шаары
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 71