Бир табыпка барып уу бериң.
Бирок дароо өлтүрбөсүн ууңуз
Дароо өлсө менден көрүп жүрбөсүн.
Макул болуп табып ага чөп берет
Бергенде да бир аз эмес көп берет.
Ар күн сайын тамагына кошосуң
Сен сураган ууга бул чөп төп келет.
Бирок сенден суранычым бар менин
Суранычымды аткарып кой ай келин.
Өлгучөктү кайын энеңе сый көрсөт
Өлөөрүндө көздөрүнө ай көрүн.
Ууну алып келин жөнөйт үйүнө
Өзү тапкан акылына сүйүнө.
Ошол күнү тамагына эненин
Тиги чөптү кошуп берет күнүгө.
Сөз бергендей мамиле да жумшарат
Жумшарганы күчөп анан күн санап.
Апакелейт көзүн карайт жылмайып
Ар күн сайын көңүлүнө гүл салат.
Бир топ убакыт өтүп кетет арадан
Эне келин мамилелер жайнаган.
Баягысын эстеп бир күн ал келин
Ал табыпка чуркап барат кайрадан.
Барып эле сезип келдим катамды
Өз энемдей сүйүп калдым апамды.
Аман алып калыңызчы өлүмүн
Каалабаймын кечириңиз жаманды.
Табып күлүп коркпо ал чөп дары чөп
Ууну эмес апаң жүргөн дары жеп.
Айтчы мага анан кантип өзгөрдүң ?
Өткөндө эле көрөөр элең аны жек?
Сөз бергендей жакшы сүйлөй баштагам
Корсулдаган мамилени таштагам.
Мындайыма апам дагы эзилип
Өз кызындай мени көрүп баштаган.
Мен апамды ойлоп жүргөм жаман деп
Ал жөнүндө дайым сүйлөп жаман кеп.
Азыр эми апакемди билемин
Дүйнөдөгү эң бир жакшы адам деп.
АВТОР . ТАИРБЕК ЕРМАТОВ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 37