Той уланып, суйлоо кезеги Гулназдын курбуларына келип жетти. Тойдун бир узумун калтырбай коруп жаткан айылдыктар учун мындан откон бакыт жоктой туюлуп турду. Тамада бери коздой басып микрафонду суна берди эле бири - бирин турткулогон жаштар сурдоп, анан арасынан суурула калып Эмил суйлоп кирди. Андан сон созду Кумуш алды. Белек - бечкектер тапшырылды. Баарын коруп олтурган Айдар эмнегедир Кумуштон козун ала албай койду. Суйлогон созу, койколо баскан ак сарафан койногу озуно жарашкан бул кыз менен жакындан таанышкысы келди.
Демек "адашпай эле туура эле олтурган экем" деп ичинен кымылдап халды.
Кана эмесе жаштар кандай онорунорду тартуулайсынар деп,тамада кыз жигиттерди кетирбей кармап турду.Копчулуктон сурдоп жатышса болбой ыр десте катары классташыбыз Кумуш ырдап берет деген Эмил колундагы микрафонду Кумушко сунду. Гулнур Сатылганованын ,,Бул дуйно ,,аттуу ырын Кумуш эстраданын коштоосунда аткарып жатты. Алгач баштаганда уну калтаарып барып, анан оноло тушту. Уну уккулуктуу уккан адамды кайдыгер калтырбай кайра - кайра уккусу келет. Эмнеси болсо да ,,Кыз Бурак,, тобунун кыздары менен тергерек залда ырдап конгон Кумуш учун бул ырлар конумуш ырлар эмесби. Копчулуктун конулу кызга бурулду. Ак жумалынан келген, чачы узун кийген ак койногу озуно жарашкан бул кыз копчулуктун конул борборунда болду.
Копчулуктун коз карашынан сурдогон Кумуш аран орундукка жетти.
Кумуштун ырдап жатканын коз албай байкап олтурган Айдардын ойу эмнегедир Кумушко бурулуп калды. Улам кыз жигиттер бири - бирине тамаша айтып, таанышып сырттан келген жигиттерден кызганып, турган Кумушун классташ балдары бири - бирин тиктеп кыжыры келип турду.
- Чон кыз. Таанышып алсак болот бекен? деген Айдар Кумушту тигиле карады.Кыз кулуп жиберди.Азыр эле макул деп таанышпадыкбы?-деди кулкусун тыяа албаган Кумуш.
Кыздар бири - бирин турткулоп кулуп калышты.Атынызды укпай калыптырмын сулуу кыз !Кечиресиз! деп кабак чыртты Айдар.
Кумуштун кулкусу очо тушту.
- Атынарды айтмагынар кыйын тура деди жигиттердин бироо. Таанышуу башталып создор кызып, эми Айдар менен кирген жигиттердин башка орунга жыла турган турлору корунбойт. Музыка жанырып жаштар агылып, бий аянтына чыгып бийлеп жатышты.Бийлеп жатып улам Айдар менен тиктеше тушкон Кумуш он жак тарапка отуп бийлемекке жыла бергенде, Айдар аны билектен алды. Кумуш эмне кылаарын билбей уялгандан жузу албырды.. Чындыгында эле боюу узун,коюу кыска кирпиктери, капкара кашы озуно жарашкан бул жигит Кумушту айланчыктап ары жылар ою жок.
Той акырындан ортолоп жаштар чарчаганча бийлешти.
Козун нечен ирет ала качып жатып, кайра эле Айдарга тигилип калат.Экоонун тен ички сезимдери бири- бирине тартылгансып баратты. Эн оболу Кумуш Айдардыбы же Айдар Кумушту тиктеп жаттыбы? ким билсин айтоор экоо тен айрымалай албай калды. Озун колго алмакка Кумуш бий болуп жатканкан аянтчадан акырын орундукка жоноду эле аны байкап турган классташы Эмил
- Кумуш качан кайтабыз? деди. Кумуштун артынан классташ кыздары жоноду.
Эмне башка айылдын жигиттеринин жанынан чыкпайсынар? Кете турган оюнар барбы? Той аяктап жатат го?
Кызганып да турду Эмил. Кыздар классташ балдарынын созу менен сыртка чыгып чогу кетишмек болду.
Орундукка олтуруп акырын даярданып жаткан кыздарды Айдар байкап калды белем. Канчалык карабоого тырышса да жана эле таанышып жанынан карыш жылбай олтурган Айдарга коно тушкон Кумуш артын карап Айдарды издегендей болду Жол боюнда достору менен тигилип турган Айдарды байкады. Музыка аяктап, той аягына чыга баштады.
Аңгыча, кетууго камынган классташ жигиттер менен ошол айылдык жигиттердин ортосунда чыр чыкты. Эки экиден жакалашкан жигиттер сыртты коздой агылды. Эмилди судуроп чыгышып оозу мурдун канжалата койсом деген айылдык ээн баш жигиттердин оюу ишке ашпады. Сыртта эки тараптын балдары мушташып жатышты. Гулназ менен коштошкон кыздар кетели десе классташтарынын бироосу корунбойт. Кыздар эмне кылаарын билбей жолдо турушту.
Корсо, Гулназ тараптан келген классташ жигитерге "силер кыздарынарды таштап кеткиле. Биз жеткиребиз" деп ошол айылдыктар урду сокту кылып жиберишиптир. Аларга мойун бербеген Эмил кыздарды алдына салып алып жоногону жатты.
Айдар жакын басып келип: Сени озум жеткирем карындашым, коркпой эле кой деди.
Кеттик деп жоноп жатышкан Эмилге Айдар жакын басып келди да: Сен кыздарын менен кете бер Кумушту озум жеткирем деген Айдар Эмил менен кол алышты. Корсо, сырттагы урушту Айдар токтотуп анан буларды болуштуруп жолго салган да ушул Айдар экен. Ошон учунбу, Эмил макул деп кол алышып жоноп кете берди.
Мен курбуларым менен кетем деген Кумуштун колун бекем кармаган Айдар кое бербей койду. Кете бергиле озум жеткирем деп когуно таянган Айдардын да кое берер туру жок. Жанатан бери козуно бир башкача корунуп жаткан жигитти азыр Кумуш жек коро карады. Сиз кимсиз! Баарын кетирип, мени алып калгандай? -деди жаны ачыган Кумуш. Бир чети коркуп калтырак басып турган кызга Айдар:
- Ой мен сиз ойлогончолук мокочо эмесмин, чон кыз?Уйунузго аман эсен жеткизип келейин. Коруп турасызбы кандай уруш болуп жатканын?- деди камырабай.
"Ала качайын дейби же башка ою барбы? Айтоор, ушу Гулназдын конулу, классташтарынын конулу деп келип алганына бушайман болгон кыз коркуп турду. Тим эле сонун жигит экен деп суктанып жаткан ойлору жоголуп жек коруп турду.
Качан болсо "барып кел, кызым" деп жонотуп жиберчу апасына капа болуп турду.
- Кумушай, -деди атын мурунтан тааныгандай атаган Айдар, - Эмил сени мага дайындады тууганчылык жайыбыз бар. Мен ала кетишим керек деп айтканына конбой мен жеткизейин деп чечтим. Азыр бир замата жетебиз деди айдын жарыгында Кумушко тигилип.
Чон жол менен бир болгон улан кыздар жоноп кетип, Айдар менен Кумуш жолдун башында турушту.
-Уйго кетеличи!- деди кабагын салган кыз.
- Ой эмне мынча шашасын. Апама айттырып койгом. Сизге деп катып койгон жоолугун таппай жатыптыр. Бир аз чыдап турасызбы же жоолугу жок эле барып отура бересизби!?
Тамашаны чындай суйлогон Айдардын же чынын же тогунун билбей тигилип калган кызды карап турган Айдар аяп кетти. Курбуларынан калып калганы аз келгенсип ар кайсыны айтып турсам деп ойлоп жиберген Айдар кызды колдон алды да:
- Журу,-деди,- кеттик, апам сулуу кыз болсо, алып кел,- деген деди дагы жон калбаган Айдар.
Тамашасы да, жакпай аран турган кыз
-- Туура айтыныз, сиздей ээн баш жигитке сулуу кыздар керек деди какшыктай. Экоо тен кулуп жиберишти. Аябай жининиз чукул окшойт ээ? Мен сизден корко баштадым. Сиз менден эч коркпонуз деди.
Кобурашып жатып чон жолго чыгышканда кыздын журогу ордуна тушо баштады. Чынында эле ботон айыл, тун бир убак болсо анан мурун тааныбаган бейтааныш жигитке ишене коюу оной эмес экенин Кумуш жакшы билет. Шаарда окуп журуп канчалаган окуяларды угуп, коруп журушпойбу?
Айтор ким билсин. Мурун бир корбогон бул жигиттин ички дуйносун ким билиптир. Балким козуно жакшынакай корунгон сулуулардын артынан калбаган жигит чыгаар. Балким чын эле жактырып калган чыгаар, ким билсин?! Айылдагы ункур-чункур кочолорду аралап, чон жолго жакындап калышты.
- Жигитимди кетирип жиберди деп капаланып жатасызбы?
- Кызык экенсиз. Сиз кайдан билдиниз? Ал мага ким болоорун.
Суроону мен сизге берсем, сиз андан коп суроону мага бердиниз го? Анан калса экоон жакшы да ырдайт экенсинер. Жеткизип келейин деп сурансам тууганчылык жайым бар деп макул болбойт.Айдар кызды биринчи ирет коруп турса да, кызганып жаткандыгын кыз тушунтушунгон жок. алган жок. Ал жигитиниз болбосо анда башыныз бош турбайбы? Экоо кулуп жиберишти. Анан кыз айтты: Ошондой десем да болот.
Сиздей сулуу кызда кантип жигит жок болсун деп ойлоп жатпадым беле. Кечиресиз! Жанылыпмын.Мына ошентип суйлошуп бара жатып айылдын башындагы чон жолго жетип калган кезде, жанатан бери буларды андып бара жатып чочутайын деп даяр турган Айдардын досу бекинип турган дарактын далдоосунан "баа "деп кыйкырып чыга калды эле Кумуштун журогу оозуна кептеле тушту. Кантип барып Айдарды колтуктап калганын озу да сезбей калды. Жолду жанырта ,кулгон Айдардын досу озуно озу маашыр болуп жыргап жатты.
Тобоо - деди коркуп кеткен кыз тан калып.
- Бул эмне деген шумдугунар?
- Тим эле онорунор куч турбайбы? - деди чындыгында жаны ачыган кыз.
- Бул менин досум таанышып алыныз, аты - Толкун.
- Чон кыз капа болбонузчу.
- Мен силерди тамаша кылайын деп артынардан келе жаткам деди.Оозу мурдун айдын жарыгында ормойткон Толкун. Досунун ушул жоругуна бир чети жини келсе, бир чети кулкусу келген Айдар айдын жарыгында кызга тигилди. Кабагы бир аз бурколуп, озу да кечки шамалга ушуп ушул тойго келгенине окунгонсуп, турган кызды кантип конулун которсом деп турду. Булардын ойго келбес тамашасына кулкусу келген Кумуш Айдарды карады.
- Макул анда жолунардан калбагыла, деген досу кош айтышып, бир топ болуп алдыда бара жаткан жигит кыздардын артынан чуркап кетти. Ушундай шумпай досум бар. Бирок бироого жамандыгы жок. Озу бир аз бала кыялы бар жигит деди эмне деп кызга актанышын биле бербеген Айдар. Негедир караса кабагын чыртып кыздын конулу ачылбай бара жатат. Же чын эле жигити бар бекен ? Балким мени жек коруп бараткан чыгар. Балким классташтарынан калып калганына арданып бараткан чыгар. Айдар кыздын конулун котормокко:
- Келиниз которуп алайын! Чарчаган чыгаарсыз?
- деди.
- Жок эмнеге чарчамак элем. Андан коро батырак уйго жетеличи - деди конулу ачыла бербеген кыз.
Ангыча чон жолду жарымдап калган кезде кыз жигиттердин кыйкырык, бакырыкка толгон ундору кечки тынчтыкты бузуп жибергенсиди.
- Эмне болуп жатат?- деди уройу уча тушкон кыз.
Корсо эки айылдын балдарынын кыз талашкан урушу бутпой, жол менен бир болгон жаштар урушуп жатыптыр. Той болуп откон айылдын балдары аркы айылдын балдары менен согушуп жатышыптыр. Ал эми коркон кыздар бакырып, классташ балдарына болушуп ыз-тыз тушуп жатышкан экен. Айдар чыдабай кетти белем.
- Кумуш сен тура тур, деген бойдон эки экиден кырылып мушташкан жигиттерди ажырата баштады.
- Кыз коргонсунорбу? - деди жаны кашайган Айдар. Айылдын ичинде эле буларды жолго салбады беле. Бир аз кызып алган жаштар бир бирин угар турлору корунбойт. Айдар барып ажыратып, оз айылынан келген жигитерди жолго салды. Кыздарды классташтарына кошуп берди. Оз айылында кадыр баркы бар Айдар досторунун жоругуна шагы сына тушту.
- Адам коргон немелерби булар - деди кыз. Айдар кызга карап кулду. Сыртан келген жигиттер менен урушуп кызын тартып алмай айылдыктардын салты эмеспи.
- Аа, ошондой беле? Какшык аралата суйлогон кыз жон калбады. Кыздын айткан создору тик эле Айдарга барып тийип жатты. Бир чети кыздар менен кетип чоочун айылдын балдары менен ызы чууга катышкандан коро Айдардын жеткирип койгону жакшы болгон экен деп койду. Кантсе да оз айылында кадыр баркы бар жигиттерден экенин байкады. Мына ошентип экоо баарын жолго салып койуп акырын жол четинде бара жатты.
Кумуш мумкун болсо сизге бир суроо? Жигитиниздин бар экенин билуу кыйын болду ? Айтынызчы сиз менен суйлошсом кантет? Мен сизди кайдан табамын.Сизди бир коруудон эле жактырып калдым. Эртен шаарга кетпесениз келип суйлошуп кетсем кантет деди. Муун жууну титиреп эмне деген жооп айтат деп шашты кеткен Айдар.
Айдардын ушул создорду айтат деп ойлоп койбогон кыз Айдарга тигилди. Коз алдына , койуу кыска кирпиктери бириндеп, жана ырдап бийлеп жатканда тигиле карап турган Айдардын кейпи тартыла тушту. Эмне дээрин билбей турду. Чынында кыздын конулу Айдарга бурулуп жаткан
- Макул, деди кыз эч ойлонбостон.
• - 3 "Г" групага барыныз. Окуу жайды билесиз Орозбаева Гуля деп сурасаныз таап аласыз деди. Ошентип экоо кош айтышып кыз уйун коздой жоной бергенде Айдар кызды озуно бекем тартып туруп жузунон суйуп койду. Кыз он колу менен турто берип кирип кетти. Кызды жеткизем деп отуруп уйун да билип алды. Журогу элеп желеп болгон Айдар тун бир оокумда уйуно келип эч бир уктай албады. Козуно электр жарыгынын астында коздору жадырап, ырдап жаткан Кумуштун элеси коз алдына тартылып , озун бугун бактылуу сезип турду. Ушул кезге чейин бир канча кыздар менен суйлошуп журсо да, бул жолу ички сезимдери бир башкача элеп желеп болуп эч жерге сыйбай турду. Менин конулумду кыйа албай ушинтиби же чын эле мени да суйуп калдыбы?- деп Айдар учун тан атышы кыйын болду. Анткени бугун жакшылап суйлошо алган жок. Кечинде балким уйуно барып жакшылап суйлошуп келсем деп ойлонуп, анысы аз келгенсип кантип эле шаарда окуса кантип эч кимиси жок болсун деп кызгана берди. Гулжамалды эстеди тогулуп сулуу болуп турса , канча ирет ыйлап сыктап кат жазса да, такыр эле ага тартыла албай журбоду беле. Кумуштун озуно тартып турган эмне сыйкыры бар ? - деп, ойлоп жиберди. Кызды жакшы билбей шашып жатканым жокпу ? деп ойлоп жиберди. Бугун бирге олтуруп кыздан байкаган бир касиетти , ал кыздын жонокой мамилеси аны озуно тарткансыды.
Эшикти акырын ачып уйго кирген кыз , атасынын келгенин байкады. Борбордо окуган агасынан кабар алып келем деп кеткен атасы бугун келет деп ким ойлоптур. Эрте менен сабакка шашып жоногон кыз бир аз кечигип аран жетти. Поэзия кечесине ойдогудай даярдык болсо да, конулу бир орунда болгон жок. Ойунда мени издеп келет бекен, келсе эмне себеп менен чын эле коп кыздардын ичинен мени тандадыбы? Же гулдон гулго конуп, коп кыздын башын айланткан шумпайлардын бириби? деп ойлонду. Курбу кыздарына баарын Айдар жонундо айтып берген Кумушко группалаш кыздар кулуп калды. Ой, Айдар келгенде бекитип албай бизге корсот дешти. Арадан уч торт кун отту. Сабак менен алаксып, туштон кийин кимдир бироону кутконсугон Кумуш ойлоп корсо, Айдарды кутуп жаткан тура. Ошол куну анчалык маани бербегени менен корсо эт журогуно жакын туйулган бул жигитти кутуп жатканындыгын ойлоп оз ойунан, озу тартынып чыкты. Айыл иштеринен бошой албай жургон Айдар бугун шаарга Кумушко бармак болду.
Келишимдуу, оор муноздуу, анан коптон озгочолонгон сулуу бул жигит жонундо эмне ойлоп, эмне койорун билбей турду. Кумушто, белгисиз бироолордон кызгануу пайда болду. Айдардын ойу онго санаасы санга болунуп, достору тааныштырган Гулжамал менен эки, уч ирет жолугуп, сымбатуу келбетине кызыкканы менен журогу менен ачылып такыр суйлошо албай койбоду беле.
Гулжамалды же суйоорун же суйлошпой койорун билбей жургон кезде, минтип бир коруп журогунон орун алып олтурган Кумушко тартылып жатканы кызык болду. Ал эми Гулжамалдын болсо ашыкча сулуулугуна манчыркагансып бой которо суйлоп, кашын керип турушун коп жактыра бербеген Айдар мамилесин узуп койсом деп жургон болчу. Кумушко батырак барып суйлошсом деген Айдар эртеси бармак болду. Эмнеси бар экен дос жоро жолдоштору дале кыздар менен суйлошуп тил табыша албай калса башка менен суйлошуп журушпойбу.
Коптон бери таппай журуп, кезиккен жакынындай сезилген Кумушту коксоп, суйуп журогу алып учкан Айдар досторун ээрчитпей туруп, туура Кумуш окуган окуу жайды коздой жоноду.
Гулназдын тойунда жол боюу качып, уруш жанжал менен аран жеткен курбу кыздар той буткон сон Кумуштун Айдар менен калып калганы учун куноолоп журушту. Шаарда ,сулуу жигиттерди коргондо жанынан жылгысы келбей жаман уйронсо керек деп Кумушко нааразылана беришти. Барбаганына койбой таарынып журуп, алып барган да оздору анан аны жамандап, артынан соз кылып жаткандары да, озудору экенин ойлоп койушкан жок. Кумуш болсо, айылга барганда ошол окуялар боюнча айтып берейин деп журду. Бугун бир башкача кун тийип, кузго окшобой сентябрь айынын так ортосундай айлана жаркырап тургансыйт. Демек жолум боло тура деген Айдар жолго чыкты. Шаарга бат эле жетип, Мамлекеттик Университеттин журналистика болумуно кирди. Айдардын окуу жайы ушул факультетке жакын эмеспи. Ошондуктан бул жер Айдарга тааныш. Шаардан Асылды эрчитип алсамбы?деп ойлоп кайра баш тарты. Кумушко сабак башталып Абытовдун адаттагы кызыктуу дискуссиясы уланып жатты.
"Бугун биз Жамийла повестин аяктап жатып, урматтуу студенттер эмне деген жыйынтыкка келебиз? деген Абытов коз айнектин алдынан студенттерди кыдырата карады. Эч кимдин сабакка кызыгуусу жок олтурганын коргон Абытов башка окутуучулардай болуп, ар кайсы создор менен тилдеген жок. Куноону озуно койду. Мугалим озу сурап, уйротуп, кызыктырып билим беруунун жолун изденбестен, убакыт откоруу менен алек болсо,анда албетте студент кайдан окумак эле. Копчулук учурда мугалимдер озулору тажап, ар кайсыны суйлоп олтуруп студенттерди иренжитип алган учурлар толо эмеспи.
Демек Жамийла эскичиликти артка таштап, оз келечеги, оз суйуусу учун курошкон кыргыз кыздарынын алдынкысыбы? Же болбосо куйоосу согушта Ата - Мекенди коргойм деп журсо, болбогон бир сылтый баскан Даниярды ээрчип кеткендиги туурабы? Озунун кызыкчылыгын ойлогон женил аял катары баалайбызбы? деген суроону койгон Абытов кимисинен кандай соз чыгат экен дегендей олтурган студенттерди кыдырата карады. Созду Аида Кучукова алды:
- Жамила оз суйуусу учун курошкон, кыргыз кыздарынын, эскичиликти артка таштап, карангы тушунуктон чыккан алдынкыларынын бири - деди чечкиндуу ун менен. Талаш-тартыш кызуу башталды.
- Даниярды ээрчип кетуусу анын женилдигинен эмес, улуу суйуу учун курош, оз эркиндиги учун курошуу болуп жатпайбы - деди дагы бироо.
- Жок, деди Жамийлага куйоо керек болгон деди Абытов. Ошон учун ал Садыкты куто албай Даниярды ээрчип кетти. Олтургандарды сынай караган агай, кимисинин ойу кандай экендигин тактагысы келип турду.
- Эмне учун антип ойлойсуз агай? Даниярдын ички дуйносунун сулуулугу, Жамийланы багындырды, экинчиден эгер Жамийлага куйоо керек болсо анда Осмонкул кыйшактап жургондо, ошону менен кетмек деп агайынын коз карашына нааразылана суйлоп жаткан Кумуш ачык турган аудиториянын оозунда озуно кадала тиктеп турган Айдарды корду. Расписаниелерди карап олтуруп 504 кабинетте отурган Кумушту издеп жургон Айдар эшиги ачык турган кобур собурду укту. Кээде кулку чыга калып жаткан аудиториянын сыртында, танаписти кутуп жаткан болчу. Кулакка тааныш ун угулгандай чыга тушкондо ким экендигин коз кырын салып карап жатып, дал ошол тушта суйлоп жаткан Кумушту коргондо тиктеше тушту.
- Каап, деп окунуп да алды. Жаш бала сыяктуу карабай койсом болмок деп тартына тушту. Сыртты коздой бироо тим эле артынан кууп бараткандай шашып жоноду. Айдардын артынан агайынан суранып чыккан Кумуш, учуп бараткансыды. Караса ал да шашып тушуп бара жатыптыр. Айдар деген ун кулагына угула тушту. Артына кылчайса Кумуш турат тим эле кара коздору жайнап бир башкача коруно тушту. Айдар бир аз куто турунуз сабак аяктаса сырттан жолугам деди жылмайган калыбынан жазбастан.
Сабак бутуп шашылган студентер биринин артынан бири чыгып жатышты. Кумуш болсо сыртка чыкты. Айдарды коздой келе жатты. Кыздын колун катуу кысып кармаган Айдар коптон бери ойлоп, сагынып жургонун билдиргендей болду.
- Журунуз - деди чечкидуу суйлогон кыз. Кайда баралы Кумуш балким парка барарбыз. Макул. Экоо ээрчишип, шаардын дал ортосундагы паркка барып олтурушту. Манжалары ичке, устуно кийген кара кофтасы менен жынсысы озуно жарашып турган бул кыз Айдардын журогун туткундап алгандай болду. Жалбырактар кубулуп тушуп, бактардын башында бирин серин калган сары жалбырактар, куздун коркун ачып тургансыйт. Ушул жолукпаган аз гана кундун ичинде Кумуш санаа чегип, бир жолу кезикен Айдарды ойлоп, уйгу туйгу болгонун билдирбоого тырышып жатты.
- Сабактарын кандай Кумуш?
- Жакшы деди Кумуш Айдарды тик кароодон сурдоп.
-Сен бугун айылга кетесинби? Эгер кетсен озум алып кетейин -деди Айдар. Таанышкан куну эле сезбеди беле Айдардын жон суйлобой тамаша суйлоп жургонун.
-Ооба ансыз да, уйдогулор эгин тегин жыйнайбыз, уйго келип кол кабыш кылып тур - деп чакырып жатышат деди кыз. Экоо шаар айланып тамактанып, балмуздак жеп, жакындан таанышып деги эле эзелтен бири- бирин тааныгандай сезип турушту.
Булардын бара жатканын алыстан коргон курсташ кыздары тигинин ким? дегенсип кол жансап, кулуп койуп кете беришти. Алардын тамашасын сезе койгон Айдар кулуп койду. Экоо ошол куну бири бирин жакындан билгендей болушту. Айдар Кумуштун ото жонокой жана адептуу кыз экендигин баамдады. Кантсе да, ушул кундорун омур боюу эстеп куса болуп, туболук арманда отоорун Айдар да, Кумуш да кайдан билиптир. Ошол куну экоо эски таанышындай, коп создорду суйлошуп, шаарды аябай кыдырып журушту. Алгач экоо тартынып жаткан болсо азыр кадимки эски таанышындай сезип калышкансыды. Айылга жоногон акыркы автобус менен жоноп кетишти. Айылга жоногон акыркы автобуста, кобунчо жаштар олтурушуп, кетишчуу. Мына бугун Айдардын Кумуш менен келип чыкканын коргон айылдаш бир досу ошол жерден баштаса болобу:
- Оо досум кандайсын? Коздорун кулундоткон бул жигит Айдарды карай суроо узатты.
-Эмне досум кыз жандап, Гулжамалды таштадынбы? -деди жырталактап. Айдар эмне дээрин билбей кулуп койду. Балким тамаша айткандыр деген Кумуш кулуп койду.
Арадан билинбей убакыт отуп,экоонун мамилеси жакындап бири- бирисиз озулорун элестете албай калды. Айдар ЖОЖдун сырткы болумундо окугандыктан Кумуш айылдан барып келип окууга ото баштады. Бир жума деген убакыт булар учун аябай узак туйулуп кетчу болду. Кумушко караганда Гулжамалдын алда канча сымбатуу экендигин айтып какшык аралата суйлогон досторунун создоруно конул бурбаган Айдар Гулжамалга себепсиз эле мамилесин узуп койду. Кыш айлары башталып, Кумуш айылга келе албай калды. Ошол аз кундордун ичинде, Кумуш курсташы Алмаз менен жаны чыга турган стен газета боюнча суйлошуп, макулдашып паркта олтурганын Айдардын досу Асылдын коруп калгандыгы айылга башкача болуп жетет деп уч уктаса тушуно кирбеди .Кантип ушундай сулуунун баары Айдардыкы болсун деген ой Асылдын мээсин аралап отту.
Мындан болок ойу туз бироо болсо, келип амандашып, абалын сурап Айдардын бир кабарын айтканча, кызды коруп кыя басып , жаман ойу менен отпостон бир созун айтып отмок .Балким Кумушко жолукса, стен газета чыгаруунун аракетинде жургондугун айылга бул жума бара албагандыгын Айдарга айтырып жибермек беле. Бирок Асыл ошол эле куну кечинде досу Айдарга жолукту.
Откон кеткенден соз козгоп олтуруп, бугун парктан Кумушту бир жигит менен олтургандыгын айтып отту. Мен сени корушуп жатса керек деген болчум деди билмексен болгон Асыл.
- Жолукпаганыма эки жума отту бирок мамилебиз туз эле болчу - деди шектенип турган досунун конулун жайгармака.
Уланта бер, эмне кылып журуптур?- деди кызыгуусу арта тушкон Айдар. Ансыз да,конулу жай албай жаткан. Акыркы кундору ошол жакта коп калчуу болду. Окуунун шылтоосу мененби же башка шылтоо чыктыбы? Же чын эле сабактарына жетише албай жатабы?- деп санаркап жаткан болчу. Асылдын калган созу кулакка кирбеди ошентсе да, озун оор кармоого тырышып, угуп откон кеткенден суйлошуп жатты. Барып амандашып койбоптурсун деди Айдар. Сурашып койойун десем жанында коштоочусу бар экен. Колун бекем кармап алган экен деп кошумчалады. Досунун алдында озун мажироо сезгиси келбеген Айдар
- Мм ,ошондой де деди. Сен кумушту жакшы тааныйсын да ээ?
- Албетте кантип эле тааныбайын - деди Асыл. Баягыда издеп барганда, экообуз жолугуп бирге олтурбадык беле? деди Асыл да оз созун тастыктап. Айдар мен сени дос деп билгеним учун айтып койдум. Болбосо башка болсо конул да бурбайт болчу. Менин коргонумду айтпай эле кой. Антсен Кумуштун ойуна жаман кетип журбосун.
- Албетте- деди Айдар.
Ооба Айдар учунчу жолу жолукканы барганда, шаарга Асылды ээрчтип барганы чын .Кумуштун суйлогон созунон, кулгонуно чейин конул буруп олтурган Асыл, катардагы эле бир кыз менен эмес, оз кесибинин устаты боло турган, озу окуган факултете кадыр баркы бар анан калса ону, тусу озуно жарашып турган бул кыз менен жанашып журушу Асылдын ичин бир кыйла эле ичин ачыштырган болчу.
Себеби Асылдардын факултетинде студенттер кунуно арналган кече отуп, ошол кечени технологиялык окуу жайдан бир жигит, ал эми филология факултетинен, Кумуш алып барган. Мына ошондо олтурган мугалимдерден тарта студенттерге чейин Кумушту оозунан тушурбой айтып журушкон болчу . Баарынын купулуна толгон бул кызды курсташы Марат канча ирет таанышам деп барганын билип туруп, бир да жолу Айдарга келип же Мараттын озуно бир ооз айтып койбогон эле. Асыл бугун ойгонуп, Кумуш жонундогу кошумчасы менен кабарды Айдарга жеткирип олтурушу акылга сыйбаган иш болуп турду.
Асылдын кабыргасын кайыштырганы Гулжамал менен суйлошмок болуп жургондо ал кыздын артынан тушуп, эми минтип Кумушко барып Гулжамалды арасат калтырышы жакпай турду. Озун Айдардын астында мажуроо сезип кетти. Асыл Гулжамалга бир нече ирет кат жазып журуп, эч онгулуктуу жооп ала албай жургон кезде Айдарга Гулжамалдын озу ыктап соз айтып жургондугу анын намысын козгоп койду.
- Мен кимин? Айдар ким экен? Сениби шашпа!- деп Гулжамалга же Айдарга кекендигиин озу тушунбоду. Гулжамалга жете албай жургон кезде, Айдардын Гулжамал менен суйлошуп жатыптыр деген созду угуп уга электе, Кумуш менен суйлошуп алышы Асылдын ансайын кыжырландырып туруп алды. Карап тур, сулуундун бирин тартып албасам атымды башка койом деген кимдир бироодо кетпеген кеги бардай болуп.
Асылдын ойун биле бербеген Айдардын ички сезими бир заматта уйгу туйгу боло тушту.
- Эмнеге айылга келбей калды десе, коздогону башка беле? деп ойлонот . Бир ойу балким сабактары оор болуп жаткандыр. Кышкы сессияга карата даярданып жатты бекен? Айдар Кумуш жонундо жаман ойлоого эч бир конулу сыйбай калды. Чогуу окуган курсташтары болуп журбосун деп озун алаксытты. Откон кеткенден суйлошуп олтурган эки дос, кош айтышып уйго жоноду. Эмнегедир уйго тез жеткен Айдар домашный телефондон кайра кайра Кумуштун агасынын уйуно терип, алдыра албай койду. Озун койорго жер таппай, эмне кылсам деп уйго батпай жаткан Айдар , бат эле жоолук салып Кумушту уйуно алып келгиси келип турду. Окуусу жакындаса балким алып келип да, алат беле? Бирок Айдардын озунон чон эки агасы борбордо окуп, алар келсе уйлойбуз деп ата энеси кутуп жургон Айдар уйунун эн кичуу уулу болгондугу учун, анын озунон улуу агаларына жол беруусу керектигин жакшы билгендиктен апасына бул тема боюнча ооз ача албады. Айткан кезде да, Айдардын уй булоосу учун уйундогу озунон улуу агаларынан оозунуп уйлонуу, жат корунуш боло турган.
Эртен тан атса ,бардык жумушун жыйнап Кумушко шаарга барып жолугуп келууну ойлоду. Балким Кумуш башка бироо менен алдынан чыга калсачы. Балким чын эле Асыл айткан чын болуп башка бироону жактырып калып, Айдарды унутуп калган чыгаар деген ойду ойлоп,оз ойунан озу чочуп чыкты. Ушунчадан бери кастарлап жургон сезимдери барчалып тушконсуду. Коптон бери конулуно эч ким туура келбей журуп, эми минтип журогун ээлеп алган когучконун колунан бир заматта учуруп жибереби?Мына ошол убакыттын ичинде Асыл Гулжамал менен мамиле кылуунун жолун издей баштады. Айдарга:" Кумушту шаардан барып алып кел,биз да кыздарды чакырдык, бирге туулган кун откоролу"- деген сунушун билгизди. Гулжамал Айдардын келишин укканда соссуз келмек. Анткени Айдардан эч кандай соз чыкпаганда, терикен Гулжамал озунун бекер шагы сынганын, жаны кейип жургон болчу. Баарын озу ойлогондой уюуштурган Асыл Айдарга айтты .
-Гулжамал менен мамилен жок болсо мен суйлошуп корсомбу деди.
- Суйлошо бер,менин эч кандай мамилем жок. Болгону мен Кумуш менен суйлошойун деп чечтим.
-Сулуу ээ?- деди эмне соз чыгаар экен деген Асыл.
-Кептин баар сулуулукта бекен Асыл, эмнегедир менин конулум Кумушко тартылып туруп алды, бирок Гулжамал сонун кыз ага жетпегендер канча, эгер конулуно жагып турса суйлошо бер деди чынындагысы ичиндегисин айтып.
-Акыркы кундору Гулжамал менен суйлошкум келип журот. Айдар менен мамилеси бар дешкенин озундон сурайын дегем деди Асыл .Соз узулду. Айдарды колдоп, коштоп жибереби деген Асыл ушул создорду укканда эмне дээрин билбей турду.
Кумуш балким уйуно келсе, бугунку олтурушка алып келууну ойлогон Айдар кеч киришин кутуп жатты.
Кеч кирип, Айдар досу Нурланга:
- Жур ылдыйкы айылга, Кумушко барып келел - деди. Бирок Нурландын"дос биринчи тактап албаптырсын, балким биз барганда, ал мурунку жолкудай келбей калсачы" деген созунон сон олтурушка жоноду. Эмнегедир бугун да ,кыздын агасынын уйуно чалган Айдар такыр алдыра алган жок . Ошону ойлоп, жур анда Асылдыкына кеттик деди аргасыз. Ооздон кирип келе жатып кыздардын бут кийимин коргон Айдар, кыздар балдардын ызы чуу ундорунон улам жогору жакты карай берип , досторунун кыздары менен тордо олтурган Гулжамалды корду. Ичке кашын керип,бакырайган коздору Айдарга кадала тушту. Артка кайтууга болбой калды. Гулжамалды болсо умуткор кылып ,Айдар келет деп чакырган ортомчулар бар экендигин билбеген Айдар Асыл чакырса керек деп ойлоп койду. Улам кыздар жакка караса , озун бир башкача коз караш менен тиктеп турган Гулжамалды коргондо, козун ала качып жатты. Анткен бир эки жолу Гулжамалды жеткизип откон кеткенден суйлошуп ошол бойдон бироодон айтырса да ,барбай койбоду беле. Ал эми Гулжамал болсо Айдардын ылдыйкы айылдан башка кыз менен суйлошуп алгандыгын угуп аябай ыйлаган болчу. Бой которуп, анан атасынын кызматына манчыркаган кыздын суйгонун тартып алган Кумушту мандайынан коргусу келди. Айдардын минтип кызы жок эле олтурушка келип калышы, Гулжамалдын умут отун жандырып койгонсуду . Улам Айдарды жал-жал тиктей бергенде эмне кыларын билбей улам козун ала качкан Айдар бир жолун таап олтуруштан чыгып кеткиси келип турду. Ичимдик ичилип, кыздардын кулкусу бийик чыгып, андан мындан кеп салып олтурган Айдар вино ичип кызый тушкон Гулжамалдын бир аз жузу албырып чыккандыгын байкай тушту .
Волейбол боюнча уюушулган Айдардын командасы, жакында борборго бара жатканын, ал жактан байгелуу келишин каалаган достор, чын дилден тост айтып жаткан досторунан кызды деп, чыга качуу Айдар учун туура келбеди. Конулу эч нерсени суйбой турса да,аргасыз олтуруштун аягына чейин олтуруу керек болуп турду . Асылга каалоо тилектер айтылып,анын конулун которгон кыздар белек бечкек берип кутуктап жатышты. Келе дос,тартып жибер деген достору Айдардын ичпеген ойуна койушпады.
-Тартсам тартып жиберейин - деген Айдар рюмканы алып туруп тартып жиберди. Ансыз да, Асылдын шаардан айтып келген созу журогун ойуп турган. Бир аздан алып олтуруп, бир кыйла кызып калган Айдар Кумуштун айылын коздой жоногусу келди. Бирок ушул ичип алган абалында муну коргон Кумуш кандай кабыл алат деп, олтуруп калды. Бир убакта женил бий башталып, жанатан бери козун кылгыртып Айдарды карап олтурган Гулжамал чакыртышын чакыртып койуп, байкамаксан болуп олтурганы эмнеси? Мени копчулукутун алдында уят кылгысы келип турабы? деп ойлоп, виного кызый тушкон неме тик эле Айдар олтурган жакка отуп олтуруп алды. Айдар кызык абалда калды. Эмне дээрин билбей турду.
-Окууларын жакшыбы?
-Жакшы болбогондочу. Эмне конулун суз,бир нерседен капаланып турасынбы?
- Жок баары жайында. Сени чакырыптыр деп келсе, аран кутуруп келесин да, сыртынды салып кормоксон болгонуна жол болсун! Сен чакыртпасан мен келмек эмесмин!
- Мен чакыртыптырмынбы?- деди тан калган Айдар. Айтышын айтып жиберип балким Асыл Гулжамалды мында келтируунун жолун издеп ушуну кылган го деп ойлоп ун катпастан олтура берди.
Музыка кубулжуп, башы айланып чыккан Айдардын коз алдына Кумуштун улам карангы тунду жанырта ырдап жаткан кулакка жагымдуу уну угулгансып жатты. Эмне кылаарын билбей, сыртка чыгып бара жатып, чыканактан бироонун тартканын байкады. Бурула берип , озун кутуп карап турган Гулжамалды корду. Айдардын тынчсызданганы Асыл атайын Гулжамалды чакыртып алып бирок кыздын ага конулу келбей Айдарды карап олтуруп алышы болду.
- Мени уйго таштап кой ! - деди октом ун менен Гулжамал.
- Тур- деди кекете суйлогон Айдар. Жеткирип койбоско аргасы калбады. Сыртка чыга берерде алдынан Асыл чыкты.
- Кайда жонодунор? Тамак бышты. Эч кимге кош айтпай жоноп алганынарга жол болсун! деди кытмыр жылмайып . Асылдын созун угуп турса да, эч бир соз айтпай бугун Гулжамалды алдап чакырып алгандарына жини кайнаган Айдар сурулуп сыртка чыкты да ,таза абадан кере дем алып турду . Бир аз женилдей тушкондой болду. Артынан кериле басып Гулжамал келе жатты. Кыздын уйуно жакындаганда Айдар
- Макул, Гуку мен барайын - деди кызга карап. Гулжамал Айдарга жакын басып келди.
- Эмне мага айткан создорунду унутунбу? Сени деп соз айткандын баарын кагып силкип, сени кутуп жургонумду карачы? Сен болсон барып башка кыздын колун кармап кетипсин- деди коптон бери суйушуп жургон жакынындай. Сен тапкан когучконундой, конулунду таба албаптырмын озун айтып ,койбоптурсун -деди ызалуу ун менен.
Сени бир коруп тойдон ары ээрчип кетиптир. Ушул создорду угуп турган Айдар артын карабай басып кеткиси келсе да, созду аягына чыксын деп кутуп турду.
- Эгер ошол сага соз айткандардын ичинен жакканы болсо ,суйлошо бер Гуку, мен сага бакыт каалаймын деди камырабай
- Эмне дедин ?
Айдар кызды кандай абалда калат деп ойлобостон айтып жиберди.
-Аз эле кундобу? Сенден мен ушул созду кутпогом - деди Гулжамал унун жаш чайып.
- Конгон экенсин кыздарды ары бер калчап, бир кун ошол когучконун да, калбаса сенден мага кел! Кыздын алсыздыгына, эч бир себеби жок Кумуш менен суйлошуп алганына озун бир аз ынгайсыз сезген Айдар кечирим сурап коймокко кыздын колдорун кармады . Бир чети ичимдике башы айланып турган Айдардын эсине шаарда Кумуштун колун кармап олтурган жигиттин элеси келе калды. Кумуштун мага айта албай жургон жигити болбосун деп ойлогон Айдар, жанында озуно зар болуп, эки козу жашылданып турган кызды аяп кетти . Озуно тигилип турган Гулжамалды карады. Балким "колдо бар алтындын баркы жок болуп журбосун" деген Айдар эниле берип ,Гулжамалдын туш келген жеринен ооп кирди. Айдарга жетпей аран турган Гулжамал каршылык корсотмок тургай Айдардын мойунуна асылып магдырап баратты. Азыр Айдарды колдон чыгарса кайтарып ала албашын тушунгон Гулжамал , Айдардын кучагынан чыкпай озуно тартып баратты . Айдар эсине келе калгандай башын которуп оолактайын деди. Жанында назик кыздын Айдарды суйуп турушу Айдар учун оор болду. Канчалык озун карманууга аракет кылса болбой кыздын жыты башын айлантып жибербедиби.
-Макул анда - деген Айдар озун кыздан окчунураак кармап, артка кетенчиктей тушкондо кыздын алсыз уну кулагына угулду.
- Качан келесин?
Укмаксан болгон Айдар артын карабай жоноп берди. Экоонун артынан андып келген Асыл
Гулжамалды алдырып жиберген турбаймынбы деп окунуп да, кекенип да алды.
Эгер бир болмодо болуп, Айдар Гулжамалга ушинтип конулдонгондо , Айдарды Кумуштон бир отоло кол уздурмок.
Айдар акыркы кундор озун башкара албай, журогун ойугон ушул окуялардын болуп отушу менен озун озу жек коруп, Кумуштун алдында озун кунолуу сезип турду. Гулжамалдын очуп бара жаткан умут отун ошол туну Айдар кайра жандырып койду. Эмне учундур качып олтуруп, кайра Гулжамал менен суйлошуп калгандыгы окунучтуу болду. Волейбол боюнча Республикалык мелдешке Айдардын коммандасы менен бара тургандыгын мастери Жусуп агайы айтты . Канчалык даярдык жакшы болсо, ийгилик ушулар тарапта боло тургандыгын баса белгилеп отту. Айдардын командасында негизинен эн мыкты ойногон дасыккан жигиттердин бар экендиги, Айдардын ишенимин дайым артырып келген. Байгелуу келсенер сулуулардын баары силердики болот деди тамаша суйлогон агайы Жусуп.
Кумуштун шаарга жоногусу келбей, уй иштери менен алектенип, бир нерседен кабатырланып жатканын коргон эне кызынын ойун билип тургандай:
- Кумуш бугун кеткин келбесе, эрте менен кет кызым -деди. Кумуш баягы жолу тойго барып озулорундо окуган бир жигит менен таанышып анан ал уйго жеткирип кеткенин айткан.
Энеси экоо откон кеткенди суйлошуп жатканда, Зейнеп эже келип калды.
- Келиниз !-деди кыз Зейнеп эжени алдын утурлап.
-Кандайсын кызым,окууларын жакшыбы ? деген Зейнеп уйго кирип олтурду.
- Кантип олтурасыз? Келбей койдунуз - деди Кумуштун апасы.
Кантмек элем Береке дагы ооруп, даары дармегин алып бере албай кыйналып кеттик. Жайы менен кызым экообуз чон умут менен иштеген болчубуз . Байкуш кызым кунго куйуп, туутугуп кетти. Акча кармасак, кем карчыбызга иштетели - деп олтурсак эки гектардан алган айлыгыбызга, жалан чириген пияз менен кубо тушкон ун берип койгондугу жаман болду. Кантип ушул чон совхоздо элге берер акчасы жок болсун. Уйундо багар корору барлар учун билинбейт экен, бирок минтип мага окшоп оорукчан, кыз баккан жалгыз жарымга кыйын болду. Козунон жашы куйулуп кетти. Зейнеп эженин кейип олтурганын коргон Кумуштун зээни кейиди.
Коншу айылдыктардан, токтолуп калган,орто жаш кишинин автобуста чон нааразылык менен айтып келе жаткан созун Кумуш угуп келген болчу. Баш - Булак айылында директордун эки чон уйу бар экендигин, эч кимдин тиши отпогон бул директордун уч аялы бар экендигин айтып келген болчу.
Ээ, Зейнеп эже коп ойлоно бербениз! Жетпеген акчаны алып турунуз . Биздин дыйкандардын шору кайнады жайы менен иштеп умут кылып олтуруп алган маянабыз ушул болду. Элдин каргышы, мындай суткорлорго каргыш тийбес болду . Эсепчи бугалтерине баргандардын баарын, озулорун карыз кылып кайра чыгарып койуптур. Кимге баралы? Чарчадык - деди тунулгон Кумуштун энеси.
- Эмнеге эмгек акынызды эсептешип совхоздун бугалтериясына барганынар жок? - деди ушул заманда оз укугун тебелетип , жашап жатканкандыктарына тан калган кыз.
- Баргандагы акыбалыбыз ушул кызым. Эл эмне болсо ошолбуз. Оорукчан кызына даары дармек алып бере албай олтурган бул аялды аяп турду Кумуш.
Биздин айылдан аренда алып иштетип бергендер коп беле?- деди Кумуш кызыгуусу артып. Ооба кызым коп баары,кайра-
кайра айтып эмне кылаарын билбей олтуруп калышты.
Кумуш ойлоно тушту. Демек бул иш боюнча макала жазып, элди акысын жеп былк этпей олтургандар менен курошсо боло тургандыгын ойлоп койду. Пешене тер менен эмгек кылган дыйкандын акысын бере албаган чиновниктерге мамлекет эч кандай чара колдоно албайбы? Ушул суроо Кумуштун журогун ойуп турду. Зейнеп эже кетеринде апасы бир баштыкка сары май, жумуртка жана кышка деп камдап жапкан салаттан салып чыкты.
- Тим эле койсон болмок деген - Зейнеп эже акча алып козунун жашын сурткон бойдон кете берди
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 58