Бул чыгармамды
жыйырма алты жашында
мезгилсиз дүйнөдөн кайткан
иним Нурлан Мырзакуловдун
жаркын элесине арнайм.
БИРИНЧИ БӨЛҮМҮ
Кандуу ордонун сыры жана кара чүмбөт баяны
Кандуу Ордо. Бул Союз мезгили али күчүндө турган, он беш республика бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, азыркы кездегидей башаламан кризис, базар экономикасы баштала элек кезде эле пайда болгон. Ордо Алматы шаарынан анча алыс эмес түндүк тарабындагы "Япон тайпакчасы" деген ото деле бийик, өтө жапыс да эмес арчалуу тоолордун арасында жайгашкан. Аларды айланта тикенектүү зымдар курчап, сыртынан солдаттар кайтарып тургандыктан, алыс жактан келгендер түгүл, жергиликтүү аймактын жашоочулары да бул өрөөнгө кире алышчу эмес. Бул эмне болгон жай, убагында эч ким анча деле кызыгышпаган. Күнүнө бир-эки маал атылган автомат менен пистолеттердин үнүнө солдаттар өздөрүнчө атканды үйрөнүп, машыгып жатышат болуш керек деп көп анча деле маани беришчү эмес. Сыртынан анча билинбегени менен бул сырдуу, жашыруун жайдын ичинде бейиши да, тозогу да бар болчу.
Союз мезгилинде оор кылмыш кылып "өлүм жазасына" тартылгандардын баары ушул жерге алынып келчү. Аттыргандарын аттырып, атуудан калгандарды жер алдындагы шахтадан иштетишчү. Бул жерге он беш республиканын эң жогорку жаза менен жазаланышкан ар кайсы улуттардын кишилери алынып келинчү. Аны менен бирге тартип да ушунчалык катуу кармалчу. Эгер кылмышкерлердин бирөө эле анча-мынча тартип буза турган болсо, дароо эле эч сураксыз атып салууга уруксат берилген. Мындай катуу кысымга чыдай алышпай жашыруун кылмышкерлер тобу өздөрүнчө көтөрүлүш чыгарып жиберишкен, бирок эки сааттын ичинде ошол топтун бири дагы калбай мөндүрдөй жааган автоматтын огунун астында жер менен жексен кылынган. Башка кылмышкерлерге сабак болсун деп ар кайсы жерде кызыл ала болуп жаткан өлүктөрдү бери жакта карап турушкандардын өзүлөрүнө жүктөткөн машинеге. Алардын үстүнөн көзөмөлдөгөн "жалданма жоокерлер" ушунчалык адамдан башкача сапаттары болушкандыктан киши өлтүргөндү чымчык өлтүргөндөй эле көрүшчү. Ал желдеттер кимдер эле? Ар кайсы улуттан топтолгон тубаса канкор, мыкаачы, жүрөгү таш, эч кимди аябаган, эч нерседен коркпогон ырайымсыз жигиттер атайын тандалып алынган. Союз мезгилинде эле аларга эң жогорку айлык, андан тышкары киши өлтүргөндүгүнө жараша сыйлык берилчү. Алар үчүн атайын эс алуучу жайлар, дачалар, бассейн-сауналары бар болчу. Керек болсо аларга атайын сулуу кыздар алынып келинчү. Алардын "кругуна" аралашкан кыздар оңою менен кайра чыга алышчу эмес. Ошол себептен бул аймак өтө эле жашыруун кармалчу.
Атуу жазасына келгендерди ар кандай түр менен атып өлтүрүшчү. Жалданма жигиттерге пистолетти огу менен беришчү да атыла турган кишини көрсөтүп коюшчу, аларды кандай ыкма менен өлтүрөт өз эрктери болчу. Көзүн таңып бет маңдайына тургузуп коюп, чекеге атышчу, же чөгөлөтүп дубалга отургузуп коюп желкесинен атышчу. Мээсинен өтүп дубалга чачыраган канга алар өздөрүнчө ырахат алышчу, ал кызматы үчүн аларга көптөгөн "гонорарлар" төлөнчү. Алар киши өлтүрүүнүн ар кандай ыкмаларын пайдаланышчу. Адегенде өлүм жазасына тартылган адамга да, аны өлтүргөнү жаткан жоокерге да ичкилик берилчү. Кылмышкерлер узун кууш коридордо кетип баратканда, же бир жерде иштебей жалкоолонуп отурганда, же туура эмес иш жасап койгондо алыс жактан дүрбүсү бар снайпер мылтыгы менен чекеге атып өлтүрүшчү. Эгер көздөгөнүн дал тийгизе албай калса булар үчүн минус болчу. Ошондуктан көздөгөн буталарын жаза атышчу эмес.
Жалданма жоокерлер үчүн бир күндө эки жолу ар кандай спорттун түрлөрү менен машыгуу өткөрүлүп турчу. Алар үчүн атайын республиканын ар кайсы бурчтарынан дасыккан чебер машыктыруучулар жалданып келип иштешчү. Каратэ, бокс, эркин күрөш, таэквандо, кунфу, бычакты он метр аралыкка чейин ыргытып саюу, пистолет-автомат менен "бутага" таамай атуу, андан сырткары оор жана жеңил атлетика менен айына эки жолу норматив тапшырып турушчу. Эгерде ушунун баарын жакшы тапшырган жигиттерге "спорттун мастери" деген наам сыяктуу эле "ардактуу гладиатор" деген наам ыйгарылчу. Ар күн сайын жасалма кишилерди атып, машыгышчу жана ошого жараша баа коюлуп, акча берилчү. Ар бир жекшемби күнү саунадан чыккан соң өздөрүнүн кыздарын ээрчитип алып, калаадагы Алматы ресторандарынын эң жакшы жерлерине барып, эс алып көңүл ачышчу. Бирок "жалданма жоокерлер" бул жактан башка жакка өз алдынча кетип калууга, бул сырды башка бирөөлөргө айтууга, суранып кетсе айткан мөөнөтүнөн кечигип келүүгө тыюу салынган. Биринчи жолу кечигип келсе, кечиримдүү болгон, бирок катуу эскертүү алып турушчу, эгер ал экинчи жолу кайталана турган болсо, бериле турган акчаларынан кур калышчу. Дагы кайталанса бир жумадай жалгыз кишилик камерага отуруп чыгышчу. Эгер суранып кеткен боюнча эч себепсиз бир айга чейин таптырбай кетсе, кандай болсо да аны таап, өлүгүн же тирүүлөй алып келип, "өлүм жазасына" тартылган кылмыш -керлерге аралаштырып салышчу. Убагы келгенде аны да аяшчу эмес, атып ташташчу. Бирок "жалданма жоокерлерде" эч убакта, бир да жолу андай тартип бузуулар болгон эмес. Ар бири кандуу ордонун мүчөсү болушканына аябай сыймыктанышчу. Ошол себептен ак дилдеринен кызмат өтөшчү. Алардын көңүлүн ачып, эс алдырып жүргөн сулуу, чырайлуу кыз-келиндер да бул топтон эч жакка кете алышчу эмес.
Бир жолу Алматы ресторанына ошол кыз-келиндер менен барганда Хасиятхан деген уйгур кыздын акырын сыртка чыгып кетип, ошол боюнча таптырбай качып кетиши "Кандуу Ордонун" жалданма жоокерлери үчүн күтүлбөгөндөй окуя болду. Аны эч жерден издеп таппай коюшкан соң, бул шалаакылыктары үчүн ар бир жоокер өздөрүнө тиешелүү жазаларын алышкан. Керек болсо ал кыздын үйүнө чейин издеп барып, таппай келишкен. Уйгур кыз ошол боюнча дайынсыз жоголду. Бирок өздөрү менен чогуу жүрүшкөн ал кыздарга жоокерлер "Кандуу Ордо" жөнүндө эч нерсе айтышчу эмес. Ошентсе да көңүл ачыш үчүн аларга акчаны каалагандай сапырышчу. Бул жашыруун ордонун сыры ушул убакка чейин эч кимге билинбей келген. Кийин бирдиктүү Союз өз дооранын сүрүп бүтүп, туш-туш жакка шурудай чачырап, ар бири өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп кеткенде аны менен кошо түрмөлөр да өз-өзүнчө бөлүнүп кетти. Мурункудай өлүм жазасына тартылгандар бул жакка анча көп келбей калды. Бара-бара ар бир мамлекет өз жерлерине көптөгөн түрмөлөрдү ачып, кылмышкерлер бул жакка жиберилбей калганда "Кандуу Ордо" да өз дооранын сүрүп бүттү. Жогору жактагылардын буйругу менен "жалданма жоокерлер" өз эрктери менен жер-жерлерге, өз мекендерине кое берилди. Бирок алар жөндөн жөн эле кетишкен жок. Беш-алты жыл өзүнө жетишээрлик акча, аны менен бирге жашыруун автомат менен пистолеттерди ала кетишти. Ал эми окторду болсо каалаганынча топтоп алышкан болчу. Аны менен бирге чыгыш элинин мушташуу, согушуу, бычак саюу, таамай атуу андан сырткары башка көптөгөн ыкмаларын үйрөнүшүп, профессионалдык деңгээлге жетишише, ар бири "ардактуу гладиатор" деген наамга татыктуу болушуп анан кетишти.
Сымаптай чачыраган мамлекеттерди базар экономикасы менен кризис алкымдап, сырьёнун жоктугунан завод-фабрикалардын баары токтоп, жумушсуздук күч ала баштаган мезгилде бул "жалданма жоокерлер" ишсиз калышкан жок. Кээ бирөөлөрү мамлекеттердин жогорку чиновниктерине "телохранитель" болуп иштеп кетишсе, кээлери өздөрүнүн аймактарына бат эле "авторитеттик" наамга татыктуу болушту. Дээрлик көпчүлүгү "рэкеттикти" атайын кесип кылып алышты. Союз боюнча эң алгачкы чет элдик машинелерди мингендер да, тутамдаган долларларды уучтагандар да ушулар болду. Ушунча жыл бою жалаң кишинин өмүрү менен ойноп келген немелер киши өлтүрүү булар үчүн чымын өлтүргөнчөлүккө да татыбайт болчу. Атүгүл жергиликтүү мыйзамга да баш ийишчү эмес.
Союз чачырагандан кийин арадан бир-эки жыл өтпөй эле Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан аймактарында күтүүсүздөн жалт этип күйгөн жалын сыяктуу кандайдыр сырдуу кара чүмбөтчөндөр тобу пайда болду. Алар ушунчалык профессионал болушкандыктан бир да жолу ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кармалышкан эмес. Кара чүмбөттөгүлөр кимдер, каяктан келген кишилер, эмне болгон кишилер, кайсы улуттагылар экени али да болсо табышмак боюнча калды. Кара чүмбөтчөндөрдү укканда атактуу "авторитеттер" , "рэкеттер" атүгүл ар аймактын жергиликтүү милиция кызматкерлери да титиреп турушаар эле. Булардын колунан канчалаган аябай байып келатышкан бизнесчилер, ишмерлер, менчик ишкананын ээлери тонолушту, канчалаган менменсинген "авторитеттер" курман болушту, канчалаган казинолор, менчик банктар каракталды. Булардын пайдасы да тийип, кээде зыяны да болуп атты. Пайдасы, алар бизнесчилерге, челнокчуларга тынчтык бербеген жол каракчыларын, күчтүү мафияларды, зөөкүр-рэкеттерди, бай кишилерге кол салышкан башка чүмбөтчөн кишилерди жоготуп, тазалап коюп турушчу. Зыяны, аябай бай ишкерлердин акчаларын салык түрүндө алып кетишчү, каршылык көрсөтүш -көндөрдү аяшчу эмес. Куралдуу каршылык көрсөтүшкөн адамдарды тобу менен бирин да калтырбай өлтүрүп коюшчу. Бирок бир да жолу мамлекеттик мүлккө кол салышкан жок. Алар бир жерге туруктуу турушчу эмес, алардын чуусу бир туруп Кыргызстанда болсо, бир туруп Тажикстанда, бир туруп Өзбекстанда, бир туруп Казакстанда болчу.
Төрт мамлекеттин ички иштер министрлигинин кызматкерлери да өздөрүнчө биригип алышып операцияларды, буктурмаларды, атүгүл сүйлөшүүлөрдү уюштурушуп, эч майнап чыгара алышкан жок. Ушунча болуп алар эч. убакта башындагы чүмбөттөрүн сыйрып жүрүшкөн эмес. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды алыс жерден камерага тартып алгысы келишип, нечендеген аракеттерди жасап көрүштү, бирок чыныгы жүздөрүн тарта алышкан жок. Аларды кармайбыз деп ортодо канчалаган бейкүнөө милиция кызматкерлери каза болду. Чүмбөтчөндөрдүн ар бир атканы эле жаздым кетпегендиктен милиция кызматкерлери да атышуу мезгилинде алардан коркуп турушчу. Алардын машинелери ар бир жортуул сайын башка болуп алмашыла берчү. Бул кара чүмбөтчөндөр убагында Россиянын аймактарына да барып, ызы-чуу кылып келишкен эле. Кайсы мамлекет болбосун, бул кара чүмбөтчөндөр ким экенин, тек гана ар кандай божомол-доолорду айтышпаса так биле алышкан эмес.
Бир жолу Казакстандын Тараз шаарынын четиндеги атайын даярдалган буктурмадан алар менен кандуу кагылышуу болуп өттү. Бул жолкусунда төрт өлкөнүн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери солдаттар менен бирдикте алдын-ала катуу даярданышкан болчу. Ошондо да алар бир машине менен эптеп кутулуп чыгышып, карматпай кетишти. Бул атышуу алар үчүн эң акыркы атышуу болчу. Андан соң алар кандай күтүүсүз жерден пайда болсо, ошондой күтүүсүз жерден жок болуп кетишти. Муну ар ким ар кандай божомолдоп атышты. Бири "топ уюштуруучусу каза болуп, калгандары чачырап кетишти" дешсе, экинчилери "акчаны өмүр бою жетишээрлик кылып, топтоп алышып, андан соң тарап кетишти" дешүүдө. Ал эми үчүнчүлөрү болсо "алар өз ара ырктары келише алышпай согуша кетишип, бирин бири өлтүрүп ташташты" деген да жоромолдорду жүргүзүп жатышты. Ошондон баштап жер-жерлердин баары тыптынч болуп, чоң бизнесчилер, менчик банктын жетекчилери, бажы бөлүмүндө иштегендер, өзгөчө ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жандары жай алыша кадимкидей эс ала түшүштү.
Андан кийин деле майда-чүйдө кара чүмбөтчөндөрдүн окуясы чыга калып жатты. Бирок алар мындай жогорку масштабдагы профессионалдар эмес эле, майда-барат үйлөрдү тоногондор, бирөөнү карактагандар гана болчу. Бирок азыркыга чейин кара чүмбөтчөндөр ким экени билинбей, табышмак боюнча калды. Эмесе, кара чүмбөт окуяларына кайрылалы.
x x x
Акыркы керээз
Түнкү саат он экилерден өтүп калганда Тараз шаарынын кире бериш жериндеги айылдын чет жакасынан күтүлбөгөн жерден автоматтардын, пистолеттердин атылганы менен кошо бир нерсенин катуу жарылганы, адамдардын кыйкырык, ызы-чуусу түнкү тынчтыкты бузду. Мындай күтүлбөгөн атышуулар жергиликтүү элдин үрөйүн учуруп, эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй ызы-чуу болуп жаткан жакка кулактарын төшөп калышты.
- Кудай сакта, деги аманчылык, тынччылык болсо экен, эмне балакет башталып кетти? - айылдын карапайым элдери сыртка чыгышып бир жерге чогулуша автомат, мылтыктардын үнү чыккан жактарга улам карап коюшуп, өздөрүнчө талкууга алып жатышты. Айланадагылардын тынчын алган тынымсыз атышуу бир сааттан ашык болду. Аңгыча алдыңкы айнеги сынган чет мамлекеттик "Мерседес" машинеси атышуу болуп жаткан жерден бөлүнүп чыгып, айыл аралай ылдый көздөй аткан октой учуп жөнөдү. Бир аздан кийин, үстүндө күйүп-өчкөн жарыгын күйгүзө уңулдагын кошо уңулдатып милициянын эки машинеси да тигинин соңунан түштү. Бир аздан кийин алардын артынан дагы эки машине чыкты. Эмне болуп кетишкенин түшүнүшпөгөн жергиликтүү эл куушуп кетишкен машинелердин артынан таң калыша үрөйлөрүн учура карап калышты.
Мерседес машинесинин ичинде уч адам бар эле. Айдоочу алды жагынан көзүн албай улам-улам маңдайындагы күзгү аркылуу арткы орунда кансырап кыйналып келаткан кишини карап коюп, болгон ылдамдык менен айдап кетип баратты. Катуу кыйналып келаткан адамды башынан жөлөп турган жигит үстүнкү жаркырактарын күйгүзүп, артынан калбай удаа унулдаткычын унулдатып келатышкан милициялардын машинесин бир карап койду да колундагы пистолетин чөнтөгүнө салып, ары жакта жөлөнүп турган автоматты колуна алды. Анан айдоочуга үн катты:
- Артыбызда эки машине удаалаш кууп келатат. Эмне кылайын?
- Алдыңкы фараларын атып ташта!
Алиги жигит анын айтканын жасап, автоматын "Мерстин" сынган айнеги аркылуу арт жакта келаткандарды көздөй сунуп бир аз мээлеп турду. Анан бөлүп-бөлүп ок чыгарды эле, ок таамай дал өзүнө тийгендиктен эки машиненин тең алдыңкы жарыгы "жалп" дей түштү. Бирок машинелер ага да болбой ичинен тындырбай автомат менен ок чыгарышып, тигиге куйрук улаш эле удаа келе беришти.
- Тигилер баары бир бизден калышаар түрү жок, эми кандай аракет кылайын, шеф?
- Дөңгөлөктөрүн ата аласыңбы?
- Караңгы го, мейли ошентсе да аракеттенип көрөйүн, -ал кайрадан автоматын алды да арт жагын шашпай мээлей баштады. Бир маалда удаа-удаа эки-үч ок чыгарды эле катуу келаткан машине бир жагына кыйшая жолдун четине чыга ошол күүсү менен ала салып кетти.
- Азамат! Убагында атуу нормативин жакшы тапшырып жүргөнүң билинип турат, эми экинчисинин көзүн курут!
- Аракеттенип көрөм, - ал кайрадан автоматын артын карай суна бергенде куйрук улаш келаткан машиненин эки жагынан тең автоматтардын удаа атылган үндөрү чыгып, тигинин колундагы автоматы ыргып кетип, ийнин басып жатып калды. Айдоочу күзгүдөн анын кыймыл-аракетин байкай койду.
- Эмне болду?
- Сволучтар десе, сол каруума ок тийди окшойт, азыр карап гана тургула, - ары жактан тоголок бир нерсени алып чыкты. да, оозу менен анын бир нерсесин жулуп алып туруп, ары жакта келаткан машинени карай ыргытты. Бир маалда арткы машине катуу жарылып, андан учкан жалындар туш-туш жакка чачырады. Айдоочу күзгү аркылуу акырын арт жагын карап койду да ылдамдыгынан жазбай айдап жүрүп отурду.
- Экөөнү го жайладык, эми тээ арт жакта жаркырап күйүп келаткан тигил экөөнү эмне кылабыз?
Аларды жакын жолотпо, ошол аралыктан эле жайла. Снай-пер мылтыгымды ал да үстүнө күндүз кылып көрсөтө турган дүрбүсү менен экөөнүн тең айдоочусун атып ташта, башка арга жок.
Алиги жигит ак көйнөгүнүн кызыл-ала болуп кеткенине көнүл бурбастан, ары жактан узун мылтыкты сууруп чыкты. Анан үстүндөгү дүрбүсүн алмаштырып такты. Бул мезгилде тээ алыстагы катуу ылдамдык менен келаткан эки машиненин жарыгы өзүлөрүн көздөй улам чукулдап, ортолорундагы аралыгы жүз метрге жакындап калган эле. Алиги жигит шашпастан мылтыгын октой арткы отургучтун кырына жөлөп туруп, биринчи машинени шашпай мээлей баштады, анан акырын мылтыктын курогун басканда "тарс" эткен үн чыгып, тээ арт жакта катуу ылдамдык менен келаткан машине жолдун четине чыгып кетип, эки-үч ала салып кетти, бир аздан кийин "тарс" этип бензин жарылып, айлананы жапжарык кыла жалындап күйө баштады. Экинчи машинедегилер ага болбой эле ылдамдыгынан жазбай тынымсыз ок атышып, куйрук улаш кууп келе беришти. Жигит шашкан жок, ары жактагы жащикчедеги узун октон бирди алып чыгып кайрадан октой баштады. Анан шашпай мээлеп туруп, экинчи машинеге дагы ок чыгарды. Ал ошол ылдамдыгы менен сол жактагы чоң калың даракты сүзө ошо боюнча күмжам болду.
- Сыягы куугунчулардын куйругун үздүк окшойт, - оор күрсүнө алиги жигит мылтыгын ары жакка таштай, кан болгон көйнөгүн айрып жиберип, машиненин аптечкасынан бинт алып, ок тийген жерин катуу таңды. Анан арткы орундукта башын шылкыйтып онтоп жаткан кишинин башын көтөрдү да кан болгон жерлеринин баарын бинт менен таңып чыкты. Машине ошол ылдамдыгынан жазбай жүрүп отуруп, Тараз шаарына кире бербей, багытын оң тарапка бурду.
- Азыр шаарга кирүүнүн эч кажети жок, ал жерде тиги "козёлдор" бизди күтүп кайрадан буктурмала турушат. Рация аркылуу эбакта кабар жеткендир. Андан көрө тиги көлмөгө барабыз да чалдын үйүнө токтойбуз. Машинени болсо Плотинага чөктүрүп жиберебиз. Эртең чалдын машинеси менен Бишкекке же Алматыга жетип алуу керек. Антпесек бул кейпи-биз менен эч жакка баралбайбыз.
Айнектери быркырап, капталдары калбырдай тешилген машина катуу ылдамдыгынан жазбай кетип баратты. Убакыт
түнкү саат экиден өтүп үчкө чукулдап калган. Бир маалда ал токой тарапты көздөй бурулду. Анан токой ичиндеги машиненин жолу менен чаң ызгыта катуу жүрүп отуруп, токой арасындагы кирпичтен салынган жалгыз үйдүн тушуна келип токтоду эле, ары жактан эки-үч ит жолдорун тосуша авалап үрүп чыгышты. Айдоочу колуна пистолетти алды да машиненин эшигин акырын ачып сыртка чыкты.
- Силер туруп тургула ушундай, мен ким бар экенин билип келейин.
Бир аздан кийин үйдүн ички жарыгы күйүп, абышка-кемпири болуп, баары бери жакка чуркап келишти. Машиненин арткы орундугунда кызыл-ала болуп жаткан экөөнү көрүшүп чочуп кетишти.
- Астапралла, деги амансыңарбы? Силерге эмне болду?
- Тигини көтөрүшүп, жардам берип коюңузчу, - айдоочу менен абышка экөө арткы орундукта эс-учун билбей жаткан кишини эки колунан моюндарына алышып, эки бутунан көтөрүшө үйдү көздөй алып жөнөштү. Кемпири жүгүрүп барып эшикти ачып, баары ээрчий үйгө киришти. Ошол замат эле машиненин айдоочусу кайра сыртка чыгып кетти да эки жакка бир сыйра чалгындап көз жүгүртүп алды. Андан соң машинени от алдырып, үйдөн анча алыс эмес чоң суу сактагыч көлчүк тарапты карай айдады. Дөбөчөгө тике чыгып барып, суунун жээгине токтотту, бир аз турган соң машиненин тормозун чыгарып, өзү сыртка секирип кетти. Машине күүлөнүп барып тумшугу менен сууга катуу урунду да акырындап түбүнө чөгө баштады. Бултулдап үстүнө шарик чыгара улам ылдыйлап отуруп тереңдикке кирип таптакыр көрүнбөй калды. Жигит сууну мелтирей тиктеп бир аз ойлонуп турду да капысынан тигилерди эстегендей "селт" этип алып, үйдү көздөй шашыла басып жөнөдү.
Үйгө киргенде ийнине ок тийген жигитти кайрадан жууп тазалап, таңып коюшуптур. Ал эми кроватта жаткан киши дагы эле кыйналып, жөөлүп атыптыр. Анын чекесине ным чүпөрөк менен басып турушту. Айдоочу жигит чалдан сурады:
-- Жакынкы аралыкта врачтар, же доктурлар жокпу?
- Тегеректе, жакын жерде, айылда да жок. Ан үчүн түз эле шаарга барып келиш керек.
- Шаарга барып врач жалдап келбейсизби, акчасын эки эселеп төлөп берели?
Абышка унчукпастан кийимин кийип камына баштады эле кроватта жаткан киши эсине келип, аны токтотуп койду.
- Кереги жок, барбай эле койгула, баары бир кеч болуп калды. Алар аркылуу силерди да колго түшүрүп алышы ыктымал, - анан ал акырын башын көтөрө айдоочу жигитти карады.
- Бул ким? Сен Алмазсынбы?
- Ооба, менмин.
- Калгандары кайда?
- Тиги буктурмада атышуу мезгилинде Хамид курчоодо калып, колго түшөөрдө өзүнө бензин чачып туруп өрттөп жиберди да анан өзүн атып салды. Ага биз эч жардам көрсөтө алган жокпуз. Ал болбосо биз курчоодон чыга алмак эмеспиз. Биз үчүн ал өз жанын кыйды, курчоону бузган да ошол болду. Курчоодон чыккандан кийин тигилердин жолун тоскон да ошол болду.
- Ыйманы саламат болсун! Эч нерседен тайманбаган жакшы жигит эле, кайран жигит, ал эми тигил Эрбол каякта?
- Курчоону бузуп келатканда ал да окко учту. Курчоо аябай катуу чыңалып, күчтүү даярдалыптыр. Араң дегенде кутулуп чыктык.
- Деги кимиңер барсыңар, кимиңер аман калдыңар?
- Альберт экөөбүз эле калдык, анын да оң жак ийинин автоматтын огу талкалап кетиптир.
- Мм... де. Демек, экөөңөр эле калган экенсиңер да! Бир аз ойлонуп турган соң кайрадан жөөлүй баштады. Бул маалда айдоочу бирөөлөр кокусунан келип калган жокпу деп, эки-үч жолу сыртка чыгып, айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп келди. Тигил киши жарым сааттан кийин өзүнө келип, Альберт менен Алмазды чакырды да "сөз бар эле" деп кемпир-чалды башка бөлмөгө тура туруусун өтүндү. Алар чыгып кетишкен-ден кийин бир аз көзүн жума кыйналып турду, анча-мынча онтоп турган соң кайра көзүн ачты.
- Эмесе мындай, Алмаз, Альберт, ушуну менен биздин карьерабыз дагы соңуна чыкты окшойт. Башында Кандуу Ордонун жети кишиси бар элек, мына эми акырындап азайып, тиги дүйнөгө сапар тартып отуруп экөөңөр гана калдыңар. Менин да ичээр суум аяктап баратат. Эми кудая шүгүр деш керек, беш жыл бою чогулткан байлык, акча, алтын-күмүш буюмдар, чет элдик долларлар менен экөөңөр өмүр бою эч нерсе иштебей жашасаңар дагы кенен кесир жетет. Керек болсо ал байлык балаңарга, неберелериңерге чейин барат. Менин өлөөр алдындагы силерден өтүнүчүм, эми мындан ары бейкүнөө адамдардын канына забын болбой, калган өмүрүңөрдү таза жашагыла. Байлыкты талашып-тартышпай ынтымак менен тең экиге бөлүшкүлө. Ал эми менин өлүгүмдү өз айылыма алып барып, тууган-туушкандарымдын колуна тапшыргыла. Андан сырткары аларга элүү миң доллар калтыргыла. Мени койгондо кыйналбай, каражат кенен кесир жеткендей болсун. Калган акчаларына өздөрү оокат кылышсын, - ал бир азга унчукпай катуу кыйналганын билгизбей ичинен акырын онтоп жатты. - Мына, ушунча жылдан бери мобул колум менен канчалаган гана кишилерди өлтүрдүм. Кандуу Ордодо канчалаган адамдарды жалынгандарына карабай, чекесин мээлеп туруп, мээсин чачырата атпадым. Адам жаны чыркырап учуп кетип атканы менен мен ошондон аябай ырахат алчумун. Мына эми бир аз убакыттан кийин өзүмдүн да жаным ошолордукундай болуп чыркырап учуп кетет... Менин силерден өтүнөөрүм жөндөн-жөн эле бирөөлөрдүн канын төгө бербегиле. Жетишет, ушунча жылдан бери канча адамдын канына забын болдук. Чынына келгенде адам өмүрү оюнчук эмес, эми мындай, жогорудагы менин айткандарымдын баарын сөзсүз аткарабыз деп сөз бергиле. Ошондо гана мен тынчыраак тиги дүйнөгө кетемин.
Экөө тең анын маңдайына басып келишти дагы катарлаш туруп калышты.
- Айтканың сөзсүз орундалат, сөз беребиз!
- Рахмат силерге!
Арадан жарым саат өтпөй ал жай, көшүлгөн боюнча кете берди.
Эртеси чоң суммадагы акчага жалданган чет элдиктердин чүмкөмө машинеси, өлүктү атайын кийизге ороп табытка салып, Өзбекстандын чек арасы тарапка катуу ылдамдык менен уруп-согуп кетип баратты.
x x x
Уландысы бар...
Комментарии 51