Тиги Маржананы чолуй карады:
-Бейиштин тору мындай болоорун кайдан билесин?
Маржана жооп бергенче,артынан кирген женеси, бейтааныштын жанына келди:
-Оору барбы?
Бейтааныш кабагын чытыды:
-Мен жакшымын, мени ким алып келди бул жерге?
-Тируу калганына суйунсончу, ким алып келгенинин кандай мааниси бар?
-Мен кетишим керек!
Бейтааныш ордунан турду.
Маржана аны караган бойдон туруп калыптыр. Ушунчалык сурдуу экен, анан да адамды озуно тартып турган бирдемеси бардай. Болбосо мынчалык тигилбесе керек эле.
Женеси кийимдерин алып келип, сунду:
-Озун билесин! Маржана бас бул жакка!
Маржана ошондо гана сезди аны тиктеп туруп калганын,уяла женесинин артынан чыгып кетти:
-Кызык,эми эмне болот?
-Сенин эмне ишин бар, мындайлардан алыс болуу керек, эмне жумушунда эмессин сен?
-Кабатыр болуп келгем да.
-Азыр кабатыр боло турчу эч нерсе жок, биз колубуздан келген жардамды корсоттук.
Маржана унчукпады. Анын сурдуу тиктегени коз алдынан кетпей убараланып жатты.
Бейтааныш кийинип , босогого келди:
-Рахмат сиздерге! А баса адрести айтсаныз мен кайсы жердемин?
Маржана оозун ачканча дагы женеси жооп бере салды.:
-Аа тушунуктуу, мени коргонунуздорду эч кимге айтпаныздар, болбосо мага да сиздерге да жакшы болбойт. Ал унун канчалык сылык чыгаргысы келгени менен, добушунун тупкурундо кандайдыр коркутуу, ызырынуу бар эле.
Маржана чындап эле коркуп кетти. Кайдан да туш болду эле? Ал булардын жообун кутпой, сыртка бет алды. Айнектен тигинин кеткенин карап турушту. Терезелери карангылатылган кара тустогу унаа келди да , бейтаанышты салып, коз ачып'жумганча коздон кайым болушту.
-Кордунбу, мен эмне дедим эле? Мындай адамдарга жакшылык жок.
-Эми эмне болот?
-Эч нерсе болбойт, болду эми жумушуна бар!
-Макул.
Маржана кайра жумушуна келди. Жол катар туркун ойго батты. Корккону анын сурдуу, табышмактуу коз карашы болчу.
Колуна жумуш барбай, эмне кармаса колунан тушуп кетип, аябай кыжалат болду. Журок тупкурундо бул адам менен созсуз жолугаарын сезип турду. Бирок кантип?
Бугунку кун да оор болду. Кун бою тынбай иштеди. Бир тараптан ойлору чар'жайыт болуп, эмне кылып жатканын билбей калып жатты.
Бектур кыздын оюн билип эле турду, бирок эч нерсе дебеди. Албетте мындан пайда да жок эле. Ал ишке келээри менен аялына чалып, болгон окуяны андан уккан.
Маржана бугун жумуштан чыгып жоо кеткенден коркуп турду. Шаша чыгып эле жургунчу ташыган унаалардын бирине отурду. Элендеп улам эки жагын карап коет.
Уйго кирээри менен атасы менен огой энесинин жанжалдашып жатканынын устунон чыкты:
-Ии кел периште! Озунчо акча тапкан адамсын да э эми? Эрте кетип кеч келип, каалаган жагынарга басасынар, чонойтуп койсом каяша суйлойсунор, ообада, эми силер оз алдынарча болуп калбадынарбы?
Тилинен уу создор шорголоп,саксайып алдында турган аялды коруп итиркейи келе тушту:
-Дагы эмне болуп кетти?
-Эмне болуп кетти деп коет, олугунду короюндор!
Маржана которо келген баштыктарын столго койду. Атасы дагы ичип алган экен. Тили булдуруктап, ордунда тик тура албай тенселет. Огой энеси ошонун айынан жанжал баштаган корунот.
Конулу кирдеп, ыйлагысы келип кетти. Атасын колунан жетеледи:
-Журунуз ата, жатып эс алыныз!
Атасы булдурады:
-Мен эсс эс алам , ошш -ошшентейин деп атам. Моо мастанн мени тынч койбойт, ушш-шу мени уктатпайт.
-Ата дейм, болду, жур жатчы!
Керебетине жаткырып сырт кийимин чечип, илип койду. Атасы копко бирдемелерди айтып жатып, уктап кетти. Устун жаап коюп, терен ушкуруп туруп кетти.
Сейил ашканада идиш жууп жатыптыр:
-Аскат кайда?
-Достору менен кеткен?
Маржананын кабагы бурколо тушту:
-Кандай достору кеч киргенде, эмнеге кетет?
-Билбейм эже, мени укпады.
Огой энеси атырылды:
-Ал мени да укпайт, атасынын абалы бул болсо, силер болсо озунор менен озунорсунор!
Маржана огой апасына тигилди:
-Биз го огойбуз, ал озундун балан го, бизден коро сенин мээримин керек, кечке пайдасы жок курбуларын менен убакыт откоргончо, ошонун сабактарына конул болсон боло?
-Ооба эми сен эле калдын эле акыл уйротпогон, атандын абалы бул болсо?
-Макул сеники туура, сен аппаксын, баарына биз куноолубуз!
Сейил мен алып келгендерди муздаткычка салып кой, анан жатып эс ала бер, мен тамак ичпейм.
Огой энеси кулжундап оз болмосуно кирип кетти.
Сейил кысынып сурады:
-Эже чарчадынызбы?
Бир тууган да баарыбир, чарчаганын билип турса да, акырын сурады. Маржана синдисин жакшы коро карап койду:
-Жок козум, андай деле чарчабадым. Сен менден кыжалат болбо, уктай бер!
Эжесинин сиркеси суу которбой турганын билип, унчукпай ордунан туруп кетти. Эми ал Аскат келмейинче уктабасын билет.
Маржана Сейил кирип кетээри менен ушкурду. Бул терен ушкурук менен, каректеринде даяр турган жаштар сыртты коздой акты. Зорго кармап турду. Болбосо бир тууганынын журогун да кошо ооруткусу келбеди. Ыйлабайын десе болчудай эмес, ыйлап жатты.
Унсуз ыйлап жатты!
Канчалаган ой'максаттары бар, ошолордун бирине да жете албай, бул кор тириликтен бошоно албай,гулдой омурунун барактары улам баракталып баратканына кейиди. Эркелетээр энесинин эрте кеткенине, атасынын тируунун олугуно айланып, арактын кулу болуп жургонуно кейиди.
Адат болуп калган озу менен озу суйлошкон, азыр да ошол адатынча, ашканада ары бери басып, улам саатына карап , инисин тынчсыздана кутуп жатты.
-Кайда журдун?
Аскат адатынча дулдундады:
-Балдар менен.
-Эмне болгон балдар алар, тун оогончо эмне кылдынар?
-Эмне мени уруша бересин, сенин эмне ишин бар эмне кылганым менен?
Маржана чыдабай кетти, ошентсе да мумкун болушунча озун кармап, акырын суйлоду:
-Менин ишим болбогондо, кимдин иши болот анан, чоноюп калдынбы эмне? Мен бул жакта кабатыр болуп сени кутуп отурам го?
-Ооба чонойдум. Уйго келсен уруш'жанжал, мени менен эч кимдин иши жок,уйдон коро кочодо жургон жакшы.
-Аскат,мен сага эмне дедим эле?
-Сенин айтканындай эле болуп жатат го, бир кун жок болсом ушунчабы,мен жаш бала эмесмин!
-Унунду бас! Эмне кыйкырып жатасын мага,чонойгонунду кочо таптап далилдейин деп жатасынбы? Билесинби менин сенден кандай умутум чон, сени эмне умуттор менен чонойтуп жатам,иним? Атам менен апамдын абалы тигинтип турса, жок дегенде сен тушунсон боло мени? Чечилбеген маселен болсо айт дулдундабай, чогуу чечели!
Аскат козунун тобосу менен эжесин карап,аяп кетти. Коздору жашка толо тиктеп туруптур. Ордунан туруп жанына барды:
-Эжеке, кечирчи мени!
Маржана инисин кучактап, чекесинен жыттады:
-Аскат,экинчи кайталанбасын уктунбу?
Аскат башын ийкеди.
Бул учурда Маржанага бейтааныш болгон инсан шефинин алдында турду.
Шефинин жузу каардуу:
-Сен ката кылууга акын жок болчу!
-Билем, баары кутулбогондо болду. Алар оздору оюн бузукулук кылышты. Мен кутпогом, эгер четин эле билгенимде, созсуз бир вариантын ойлоп коймокмун.
-Оюн бузукулук дечи?
-Эгерде товардын баарын алгылары келгенде, мени бир ок менен эле тынчытып,баарын алып баса бергенге курбусу жетет болчу. Алар атайын жасашты, озунун ким экенин коргозгусу келди бизге.
Шефи унчукпай, тамеки тутотту. "Созундо жан бар"деди ичинен.
-Сени тиги акыбалында кимдер корду?
-Менимче олуттуу эмес. Эгер шектуу бир нерсени байкаганымда озум чара колдонот элем.
-Эй сен, мен сага айткамын, озундон башка эч кимге ишенбе деп, керек болсо мага да ишенбе! Биздин чойродо, бироого ишеним корсотконун, озундун далына бычак урганын. Майда'барат нерселерге конул бурууга, алар менен алектенууго бизге таптакыр мумкун эмес. Ар бир иштин артын таза бутурушун керек.
-Тушундум! Дагы теренирээк изилдеп кором.
-Ар дайым таза иштегенсин, ошондуктан бул жолу кечирем. Бул,биринчи жана акыркысы болсун!
-Тушундум!
-Тушунсон бар, озуно келгенче бошсун, мага азыр ашыкча баш оорунун кереги жок, козун жетпесе козун тазалап кое бер!
-Тушунундум. !
Шефи "кете бер!"дегенсип колун жансап койду.
Ичинин ооруганын сыртына билгизбей тиштенип, сыртты коздой бет алды.
Унаасын айдап, шаар четинде кабат уйлордун биринин алдына келип токтоду.
Уйго кирбей, бир топко рульга обоктогон бойдон отурду. Азыр анын оюнда эртенки планы турган. Бир катарын пландаштырып коюп, илкий басып, тортунчу кабатка которулду.
Кирсе шефи дайындаган ак халатчан мед айым бар экен. Кабагы бурколо тушту, бирок ашыкча эч нерсе деген жок.
Мед айым оз ишин жасап, ичин катуу кылып танып койду. Керектуу дарыларды берип, ашыкча ун'созу жок чыгып кетти. Буларда тартип ушундай. Аны билгени учун озу да унчукпады. Тамактанып алып, керебетке кулады. Катуу чарчаганга дароо уйкуга кетти.
Тушундо кечээги коздору бакырайган кыз, улам кол булгап жатты.
Кундогудой жумуш куну башталды. Маржананын мойнундагы милдеттери ото коп болчу. Жумуш аяктаганча жаны тынбайт, улам ар бирине бары жардам берет. Акыркы кундору буюртмалар кобоюп, жумуш абдан кызуу журуп жаткан. Кандай буюртма болбосун, кабыл ала беришет. Ар тараптуу тигуу машиналары иштейт. Иштеген кыз'келиндер да оз ишинин чеберлери. Тушку тамактанууга кезек менен чыгып, тамактанып жатышты. Маржана да кезеги келип, тамактанууга жоноду. Алдынан Бектур чыкты:
-Абалын жакшыбы?
-Ооба жакшы рахмат байке!
-Дегеним, эч ким эч нерсе деген жокпу?
-Азырынча жок, тынч эле.
-Мейли ошондой болгону жакшы, барагой тамактанып келе бер! А баса, унутуп кала жаздаган турбаймынбы, ылдыйда курбун келген экен, чакырып коюнчу деди эле!
Маржана башын ийкеп, чуркап эле биринчи кабатка тушту:
-Гулум?
-Марусьям!
Курбусу менен кучакташып учурашты:
-Озум издеп келбесем, мени жоктогудай турун жок.
-Кечир курбум, билесин го жумуш коп, анын устуно акыркы кундору маанайым дагы ойдогудай эмес.
-Эмне болду, тынччылыкпы?
-Тынччылык эле, озундо кандай?
-Менде баары жакшы, окуп жатам. Сени сагынып атайын келгем, коруп кетейинчи деп.
-Гулум, азыр убактым азыраак, болсо кечинде уйго эле келчи, беймарал суйлошолу!
-Созсуз досум, макул озуно кара. Ме бул тамак сага, жолдон эле сатып алдым,ысыгында ичип алчы!
-Рахмат! Апамдай эле камкорсун курбум.
-Мейли корушкончо!
Гулум мектеп убагынан тарта, бирге жургон жакын курбусу. Колунда бар, бардар уйбулонун эрке кызы. Мектепти аяктаган сон, журналистика факултетине тапшырып, азыр тортунчу курсту окуп жатат. Мурдун которбогон, тушунуктуу, жакшы кыз. Маржананын бар дуйнодо ишенген жалгыз адамы. Кандай учур болбосун бири'бирине ойлонбой жардамга шашышат. Азыр да курбусунун атайын келгенине чын дилинен ыраазы болду.
Кеч кире баары жумуш ордун таштап, коштошуп тарай баштады. Бектур эмнегедир уйуно эртерээк кетти. Ар дайымкыдай Маржана акырында калды. Чыгып эле, жолдун наркы бетиндеги дуконго кирди. Уйго, тамак'ашка керектелуучу нерселерди сатып алды.
Кирпиктен тартса жыгылчудай болуп чарчап, айланага конул бурбай, жумуштан тарта уйуно чейин артынан андып келген, бая кунку капкара унааны байкабай калды.
Кундогу корунуштон журок заада болуп уйго кирди. Сейилдин эки козу тоодой шишип, ыйлап жатыптыр. Огой энеси адатынча казан'аякты калдыратып, суйлонуп журот:
-Олугунду короюн окшошкон жетимдер, тимеле чоноюп алышып каяша суйлогондоруно куйосун, боорлору жерден которулуп калды да булардын!
Маржана шашып калды:
-Сейил, эмне болду сага?
Сейил колу менен козунун жашын аарчыды, ага болбой эле шорголоп куюлуп жатты жаштары:
-Апам, апаммм эмне убагында тамагын бышпайт деп, .. андан аркысын айта албай бышактай берди:
-Урдубу?
Сейил башын ийкеди.
Маржананын жаны чыгып кетти. Туз эле барып огой энесинин колундагы тамак куючу чомучту жулуп алды:
-Эмне кылганын бул?
Огой энеси жалтандай тушту:
-Омеей кокуй, мени коркутканынбы бул эмне? Энеси болгонумдан кийин тескегенге акым жокпу эмне?
Маржана козунон жаалы чыгып, огой энесинин коздоруно тике карады:
-Мен унчукпайм, менин оордугумду билесин, бирок менин жаным чыкпасын. Адамга окшоп тескеп, туура тарбия бергенинде дагы да унчукпайт элем. Ушул акыркысы болсун, тескей берип журоктордун сары суусун алып буттун, эгер дагы бир эле жолу корсом же уксам менден капа болбогун! Мен сага азыр жаш бала эмесмин, сыйынды бил!
Огой энеси кыздын коздорундогу ачууну коргондо тайсалдап барып отуруп калды, бирок билдирбеске ар нерсенин башын айтып ызы'чууга отту:
-Ушу силерди бала болот деген мен жинди, каяктан да ушу арактын кулу болгон атанарга тийдим эле, озум акмакмын , жиндимин!
Аскат да уйдо экен,эжесинин айтканын угуп, короону жыйнаштырып журуптур. Апасынын ажылдаганын угуп ичкери кирди. Маржананын ансайын жини келди:
-Олумуш болбо антип, сенден коркуп, бужуроп айтканынды кынк этпей аткарган секелектер жок эми. Ордунду билип, ойлонуп суйло! Ансыз да сыйынды жоготуп алгансын.
Аскат эжесине бир карап алып болмосуно кирип кетти. Аздан сон озу Сейилди жаткырып, коздоруно муздак чупурокту басып, мандайында отурду:
-Буулугуп ыйлай бербей, оюндагыны тарс эле бетке айтып уйрон деп канча айтам. Оорулуу болуп бутмой болдун, аз калды эми чыда, мектепти аяктап алсан анан бир жолун табабыз.
-Макул эже!
Сырттан Аскат баш бакты:
-Уруксатпы?
-Киребер!
Дулдундап Сейилдин этек жагына отурду:
-Эже мен да корбой калыпмын, болбосо кыйкырмакмын, "эжеме тийбе"деп.
-Мейли эми отуп кетти. Мындан ары экоон тен ынтымыкта болгула иним, кичине эмессинер!
Аскат адатынча башын ийкегиледи.
Огой энеси кулжундап, бир топ суйлонуп барып тынчып калды, болмосуно кирип кетти окшойт.
Сырттан унаанын сигналы угулду:
-Силер отура бергиле озум чыгам, Гулум келем деди эле.
Эки курбу копко суйлошуп отурушту. Гулум Маржананы кучактап козуно жаш алды:
-Аз калды буйруса досум, бул кундорун да отот, бир туугандарын бар эмеспи? Мына булар да бой жетип калышты, оз алдынча болуп алышса анан, сен дагы озун кыялдангандай жашоону тузууго аракет кыласын!
-Албетте курбум!
-Айтчы, озун тарткан эскиздеринди бир жолу болсо да сынап корбодунбу? Мисалы Эл аралык сынактарга катышсан, ал жактан он жооп келип калса озун ойлогондой, озундун бренддеринди басып, кийимдерди тигип чыгарсан?
-Азыр ал тууралуу ойлоно элекмин досум, азырынча ушул жумушумда иштеп турайын, ал учун окушум керек да. Убагы келсе деп журом. Созсуз аракет кылам.
-Мен ишенем сага!
Гулумду узатып коюп,Сейилдин жанына барды. Уктап калыптыр. Жузуно тигилип, журогу тилинип кетти.
Акырын кучактап, бетинен ооп койду:
-Сабыр кыл бир боорум, аз калды. Сени эптеп окууга киргизип алсам экен.
Устун кымтылап коюп, терен ойго батып, кундогу ишин жасады.
Уйдо апасынан калган кол машине боло турган. Кундо кечинде ашыкча материалдардан бирдемелерди тикчу. Аскат менен Сейилге да оз колу менен койнокторду тигип берчу. Ыраматылык апасы мыкты чебер болчу деп айтышат тентуштары. Балким апасынан откондур?!
Азыр да негедир машинеде иштегиси келди. Ошончо чарчаганына карабай, койнок тигип кирди.
Мынтип алаксыбаса, уктай албай баарыбир кыйналат.
Уландысы бар..
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 29
Данектин жаны жан эргитет го эми кутурбой жаз
Атынбы же чыгармачыл псевдоним би
Данек сонун угулат атын