Кийине көчөгө чыккан эне эмне деген ойлорду ойлоп жиберди. Күбүрүнө "калп болуп калса экен? Аман - эсен болуп калса экен? " деп болочок күйөө баласынын өмүрүн тилеп баратты. Көчөдө адамдар топтошо Кабайдын үйүн көздөй бара жатышканын көрүп, буркурап жиберди. Уккандын баары ыйлап, кайгырып өлүмдүн шааниси менен өкүрүп кирип жатышат. Эч кимден эч нерсе сурай албай, элдин агымы менен буркурап кирип барды. Эзилген ата-эне, бир туугандары баары боздоп отурушат. Мындан аркыга чыдабаган Перинин апасы "алда кагылайын балам ай, балам ай, ай чырайыңдан айланайын ай, өмүрүң кыска беле балам ай" -деп өксүп алды. Ыйлап олтургандарга көңүл айткан менен үйүндө күтүп турган Периге эмне деп айтышын билбей боздоп, жүрөгү тилинип турду. Сабира экөө кучакташа бир топ ыйлашты. "Перини келин кыла албай калдым, ак жоолугум салалбай калдым" - деп Сабира боздосо, Перинин апасы "Периге кантип угузам, кантип айтам " - деп ыйлады. Ал эми Пери болсо эми эле укканы калп болсо экен, жаңылыш болсо экен деп, жакшы жаңылык менен келет деп апасын күтүп отурат.
Эх чиркин, арман, өлбөсөң өлбөй кал. Канча адамды кууратып, канчасын сыздатып, канчасынын тилек үмүтүн, ишеничин, бактысын, эртеңкисин, келечегин быт - чытын чыгарып кеттиң деп боздогон эле адам. Перинин апасы миң түркүн ойдо кызына келди. Күнөөкөрдөй көз жашын шыпыра -
- Ошол экен кызым, Тиленбай кайтыш болуптур- деди.
Бул сокку кызга асман кулап бут алдына түшкөндөй болду. Назик жүрөгү сайгылашып, көзүнөн жашы деле чыкпай, нес болуп туруп калды. Апасы кызын чачынан жыттай -
- Кайраттуу бол кызым, сен күчтүү кызсың, кудайдын кылганына айла жок тура! Барасыңбы? Алып барайынбы? - деди.
- Жок апа, бара албайым, кантип барам? Ошол үйгө ак жоолук менен ак жолтой болуп кирсем болмок? Эми өксүп кантип барам? Эл эмне деп ойлойт? Күйөөгө тийбей жатып жесир болдумбу апаке?- деп буркурады.
- Кой кызым сенин эмне күнөөң бар эле? Бул тагдырда. Өзүңдү тыңда, наркы - берки жагыңды кара, эртең биринчи экзамениң кызым. Ошого даярдан, тура гой чай даярдап берейин ичип ал, башың ооруп жүрбөсүн.
Эненин камкордугунан айланса болот. Кызынын бактысы үчүн отко-сууга түшүүгө даяр турган эне, алапайын таппай күйпөлөктөйт. Оозу сүйлөп турган менен, эси дарты суналып жаткан Тиленбайда, отко күйүп турган Кабай менен Сабирада болуп, өзү да ичи жалын, сырты чок болуп турат. Бакырып, бакырып ыйлагысы келди, бирок анте албады кызын аяды.
Пери мөлтүрөгөн көз жашын шыпырып, эки колу менен бетин басып буркурап отуруп калды. Апасы кызын кучактап бооруна кысып, унчуга албады. Периге билгизбей көз жашын шыпырып, күнүмдүк тиргилигине алаксыган болот. "Аттиң ай, кызым ай, эми баары жакшы болсо экен, жаркылдап күлгөнүңдү көрө бекенмин, күлө алаар бекенсиң? Билгизбегениң менен көңүлүң бекем байланган экен каралдым" деп бүлкүлдөп, ойлуу, өң- алеттен кетип сумсайып отурган кызын уурдана карап, ичинен жаратканга жалынат. "Э кудаай, кызыма күч, кайрат, сабыр бер".
Эртеси Тиленбайдын тажиясы болсо, Перинин биринчи экзамени боло турган күн экен. Пери миң түркүн ойдон арылбай, сумсайып, муңайып кирпик какпай таң атырды. "Неге? неге? Тиленбай неге өлүшү мүмкүн? Көз тийдиби? Капа кылбадым бекен? Каттарына оңчулуктуу жооп жаздым бекен? Же назданам деп көңүлүн кирдетип алдымбы? Эми эмне болот? Атасы, апасы кантет? Жалгызынан ажыраган карыялардын эртеңкиси кантет? Менчи? " деген суроолорго жооп таппай, Тиленбайдын сапырылган каттарын кайра- кайра окуп, өзү менен өзү сүйлөшүп таң атырды.Эртеси да болду. Кабайдын көчөсүнөн чыккан өкүрүк, кошок чакан айылдын баш-аягына жаңырат. Бутун араң шилтеп баскан Пери мектебине жөнөдү. Жолдо баары аны таңыркап карагандай сезилип, ансыз да алапайын таппай турган кыздын шаштысы кетти. Демейде бат эле жетчү мектепке кеткен жол узарып кеткендей, же буту тушалып калгандай азаптын азабы менен жетти. Мектепте деле мурдагыдай шаң жоктой, көңүлсүз көрүнүп, баары өзүн таңыркап карагандай сезилет. Ошентип экзамен да башталды. Математикадан жазуу болчу. Пери эмне жазып, эмне койгонун билбеди. Жан дүйнөсү эңшерилген кыз уйгу - туйгу ойдон арылбай отурат. Экзамен бүткөндө мугалимдери, окуучулар чогуу тажияга барууга жөнөштү. Эл менен илкий басып Пери да жөнөдү.
Көчөдө киши абдан көп, көпчүлүк менен кирген кыз ыйлап, көпчүлүк менен чыгып кетти. Сабира эжекеси болочок кайненеси эмеспи, ага жете алган жок. Боз үйдө жаткан Тиленбайдын тулку бою тартылган көшөгөдөн көрүнбөдү. Мына ошентип кайра кете берди. Бул күнү табигат да ыйлап турду. Ачык турган күн заматта буулуп, бир нече минуталык жамгыр төгүп өттү. Анын артынан аппак кар жаады. Анан эле эч нерсе болбогондой күн чайыттай ачылып, табигат да ыйлап, өкүнүп жаткандай болду. Бул кубулуш баарын таң калтырды. Июнь айында кар жаайт дегенди биринчи уккан, көргөндөр да таңданып бүтө алышпайт. Мына ошентип өксүгөн калың эл Тиленбайды да жер эненин койнуна тапшырып, "бир боорум" деп ботодой боздоп келишти. Эх, арман өзү өлгөн менен арманы түгөнбөгөн Тиленбайдын тагдыры легенда болуп кала берди.
Антип мынткенче жети күн да өтүп кетти. Сабира менен Кабайды аяган тууган-урук, колу- коңшу, экөөнү ээн таштаган жок. Алыскы жуук кыздарды бирден узатып бүтүштү. Эрте менен, кечинде күнүгө бирден, экиден киши кара кошо жүрүшөт. Бирок ар кимдин тирикчилиги бар дегендей, акыры үчөө Кабай, Сабира, Жылдыз эле калышты. Бирин-бири аяп карап, кеп сөзү жок тиргилик өтүп жатат. Ошол тажия убакта Ырысбек да келген эле, ал ошол тажиядан кийин эле апасы Зуураканга кетип, чоочун адамдай эле келип куран окуп кетип жүрду. Кирген чыккан адамдар булардын абалына баш чайкап кетишет. Анткени үчөөнүн жашоосу таптакыр башка нукка айланды.Тиленбайдын тажиясына тигилген боз үй чечилбей, ошол жерде жашоо өткөрүп калышты. Сөөгү жаткан жерге мен жатайынчы дешип, чал-кемпир барып жатып калышат. Бүкүлү жатып, бүкүлү туруп эптеп тиргилик өтүп жатат.Таң эртеңден Тиленбайдын мүрзөсүнө баруу экөөнө адат. Күнүгө таңкы кошоктон ойгонгон айыл, Жылдыз көзүн ушалай боз үйгө чуркайт. Айыл эли да укканы келип куран окуп кетет. Жылдыз ата - апасын карап отуруп коркуп кетет. Алар көз алдында алдан күчтөн тайып баратышат. "Булар да өлүп калса кантем, не болот" - деген коркуу жүрөгүндө жашап,
кулагына баякы ызы-чуу сиңип калган экен, күнү-түнү жаңырган ый, кошо жүргөндөй эле болду. Үн-сөзү жок жаткан ата-апасын акырын тыңшап, "өлүп калган жокпу" деген ой менен беттерине бетин коюп тиктеп отурса атасы байкап калып, "садага болоюн, сербегим, коркпо мен өлбөймүн, тирүүмүн"- деп сооротот. Жылдыздын ар бир күнү ушундай коркунуч менен өтүп жатты. Сабира да кароосуз калган кызын эми эстеп, бооруна кысып алды. Ооба, Тиленбайдын күйүтү менен болуп Жылдызды унутуп калышкандай. Жетинчи класста болсо деле, эркелеп өскөн кыз дале болсо бала да.
Ошентип Жылдыздын бактылуу балалык күндөрүнө кара парда тартылып, бактылуу күндөрүнүн акыркы барактары армандуу күндөргө күбө болуу менен жабылды. Кырк күн кырк жылдык тозоктой сезилди. Тиленбай өзү эле өлбөй үй - бүлөсүнүн бактысын, ырыс-кешигин, күлкүсун, тийген күнүн, ичке суусун алып кеткендей болду. Күлгөн адам жок, улутунган, үшкүрүнгөн, боздогон үндөр менен күндөр өтө берди, өтө берди. Эмне ичип, эмне жегендерине маани деле беришпей, жашоонун кызыкчылыгы кетип, бирин-бири сүйбөй калган абал түзүлдү. Акыры Тиленбайдын кыркында, тууган урук чогулуп Рысбекти алып келишти. Бөөдө өлүп калбагыла, бул деле силердин уул дешти. Боздогон ата-эне кучак жайып тосуп алып, тим эле Тиленбай тирилип келгендей кубанычта болушту. Жылдыз кубанып так секирип Рысбекти улам карап коёт. Анын көзүнөн Тиленбай агасы тиктегендей жылуу бир учкунду издеди. Муздак көз карашка тик бага албай атасынын аркасына жашынды. Көктөйүнөн көз менен сүйлөшүп көнгөн кызды бул жолу да көзү алдаган жок. Ошентип көпчүлүктүн кийгилишүүсү менен Рысбек экинчи жолу Кабайдын уулу болуп келди. А дегенде апалап, аталап ичти жылытты. Ал Фрунзеде студент эмеспи, бар тапкандарын берип, окуусуна жөнөтүштү. Фрунзедеги Политехникалык Институтка, аспирант күйөө баласына айтып окууга өткөрүп койгон эле. Тиленбай аскерден келсе үйлөп, аны да Фрунзеге окууга жөнөтөм, келинчеги менен кошо өзүм окутам. Рысбек болуп чогуу журүшсун. Балким жакындан табышып, бир тууган болуп калабы деген жакшы ниеттери бар болчу.
Тиленбайдын кыркы да өттү. Кабайдын Фрунзедеги кыз-күйөө баласы экөө, Рысбекти үйлөндүрүү тууралуу сунуш киргизишти. Ээн үйдө сүзүшүп олтура бере белеңер? Тиленбайдын ордун басат деп тынымсыз кат жазышат. Сабира менин уулумдун ордун эч ким баса албайт, жок дегенде жылы өтсүн, анан үйлөп коёлу деди. Өгөйлүк кылып каршы болду деп Сабираны жаман көрүштү. Рысбектин сүйлөшкөн кызы бар экен, экөө чогуу жашап жүрөт экен. Алып бербесек окуусунан айдалат, анан менин да жумушума залакасы тиет - деп күйөө баласы да ортого түшүп акыры макулдатты. Кабай эч нерсе дебеди. Жан дүйнөсү жаралуу карыялардын абалына карабастан, келин алуу тополоңу башталды. Келин алуу эмес, күлкүнү унуткан күйүттүү эки карыя эзилип гана турду.
Сабира менен Кабай таң эртең менен Тиленбайдын мүрзөсунө барууну адат кылып, гүл эгип, эстелик жасатып убара. Күнүгө эрте менен гүлдөргө суу ташып барып куюшат. Бир күнү экөө таңга маал барса Пери Тиленбайдын мүрзөсүндө отуруптур. Бул биринчи жолкусу эмес, буга чейин далай келген, эч ким билбейт дечү, бирок Кабай билчү. Тиленбайга куран окуп, үн сөзү жок кетип баратышат. Кантип кызды келбе деп айтышат. Бактылуу болушун тилеп ак баталарын беришти. Ыраазылык айтышты, сумсайган кызды көрүп Сабира көнөктөй көөп, өпкөлөп ыйлады. "Атаны арман күн, ушул той силерге буюрбады балам, ушул ак көшөгө силерге тартылбады, ушул дасторкон тоюңарга салынбады, ушул ак жоолукту өз колум менен сала албадым" деп ооруп калды.
Бул күйүт Кабай менен Сабиранын жан дүйнөсүн калбыр кылып, санаасын санга бөлдү. Өз ара сүйлөшүп "Кой бул азап экөөбүздүкү, кыздын азап, күйүт тартканга акысы жок. Жаш кыз бактылуу болууга тийиш, ага ак бата берели, албетте унутуу кыйын бирок унутууга мажбур. Жаш эмеспи, маңдайына дагы бир жаркылдаган бирөө тургандыр, унутуп кетээр" - дешти да кыздын апасы менен сүйлөшүп, кызды Фрунзеге жөнөтмөк болушту. Ал эми Пери экзамендерин эң сонун тапшырган менен, дипрессиядан чыга албай, кыргыз тилден экиге тапшырды. Мугалими да таң кала, кайра оңдоп тапшыртты. Пери өзүнөн-өзү корунуп, бирөө таңыркап карагандай, бирөө сөз кылгандай туюлуп ыңгыйсыз боло берди. Акыры кызынын кыйналганын көргөн эне, Фрунзеге жөнөтүүгө мажбур болду. Ал жылы окуудан жыгылып калды. Жыгылса деле мейли, алаксыса болду деп жумушка орноштуруп коюшту. Фрунзеге келсе эле Тиленбай жөнүндө унутат дешкени менен, Фрунзеде Тиленбайдын достору, классташтары унуттура койбоду. Эч сөз айтышпаганы менен баарынын суроолуу көз караштарынан тетик кыз сезчү эле.
Ошентип Сабира менен Кабай нары карап ыйлап, бери карап күлүп Рысбекти үйлөп, келин алды.
Келин да тыпылдап "апалап, аталап " жакшы эле болду. Рысбек да жакшы эле жүргөн. Баары күнүгө эрте менен, Тиленбайды жоктоп кошкон кошоктон башталды. Огороддо алма, өрүк төгүлүп бышып, Кабай менен Сабира энтеңдеп терип келип, алгач баласына куран окуп, ооз тийип, элге, колу коңшусуна таркатып бергенден тажашпайт. "Тиленбайымдын өрүгү, алмасы, киласи" деп. Таң эртеңден мүрзөгө барып, анан келип жоктоп ыйлоо эки карыга адат. Бир жолу Кабай Жылдыз экөө бир чака өрүк терип келишти. Кабай артта Жылдыз алдыда эле.
- Апа, Тилен акамин чоң өрүгү сонун бышыптыр карасаңыз - деп келе жаткан кыздын сөзү аягына чыкпай, чаканын калдыраганы гана угулду. Сабиранын көргөнү Рысбек Жылдызды колдон булкканда кичинекей неме көпөлөктөй ыргып, чакасы тээ алыска түшүп, өрүгү чачылды. Өзү верандага жабыша жыгылды. Сабыра акыл топтогуча Кабай Жылдызды так көтөрө тургузду. Коркуп кеткен кы эмне болгонун түшүнбөй туруп калды. Кабай Рысбекке каар төгө бакырды:-
- Бул эмне кылганың? Бул эмне кылды сага?
Сабира Жылдызды кучактап отуруп калды.
-Тойгоздуңар, Тиленбай, Тиленбай деп. Качанкы өлгөн балаңарга баарын атап. Бул үйдө тирүүлөр да бар.
-Ал эмне дегениң?
Жылдыз эмне кылды сага?
Рысбек эч камырабады:-
- Жадагалса бул үйдө биздин ушу бакма кызың Жылдызчалык ордубуз жок. Бул ким? Буга эмне? Чоңойсо кетет. Өзүнүн ата- энеси бага албай калыппы? Башыңарга чыгарып алдыңар!
Сабира калчылдап, кызын сиңдиси Зайнага кетирип жиберди. Ушул ызы-чууну, ачуу сөздү укпасын деди. Кабай бакыра
-Акмак, тырмактай кызды неге өгөйлөп жатасың? Бул кызды мен муштумдайынан бактым - деди.
- Ооба бакканыңарды билем, жадагалса ушул кызча көрбөдүң мени. Бул бирөөнүн баласы, а мен сенин балаң. Тиленбай тирүүсүндө Тиленбай дейт элең. Ал өлдү, эми жок, күн кур эмес ый, кошок. Ал аз келгенсип эми бакма кызың ээледи. Деги мага бул үйдө орун барбы деги?
Кабай калчылдай,
-Сен ушу тырмактай кызды өгөйлөп, ушуга атаандашып жатасыңбы? Уят эле, акмак экенсиң го? Өлгөн Тиленбайды деле тынч жаткырбайсың да. Оозуңа алып атын атаба. Ичиң толгон ириң тура кокуй. Ушул кыз болбосо өлүп калсак керек эле Сабира экөөбүз. Ыйласак ыйлап, күлсөк күлүп, биз эмне болсок ошол болуп отурат. Акмак экенсиң. Ушу кызча акылың жок. Күйүттө отурган апаңды кичине болсо да көңүлү көтөрүлө бекен деп таң атпай сүйүнгөн кызымды көпөлөктөй ыргыттың го акмак.
- Ал менин апам эмес. Менин өзүмдүн тууп чоңойткон апам бар. Карап отура бер анда ошол кызыңды.
Кабай Рысбектен мындайды күткөн эмес, тердеп кургап, сөз таппай туруп калды. Сабира болсо токтоолук менен: -
-Абышка болду, акырын, Рысбек балам, апаң бар албетте. Сен каалабасаң мен деле апа боло албайым сага. Кой капа болбо балам. Жылдыз ашыкча болсо ата- энесине берем. Андан камсанаба, атаң менен жаман жакшы айтышпа. Бирок Тиленбайды тынч жаткыргыла. Бул үйдө ар кимдин өз орду бар. Тиленбайдын ордун эч ким баса албайт. Кыжаалат болбо балам, ал эми келбес жайда- деди да боз ала боло отуруп калды.
Рысбектин келинчеги баарын көрүп, угуп билсе да, үйдөн чыкпай отура берди. Кимисине болушаарын, кимисиники туура, кимиси ката экенин билбеди. Бүгүнкү чыр бүтүн үй-бүлөнүн ортосуна түшкөн алгачкы чоң жарака ошол болду. Кеч да кирди, үй ичи жымжырт. Кабай чайнегин көтөрүп, калың багына кирип кетти да, буркурай ыйлай чай ичкен болуп отурат. Сабира болсо ботодой боздоп, Жылдыздын кийимдерин даярдап, ата-энесине берип келейин деп даярдык көрүү менен убара. Ал эми Жылдыз атасын, апасын алмак салмак тиктеп, Рысбек агасынын чаары чыккан көз карашына түшүнбөй, бирок өзүнүн ашыкча экенине жүрөгү тилинип, көз жаш төгүудөн тартынып үн- сөзү жок телмирет. Ушул күндөргө күбө болгонуна, деги эле ушул урушка өзү себепкер, күнөөлүү болгондой жер карайт. Билди, апасы эми таятасыныкына таштаарын. Ал жакка да баргысы келбейт, бирок айласы жок. Тээ илгери алгачкы жолу уккан "өгөй" деген сөздүн маанисин эми түшүнүп, деги эле тагдырдын өгөй кызы болгонуна, туулганына, батпаганына, ата- энелеринен тирүүлөй ажыраганына өкүнүп, ыйлап жатып уктады. Үнү жок сызылып чыккан жашы жаздыкка сиңип, жуурканды жамынса да ыйлаганы билинип, Кабай менен Сабиранын каңырыгын түтөттү. Кичинекей жүрөгүнө бүлүк түшүп, кетпеске чарасы жок экенин, бул үйдө орун жок экенин сезип, эми өз туугандары, ата энесине батамбы деген суроого жооп таппай мукурап турган кези эле. Башка мезгил болсо барбаймын деп баш тартып, ыйлап барбай коймок. Азыр баш ийүүдөн башка аргасы жок макул болуп отурат.
Тагдырдын бул жолку соккусу Жылдызга өтө оор болду. Кичинерээк болсо да, чыргоолонуп ыйлап жеңип кетмек. Эми акылына кирип, сегизге окуйун деп калбадыбы. Баарын түшүнүп турган менен, кимге эмне дээрин билбей турган убагы. Кетип калса апасы менен атасы кантет? Алар да өлүп калсачы? Анда менин көргөн күнүм эмне болот? Таятасынын балдары батырабы? Рысбек акаси кууп чыкса каякка барат? Ии койчу, не деген ойлорду ойлоп, кең ааламдан бир кичине жай таппады, ой-санаасы менен. Атасынын кыздарын бир тууганым деп сезчү эле, алар да баары бир "өгөй" да деген аң- сезимини сиңип калыптыр. Бирок чынында ал эжелери деле, ооз учунан эле "Жыкытай" дешпесе, бооруна көп тарта беришчү эмес. "Өгөй" деген эмне экенин билгенден кийин, Жылдыз өзү деле алыстап калган.
Эртеси эрте мененки автобуста апасы экөө районго жөнөштү. Кабай кызын барбайт деди эле Сабира -
- Кой абышка, бирөөнүн кызы бул. Бөөдө Рысбек катуу айтып, чыр көбөйбөсүн. Эсине кирип калган неме баарын билет. Бул баякы эрке кыз эмес эми, өзү да түшүнүп турат. Бөөдө чырга кызымды себепкер кылбайын- деди.
Кабай аргасыз макул болду. Ошентип Жылдыз өз ата- энесине келди. Сабира да эч нерсе айтпады инисине. Жылдыздан деги эле кеп чыкпайт. Бир жума өтүп өтпөй Жылдыз түнү эти от жалын болуп, мурду канап, башым деп жатып калды. Мурдунан кан токтобой баарын коркутту. Алымбай эси чыгып Кабай менен Сабираны чакыртты. Бир жумада жууган чүпүрөктөй бозоргон кызын көрүп, Кабай башын чайкады. Мурду канап атат десе Тиленбайдын оорусу эстерине түшүп, чебеленип жетип келген экен Сабира экөө жарыша. Докдурга көргөзүшсө өткөөл куракта катуу дипрессияга дуушар болгон, мээге күч келген, алаксытсаңар жакшы болуп кетет деди дары жазып берип. Ошентип эки ата- эне кимди күнөөлөрүн билбей, бирин-бири сырдуу карап отурушат.Кабай эртеси кызын алып кетти Сабира экөө.
Райондун борборуна Тиленбай каза болгон боюнча келише элек эле. Азыр ошондогу трагедия көз алдыларына тартылып, үшкүрүнүп алышты. Үйгө да келишти, окуу да эки - үч күндөн кийин башталат. Жылдыздын окууга деле көңүлү жок, жылдызы өчүп кеп-сөздөн калган. Апасынын, атасынын көздөрүнүн нуру өчүп бараткандай сезилди. Өзүнө болгон энчилүү көз карашты аңдып таппай убара. Өз ата - энесинин көз карашынан өзүнө тиешелүү бир нурду таппагандай эңшерилип турду эле. Бул жерде өгөйлөгөн эч ким жок, эркелеп өскөн кыз Рысбекке жакпай, жалтактап, корунуп калды. Ал эле эмес өз туугандарынын ичинде деле өгөйдөй болуп, аралаша албай атпадыбы. Мурда байкабай жүргөнбү айтор кичинелик кылып, бул жолу аябай өкүндү, өксүдү, өзүн-өзү жек көрүп, керексиз буюмдай сезди. Рысбек катуу кагып силкпесе да, кийинки күндөрү кабагын чытый жек көрө караганы эле дүйнөсүн тарытты. Мурдагыдай ата- апасынан эркелей албай, оюндагыны да айталбай чүнчүп кетти. Кайсыл жерде болбосун Рысбектин жек көрө караган көз карашы желкесин көзөй карап тургандай сезилчү. Анын үстүнө Сабира да кызын тыйып "Көп сүйлөбөй, тынч тура турчу, Рысбек Фрунзеге кетет, тынч кетсин. Ал тамактанып жатканда көзүнө көрүнбөчү дечү. Оо чиркин өгөйлүктүн алгачкы даамын эми сезген эле Жылдыз чүнчүп кетти.
Сабира Рысбектин ызалагын түшүнүп турат. Атасы Кабай кенедейинде бооруна кысып, аталык мээрим бербегени үчүн ызалыкка муунуп өскөн бала, дагы да бир нерсени күткөндөй омсоңдоп турганы эле түшүктүү эмеспи. Эптеп атасына жакындай албай жатса, Жылдыз ортодо тоскоол болгондой сезилип атпайбы. Анан калса ата- кызды эч ким ажырата албайт эле. Рысбектеги кызганыч сезим жеңип, Жылдызды жекире карап калганы да ошондон. Бала болсо да муну сезген кыздын күлкүсү тыйылып, караанын жашырып калды. Кабай болсо көз көрүнө чүнчүп кеткен кызына карап, өзү күнөөкөрдөй болот. Сабира мүмкүн болушунча кызды баарынан алыс тутту. Көзүнө көрүнбөсүн деп Зайнанын үйүнө жөнөтүп жиберет. Анын да митаам кызы ак көңүлү кармаса киргизет, киргизбесе эшиктеги сөөрүсүндө китеп окумуш болуп отура берет, же өзүнчө ойной берет. Чоңдордун кетирген катаалыгынын курмандыгы болгонун кайдан түшүнсүн. Бир эле акылы жеткени баары мени неге жек көрөт? деген суроого жооп таппайт.Рысбек эле эмес башкалардын да көзүндөгү айталбаган сөздөрүн көз караштарынан сезип, кичирип, жалтактап, жалгыздап калды. Кең дүйнө тарып, эми мага баары бир дегендей басып кетчү болду. Бир жолу айылдын башынан бактан таап келди атасы. Бактын жанында чоң кызыл ташка чыгып, сайга, бакка, тээ тоолорго, Чакан-Ташка суктанып, улутунуп отурган эле. Кыялында куш болуп учуп кетсем деди.
уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 44