#04Мусаапыр болот кыз бала,
Турмушка кетсе аттанып,
Сагынып ата- энесин,
Эстесе көзгө жаш чайып.
Төркүнү кымбат көрүнөт,
Калса кыздар картайып.
Төбөсүн көрүп төркүндүн,
Кубана сүйөт балпайып.
Бирөөнүн эли-жеринде,
Таш түшкөн жерде оор болуп.
Бактысын тапса кээ бирөө,
Бирөөсү бөөдө кор болуп.
Көз жашын төгүп ыйласа,
Эзилтип жүрөк кыйналса,
Төркүнү учаар көзүнөн,
Төркүндөр кызды сыйласа.
Ата-эне барда сый көрүп,
Эркелеп күлүп күн көрүп.
Энеден кийин төркүн жок,
Эшике келсе көп көрүп.
Ыйлатпа келген кызыңды,
Сагыныч эзип кысылды.
Элелтен кызды сыйлаган,
Тең бөлүш жүрөк муңуңду.
Атадан кийин баркың жок,
Эркелеп жүрчү бактың жок.
Эмшиңдеп ыйлап алаарсың,
Отурчу орун, тактың жок.
Кыргыздар кызын ыйлатпайт,
Бөлөктөп бөлүп кыйналтпайт.
Кабарын алып турбасаң,
Жаш төгүп муздап, ыраактайт.
Көзүнөн көрсөң кусасын,
Канетип чыдап турасын,
Тегиз деп эркек төрөгөн,
Айтсаңчы өзүң ырасын.
Кызыңдан кабар алдыңбы?
Аттанып издеп бардыңбы?
Атадан калган мурасты,
Унутуп, аттиң калдыңбы?
Жүзүнөн көрсөң муңаю,
Бооруңа кысып өптүңбү?
Убактың бир аз аябай,
Айлына издеп өттүңбү?
Энеңден калган мурасты,
Эсиңе салып кеттиңби?
Эсиңден чыгып арман ай,
Эси жок болуп кеттиңби?
Энеси барда көңүл ток,
Энеден кийин төркүн жок.
Эзилип жүргөн кыздарды,
Эстээрге кандаш тууган жок.
Атадан кийин баркың жок,
Агарып турган бактың жок,
Алыңдан тайып турганда,
Артыңдан издер агаң жок.
Мусаапыр экен кыз бала,
Турмушка кетсе аттанып.
Ата- эне бардай бара албай,
Жарадар жүрөк карттанып.
Унутпа кызың мусаапыр,
Айлына жакын барып өт.
Бооруңа кысып, ал сурап,
Саамайын сылап көздөн өп.
Абалын сурап, көз салып,
Аманбы кыздар көрүп өт.
Кайгысы болсо жүрөктө,
Агалык кылып бөлүп өт.
Атанын уулу дедирип,
Бооруңа кысып беттеп өп.
Апаңдын жаны тынч алсын,
Чырактай кызын көздөн өп.
Башкалар менен бөлүшүңүздөр...
Автор Бүүрайым Күзөбаева....
Комментарии 4