Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен!
🖊 109. Китеп ээлеринен (Иудейлер жана христиандар) болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийин каапырга айландыргылары келишет. Аллахтын буйругу келгенче аларды кечиргиле, алардан жүз үйрүгүлө! Аллах- баардык нерсеге кудурети жетүүчү.
🖊 110. Намазга тургула жана зекет бергиле! Ошондо өзүңөр үчүн мурда жасаган жакшылыгыңарды Аллахтын алдында табасыңар. Албетте, Аллах силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү.
🖊 111. Алар (Иудейлер жана христиандар): "Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт", - дешет. Бул алардын үмүт-тилеги гана! Аларга: "Эгер айтканыңар чын болсо, далилиңерди (Алардын ыйык китептеринде да бул өңдүү маанидеги сөз жок) келтиргиле", - деп айт.
🖊 112. Жок! Ким жүзүн Аллахка арнап бурса (ага моюн сунуп, буйруктарын аткарса) жана жакшылык кылуучу болсо, анын сыйлыгы Эгесинин алдында. Алардын үстүнөн копкунуч да, кайгы-капа да эч болбойт.
🖊 13. Китепти окуп алып деле иудейлер: "Христиандар түз жолдо эмес", - дешет, ал эми христиандар: "Иудейлер түз жолдо эмес", - дешет. Алардын ушул өңдүү сөздөрүн эч нерсени билбегендер (Буддага [айкелдерге] б.а. жалган кудайларга сыйынгандар) да кайталашат. Алардын ортосундагы талашып жаткан нерселери тууралуу Аллах Кыямат Күнүндө өз өкүмүн чыгарат.
🖊 114. Аллахтын ысымдары эскерилип, макталып жаткан Ага сыйынуучу жайларды (Мечиттерди) кайратып-бузууга аракеттенгенден да ашкан адашкан бирөө барбы?! Алар мечиттерге корккон абалда кирүүлөрү зарыл. Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, ал эми акыретте чоң азап бар.
🖊 115. Чыгыш да, Батыш да Аллахга гана таандык. Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Аллахтын жүзү (Бардык жерде Аллахтын болуп туруусу, ааламда Ал болбой калган эч бир боштук, тарап жок). Албетте, Аллах- Камтуучу, Билүүчү!
📗 "ЫЙЫК КУРАН"
Маанилеринин кыргызча котормосу менен
🌿 ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев