1-§. Кыргыз адабий тилинде отуз тогуз
тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма
беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи – кыска:
а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо – созулма: аа,
ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө – жоон: а, аа, о,
оо, ы, у, уу; жетөө – ичке: э, ээ, ө, өө, и,
ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо – уяң: м, н, ң,
р, й, л; сегизи – жумшак: б, в, д, ж, ж, з,
г; он бири – каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х,
к, к, т, ц. 2-§. Кыргыз адабий тилиндеги
тыбыштарды белгилөө үчүн 36
тамгадан турган Кирилл алфавити
колдонулат: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд,, Ее, Ееё,
Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Ал, Мм, Нн, н, Оо,
Өо, Пп, Рр, СС, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч,
Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя. 3-
§.Созулма үндүүлөр кош тамга менен
белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү. Аары,
саат, жаа, жээк, бээ, оор, боор, жоо, өөн,
мөөн, төө, уук, суур, буу, жүүн, күү ж.б.
II. Тыбыштардын жазылышы
1. Үндүү тыбыштардын жазылышы
4-§. Жазууда э тамгасы төмөнкүчө
колдонулат: 1. Кыргыз тилиндеги
сөздөрдө э тыбышы сөздүн
башталышында келсе, э тамгасы менен,
сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз
тыбыштардан кийин келген учурларда
е тамгасы менен белгиленет, ал эми
созулма түрү бардык учурда ээ болуп
жазылат. М.: сөз башында – эгин, эки,
элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз
аягында үнсүз тыбыштардан кийин –
бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен,
беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар
түрдүү орундарда – элек, эмгек, эне,
эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк, жээн,
керээз, мээр ж.б. 2. Орус тилинен же
орус тили аркылуу чет тилдерден
кирген бир катар сөздөрдө жана
энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн
айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында
сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана
үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына
жол берилет. М.: сөз башында –
экватор, экономика, экран, экскурсия,
экзамен, энергия, экспедиция;
үндүүлөрдөн кийин – аэродром,
аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон,
алоэ, үнсүздөрдөн кийин мэр, сэр, Чжу
Дэ, Улан-Удэ. 5-§. Үндүү тыбыштар
менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш
менен башталган мүчө уланганда,
үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-
ым балам, эне-ым – энем, тара-ын –
таран, укта-ып – уктап. 6-§. Уңгу
сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө
уланганда болсун, оо, уу созулма
үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же
й тыбышынан кийин катарлаш келген
учурларда алардын айкалышы ёо, юу
түрүндө жазылат: аюу, коюу, бое+оо –
боео, ая+оо – аёо, тая+оо – таёо, жай
+уу – жаюу, кой+уу – коюу ж.б.
2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы
7-§. Төл сөздөрдүн аягында б, в, д, ж, г
тыбыштары колдонулбайт, бирок
өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж,
парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө
сакталат (VII бөлүмдү караңыз). 8-§. Төл
сөздөрдө р тыбышы сөз башына
келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак
сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө
жазылат. Эскертүү: 1. Араб, фарс, орус
ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр
төмөнкүчө жазылат: рамадан, раис,
рубаи, рабат, расмий, райкан, руханий.
9-§. Б тамгасынын жазылышы Б
тыбышы эки үндүүнүн ортосунда
жылчыкчыл в тыбышына окшош
айтылса да, жазууда б тамгасы менен
жазылат: ооба, аба, собол (“суроо”
маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон,
үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б. 10-§.
Г тамгасынын жазылышы 1. Сөздөгү же
муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн
катышына карай г тамгасы эки түрдүү
тыбыштык милдет аткарат. 2. Жоон
үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө
жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы)
тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр,
бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал,
кургак, шагыл. 3. Ичке үндүүлөр
катышып түзүлгөн сөздөрдө жана
муундарда г тамгасы орточул г (ги)
тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк,
илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек,
эгин. 4. Орус тили аркылуу кирген
сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр
менен келген муундарда да г тамгасы
орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ,
галстук, гигиена, госпиталь, градус,
агитатор, агроном, бригада. 5. Бир
катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң
аягына келгенде, каткалаң к тыбышы
сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г
тыбышы сакталып кала берет: педагок
(айтылышы) – педагог (жазылышы)
налок (айтылышы) – налог
(жазылышы), диалок (айтылышы) –
диалог (жазылышы), демагок
(айтылышы) – демагог (жазылышы),
залок (айтылышы) – залог (жазылышы).
11-§. Ж тамгасынын жазылышы Кыргыз
тилиндеги ж тыбышы менен орус
тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж
тыбышынын айтылышы бири-бирине
туура келбесе да, бул эки тыбыш бир
гана тамга аркылуу берилет: жашыл,
желек, жигит, жолборс, жөнөкөй,
жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри,
пейзаж, мажбур, муктаж. 12-§. К
тамгасынын жазылышы Сөздөгү же
муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн
катышына карай к эки түрдүү
тыбыштык милдет аткарат. 1. Жоон
үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө
жана муундарда к тамгасы түпчүл к (кы)
тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы,
кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак,
мокок, окуу, сактык, тамак, укук. 2.
Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн
сөздөрдө жана муундарда к тамгасы
орточул к (ки) тыбышын билдирет:
кедей, кекилик, кийим, кичинекей,
көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө
жоон жана ичке үндүүлөр менен
келген муундарда да к тамгасы орточул
к(ки) тыбышын билдирет: кадр,
казарма, картон, климат, кодекс, курорт,
край, лектор, полковник, тактика,
факультет, хоккей, экспонат. 13-§. Ф, х,
ц, щ тамгаларынын жазылышы1.
Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ
тамгалары дээрлик орус тили аркылуу
кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика,
фамилия, ферма, фляга, цемент, цех,
патефон, плащ, художник, цензура,
футбол, химия, экскаваторщик, цирк,
циркуль, щетка. 2. Кыргыз тилинде ф
тамгасы айрым тууранды жана сырдык
сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү
аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн
ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман
экен. Фатима, Фарида (кишинин
аттары). 3. Кыргыз тилинде х тыбышы
хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах,
бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды
сөздөрдө гана колдонулат. 4. Араб,
иран тилдеринен кирип, айрым тектеш
тилдерде х аркылуу айтылып жана
жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма,
хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн
кыргызча к аркылуу айтылышына жана
жазылышына да жол берилет: ыракмат,
ыракат, курма, курсант, куштар.
3. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын
жазылышы
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10