Менин койгойум мамам. 15 жылдай болду арак ичкени , натуральный алкаш , кээде уйдон качып кетип эки жумалап ичип журо берет бомждар менен. Темселеп жумуштан калып кечке издейбиз, таап келип эптеп соолуктуруп эсине келтирсек, бир ай же эки ай ашып кетсе соо журот да , кайра ошол, кичинебизден ушунтип кыйналып келебиз , аял киши ичкени жаман экен. Коптогон молдолорго алып бардык, медицинский лечение канча жолу алды, айлабыз кетип бубу-бакшысына деле бардык, бироо дагы жардам бербеди. Эми бул жолу дагы 17 кун ичти , бир жума болду аран соолуктурдук , эки кундон бери озу дагы уктабай бизди дагы уктатпай кууратты, козуно шайтан сыяктуу бирнерселер корунуп суйлоп атышыптыр уйдун баарына чаныртып скандал кылып , бир да минут тынч отурбай, ар ким мн мушташып , биз эмне соз айтпайлы тушунбай атат , бирок мындай болушу биринчи жолу, интернеттен окусак белая горячка дейт.Ким алкоголизмден айыгып же айыккан адамды корду? Балким силердин билгенинер бардыр, кучтуу молдо же менин мамама окшогондорду дарылаган адамды билген болсонор сураныч адрес жана тел номерин калтыра кетиниздерчи. Чон рахмат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 105
От
Андан кийин кана алкоголизмден улантып лечение кылышат.