Предыдущая публикация
Күтүүнү азап дейбиз. Бирок күтүүнүн да жыргалы бар экенин мен эми сездим. Жан дүйнөң менен сүйгөн адамыңы күтүү жыргал экен.
Сагынууну кыйноо дешет экен кээ бирөөлөр. Жок. Аруу, тунук сүйүүңү сагынуу бул бакыт.
Мен сени күтөм, сагынам. Күтүүдөн, сагынуудан мен эч качан азап чегип, кыйноо тартпайм. Себеби мен жан дүйнөм менен сүйгөн адамымды күтүп, сагынып жүрөм. Ошону билсең эле болду.
Жыргалбек Усенов. Алай району, Гүлчө айылы. 09.05.2024/16:19
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3