Мен жогорку окуу жайын аяктаар жылы, жолдошум менен турмуш курдук. Ал кезде жолдошум социалдык фондто улуу адис болуп иштеп жаткан учуру, мен болсо жаш мугалим болуп мектепке жумушка орноштум. Жашообуз эл катары болчу, кайын атам көзү өтүп кеткен экен, кайын энем бар эле. Токтоо, сабырдуу аял экен кайын энем. Мен өз апам жок өгөй эненин тарбиясында чоңойгондуктан, кайын энеме бат эле көнүп, тил табышып кеттик. Аябай жакшы мамиле кылып көңүлүн алып жүрдүм, жаш келин болсом, мектепке жумушка барам, жумуштан келип кир жуумай, тамак жасамай, айыл жери болгондуктан эшик элик тазаламай. Өзүм тазалыкты жакшы көргөн үчүн жаным тынчу эмес. Жолдошумун көйнөгүн күндө жууп, үтүктөп илип койчумун, ал кишинин кийген бүт кийимине чейин тазалап өз ордуна койуп койом. Аябай бактылуу болуп жашагым келип баарынын көңүлүн карап, кыялданып жашап жүрдүм. Көп өтпөй кош бойлуу болдум, кайын энем көп аячу, азыраак кыймылдачы балам, жаның эч тынбайт да деп, мен күлүп гана койом. Жаш эмесминби иштесем ишке тойбой, жесем ашка тойбой турган кезимда. Жолдошум эрте менен кетип, кеч келчү, биз айылда, ал районго барып келет күндө. Ошонтип жүрүп кыздуу болдук, бактым тоодой болуп аябай сүйүнүп, себеби каныман жаралган бала, жытына мас болом. Эне болууну насип эткен Кудайга шүгүрчүлүк келтирем. Кыргызда айтат эмеспи, кыздуу киши кыр ашат, кыздын кырк чачы улуу деп. Кыз ата энеге да жароокер, боорукер болот эмеспи. Бизди төрөт үйүнөн алып чыгып келди жолдошум. Кайынэнем да жалынып, жалбарып сүйүнүп жүрөт, биз чыкканча бешик даярдап койуптур, өгөй энеси болсо деп ойлосо керек жарыктык. Кызымды тыпыйтып бешикке бөлөп, аярлап бешик жабуусун ачсам көздөрүн бакырайта ачып жаткан экен, ан сайын элжиреп эзилем. Эне болуу бактысына туш болгон ар бир аял заты үчүн, жарыкчылык бул дүйнөдө мындан артык лаззат, бакыт болбосо керек деп ойлоп кеттим. Балалуу үй базар демекчи, кызыбыздын төрөлүшү менен үйүбүз да толо түштү.. Жолдошум мурдагыдай жумушунда көп кечикпей, үйгө батыраак келчү болду, көрсө үй бүлөдөкү көп нерсе ортодогу бала менен байланат турбайбы. Бала төрөлүшү менен жоопкерчилик да пайда болот тура. Арадан бактылуу көз ирмемдер өтүп жатты, арадан эки жыл өтпөй биз уулду да болдук. Ошонтип биз бешоо болуп, үйүбүз ан сайын бакытка бөлөнүп, бала күлкүсү менен толо түштү. Эки бала болгондо түйшүк көбүрөөк болду, мурдакыдай баарын тызылдатып тазаламай азайды. Жолдошум жумушунан көтөрүлүп эми жумушу ан сайын көбөйүп, үйгө кеч келчү болду. Жумуш чачтан көп деп мурдагыдай биз менен чогуу отурбай, өз бөлмөсүнө кирип кетет. Командировкага жумуш менен деп, бир жумалап кетет. Билинбей кичүү уулум экиге толду, балдарымды садикке бердим да, жумушка чыктым. Кайынэнем өзүм деле карайм дейт, бирок ал кишини аяп турдум, жаны тынбаган балдар ал кишини кечке суй жыгат да. Билинбей күндөр өтүп жатты, жолдошум негедир мурдагыдай эмес, бир аз алыстай түштү, себебин сурайм, жумуш аябагандай көп чарчадым дейт. Кечке жумушта чарчаса менда ар кандай суроолорду берип тажатпайын деп унчукпай калам.
******** ************ ************
Бир күнү жумуштан чыгып келе жатсам, райондо иштеген кошуна келин токтосоң деп калды, иии айта бер балдарыма шашып жатам дедим. Кандай аялсың сен ия? күйөөң көзүнө чөп салып жүрсө да сезбеген деди, түшүнбөй эмне дейсиң деп чоочуй түштүм. Күйөөң өзү менен чогуу иштеген бир келин менен көңүлдөш болуп жүрөт, көп болду, бүт айыл билет бир сен укпайсың, көрбөйсүң деди. Командировкага чогуу барып жүрүшөт, ишенбесең ишине барып текшер деди, басып кетти. Таштай катып, үстүмөн бирөө муздак суу куйуп ийгендей болуп туруп калдым. Үй бүлө бул ыйык да, кантип мындай кылды, жок ишенбейм деп ичимен ойлонуп жаттым. Өзүмдү колго алдым, үйгө келип билгизбегенге аракет кылдым, ал түн кандай өткөнүн билбейм, таң атарын күтүп жаттым. Жолдошум ал кезде жеңил машинелүү болгон,мен бүгүн райондо бир аз жумушум бар деп чогуу чыктым. Жолдо унчукпай бардым, сага эмне болду бүгүн башкачасын деп сурап койот, бир аз башым ооруп деп койом. Ошонтип чогуу иштеген жерине келдим, бирге кирдим да, командировкага барган кагаздарын, отчет китепчелерин сурадым, чоочуп кетти, мен берсең жакшы сурап жатам бер дедим. Айтканыман кайтпас кыялым бар экенин билчү, баарын столдун үстүнө койду. Кылдат, шашпай баарын карап чыктым, чындап эле эч бир командировкасына жалгыз барбаптыр, ошол кошуна келин айткандай, келин менен чогуу барып жүрүптүр. Эки жылдай мени алдап жүрүптүр, эң өкүнүчтүүсү мен үйдө балдарды, апасын багып жүргөндө, ал командировкасына Ысык-Көлгө ушул келин менен чогуу барыптыр. Ушунчалык жаман абалда болчумун, баарын көзүм менен көрүп, өзүмө өзүм ачууланып, кантип байкабадың, көз алдында ушул иш болуп жатса деп ичимен сүйлөнуп жаттым. Жолдошум сен туура эмес түшүнүп алдың деп сүйлөп жаткан жеринен, ордуман турдумда жаактан ары бир чаптым, уятсыз дедим да чыгып кеттим. Ал чогуу иштеген адамдардан уялдыбы айтор артыман эрчип эле, унчукпай кала берди. Туура үйгө келдим, аябай намыскөй элем, кайынэнеме баарын төкпөй чачпай айтып бердим да, кой деп асылганына карабай эки баламды алдым да кетип калдым. Өгөй эне болгон үчүн атамын үйүнө бара албадым, атам менен бир тууган инисине бардым, себеби ал жакта чоң энем бар болчу. Болгонун болгондой айтып бердим. Алар ачууну бас, сабыр кыл дешти, бирок аябай ыйладым. Эмне үчүн, кайсыл жерден жаза тайдым, анын көзүн карап турчу эмес белем. Кайсыл жерде туура эмес кылдым деп, бирок чоң энемдерге айттым, мен эми аны кечире албайм, мен унута албайм деп.
Эртеси жолдошум, кайынэнем туугандары менен келишти. Кой жаңылбаган туяк болбойт, эркекта анча мынча ойлонбой иш кыла берет, кечир дешип көпкө суранышты, мен жолдошуман сурадым эмне үчүн анттиң, себеп? унчукпай гана кутулду. Мен жок кечире албайм дедим. Канчалык суранышып жатса да жок деп болбой койдум, оту менен кирип, күлү менен чыгып, кийген бүт кийимине чейин тазалап, жакасын дайыма аппакак кылып турсам, апасын колума салып карасам, аябай ардандым. Болду дедим да ошол менен эркек аттууну жек көрүп калдым. Чоң энемдер менен барып жүктөрүмдү алып келдим,өзүм башка шаарга барып жумушка кирдим да, балдарымды да садике бердим. Чоң энеми биз менен жашап туруусун сурандым, билинбей убакыт өтүп жатты, ал арада жолдошум үч, төрт жолу келди, кечир адаштым, акмак болдум деп, жолун ачык эми жашай бер ошол ойношуң менен деп балдарды да көрсөтпөй койдум. Чоң энем балдарың үчүн мүмкүн кечиресиң балам дейт, жок эне бир кылган ишин дагы деле кайталайт, ойногон эркек ойной берет дедим. Ошондо өзүм аял, өзүм эркек болуп белимди бекем бууп күйөөсү жок жашай баштадым. Чоң энем айылга балдарына барып келип, биз менен чогуу жашап жүрдү, жалгыз бой, жашсың деп. баш отум менен жумушка кирип кеттим. Балдарым да чоңоюп калды, мен завуч болдум, анан барып мектеп директору болдум. Балдарымды эч нерседен кем кылбай багып жаттым. Кызым мектепти аяктаган соң борбордогу окуу жайлардын бирине өттү. Күндөр өз нугу менен өтүп жатты,уулум да мектепти аяктап милиция болом деп көгөрүп Москвадагы милиция мектебине(военный академия) өттү. Бар бактым балдарым, чоң энем жашоомдо чоң жөлөк болду. Кайраттуу аял жашоомдо чоң жардам берди.
******** ************ *****************
Кызым окуусун аяктап жумушка орношту, ошол эле жылы турмушка да чыкты. Ошондой учурларда аябай ичим ачышып, чогуу атасы менен ушул күндү көрсөк болбойт беле деп кээде түнкүсүн ыйлап чыгам, көп ойлонуп жүргөндүктөн давление деген илдет жармашты. Андай учурда балдарым бар, бакытым ушулар эмеспи деп өзүмдү өзүм сооротом. Уулум үчүнчү курсту аяктап окуусунан келе жатканда жол кырсыгына кабылып, кокусунан көз жумду. Оо катыгүн ай, эне үчүн баланын күйүтүндөй күйүт жок турбайбы, ал күндөр тирүүнүн өлүгү болуп калдым. Кантип таң атып, күн батканын билбейм, байкуш кыз деген өзгөчө болот экен, апаке деп колунда баласы менен мени менен бирге жанымда жүрдү, канчалык сыздап ыйлаба, өлгөндүн артынан өлө албайт экенсиң. Мени ал акыбалдан кызым алып чыкты, пешенеме күйөө балам аябай жароокер чыкты, кызымды бат бат алып келип, кээде тыштап кетет, неберем менен алаксып, күндөр өтүп жатты. Кызымын тун баласы кыз болгондуктан төрт жашка чыкканда мага беришти, апа биз дайыма жанында чогуу боло албайт экенбиз, небере кызың жанында болсун деп. Сүйүнгөнүмдү айтпа, небереме аябай байланып калган үчүн Кудайга тобоо да кылып, шүгүр да келтирип жаттым. Мүмкүн ошондо жолдошумду кечирип койгондо көп балалуу болуп, жалгыз уулумун кайгысы бир аз жеңилирээк болот беле? ким билет деп ушкуруп, терезени тиктеп отурду жашы элүүдөн өтүп калган эже.
******************************
Ушул жерден бейиши болгур чоң энемин сөзү эсиме түштү, биз анда жаш кызбыз, апама айтып калганын кулагым угуп калчу, көрсө илгерки чоң энелер керегем сага айтам, келиним сен ук деп эле тарбиялап койчу тура. Акылдуу аял эч качан эркекке тең келбейт балам, битке өчөшуп көйнөгүн өрттөгөн эле сыяктуу, эркекти эзели кызганба, кызганып уруш жаңжал да чыгарба, себеби эркектер көчөдөгү итке окшош, ит деле көчөдө кетип жатып ар кайсы жерге даарат ушаткандай, эркек деле сулуураак аял көрсө тийип койуп кете берет, ошол этегин ачкан аял уяты жок да, эркекти жанына жолоткон. Эркек жаман жолго кокус жүрүп кетсе билинбейт, ат айланып казыгын табат, болгону сабырлуу болуп, кээде көрүп турсанда көрмөксөн болуп кой. Ага өчөшуп жат эркекке этигинди ача көрбө, аялдыкы жаман, бат эле билинип калат десе ал кезде бизге бир жомок сыяктуу угулчу. Көрсө илгерки чоң энелерибиз аябай акылман, көрөгөч болгон турбайбы. Эркектер убактылуу бир азгырыкка азгырылып калса, кээде мүмкүн сабыр кылып, акылдуулук кылып койгон турараак болобу деп ойлойм, себеби жогорудагы каарман эже жолдошун мүмкүн кечирип койгондо жашоосу мүмкүн башкача болот беле, уул кызы да ата мээримине тойо чоңойот беле?
Эркектер да, аялдарда үй бүлө куруп, түтүн бул аткандан кийин, арканды узун таштап жашаса деп ойлойм, үй бүлөсүнөн да аша кечип убагында арзын алган жарын, наристелеринин тагдырына балта чаапкандар, тобоо кылгыла. Ашыктык отуна көпөлөктөй өрттөнүп өлгөн акмакчылык. Капысынан болгон кездешүү, мүмкүн көксөп жүргөн сүйүү деп ойлойсуң, бирок жаңыласың. Өзүңдүн жарын болбосо, өзгөнүн жары башка дарт дейт кыргызда. Шайтандын убактылуу зазгырыгына азгырылбай жашаганды билели кыргызым. Үй бүлөн бул эң ыйык очогун, ал очогун өчүрбөй сактап калуу экөөңө тең байланыштуу эмеспи.
(автор. Динара Сулайманова)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5