Ошол энени мен гана түшүнгөн сыяктуумун. Себеби: менин дагы эгиз кыздарым бар. Эгиздерди багып чоңойтту өтө оор, түйшүктү жаратат. Эгиздердин жан дүйнөсү өтө назик, жаратылышы башка болот.Байкуш эгиздер апасы жок кыйналып атса керек. Эненики бок деп коёт эмеспи.Энеси байкуш деле атайын урушпаса керек, анын деле нерви кетип калыптыр . Экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен. Анын да 1-турмушу болбогон сыяктуу. Ал келин да мен сыяктуу депрессия,стресске түшүп, чарчаса керек. Байкуш аял заты жашоодогу болгон негетивдин баарын көтөрүп, ичине жутуп жүрүп, балдардан чыгарышат. Өзү айткандай кайын энеси күйөөсү себепчи болуп урган экен. Мен өзүм дагы эгиздин түгөйүмүн түгөйүм эркек. Жолдошум менен сүйлөшүп сүйүшүп жүрүп баш коштук. Кайын журтум мени кабыл алганы менен жалгыз түгөйүм менен жалгыз энемди кабыл албады. Мен бала кезде атам каза болуп калган, апам ошол бойдон турмушка чыккан жок. Түгөйүм экөөбүздү чоңойтту. Иштебеген жери калбады, ош базарда чай көтөрүп сатып жүрдү, кийин бирин экин соода кылды. Кыскасы өлбөстүн күнүн көрдүк. Кайын журтум жакшы турушат, мени жана апамдарды теңине албады. Эгиз кыздарым төрөлүп апам бешикке салайын таяэнесинин милдети десе кайын энем, жесир таяэне салбай эле койсунчу деп кабыл албай койгон, апам байкуш мени көңүлүмдү карады окшойт кыздарыма кийим плет, бешик , клем, персон идиш кылып көрүп келиптир кайын энем мага чалып энеңе плов басып берип коноктоп кой мен баралбайм деп койгон, көзүмдүн жашын көргөзбөй келген конокторумду өзүм тосуп кетиргем. Жолдошум дагы жактырбай кирип чыгып жүрдү. Ошол кезде аябай жаман болгом. Кайын энем төркүн дегенди унутчу болду катташам, аттагам дебе деп көп айтчу. Телефондон сүйлөшүп калсам, каадал бир тууганы бардан бетер жаны тынбай чала беришет деп сүйлөнөт. Жолдошума аталуу кыз албайт белең, темселеп барып бир жетимди аласың деп мээсин жеп турчу. Таарыныч капалык адамдын жүрөгүн таш кылат экен. Ошентип күндөр өтө берди. Жолдошум энесинин сөзүнөн чыга албайт, үйдө болгон нерсенин баарын апасына чалып отчет берет. Канча кг картошка, пияз, эт алганынан бери. Кыздарым 4 жашка келгени аябай өзгөрүлүп кетти. Негедир андан кийин боюмда болбоду. Мен негизи башка бала күткөн деле жокмун, жашоого деген кызыгуу жоголуп кеткен. Эптеп кыздарымды карасам болду деп жашап калгам. Жолдошум 2 жыл үйгө келсе келип келбесе жок ишин шылтоолоп жашап жүрдү, мен дагы жашап жүрө бердим. Бир күнү досу аялы экөө үйгө келишти чай ичип, күйөөм досу менен эшикке чыгып кеткенде мен айттым досуңар аябай өзгөрүлүп кетти, же нары болбойт же бери болбойт мен чарчадым дедим. Аяшыбыз бир жагына чыккыла да, вотсапка кошуп ал далил табылат деп калды, мен билбейм десем мага үйрөттү. Көрсө достору баарын билип көрүп жүрүшчү экен. Ошол күнү жолдошум мас болуп уктап калганда аяшым кошуп берди. Күйөөм эртеси түшкө чейин уктады кечинде чыгып кетти. Анан бир номерден смс келе баштады. Жааан сагындым. Келесиңби деген. Ооба барам тамак жасап күтүп ал деп күйөөм жазды. Эмне себептен үйгө келгенде тамак ооз тийип ичпей коёт деп таң калчумун көрсө тамагын ичип келет экен. Ушунчалык жүрөгүм муздай түштү. Смстерди скриндеп сактап аттым. Бирок күйөөмө бир да сөз айтпадым. Ошентип бир жумадай күн өтүп кетти. Айылга барыш керек болуп калды. Мени даярдан эртең айылга чыгабыз деди. Эртең чыгабыз деген түнү кеч келди, ойношу менен коштошуп келди окшойт. Жолдон эч нерсе деп сүйлөбөдүм ойлонуп кете бердим, бир учурда кыздарыма айттым бул жолго айылга акыркы жолу келе атасыңар мындан кийин келбейбиз десем, күйөөм оорукчансың ээ деди мага күзгүдөн карап. Ооба ооруп калдым дедим сыр бербей. Айылда 2,3 күн жүрүп калдык, тигил катыны өлүп талып смс жазып атты, түнү уктай албай атам сагынып, сени каалап атам деп смс жазыптыр. Мен дагы сагындым жаным менин сүрөт жиберчи десе тигил катын болгон жерин тартып , ваннада жылаңач түшүп тартып жибериптир мага ошол керек эле, баарын скриншот кылып алдым. Эртеси шаарга келдик. Дагы деле унчукпадым, келип эле кийимдерин которуп кийинип алып машинасын айдап кетип калды. Мен адвокат менен сүйлөштүм мурда интернеттен таап койдум эле. Үйдүн , балдарымдын нике күбөлүктүн, болгон документтердин көчүрмөлөрүн берип сотко арыз жазып үйгө келдим дагы кийим кечебизди алып үйдөн чыгып кеттим! Жолдошума скриншоттордун баарын жиберип соттон жолугабыз дедим да номерин чс кылып салдым.
Түгөйүм Казакстанга соода кылып кеткен шүгүр иши жакшы болуп ошол жакта жашап калган. Апама бардым. Апам жөн кой кудайга койдук кудай таразага салсын деди. Ушунчалык жүрөгүм муз болуп калган экен, көзүмдөн бир жаш чыгара албадым, бирок жан дүйнөм жанчылып турду. Күйөөмдү кандай сүйүп турмушка чыксам, ошончолук жек көрүп үйүнөн чыгып кеттим! Кыздарым мен сыяктуу атанын жытына зар болбой өссө дечү элем, бирок келесоо атасы аны ойлонгон жок! Мейли бөлөк жашаса да кыздарымдын атасы тирүү деп ошого каниет кылдым. Соттон кезиктик сот менен ажыраштык. Соттон көзүмө тик карай албады. Мени кечир, кыздарымды жакшы тарбиялайт деп ишенем, жолуң ачылсын деп үч жолу талагын берип басып кетти. Апам болуп түгөйүмө Казакстанга кетип калдым. Ошол жактан боюмда бар экенин, түюлдүк эгиз экенин билдим. 1- чи кыздарым боюмда болгондо врач сенден жалаң эгиз төрөлөт деген эле. Эмне кылаарымды билбей врачтын жанында ыйлап тура бериптирмин. Апам кирип келип эшикке алып чыкты. Канча жылдык ызаны ошол күнү ый менен чыгардым окшойт. Ичимдеги болгон таарыныч капалык, кектин баарын чыгарып жеңилдеп калдым. Эртеси апама не кылам десем, төрөйсүң багабыз өзүң атада , апа дагы болосуң деди. Түгөйүмө айтсак ал дагы сүйүнүп, мен турам го, мен турганда эч нерсени ойлонбо эми чооң семья болобуз деп бетимден өөп , сен кыйналсаң мен дагы кыйналам, анан менин жумушум жүрүшпөй калат ошол үчүн капа болбой күлүп гана турушумду суранды. Мен үйдөн онлайн иштедим. Түгөйүмдүн сумкаларын сатыштым. Азыр баары жакшы эгиз уулдарым жакында 2ге чыгат. Кыздарым 2-класста окушат. Адам бактылуу болуш үчүн мурунку жашоосун толук коё бериш керек экенин түшүндүм.
Кийин билсем кыздарымдын атасы баягы катынды алып аз эле жашап ажырашып кетишкен экен. Кайын энем таза эмес , шалбыр акчага тойбойт экен деп аны да чанышкан имиш.
Эмнени кордосоң ошону менен сыналасың деген сөз бар эмеспи, бирөөнүн багы менен ойногон тигил катын багы менен сыналып баласы оорулуу төрөлүп баласынын азабын тартып атыптыр. Күйөөм энесин күнөөлөп ичкиликке берилип кетиптир. Таба эмес тообо . Ар бир адам жасаган кадамын ойлонуп басыш керек. Бирөөнүн көз жашынан бакыт курулбайт.
Эркектер үйлөнгөндөн кийин энеңердин юбкасынан чыккыла баскан кадамыңарды отчет бербей. Кайын энелер үйлөнгөн балдарыңардын жашоосуна киришпегилечи.Сөзүмдүн башында айтканымдай эгиз кыздарын сабаган энеге түрмө эмес колдоо керек! Анын да кайын энеси кийлигишип эгиз кыздарын кошо сабап жүргөн экен. Сабаганга жеткирген , сабап тарбияла деп айтып сабатып турушчу экен. Байкуш эгиз кыздарга боорум ооруйт. Бары бир энесиндей эч ким карай албайт, сабап койсо да эне керек. Күндө ошо эгиз кыздары ойлоном не болуп атышты экен деп. Эркектер оңолмоюн коом оңолбойт. Качан эркек үйүнө карайт ошондо бактылуу жашоо болот. Эркегиң жакшы болсо эркелейсиң, эркегиң жаман болсо туш келди темселейсиң деген ушул!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 44