Предыдущая публикация
Уурулугу, бүт урууну сыгыптыр.
Уурулукту ашкерелеп чыгарган.
Бул окуя мындай бүтөт угуп тур.
Эл таң калат, ууру кылып мактанган.
Кайдан чыкты? мындай жигит шоктонгон.
Ата теги, тайлары да ууру эмес.
Уруусунда мындай ууру жок болгон.
Бул кандай? - деп, узун кепти улашат.
Андай - мындай, ар кыл сөздү бурашат.
Анан муну, билсе билет энеси-
- Деп эл барып, энесинен сурашат.
Уулуң бизди, уят кылды жаман деп.
Жасаганы, жаман иштер жалаң деп.
Уруусунда ууру жок го?- айтсаңчы.
Кайдан жүрүп, ууру болду балаң деп.
Бул балама талгак болгон кезимде.
Бир окуя айтып берем эсимде.
Кошунанын куруттарын сурабай.
Нечен жолу, уурдап жегем кечинде.
#ТАИРБЕКЕРМАТОВ_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10