✍🏻 Эгер сен кол алышып кечирсең,анда ал дүйнө жана акырет шарапатына жетесиң.«Ким кечирсе жана жарашса, анын сообун Аллах берет ».
Шекспирдин:" Душманыңа көп от жага бербе,себеби ага өзүң түшүп калышың мүмкүн "-деп айткан сөзү бар.
Салим ибну Абдумалик деген аалымга бирөө: "Сен жаман инсан экесиң "десе. Салим ага: "Менин кандай экенимди сенден башка эч ким билген жок "-деп жооп бериптир.
Бир Америкалык акындын сөзүндө: "Таяк же таш менен сөөгүмдү сындырып жибериши мүмкүн,бирок сөз менен эч нерсе кыла албайт ".
Амир ибну ал -Аксага бир киши: " Сөзсүз сени менен урушканга убакыт табам "-десе. Амр: "Мына эми бир иш менен алек болосуң "-деп жооп берген экен.
Чиркей пальма дарагына: "Бекем бол,мен азыр сени таштап учуп кетем "деп айтып калат,анда пальма дарагы чиркейге: "Аллахка ант, сен мага конгонуңда эч нерсени сезгеним жок, эгер менден учуп кетсең кантип сезмек элем?! "-дейт.
Каарду инсандын дайыма уусу толтура болот .
Шайтан үч нерседе пендени жеңет: Ачууланганда, напсиси күчөгөндө жана бейкапар болгондо.
Мусулман адамдагы кечиримдүүлүк – анын ыйманынын далили болуп эсептелет. Мусулманда кек сактоо, ичинен жаман көрүү, таарынып жүрүү сыяктуу жаман сыпаттар таптакыр болбоосу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Таиф шаарынын элине дин тууралуу кабар берип, алардан жардам сурап барган кезде, алар аны таш менен уруп шаарынан кууп чыгат. Ошондо денесинен аккан кан бут кийимине толуп турган Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жибрийл периште келип: «Эгер уруксат берсең тоо периштеси эки тоону бул элдин үстүнө томкоруп таштасын» - деп айтат. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки колун асманга көтөрүп: «Аллахым, буларды кечир, келечекте булардын урпагынан Өзүңө эч кимди шерик кылбай сыйына турган адамдар чыгат» - деп, дуба кылган. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечиримдүүлүгү, боорукерлиги жана адамдарга жасаган жакшы мамилесинин натыйжасында дин бүт ааламга тарады.
Кечиримдүүлүк тууралуу аяттар, хадистер жана накыл сөздөр:
Аллах Таала айткан: «…ачуусун сабырдуулук менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор ( мына ошолор Аллах сүйгөндөр)». (Аалу Имран, 134-аят).
Аллах Таала айткан: «Бирок, ким сабыр кылса жана кечире билсе, чындыгында, мына ушул улуу иштерден». (Шуура, 43-аят).
«Эки мусулманга үч күндөн артык таарынып жүрүү адал эмес, алардын жакшысы - биринчи салам бергени» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
«Бир мусулмандын экинчи мусулманга үч күндөн ашык таарынып жүрүүсү адал эмес. Ким үч күндөн ашык таарынган абалда кайтыш болсо Тозокто азапталат» - деген. (Ибн Маажих)
«Көп адамды жеңе алган адам – күчтүү эмес, өз ачуусун жеңе алган адам – күчтүү» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Кечиримдуу бол сенин абалын чиркей менен пальмадай болсун.
👨👩👧👦"Бактылуулук Формуласы бактыныздын багыты !
#кечиримдүүлүк
#мотивация
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4