5-БӨЛҮМ.
Колундагы чынжырды Айжанга берди, Жаныбек. Жарыкка унуло караган Айжан Аликти чакырды. - Алике, бери келсен, биздин айылда дудук аял барбы? - Дудукпу, жок. Айжан Жаныбекке алтын чынжыр берген аялды Аликке корбосо да, баласынын айтуусу боюнча айтып берди. Жаныбекке чынжыр берген ким, балким таштап кеткен энеси болуп журбосун деген ой Аликти чырмап алды. Унчукпай эшикке чыгып кетти, баласынын козунчо айта алган жок. Качан гана балдары уктаган сон Алик Айжанды созго тартты. - Э, Айжан, жанагы чынжырды жон катын берген жок. Ал таштап кеткен эме болуп журбосун. - Ии, кокуй, чын эле, эми эмне болот. Ошондой дейм да, жон эле бироо бере бермек беле? Демек, алып кеткени келген экен да, эптеп озуно жакындатуунун амалы да. Он жыл бою эмне кылып журду анан, бир кабарын билбей? - Жаныбек айтканда эле ошол жакка барып корбой. Таштаган уйу эсинде да. А, Жаныбек ошо таштаган бала экенин кайдан билди десен? - Эне журогу алдабайт, ай билбейм, эми эмне кылдык? - Жаныбегимди эч кимге бербейм, анын артынан бала кордум, эч ким алалбайт, эми жакындап эле корсун. Алик ачууланып алды. Оз канынан жаралбаса да, асырап баккан.Жаныбеги учун баарына даяр эле. Ал учун кошуна-колон менен канча кызыл чеке болуп журду. Таштанды дей коюп, кошуна келин Аликтикине киргис да болгон. Айжан коз жашы кылып алды. - Ушунча чонойтуп алып, эми мен таштап кеткем десе эле бере коебузбу, бирдеме кылсан боло, бай болгур, карасан, кызыл этинде таштап, эми минтип кол арага жарап калганда пайда болгонун, ынгайын тапса эле алып кетет,-деп Аликтин амалын туготту. - Коп эшикке чыгарба, уй-суйду эми озум карайм, болбогон созунду токтот,мен барда баламды эч ким ала албайт,-деди ишеничтуу. Экоо копко дудук аялды соз кылып, анын табышмактуу белегине ан-тан болушту.
Уктай албай жатышты. Айжан оюнда, "Жаныбекти алып кетсе, кантем, ушунча чонойтуп, чонойткондон да оз балам эле болуп калбады беле, карап тур сени элеби, Жаныбектин ар бир кадамын акмалап журуп, ошол акмакка жолуксам болот эле. Эки бетин ит тыткандай тытып, экинчи келгис кылмак болду." Айжандын тушуно дудук аял кирип чыкты.
Батманын куйоосу Канат Орусиялап ырас эле журду. Зуура аттуу бир кызы бар аял менен жашап алганы Батманы да, жалгыз кызы Мираны да унуткан. Кийинки жылдары Канат бул жашоосун да чанып, оз уй булоосун энсей баштады. Эптеп эле бир болбогон шылтоо табыла калса, Зууранын ченгелинен бошонуп, безе качкан турат. Кудай жалгап, Зуура аны товарга жибермек болду. Канаттын коктон издегени жерден табылгандай, ээсине шыйпандаган иттей болуп, Зуураны айланчыктайт. Айткандай эле, колуна он мин долларды санап берип, Канатты товарга жонотту. Колуна тийген олжосу менен Кыргызстанга кетчу элдердин арасына сунгуп кетти. Кош, Зуура, кечире алсан, мени кечир, кечирбесен озун бил. Мындай кылбасам, кете алмак эмесмин. Эми минтип жашай албайм. Оз жериме, оз уй булоомо кетким келди. Мен аларды сагындым. Эми алар кечирээр бекен мени. Кечирсе, кечирбесе да мен алар менен жашагым келет. Зуура, сени алдап кетип баратам, кечир мени. Канат оз ою менен алектенип, козун жуумп, эч ким менен суйлошпой келе берди. Автобуска,анан поездге, андан так#### отуруп, Кыргызстанга келди. Озу узун жолдо ойлонуп келуу учун ушинтип келди. Болбосо, учак эбак эле жетмек. Эми кантип уйуно кирип барышты ойлоду. Канат шаарда бир жумадай кангып журду. Батмага, Мирага белек алды.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4