19 - бөлүм
Таң атканча бир да кирпик какпай турду ойлор менен алышты үй салуу үчүн каражат керек. Менде аз гана болуу керек. Ошко барып санап көрүп анан жыйынтык чыгарсам деген чечимге келди. Ал күнү кечке тууган уруктары менен ээрчишип ар кимисинин үйүнө конок болуп ,ооруган денесинин заары кетип билинбей калгандай эле болду.. Ар кимиси курук чыгарбайлы уй салсаң жардам -деп ,козу кой ,торпок ,кичинекей жылкы да берип жатышты. Кубанычка бөлөнүп өзүн абдан эркин сезе баштады. Жалгыздык күндөрдү унутуп калтыргандай эле болду . Кетем деген ою да бузулуп өзү кошулуп аракети баштады. Көпчүлүктөн айланса болобу бири калбай айыл эли да жардамга келип жатып тез эле дубалын көтөрүп коюшту . Ошол күндөрү багып алган апасынын сандыгы эсине түштү. Байкуш раматылык апам не салган болду экен ээ сандыкка. Мен мерез ачып да койбоптурмун. Эртеси эле Ошко жолго чыкты. Досунун үйүнө койгон эле . Келер замат өзү жашаган үйүнө келип эки жагын тазалап ,болгон акчасын санап чыкты. Кыйратарлык деле көп акчасы жок экен. Эх ошончолук иштеп , топтой албапмын го. Бул акчаң суу турбайбы чиркин колго турбас өзүнчө күңгүрөнүп алды. Анан досунан сандыкты алып кетүүгө камданып жолго чыкты. Убакыт да кеч болуп жумуштан келип калган учуру эле. Киргенде эле чочугандай ордунан тура калган досу таң кала ;
- Ээ кел Тагдыр , кандай шамал учуруп сени. Эч келбей койгонунан таарынып калган го деп. Эки колун суна саламдашып.
- Келип калдым , сени көргүм келди да дос , какшык менен жылмайып. Ширин кандай жүрөт.
- Ал да келбей койду ,өзү силерге не болгон. Мен экөөңдү биригип качып кеткен го деген элем. Эрчитип стол четине жол баштады . Жүрчү чай үстүндө сүйлөшөлү.
- Мен да көрө элекмин , жакында үйлөнсөм -деп жатам.
- Ширингеби ?
- Жоок башкага эле го.
- Таптыңбы? Кызыгуу менен суроо бере баштады.
- Азырынча кимге экени белгисиз. Бирок үй бүтсө эле .
- Аа үйдү кайда салып жатасың ? Ар бир суроо мага ишенбегендей берилип жатты. Жумуштан биротоло кеттиңби ошондо. Дагы далай суроо берди. Акыры не болсо да бактылуу болууга акың бар досум -деп бүтүрдү. Тамак да даяр болуп бирге олтуруп тамактанып сандыкты алып үйгө жөнөдүм . Чынында оор эле . Ичинде эмне барлыгына кызыга баштадым. Жеткен соң дароо ачып ичин текшерип баштадым . Аял алса керек деген го түрдү көйнөк , жоолук ,чепкен , импортный пальтолорду салыптыр, арасында ак жоолук көзүмө түштү. Эх энекем туубаса да кандай гана көзүмдү карап чоңойтуп адам кылды. Мына менчи ,мен адамдык сапаттан чыгып бара жаткан экенмин. Ойлуу гана олтуруп калдым баарын даярдап койгон тура . Тереңдете карап жатып бир тоголок катка көзүм түштү . Колдорум калчылдап алып окуй баштадым.
< Айланайын балам , туубасам да тутунган балам болуп калдың. Сенин бактылуу болушуңду көргөнгө ушунчалык кумар элем , бирок орууга туруштук бере албай баратат. Кыздарымды билем ,алар менсиз сени эч качан батырышпайт. Ошондуктан сен үчүн менин жардамым болсун -деп ,өзүм кийчү көк пальто бар ошонун ички чөнтөгүнө сага атаганымды салып койдум. Сага үйлөнгөнгө жетет балам. Жалгыз жүрбө
,сени Айганыш менен Чолпонайдай жакшы көрөм балам . Чөкпөй алдыга умтулуп ,ишиңди таштаба балам, оорулуу адамдарга пайдаң тийсин. Мен сага ишенем сен менин эң күчтүү баламсын - деп апаң > колдорум калтырап көзүмдөн жаш куюлуп турду . Анткен күчтүү балаң тагдыр азабына жеңилип берген апа . Ишенесизби? Жеңилип берген өксүп - өксүп ыйлап турдум. Ошол күндөн тарта орууканага чыгып кайрадан ишимди улантып баштадым. Ал эми Алайга салып жаткан үйдү токтотпой бүтүрүүгө камдандым. Ата журттун очогун өчүрбөй ордуна жаңы үй тургузуп айылдагы туугандарымдын бир баласын киргизип койдум , убактылуу жашап тургула -деп. Өзүм Оштогу бир бөлмөлүү үйүмдө жашап калдым. Жалгыз эмес үч баш бир бөлмөдө эң бактылуу жашап калдык. Жакынкы күндөргө Россия жергесине командировкага жөнөп кеттим. Мага жардам берген эң жакшы адамдар баары ааламдан өтүп акыл насааты жүрөгүмдө жашап калды. Мага түгөй болгон ким десенер ал менин жан дүйнөмдү тазалап турган айым Ширин болуп калды. Адам өзүнө жакын адамын канчалык жек көрүп качса да , буйрук артыңдан кууп жүрүп жеткирет тура. Балдырган тили ширин Айдай аттуу кызым менен жумуштан кийинки бактылуу ирмемдер менен саякатка чыгып кетем ,чарчоолор да заматта унут болот.
Жалгыздык бул адамды биринчи душманы ар бир пенде теңи менен бакыттын курмандыгы болуңуздар - деп тилек кылып кетем.
Аягы...автор:К .М.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19