13- бөлүм
Ар күн басчу көчө бүгүн негедир башкача көрүнүп турду . Салкын жел беттен аймалап , көкүлүнөн сылап тургандай эле болду. Жашоодо канчалык кыйынчылык күндөргө баш ийип чөгөлөп берсе , бүгүнкү бактылуу күнүнө да баш ийип бергиси келди. Алып учкан жүрөгү бат-бат согуп тынчсыздана албады. Буулуккан үнү менен болушунча кыйкырып алгысы келип турду. Мына ушул күндөн баштап жаңы жашоого жол баштагандай болду өзүнүн жанына иштегени келген кызды сүйүп калды көрүнөт. Албетте абдан жаш эле. Орто бойлуу ,арык келген , чачынын узундугу эле эмес бакырайган көзүндөгү кирпиктери да узун болуп карагаттай көздөрү мөлтүрөп турар эле. Тагдыр сыяктуу канча жигиттер ашык экенин билсе кана. Уктаса түшүндө ,баса кыялында жашап калды. Эртелеп жумушка шашылып жөнөдү. Анткени өзү жасаган операция жыйынтыгын билүү керек эле. Абасынын абалы кандай экенин көрүп көңүлү тынч албаса , тынчыбай турду. Түрдүү ойдо келе жатып апасы менен коштошуп чыкпаптыр.Ара жолдо кайтып баралбай , аргасыз жумушка бет алды. Бирок таарынып калганы анык го. Кеч да уктап калганда барган болчу.
Көзүн ачкан Капар бозоргон тумандын арасында жүргөндөй эле болуп , дана эч нерсе көрө албайт , колу буту кыймылга келбей гипс менен таңып ташташкан , бүт денеси эзилип кыйналып да калыптыр. Таза калган бир колу менен ичин да сылап көрдү. Кесилген жерине колу тийгенде деги эмнени алды болду экен. Дегиси тирүү экенмин , бирок өз алдымча баса ала турган болот бекенмин же өмүр бою ушундай болуп каламбы -деп , өзүнө өзү суроо салып ,жооп издеп жатты. Кандайча мындай болуп кетти деги ,эч түшүнө албай койду. Суусап калыптыр жанындагыларды карай суу ,суу -деп сурап жатты. Эч кимге угулган жок ,эч ким жардамга да келбеди. Анткени жалгыз бөлмөдө жаткан эле. Кирип чыгып тынбай караган медайым гана болчу. Тагдыр келгенче милдеттүү түрдө дайындап кеткен . Өз туугандарына уруксат бериле элек болчу. Ойлуу караган Капар дарынын жытына башы айланып бараткандай көзү караңгылап баратты. Эх өмүр сен менен коштошуп кетүү бат экен го. Өлбөгөн жандай жашайт экенбиз го пенделер. Деги бир тамчы суу болсо кана. Чынында жанымда бирөө жарым барбы же жокпу ? Мен тирүү экеним чынбы ? Жалгыз бул өмүргө келип , жалгыз жол тартып кетишим чын экен неге өзүмдү кыйнап байлык топтоп ,бакыт издедим экен ээ. Санаа жетелеп барып алсыз жаткан абалын уйкуга тартып баштады. Ошондо гана сырттан кирген дабыш жакындап келе жатты. Оозуна сууланган чүпүрөктү сүртүп илебин нымдап койду. Аз болгондой болгон үнүн чыгарып суу, суу - деп кайрадан суранды . Дагы да үнү чыкпады илеби гана кыймылдап койду. Медайым карап алды да ,кайрадан суу чүпүрөк менен илебин нымдап коюп чыгып кетти. Капардын бала чагы көз алдына тартыла баштады. Апасы атасы алардын жанында тегеренип ойногон үч бир тууган эле. Эң чоңу өзү анан иниси карындашы араң гана кадам шилтеген. Чаңырып болгон үндөрү менен ойношот. Эч кандай ой санаа жок эле. Капысынан жыгып калган инисинин ачуу ыйы баарын дүрбөлөңгө салды . Эх бала ай акырын ойнотсоң боло иниңди бул кичине да . Сага өйдө барсаң өбөк ,ылдый барсак жөлөк болот. Аңгыча эле атасы эски жугили машинасына салып алып кетти . Көрсө колу тура эмес жыгылып кайрылып сынып калган экен. күнөөлүү гана көзүмдөн жашым агызып калып кеттим. Апам да жүр эми биз уйго баралы ,эрчитип жөнөдү. Ошондо гана тирүү эмес экенмин , демек жашоо арта калыптыр деген ойго кетти. Эрчитип баратып эле апасы да карындашын карматып силер туруп тургула ээ мен азыр келем деген бойдон жок болуп кетти. Күтүп узакка олтурушту ,бирок келбеди ошондо гана апа -деп үнүн болушунча чыгарып ыйлап жиберди . Экинчи ирет кыйкырып баштаганда ,маңдайынан сылап
- Аке мен келдим ,жаныңызда олтурам ,не болду сизге , көзүңүздү ачып ,мени коркутпачы деген карындашы ыйлап жаткан. Ошол сөздү угуп баарынын аягына жете албады
- Мен кайда жатам Сайкал , апам кайда кетти ? Сүйлөгөн сөздөрү даана чыкты.
- Аке сиз ооруканада жатасыз. Мени коркутпачы. Үч күндөн бери өзүңүзгө келбедиңиз.
- Ошондон да жаныңызда олтурам. Азыр
Тагдырды чакырайын ,бир карап койсун.
Шашылып жетип барды ,
- Иним акем өзүнө келди , бир карап кой .Өзү да дарыгер болуп иштейт. Бирок негедир көрсөткүсү келдиби же кубангандан баарын унутуп салдыбы белгисиз.Эрчий басып келип ,
- Бизди коркутуп жибердиниз го ,мына эми баары арта калды. Көзүңүздү ачып көрдүңүзбү ? Көрүңүз жакшы элеби ? Кана мында караңчы баатыр аке колу көтөрүп жаңсап . Көрдүңүзбү ?
- Ооба көрдүм , кылчая карап Тагдыр сенби ? Көргөн козуно ишене албай турду. Анткени ар дайым араба түртүп жүргөн абалын гана элестетип жүрчү. Бирок азыр ак халатчан жаш бала көзүнүн алдында турду.
- Аха мен баатыр аке мен . Сиз өзүңүздү кандай сезип турасыз.
- Мени сен операция жасадыңбы? Чын эле сен ээ.
- Ооба сизди бул жакка алып келишти.
- Чын ээ ,сен Тагдырсын ээ. Өзүнө оор кабыл ала баштады. Анткени нерв органдарына күч келип кетти. Дароо эс алдыра турган укол кылдырып сайдырып койду.
- Эжеке эми сиз барып эс ала бериңиз , мен карап турам. Сырттагы туугандарын да бара бер -деп коюңуз. Эгер Тилек болсо менин бөлмөмө кире кетсин .Ээрчише чыгып узун залда узатып карап калып кетти.
Аз убакыт өтпөй эшик такылдап ,Тилек кирип келди. Бири бирине ушунчалык жакын болуп калганбы ,кирер замат кучагын жайып бооруна басты.
- Окууларың кандай? Кыйналбай жүрөсүңбү?
-Жакшы аке , баары абамды көрүп чыксам болобу?
- Болот , бирок уктатып койдук , ойгонгондо кирсең болот. Азыр уктап жатат.
- Аке ,абам жакшы болобу? Менин ишенген адамым жалгыз абам. Өз аътам жок болсо да билдирбей өстүрдү.
-Жакшы болот иним. Мына сен да дарыгер болсоң ,жакшылап карап багасын. Окуудан калбай баргын . Оюңду эки бөлбөй окуй бер түшүндүңбү? Мага ишенесиңби?
- Ооба ишенем өз бир тууганымдай көрө берем. Эх менин акем да жанымда болгондо.
- Акең жаныңда го Азамат. Ошол менен жакын болсоң.
- Ооба ал менин акем го ,бирок мүнөзү оор. Көп сырдашпайт. Тагдыр акем кайда жүрөт болду экен көп ойлой берем.
- Эх иним сенин го акелериң бар ,мен деле жүрөм го аке - ини деген жок.
- Билесизби биринчи жолукканда атам апамдын сүрөттүн көрсөтүп койсом ыйлаган эсиңиздеби.
- Ооба күлүп тентек дале баласын да. Далысынан таптап койду. Ошол сүрөт кайда барбы?
- Бар . Мына көкүрөк чөнтөгүнөн алып чыкты. Канчалык эскиргени менен ата апасынын , өздөрүнүн жаштыгын таптаза сактап жүргөндөй болду. Колуна тиери замат шордуу жаш тамчылары тыпылдап агып кетти. Колдору калчылдап баратты.
- Тилек бүгүн мага калтырып кетчи сүрөттү эртеге сага кайтарып берем.
- Макул жоготпостон берсеңиз болду. Мен барайын. Жаш болсо да зирек бала баарын билип турса да айтпастан чыгып кетти. Тагдыр көпкө сүрөткө тигилип ыйлап да алды сагынычын төрт бурчтук кагазга батырып жатты. Өзү үчүн чыгарып алууга сүрөт чыгаруу жайга жөнөдү
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20