12 - бөлүм
Бүтпөгөн жашоо кайрыгы бирде бакытка чулгап кандай гана таттуу күндөрүн аруулап өтөт. Ал эми мезгил менен жарышкан азаптуу ичтеги айтылбаган сырлар жүрөктү өйүгөн жоопсуз суроолор менен жан дүйнөдө тынчтык бербей жашай берет экен. Канчалык аалам кең болгону менен ,
ошончолук жакындашкан адамдардын чөйрөсүндө жүргөнүңө ишене да албайт экенсиң. Сырттан көрүп өз туугандарымдын абалын билип жүргөн элем. Алар да мен сыяктуу эле экен. Бирок кандай күч мени кармап жүргөнү белгисиз эле. Жаштыктын убагында ар бир адам баласынын башынан сүйүү деген жомок болуп өтпөсө керек. Ар бир күн өзүнчө сакталган көз ирмемдер менен кубалашып өтүп жатты. Жарым өмүрүм мага мээримди төгүп жаткан багып алган апамдын көз алдына өтүп жатты. Өз бир тууганым болбосо да аял кишинин жүрөгү таза , боорукер келет эмеспи. Ошол сыяктуу эки эжекем да дайыма мени колдоп келишет. Апамдын ден соолугу күндөн күнгө оор тартып оорусу күч ала баштады. Мен да жаңыдан кызматка орношуп калган элем. Бирок өз махабатым , сүйүүм башка адамга жар болуп кеткен. Башка кызга көңүл буруп сүйүп да көрбөптүрмүн. Мага кайтып келчүдөй болчу. Бир күнү жашың бир топко барып калды . Үйлөнүп ал менин тирүү кезимде. Андан калганын жашоонун сыноосуна жалгыз эмес эки адам жооп берип каласыңар. Балалуу болуп өз үй , өлөң төшөгүңдө базар болсун. Эчкинин жашындай жашоом калган көрүнөт - деп ойго салды. Оштогу шаардык ооруканасына иштеп жаткам. Кечке мээмди жеген суроо болду ,кимге үйлөнүү керек. Жараткан Аллахым өзү азабына жараша жыргалын бере көр - деп , тилек кылар элем. Адаттагыдай жумуш ордумда олтурган учурум каттуу эки машине кагышуусунан эки оор абалдагы адам келип түштү. Батыраак операция бөлүмгө - деп ,мени да кошо даярдап калышты. Эң биринчи жолу жалгыз операция жасоого кирдим. Анткени экөөнө бирдей кирүүгө тура келди. Мына мага кошуп берген жаңы келген кыз . Жылмайган көздөрү гана көрүнбөсө бүткөнчө эч кандай жүзүн көрө албадым. Эшикти ачып кире бергенде оор онтоп канга боёлгон киши . Жана дагы эки жардамдашып жаткан бирөө өзүмө жакын досум болсо , экинчиси да көптөгөн бери иштеген эжеке. Төртөөбүз ишке кириштик. Негедир киргенде жүрөгүм бир зырп этип алды. Ал эми ошол эки операцияга түшкөн адамдын бири өз агасы Капар болчу. Мына өз колунда өзү көзөмөлгө алып жүргөн атасы эле. Баарысы тааңууда болуп маани да бербеген.Узаака созулуп кечигип жатканына эшик алдында келип калган карындашы Сайкал баш болуп күтүп жаткан эле. Сырттан кирип келген Азамат олтурган медайымга,
- Саламатсызбы ? Операция ким жасап жатат билсек болобу?
- Бизде бул тапта эки операция жүргүзүп жатышат . Бириси Шамбетов Токтосун Акматбекович ,ал эми эми экинчиси Бостонбайев Тагдырбек Сапарбекович.
Сиз кимисине келдиңиз.
- Бостонбайев Капарбек . Чынында Азамат эч качан маалымат издеп көрбөгөн экен өз бир тууганынан. Өзүнчө кызык мендей го аты жөнү ойлоп койду . Өзү да дарыгер болгонго баарын тааныймын - деп билген. Бирок адашты. Улам залда ары бери басып күтүүдө. Бир убакта бирөөсү чыкты да бизге кан керек. Ким бере алат бул жакка жүрүңүз- деп ээрчитип жөнөдү . Баарын текшерип жатышты. Улам акыбалын сурап эч кимдин каны туура келбеген соң өз бир тууганы Сайкал да текшерүүдөн өттү. Ошол тапта өзү иштеген орууканадан кан алдырып жетишти Азамат. Жанындагы операцияга кирген чыгып оруу адамдын абалын билдирди. Ал эми буларды кечигүү тынчсыздандырып баштады. Операция төрт саатка созулуп барып бүттү. Акырын чыгып баары жакшы бүттү - деп айтып өткөндө медайымга башкы дарыгер менен жолугушууну айтып калды Азамат. . Бир аздан соң өзү да маалымат берет күтө туруңуздар жолун улап басып кетти. Алгачкы жолу адам өмүрү менен алышып ,оор сыноо ,оор кыйынчылык менен салгылашып ,ажал менен оп тартышкандай эле болду. Үстүндөгү кан болгон кийимдерди которуп , туугандарына жолугушуудан баштап кимдигин билүү үчүн делону суратып бөлмөгө барды. Ача салып өз авасы экенин окуган соң көздөн аккан жашын сүртүп алып , далайга дендароо абалда олтурду. Неге ,неге мындай болушу мүмкүн. Өзүнө суроо берип , жооп таба албай турду. Эшигин такылдатып кирип келген Азаматты көргөндө олтурган абалында катып калды.
- Ассаламу алейкум.
- Валейкум салам. Тигиле тиктеп туруп орундуктун көрсөтө олтур - деп .
- Биздин абабызга келген элек. Рахмат операция ийгиликтүү болду. Узакка созулуп эсибизди эки кылды. Эң алгачкы операциясы дегенде олтура албай калдым.
- Албетте эң алгачкы операция кылышым. Колумдан келишинче жардам бердим . Калганы Алладан. Жаман эмес азыр уктап жатат.
- Кызыгы аты жөнүңдүн окшоштугу кызык болду. Дал эле мендей экен менин атым Азамат .Шаарда ооруканада иштеймин. Не даары дармек керек болсо баарын мага айтып турсаң болот ,алып келип берип турам. Кичине түзүк болсо апам экөөбүз өз бөлүмгө алып кетмекбиз.
- Алып кетүү шарт эмес , мен да карай берем. Айыгып түз эле үйүнө кеткенче караймын . Эки бир тууган бир бөлмөдө сүйлөшүп олтурушту. Тагдыр ойлогондон күчтүү , оор мүнөздүү болуптур. Сыртка апамдар да келген күтүп жаткан , өзүң бир ооз айтып тынчтанып койсоң болмок.
- Макул. Артынан ээрчий чыгып олтурган жерине келгенде ,алгач көзүнө урунган Тилек болду. Ал да тааный салды , дароо эле Тагдыр ага сизби ? Кучактап саламдашып көкүрөгүнө башын жөлөдү.
- Абам кандай , жакшыбы . Кыйналбады. Бир короо суроо узатып жиберди. Капарды көрүп кеткени кеткен Сайкал да келип калды.
- Ии каралдым сен бул жерде иштеп калган белең. Акем жакшыбы ? Азамат үчүн таң калыштуу окуя болду неге баары таанышат да ,мен билбейм.
- Жакшы эжеке жакшы. Бар күчүм менен караймын кабатыр болбоңуз. Бул күн өз туугандарын тапкан болсо. Оор күнүндө сүйүүсүн тапканга да жетишти. Кызыгы жакшылык менен жамандык бир жүрөт деген сөздө чындык бар экен. Улам эркелетип чоң болуп калган инисин бир кумардан чыгып алды. Бирок чындыгында кимдигин бири бирине тастыктап айтып бере элек болчу. Болгону жакынга тарткан жүрөк гана бири - бирине байлап турду.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11