3- бөлүм
Өзүмдү бала сезип жүргөн менен сырттагы адамга оор басырыктуу, токтоо мүнөз , жүзүм муңайыңкы , көздөрүмө айтып бүтпөс сыр ,кайгы , азап көрүнүп турарын кайдан гана билем. Кийимим жупуну ,эски жана тазалап жууган адам жок катмар -катмар болуп кеткен , нечендеген ирет жамачы салып бергенин да санап жеткире албайт элем. Үстүмө үйрүп алар кийим алып берүү деген ой жеңемдин оюна да келчү эмес . Өз балдарына өзгөчө карачу. Ал эми мага келгенде эле желмогуз көргөндөй боло түшчү. Максат кетсем ,балким мен да элдердей жаңы кийим кийген күн келер , балким бул чындык болсо гана деген үмүт эле. Ар күн Салима апанын үйүнө бара берчү болдум. Деги тайкемден макулдук алып берсе болгону эле. Мектепте өзүм теңдүү балдар шылдың кылып күлүшөт. Сен нокотексиң жеңең урушканда айтат го. Качан кетесиң дешип. Мына ошол күн жакындаган көрүнөт. Салима апа чакырып алып , көпкө мага тигиле карап олтурду да ,
- Келчи жаныма , сен бала болуп балалыктын да доорун сүрө албадың. Мына эми баары бүттү , түгөндү. Алдыңда кандай күндөр күтүп турат, ал белгисиз. Кантсе да өз бир боор туугандарыңдын жанына барасың. Сени ааламга алып келип , өмүрдөн эрте кеткен ата -энендин баскан изине барасың. Чоң жигит болуп чоңоюп калдың, барганда бейиттерине бар балам. Алар өлгөн менен руху тынч алып жата албай жатса керек. Ар бир көз жашың тынчтык бербей жаткан чыгар . Атаңды билбесем да апаңды жакшы билем. Жаш кезинен токто , акылдуу кыз болгон, дал сен сыяктуу жашынан апасынан ажырап , агаларынын колунда өскөн. Сырын да ,муңун да ,кубанычын тең бөлүшкөн жакыны мен элем. Кыйынчылыкты , кордукту көп көргөн байкушум. Мен өзүмдүн кызымдай көрөр элем, сенин көзүңө тиктеп олтуруп апаңдын жаш кези көз алдыма тартыла берет. Бишкекке иштегенге баратам , коштошконго келдим -деп , акыркы күнү мени кучактап абдан ыйлаган . Ошол бойдон башка көрбөдүм. Кийин уктум Ошко турмушка чыгып кеткенин Тойгонбай айткан эле. Акыры ааламдан өтүп кеткенин сени алып келгенде уктум. Ыйманы саламат болсун , жакшы адамдын өмүрү кыска болот деген туура экен. Мен сени өз баламдай жакшы көргөнүмдүн себеби да ошол балам. Мени жакшылап уктуңбу? Башымды ийкеген болдум , көзүмдөн аккан жашым ,тыпылдап токтобой турду. Ашыкча сөз да кошо албадым.
-Анда мени ук жакшылап дагы, эки күндөн кийин жолго чыгасың. Мырза менен сүйлөшүп койдум. Ал да макул болду жетимдин башын сылаганга не жетсин алып кетебиз- деп. Машинанын бир бурчунда бара берет . Акчаны балага бериңиз мага эмес . Азыраак акча топтоп койгон элем. Сен кетем дегенде жардам болсун -деп. Бирок дагы азыраак жүрсөң кабыргаң катат эле. Мейли азыр да өзүң теңдүү балдардан аң сезимиңди жогору баалайм. Бирок сенин ата журтуң айтылуу атагы алыска кеткен Алай жергесинде экен. Калганы ушул кагазда толук бар . Азыр бере албайм жолго чыкканда колуңа берем. Ошко алып барып ташташат , сураштырып таап бара аласың деген ойдомун. Азыр бар да эч нерсе болбогондой Салиянын ишин кылып тур. Мен чакырганда даяр тур. Түшүндүңбү?
-Ооба түшүндүм . Рахмат сизге . Моюнуна асылып кучактап көпкө ыйлап алдым . Жашы бир топко барып калган Салима апа да кошо ыйлап жатты. Мен үчүн бакыт келгендей эле боло түштүм. Шымаланып баардык жумуштарды жасап жүрдүм . Бирок ичимдеги ар түрдүү кыялдар кытыгылап ар жакка жетелеп жатты. Жүрөгүмдү ачыштырган бир арман, апамдын баскан изинде азап тартып жүргөнүм болду. Дал апам мендей кыйчылыкта жүргөн тура аттиң . Мынчалык кордукту көрүп өскөн болсо , өмүрүн да кыска жаратты экен. Кайсыл жерде олтуруп ыйлачу экен ээ. Мен сыяктуу саманга жашынып ыйлачу эмес бекен байкуш гана апакебайм. Мен чоңойгондо атам экөөңөрдүн бейитиңерге эстелик курдурам. Инилерим менен чогуу жашап сиздердин рухунуздарды кыйнабайм. Ар качан түн жарымында асмандагы айга карап ыйлачу элем . Бул кеч да дал ошондой өтүп жатты. Бар күчүм көз жаш менен гана чыгып жатты. Саатты санап кетүү үчүн камданып жаткандаймын. Бирок убакыт токтоп эле калгандай болду. ,,Сабыр кыл сабырдын түбү сары алтын " -деп , өзүмдү өзүм алдаган да болом. Мына жети жашымда келген элем азыр он алтыга чыкканда ,,ат айланып казыгын табат "-деп , киндик кан тамган жеримди, сүйүнчүлөп жар салган элимди издеп жолго чыкканы турам. ,, Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет "- болуп , балким бактылуу күндөр күтүп турат ,балким мындан да тозок жашоо күтүп тургандыр баары бир өжөрлүк менен багыты алып сапар алдым. Канчалык тагдырдын азабы көп болсо ошончолук жыргалы да бар болорун үмүт кылар элем. Бүгүнкү күндүн өтүшү менен , эртеңки таңдын атышын күтүп чыдамсыздык менен күтүп калдым.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6