1 - Баян
Болот Акматов
Буга чейин колума ручка кармап коргон эмесмин.Арманым айтаар киши жок,акылын кошчу адамым да жок…Айланайын ак кагаз сага кайрылып отурам.Антпесем жан дуйномо батпай кетти.Ылайыгы келсе ла,келбесе да айтышка туура келип отурат.Мени унчукпай ак барактай уга турган эч ким жок,муну билем…Ак барагым,сага айтчу кебим-арманымбы же жон гана башыман откоргон мандайыма жазылган тагдырбы,аны так кесе айырмалап азыр айта албайм.Дегинкиси, ичиме батпаган нерсе…арман.Арман,журогумду кысып бук кылган,жан дуйномо батпай,дал-далынан согулгон арман!Эми созду башынан баштайын…
Башында баары ойдогудай эле.Бир уйдун жалгыз кызы болгондуктан,мектепте окуп жургондо,кийин студент кезде деле материалдык жактан таптакыр кыйналган жокмун.Колумда баары бардыгына байланыштуу жанымдагы досторума кайрылышып турчумун жана ошондой себептерден улам мен алардын суймончулугу элем.Озунуздор деле баамдап жаткандырсынар,эрке кыз болгондон кийин ата-энем козум менен тен айланып,бардык каалоомду аткартчумун.Азыр баамдасам андай чалпоо кыялымды тегерегимдеги адамдарга дагы корсотчу экенмин.Атам менен энемдей айрымдары которсо, кээ бирлери которо албай уруша кетчубуз. Ата-энем менен “урушкандай” алардын эч бирине кек сактабастан кайрадан суйлошо берээр элем. Бул менин жакшы жагымбы же кемчилигимби билбейм.Ушул сапатыман улам бугунку тагдырыма туш келип отурам го деп ойлойм.
Баары баягы союз учурунда интернационализм деген идеялар жогору мезгилден башталды.Мен ошол идеялардын алкагында тарбияланып калгандыктан,озумду бардык жерден алдынкы саптан коргум келип,окууга да ошондой максатты аркалап тапшырган болчумун.Ошентип жогорку окуу жайлардын биринин студенти болуп,атам менен апам да оздорунун ишке ашыра албаган аруу тилектерин мага артып,учообуз уйдо отурганда далай нерселерди кыялданып,кээ бир учурларда алар мени санаалары менен не бир укмуш нерселерге жеткирип жашап жургон элек.Ал кундорду эстесем азыр да арманым куч.
Башы кайсы жерден башталганын жакшы эстей албай турам, сыягы турмуштун ыргагы менен озунон-озу бышып жетилди окшойт.Биз окуп бир-бирибиз менен жакындан таанышып калганбыз.Кундордун биринде ошол интернационализм саясатын ишке ашырууданбы
же мамлекеттик корсотмо болчу беле айтор Тажикстандан биздин факультетке студенттер келди.Алардын копчулугу Тажикстандын алыскы райондорунан келгендиктен,же орусча же кыргызча билишпейт.Кобунесе аларга мага окшогон шаардык”шок” кыздар коп шылдын кыла беришчу. Копчулугу каяша айтууга,озунун жемин жедирбегенге аракет кылышса,арасында Бахид дегени ото жоош болгондуктан аны кыздардын баары келекелейт кез келген жерден тамашабыз ошол.Ал ар кимдин мындай шылдынына жооп да кылбай,алардын эч кимисине каяша да айтчу эмес.Анда-санда ырсайган кулкусу гана жооп болчу да ал кулкунун маанисин биз тушуно бербей дендароо бири-бирибизди карап кала берчубуз.
…Адаттагыдай кыздар “тажиктерди” тамаша кылууга даярданып жатсак керек. Кокусунан Бахид кирди. Анын келишин кутпогон баарыбыз алактап калдык,шашып кеткен мен:
-“Тажиктерди” тамаша кылалы деп жаттык эле,-дептирмин. Ошондо Бахид:
-Мен -кыргызмын,-деди.-Эч качан суйлобогон Бахидден мындай созду кутпогондуктон,баарыбыздын оозубуз ачылып калды. Биздин ынгайсыз абалда калышыбыздан тартындыбы, башка соз суйлобой кайра чыгып кетти.Баятан бери тузгон пландарыбыз бузулду.Ал куну тамашабыз болбой калды.Кыздар кандай ойлонду билбейм,мен озумду сабактын аягына чейин ынгайсыз сездим.
Мен уйго баргандан кийин бул окуя тууралуу апама айтып бердим.Ал озу бир нерсеге бушайман болуп турса керек менин созумо анча маани бербей конулкош укту да,баятан бери айткан кебимден улам шагымды сындыргысы келбесе керек,”ошондой бекем адамдар болот” деп койду. Ал куну эч нерсеге конулум келбей эрте жатып копко ойлондум. Оюм “тажиктерден”ажырай албай мурда тил билбейт, тушунбойт деп жасаган мамилем учун,тамашам учун катуу уялдым.Эртенки сабакка баргым келбейт.Эртен менен ойготкон апама бул оюмду айтсам,озунчо кунгуронуп,мени ооз учунан тилдеди да кечирим сурап кой деп эскертти.
Ал куну кечирим суроого шарт болбоду.Жакшы эле ойлонуп журдум бирок,ылайыгын келтире албай койдум жана чынында кечирим сурагым да келбеди.Андан кийин ал жонундо унутуп калдым.
Коп отпой сессия болду,каникулга тарадык.Кайрадан сабак башталганда,Бахид сабакка үч-төрт күн кечигип келди.Келген күнү тынч жүргөн,эртеси күнү унчукпастан эле бир курманы ар кайсы кызга сунуп жүрөт.Албай койсо башкасына көтөрүп барат.Мага чейинкилер албай койгондуктан,апамдын сөзү эсиме түштү,алдым.Ал менин кечирим сураганым болсун деп ойлодум да жеп койдум.Муну кечирим сурагандык катары түшүнсүн дедим өзүмчө.
Аралан бир жума өттү окшойт,чынында канча күн өткөнүн билбейм,бирок бара-бара Бахид жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштадым.Сабакка барсам эле мени телмирип карап отурат.Менин ар бир кыймылымды жаздым кетирбейт.Телохранителдей эле кайтара берсе кызыктай болот экенсиң.Күн өткөн сайын мен да өзгөрүп,анын тиктешинен уламбы ар бир кыймылымдын туура же туура эмес экенин талдап,ойлонуп иш кылчу болдум.Апам да,досторум да өзгөрүп баратканымды айтып жүрүштү. Кайсы жагына өзгөрүп баратам деп сурасам жакшы жагына леп коюшат. Сүйүнүп калам.
Бахид да өзгөрдү.Мен ал жөнүндө көбүрөөк ойлонгондуктан,анын кыймыл-аракетине көз салып,үйгө келгенден кийин ар бир кыймылын,баскан турганын көз алдымдан өткөрүп көп ойлончу болдум.Анын ушинтип карай бере турганы тууралуу дос кыздарыма айтып бердим.Алар сүйүү дешти,өзүм да аларга ишенип сүйүү дедим.Ал ушинтип айттырбай,билинбей жан дүйнөңө бүлүк салып келет тура.Мени маанисиз,акыры түгөнбөгөн максатсыз ойлор акырындап жей баштады.Ошол күндөр күнү бүгүнкүдөй эсимде…
Ал баштагыдай эле сүйлөбөйт.Бирок мурдагыдай алыстан карабай жакындап келет.Мени таң калтырган нерсе,дайыма экөөбүз тиктешип отургудай жерден орун алат.Лекция жазбайт,мугалимдин сөзүнө да көңүл бурбайт,тиктегени эле мен.Башында анча маани бербесем,кийинчерээк курсташтарым бизди гана карап отургандай сезиле бергендиктен уялчу болдум.
Кийинки күндөрү эриең менен көргүм келип эңсеп келем да,сабак бүткөндө аябай жиним келип туталанам.Көпчүлүгү ушунча мезгилден бери карап отуруп,бир ооз сөз сүйлөбөгөнүнө кыжырым келет.
Бир күнү анын сүйлөй ала турганын текшерип көрүү идеясы башыма келди.Чын эле сүйлөйбү,же баягыда жөн эле бизге ошондой элестеп кетти бекен.Сабакта звонок болгондо балдар кайда кеткени белгисиз бир жакка кетип,киришке болгондо кечигип-кечикпей жетип келишчү.Звонок болгондо эшиктен кыйла алыс отурганымдан балдар менен кошо чыга жөнөөгө мүмкүн болбой калды. Анын үстүнө көкүрөгүмдүн түпкүрүндө дагы бир түпөйүл сезим сен кайда барасың дегендей токтотуп калды,бирок эшикке сүйрөгөн дан дүйнөм жеңди өңдөнөт,эптеп сүйрөлүп коридорго чыктым.Студенттер өтө көп экен,биздин курстун балдары көрүнбөйт.Жүрөгүм бош калгандай ооруп кетти.Бир ирмем элеңдеп эки жакты карандым да,кандайдыр бир ьаш оогон жакка жөнөдүм.Кайда баратканымды да өзүм билбейм.Бир маалда Базиддин көзү көз алдыма элестей түштү.Элестеп кеттиби деп элеңдеп туруп калдым.Чын экен.Өзүмдү кармай албагандыктан тепкичтин так ортосунда туруп калыптырмын.
Каткырыктар угулду.Мага күлүп жаткандай бүткөн боюм калтырап,тердеп кеттим.Жүрөгүм ылдыйлады.Менин алактап калганымды байкаган Бахид жанындагы “тажиктерин” калтырып( биз баарыбыз тең тажик дечүбүз) жаныма келди. Аны күткөндөй болуп ордуман жылбай турганыма ызаландым,бурулуп кеттим.Артымдан жете келген ал:
-Мени издеп жүрөсүңбү?-деди,баягы аңкоо жылмаюусуна салып.Колумдан кармаса ыйлап жиберчүдөймүн.
-Сени эмнеге издемек элем? Просто басканга болбойбу?-Акшыя карадым.
-А мейли,издебесең издейсиң!-деди да,бөлөк унчукпай басып кетти.
Мен өзүмдү элдин көзүнчө ыза болгондой сездим.Өкүрүп-бакырып ажаандангым келди,менин мындай кылыгымды көтөрө турган ал ким эле деген ой да өзүмдү бекем кармандым.Буга да апамдын “ошондой бекем адамдар болот”” сөзү түрткү болду.Ушунусу өтүп кетти мындан ары карабай койбосом…Болду эми,аны аябай жек көрөм деп өзүмө-өзүм убада берип келем.Мындай убада кылганымда дайыма көгөрүп аткарчумун.Бирок бул жолу анте албадым.Ошондон кийинки ар бир минута ал жөнүндө ойлор менен алпурушуп өттү.Ал ойлорлу мен бир пикирге келбей жаткандан улам деп эсептедим.Үйгө баргандан тартып жан дүйнөм экиге бөлүнүп,бири мага болушса, бири Бахидге тартып далайга убараландым.Мындай эки ача пикирге мурда туш келбегендиктен,өтө кыйынчылык түзүлдү.Анда-санда минтип кыйналбай эле унутуп коеюн деп канча далаалаттандым,бирок канчалык күрөшпөйүн ал ойлор ошончолук тырышып менден кетпей жаткандай туюлду.Кичине ага-буга алаксыганым менен кайрадан анын элеси мээме “кылт” дей түшөт,болду анан далайга бушайман кылат.Акыры Бахидге болушкан сезим жеңди. Чындап келгенде өзүм күнөөлүүмүн да дедим,эгерде мен анын пртынан чуркап барбаганда ал балдары менен сүйлөшүп турмак да сабак башталганда келмек.
Бирок баары бир түпөйүл ой калды.Эмне үчүн ал өзүнө ушунчалык ишенет?Эмне себептен мен анын артынан издешим керек? Ойлонуп көрсөм өзүнүн кандайдыр бир чындыгы бардай.Анткени өзүм издеп барбадымбы…
(Уландысы бар). урматтуу окурмандар окудунуздар беле?окуган болсонуздар убара болбой эле коелу чыгарып, комментарий кутобуз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14