17
Сыртта турган Кайраттын унаасын коруп ушунчалык апкаарып алдым, ичкери кирип озун коргондо не болом? Бир адамга байланып, озу эмес анын карааны, аты да адамды эсинен тандырып коюу мумкунбу? Бул эмне суйуубу? Сыртымдан канча сыр бербегенге аракет кылганым менен Амир кыраакы адам баарын коз кырынан байкап турду. Мейли байкап билсин. Андан жашыра турган эч нерсе жок. Мумкун туура кылып жаткандыр, балким мага сезимдеримди башкарууну уйротуп жаткандыр...
Колумдан жетелей ичкери кирип келаткан Амир босогодон "Баары жакшы болот" деген ишаратта мага козун кысып койду. Жооп катары жылмайып, Амирди колтуктай жонодум. Меймандар коп экен.
- Ооо... досумбай келдинби? деп кучагын жая алдыбыздан ак койнок кийген жигит тосуп чыкты. Тегерете отургандар жабыла бизди тиктеп калышты. Досун тик которо кучактап, тамашалашып, туулган куну менен куттуктап жаткан Амирдин каткырыгы жанырып жатты. Бул учурда тоордо отурган Кайратты тапканга жетиштим.
Аппак жолук салынып, жанында Нурай отурду. Экоону бирдей тиктеп, журогум калыбынан чыкчудай согот.
-Досум таанышып ал Нурай. деген Амир абалдан чыгарып кетти. Колумду сунуп, сылык учурашып дасторконго отурдук. Ичим ысып, жерди тиктейм. Ордумдан туруп кетип калгым да келип жатты. Ич ара тааныштык. Сыр бербей Нурай менен да тааныштым. Канчалык аракет кылсам да Кайратты тике карай албай мандайында отурдум.
Эч нерсе жей албай, мокок немече катыган абалыма Амир сыр бербей колумдан кармап кулагыма шыбырады
- Эля жаным, баары жакшы болот. Конуп кетесин.
Бул создор мага кадимкидей дем берди ондонот. "Ооба, коном".
Ошондо гана башымды которуп Кайратты карадым. Ал да менден бетер жер тиктеп отурат. Жанында Нурай эч нерсе сезбестен жылмайып жайдары...
Кайрат... Кайрат. Менин суйуум. Мен сага гана журогумду ачкан ондоном. Сени жон гана тиктебестен коргонумо суйунуп жаттым. Алгач кызык абалда болгонум менен кеченин ортосунда сенин мурунку калыбына, коз карашынды тиктеп, басканынды, суйлогонунду а тугул жылмайганына суктанып жаттым. Мемирген мени Амир канчалык алаксытпасын сени акыркы жолу коруп жаткандай козумду ала албадым. Сен да мени карайсын. Жарыктык ай... бул жалганда дагы канча мезгил ушинтип тиктешебиз? Мен сени чын суйом. Сенин абалынды сезип турдум. Кээде коздорубуз чагылыша тушкондо куноолуу кишидей каректеринди ала качасын. Аядым сени, жанындагы бугун, эртен эне боло турган Нурайды аядым. Ал эмес жанымда турган, кол жеткис бактыма канчалык алыс экенимди сезген озумду аядым.
Кетким келген жок. Бутпосо экен бул кече. Сагыныптырмын Кайратты. Аны жон гана карап отурууга да макулмун. Жанындагы Нурайдан кызганып жаттым. Ал меники эмес, бирок...
Кече шандуу отуп жатты. Шандуу музыканын коштоосунда кобу бийге кетишти. Амир колумдан жетелегени менен бийлегим келген жок. Алсыз кыймылдап эл менен журуп, столдун четинде курсагын сылап жалгыз отурган Нурайды кордум. Байкашымча Кайрат эшикке чыгып кеткен. Эмнени каалаганымды деле билбейм. Бурулуп Нурайдын жанына жонодум.
Нурайдын жузунон чексиз мээримди байкадым. Боюнда бар аялдын жузу ушунчалык нурданып тураарын эми билдим. Андан Кайратты канчалык кызганып турсам да, бул айымдын жанында менин Кайрат жонундо суйломок турсун ойлонгонго акым жок.
- Нурай ойлуу отурасын, сенде баары жакшыбы?
- Жакшы буюрса. Озун кандайсын?
- Мен жакшы. Мен Кайраттын аяш атасынын кызы болом.
- Билем, Кайрат сен жонундо айткан.
Маегибиздин мындай нукка тез бурулуп кетээрин кутпогом. Кызык мен жонундо эмне деп айтып берди экен. Ангыча эшиктен кирип келген Кайрат Нурай экообузду коруп, жаныбызга учуп жетти. Шашып кеткен мен
- Кайрат эмне деп айтты эле мени?
Созубузду боло жетип келген Кайрат
- Элдин баары бийлеп журушот. Силерге не болду? Журу жай музыка башталды бийлеп келебиз?
Нурайдын колунан тартты. Кайраттын колунан бекем кыскан Нурай
- Жаным мен азырынча уулубуз менен бийлейт окшойм. Ансыз да бийлеп жатабыз. Мени эмес, бул сулуу бийкечти бийге чакыр да, мындай абалды колдон чыгарбай.
Жылмая курсагын сылап отурду.
Жок, жок. Кереги жок дегеним менен ичимден, Кайраттын сунган колуна эч каршылык корсото албадым. Бакытка батып бараттым. Белимден кучактаган Кайратты кое бергим келбей турду. Менин алсыз, арсыз суйуум. Журогумдун согушу ылдамдап, демим кысылып суйлоого акылым жетпегендей , сени менен кыналышып бийлеп жаттым. Козуно тике карай албайм. Сен да унчукпадын. Турсуллоп журогундун кагышы менен алаканындын майда калтырагын сезилет.
Меникиндей акылсыз суйуу болушу мумкунбу? Сен менин кыялымда гана болосун. Ушул турпатын менен мага таандык эмессин. Ичимди сыздаткан, тымызын журогумду ачыштырып, жан дуйномду ачыштырган сезимди колум менен алып ыргытып, артымды карабай чуркап кетким келет. Кээде бакырыып ыйлап алсам женилдечудой сезилет. Же ойгонсом болуп откондун баары таттуу уйкунун тушу болуп калса кана...
Кое бергим келбейт. Суйуу ушунчалык аяр, таттуу, ачуу, катуу, назик... Сени жаш баладай аяр кучактап жаттым. Эч кимди коргон жокмун. Сени менен башкача ааламда учуп бара жаткандаймын.
Экообуздун ортобузда кандай соз болушу мумкун? Эмне жонундо суйлошмок элек? Жон гана унсуз бийледик. Качан гана мандайыма бизди атып жиберчудой тиктеп турган Амирди коргондо, кайсыл жерде ким менен келгенимди эстедим. Анын мындай коз карашын биринчи корушум.
Бизди ыргалткан музыка да бутту. Мени ордума жетелеп келип отургузкан Кайрат Нурайды шаштыра, кеченин аягына чыкпай "Башы ооруп жатканын" шылтоолоп чыгып кетти.Амир унаа айдап келгенин эсинен чыгарган ондуу. Мени анда-санда караган боюнча куюлган шарапты биринин артынан экинчисин ичип баштады. Анын бул абалын тушунгонго аракет кылганым менен менде эч кандай ага боор оруу же аяган сезим болбой жатты. Оюмдун баары Кайрат.
Кече аягына чыкты. Ишенесинерби? Мен озумду абдан женил сезип баштадым. Кайрат менен чогуу бийлеп койгонума бактылуу болуп жатамбы? Озумчо ааламга батпай отурдум. Меймандар менен коштошуп, орто кызуу болуп калган Амир экообуз анын унаасынын жанында турдук.
-Элдана сага жылмайган кандай жарашат. Сенин мынчалык бактылуу жузунду биринчи корушум. Кызык, мен акылсыз сенин дайыма Кайрат деп ыйлаган калыбынды суйгонумду кара.
-Амир журу кеттик. Эл тарады. Мага унаанын ачкычын бер. Мен айдайын. Сени жеткирип, озум такси менен жетип алам. Мас абалын менен рулду башкарган ото кооптуу...
Унчукпай ары басып, бери басып чылым чегип жатты. Асманды тиктеп, оор ушкурунуп алып
-Эля, Кайраттын уй-булосу бар.
-Билем.
Мени бир топко башымдан ылдый карап турду да, унаанынэшигин ачып мени отургузуп, уйду коздой айдап жоноду.
Кундор отуп жатты. Амир айланчыктап журот. Ал айтканынан кайтпаган ожор. Оюн эч кимге бербеген, максатын туура кое билип, ага жетуунун жолдорун издеп тапмайынча жаны тынч албаган адам экенин билдим. Мурдагыдан ото жакын болуп, кундо жумуштан уйго жонойбуз. Ага болгон сезимим эч озгорбойт журуп отот беле, балким кийинки окуя болбогондо. .
Кундо кайталанган корунуш. Уйдон жумушка, жумуштан уйго. Амир кечке маал келет. Экообуз кээде сейилдесек, кээде чогуу тамактанабыз. Бул жолу да жумушум буткон учурда келди. Алдымдан тосуп чыга, жайдары суйлоду
- Салам. Чарачаган жоксунбу? Бугун бир маанилуу жерге барабыз.
-Кызык, кайда?
- Азырынча айтпайм. Озун коросун.
Унаасын айдап шаардын коп кабаттуу уйлорунун бирине келдик. Канчалык такып сураганым менен ырастуу жооп айпады. Ичиндеги квартиралардын бирине келип, конгуроону басаар замат орто жашар аял эшикти ачты.
- Ооо... келгиле айланайындарым. Амирчик келе гой, киргиле.
Мындай жолугушууну кутпогом. Негедир толкунданып кеттим. Конок болмого чакан дасторкон жайылып туруптур.
Мен Амирдин апасы деп ойлогом. Бирок "тайэжем" деп тааныштырды. Чай устундо баарлашып, кенен таанышып отурдук. Абдан даанышман, акылдуу анан мээримдуу аял экен. Бул жерде озумду абдан эркин, уйумдогудой сездим. Амирдин телефонуна кайра-кайра чалуулар келип, тынчын алып жатты. Улам эшикке чыгып суйлошуп келет. Байкашымча иши тууралуу маселе болуп жаткан окшойт. Бир маалда
- Сулуулар мени кечириниздер, аябай шашылыш иш чыгып чакырып жатышат. Буюрса, барып бир эки саатка жетпей келип калам.
Мен да шаша ордумдан турдум
- Амир балким мен да жыла берсемби?
Бизди карап отурган тайэже
- Эличка сен шашпай отура бер. Амир айткан убагында келет. Ага чейин менин тамагым да бышып калат. Сен отура бер.
Амир шашып уйдон чыгып кетти. Тайэже менен суйлошуп отурдум. Ал мен жонундо баарын эле билет ондуу. Амир айтып берсе керек. А мага Амир жонундо айтып отурду.
- Амир менин бир боорум. Ал ото боорукер. Байкушум синдим Амир жети жашында авто кырсыктан каза болду. Эки баласы артында кала берди. Амир жана карындашы Амина. Атасы экоону кучактап кала берген. Камкор болчу атасы. Чиедей эки бала менен ага бир топ эле оор болду. Анын устуно Амина кичине уч жашта эле. Бул учурда мен жардамга коп келчумун. Эки баланы ажыратып болгубуз келген жок. Куйоо баламды уйлонтууго канча аракет кылсак да болбоду. Чогуу бужуроп тирлигин кылышчу. Тууган урук башында каралашканы менен кийинчерээк ар ким озунун арабасын суйроп кетишти. Чон ата чон энеси да эрте кетсе керек Амирдин.
Андан коп отпой эки жылдан кийин атасы ооруп каза болуптур. Эмне болгонун айткан жок. Болгону олум алдында атасы Амир менен Аминаны тайэжесинин колуна тапшырып бериптир. Ошол кундон тарта тайэжеси менен чонойгон экен.
-Кичинесинен ото жоопкерчиликтуу, айтканынан кайтпаган, берилген тапшырманы убагында аткарып, айткан нерсени туура, так жасачу. Мектепте ото жакшы окуду. Кийин ЖОЖго оз кучу менен отуп, аны да кызыл диплом менен аяктап учурда мыкты деген компанияларда адвокат болуп иштеп жатат. Мен Амир менен сыймыктанам. Бирок эненин атанын мээримине болонуп чонойгон бала башкача болот экен. Деги эле баланы ата-энеден айрыбасынчы. ..
Божурап суйлоп отурган тайэжеге чындап ыраазы болдум. Ушул муноттон тартып, Амирге болгон мамилем жуз пайызга озгорду.
Ал куну айткандай Амир эки сааттан кийин келди. Чогуу тамактанып алып конулдуу уйго кайттым. Жолдо катар Амирди аяп келаттым. Мен жашоомду аска зоом атамсыз, апамсыз элестете албайм. Амирдин мынчалык кайратына тан берип, аны жон гана аябастан чыныгы адамдык сапат менен сыйлап калдым. Эхх... жашоо! Ата энеси айтканын кылып, колунан келишинче остургондор да Амир кылгандардын бирин кыла албагандар бар. Демек, анын ожор мунозу кичинесинен калыптанганы, айтканын бербей, оз алдынчалыкка конгонунун себебин эми тушундум. Деги эле бул жалганда эч бир баланы ата-энесинен айрыбасынчы. ..
#кутуу_


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24