Уландысы - 4.
Убакыт өтүп , Бердигул өзүбүздүн совхозго агрономго жардамчы болуп орношту. Буюрса, иштеп турса, баары жакшы болот деп ниеттенип турдук. Мен - балдар, үй түйшүктөрү менен көбүрөөк болуп калдым. Бердигулду эртелеп жумушуна жөнөтөм. Анан тириглик менен алпурушам. Үйдүн жумушу эч бүтпөйт эмеспи, кененирээк отуруп чай ичкенге да убакыт жок болуп калат кээде.
Бүгүн да эртелеп, чыкыя кийинген Бердигулду жумушка узатып жаттым. Көйнөк - шымы узун боюна жарашып, көркүн ачып турат. Бөлмөдөн чыгаарда атырынан себинип калды. Анын күндө жумушка барып, иштеп жүргөнүнө суктанып калчумун. Мен да күн сайын татына болуп, келишимдүү кийинип, жумушка бараар күнүмдү күтүп жүргөн кезим.Эмнегедир Бердигул да, ата - энеси да, кое тур дешип, убакытты созуп жатышат. Мен түшүнүп турдум, үй - түйшүгү менен балдарды кароо, кайненеме оор болоорун. Кийинки жылга чейин деп, уйдө отуруп калдым.
Атырды буркурата үйдөн чыгып бараткан Бердигулга : - Бердигул, мен качан иштээр экенмин ээ? Сени көрүп, суктанып турам. Сени менен бирге жумушка барып келсем , кандай жакшы. Үйдө отуруп эригип кеттим . Тезирээк айылдагы бала бакчабыз курулуп бүтсө экен, балдарды таштап, чогуу иштейт элек ээ?
— Ал күн да келет, Майра. Чогуу иштейбиз. Орун болбой калса, сени районго сүйлөшүп көрөбүз да. Ага чейин үйдө болуп тур, шартыбызга карайбыз да ... Макул, мен кеттим. Чыгып баратып, эңиле өөп кетти.
Бердигулдан келген атырдын жыты көңүлүмө жакпады. Окшуп кеттим.
Кускум келип, сыртка жүгүрүп чыктым. Үйдүн арт жагына араң жеттим да, кусуп кирдим.
Кош бойлуу экенмин. Күтүлбөгөн кош бойлуулук, ачуумду келтирди. Мурункудай сүйүнө кабарлабадым. Бердигулга салкын гана угуздум.
— Жаным, макул, төрөй бер. Өзүм иштеп турсам, баары жакшы болот.
— Бердигул, дагы үйдө отуруп каламбы? Мен иштебесем, сенин айлыгың менен кантип үй салабыз ? Сенден кийинки иниң үйлөнсө, баарыбыз бир үйдө отурабызбы? Мен кыйналып кеттим, Бердигул! Топтолуп турган ачуумдун баарын Бердигулга буркулдап, чыгарып алдым.
— Мен өз үйүмдө жашап, иштегим келет. Качанга чейин үйдө отурамын ? Ичимде толуп турган бугум буркулдай, төгүлө ыйлап кирдим.
— Макул, Майра. Үйдү да салаарбыз. Мен бугүн сурайынчы, биз алчу жерди качан кестирип беришээр экен. Жерибизди алып алсак, кийинки жылдан үйүбүздү баштай берээрбиз. Бирок, кантээр экенбиз... Менин жалгыз маянам менен ... Ага да көп каражат керек да.
— Салабыз ! Кийинки жылы төрөөрүм менен иштейм мен. Экөөлөп иштеп салабыз ! Мен максатсыз эле сүйлөй бердим ...
Мендеги кабарды уккан кайненем менен апам, сүйлөшүп алышкандай: — Төрөп - төрөп ал, анан бир жолу иштейсиң да дешип, кеңештерин айта башташты. Кайненеме унчуга албасам да, апама иштегим келээрин, өз үйүмдө жашагым келээрин айтып алам, эмнегедир ...
Жерибизди кеч күздө кестирип алдык. Мендеги максат - жаз келээри менен үйүбүздү салып алсак... Анын чоң түйшүктөрү мени кызыктырбаптыр деле.
Айылдын борбордук көчөсүндө жайгашкан жерибизге эрте жазда үйүбүздү баштадык. Планын менин сунушум боюнча аянты кең боло турган болду. Ата - энемдин " Элдин алды салгыла " деген сөзү кулагымда. Тууган - урук, ата - энемдин жардамы менен эки жыл аралыгында заңгыратып бышкан кирпичтен үй салдык да, көчүп бардык. Эми менин көңүлүм тынчыгансыды. Эми иштешим керек ... Бала бакча да бүтөйүн деп калды.
Бир жагынан тынымсыз түйшүк, анын аралыгындагы төрөт, мени кыйла чарчаткансып койду. Үйгө күз мезгилинде киргендиктен, жумушка күн жылыганда иштей турган болдум. Ага чейин эс алганча, анча - мынча калып кеткен үйдөгү кемчиликтерди бүтүрө бермек болдум.
Биз айылга келгенден бери алты жылдай иштеген Бердигул , кызматынан көтөрүлө баштады. Анын көтөрүлүүсүнө себепчи, менин апамдын таякелери эле. Өзбекстанда жашашса да, Бердигулга жардам беришти. Анын жолдорун мен сурабадым. Борбордон сүйлөшүп, бүтүрүп келишти. Менин кубанчымда чек жок. Кыялымда " томаяктын " аялы эмес , " чоңдун " аялы деген таттуу ойлор турду ... Менин балдай таттуу , асыл ойлорум! Чоңдун аялы болгондун жыргалынан азабы көп болоорун кайдан билдим ! ...
Баары жаңы үйгө келгенден кийин башталгандай ... Өз убагында үйгө келчү Бердигул, бара - бара үйгө кеч келе турган боло баштады. Кээде жеңил гана алкоголдун жыты жыттанып келчү болду. Негизинен иччү эмес. Кызматына байланыштуу башка райондорго да командировкалап, кээде көп күндөргө чейин үйдө болбой да калат. Ал жок күндөрү чоң үйдө чиедей үч балам менен өзүм жалгыз калам. Келээри менен кайра жумушуна кетет. Убактысы аздыгынан экөөбүздүн аралык алыстап бараткандай. Балдарын дем алыш күндөрү гана көрүп калбаса, дээрлик уктап калышканда келет. Бул жашообуз мага жакпай баратты ...
Түн тээ бир оокум болуп баратты. Бердигул дале келе элек. Адатымча уктабай күтүп отурам. Бир убакта күрүлдөгөн машинанын үнү бизге жакындап токтоп, эшиги " карс " жабылды. Бердигул келди.
— Уктабай отурасыңбы?
Акыбалыбызды суроонун ордуна, биринчи сөзү ушул болду. — Мени күтпөй эле уктай бербейсиңби ... Жакындап келген Бердигулдун оозунан ичимдик жыттанып турду.
— Сени күтпөй, кантип уктайм Бердигул? Сен келмейин, менин санаам тынчыйбы? Жумуш убактың бүтсө да, үйгө келбес болуп калдың. Бизге көңүл бөлбөйсүң ... Бир күн болсо да үйгө эртерээк келчи, Бердигул...?
— Мен эмне, ойноп жүрөт дейсиңби? Мамлекеттин иштери менен жүрөм да. Тиякка айдап, биякка айдап, көрүп атпайсыңбы. Ар " чоңдун " көңүлүн алып, совхоз үчүн иштеп атам да. Силерди багайын деп жүрөм. Менин баскан жерим акча, билсең. — Ме! Менин алдыма бели бүктөлө элек, кыпкызыл акчаларды таштады. — Керегиңе жарат! Мына, биздин колго да акча тиет экен...
Анын кызуураак абалы үчүн унчукпадым. Тилим тиштедим. Сөздүн мааниси каякка багытталганын түшүнүп турдум.
Кызыл , жапжаңы акчалар көзүмө жакын , жакшы көрүнүп, бүгүнкү күндөгү ачуумдун баарын таратып жиберди...
Бул абал дайыма кайталанчу көнүмүш адатка айланды. Мен Бердигулду түнү бою уктабай күтпөсөм да, кээде көбүрөөк кечиккенде уктап калчу болдум. Түн бир оокумда жаныма акырын келип, жылуу төшөккө кирчү . Мен бери, ал ары караган боюнча уктайт... Ортодо сөзү жок түшүнүшүү ... Анын унчукпаганы :— "Мына, жаныңа келдим. Көңүлүң тынч болсун " - дегени эле... Мен да көгөрө: - "Келдиңби? "- да дебейм. Бердигулдун тааныш жыты, андан келген жылуулукка магдырап, уктап кетем...
Бир күнү үй жыйнап, кир жууганы даярдандым. Бердигулдун командировкага чыкканда көтөрүүчү кийим салган чакан сумкасы болоор эле. Ичинде калган кийимдерин алып жатып, чөнтөктөрүн карай кеттим. Ар түрдүү кагаздар менен аралашып жүргөн сүрөт көрдүм. Сүрөттү кызыга карадым. Кооз жасалгаланган тамак ичүүчү жайда Бердигул, ага ыктай сулууча келин, анын жанында дагы эркек - аял. Көңүлдөрү куунак, күлүп түшүшүптүр. Бердигулга ыктай отурган сулуу келинди көбүрөөк карадым. Сулуу да, келишимдүү да экен. Кийген кийими, чач жасалгасынан жөнөкөй аял эместиги байкалып турат. Демек, командировкада жүргөндөгү тааныш аялдар. Жакшынакай аялдарды карап, өзүмдүн келбетим жөнүндө ойлодум. — " Түгөнбөгөн түйшүк деп жүрүп, өзүмдүн келбетиме, сулуулугума кам көрдүмбү? Татына кийинип, жасалга тагып, чачымды жасап, бир жакка бастымбы? Эл аралап, көңүл ачып, эс алып келдимби? Түгөнбөгөн түйшүк менен алышып, өзүмдү унуттумбу? Сен кимсиң , Майра ? Жогорку билимди эмнеге алдың? Карапайым аялга айландымбы? ... Татына кийинип, тырсылдай басып, таза жерде иштөөнү кыялданчу элем го... Мен эч качан жөнөкөй болгум келген эмес ... " . Ыза болгондон көзүмдүн жашы куюлуп жатты. Чоң күзгүнүн жанына келдим. Мурунку Майра кана ?
Кыз кезиндеги учурунан бир топ толуп кеткен, күнгө күйгөн кара тору жүздүү, бетинде эч кандай боектун изи да жок, жоолугунан чачтары куюлган Майра тиктеп турду. Жоолугумду алып, бетимди күзгүгө жакындаттым. Көздөрүмдөн гана жаш экенимди байкадым. Кебетемди өзүм да жактырбай турдум... Катар - катар дем алышсыз төрөт менин өңүмдү бир топ алыптыр. Кыз кезимдегидей бетимден тамган нур жок, кубарыптырмын. Орто боюма толо баштаганым жарашпай турат. Бердигул узун, сымбаттуу эмеспи. Карачы ...жанында солкулдаган келиндер отурат... Менчи... алардын алдында жүдөгөн бирөөмүн. Мени билимдүү аял деп ким айтат...
Жетишет, иштейм ! Мен да сулуу, көрктүү, солкулдаган аялмын! Өзүм менен өзүм сүйлөшүп, жумуштарымды ачуум менен жасап жаттым.
***
Көптөн күткөн бала бакча да курулуп бүтүп, ишке берилди. Кенен, кооз, жылуу, көрктүү эле. Айылдагы мага окшогон жаш энелердин кубанычы чоң. Кээ бири айылда жумушчу болуп иштешсе, кээ бири мектеп же ооруканаларда иштешет. Баарында бала бар да. Бала бакча - энелер үчүн чоң жардамчы.
Үч баламды тең айылдагы бала бакчага жайгаштырдык .
Совхоздон орун болбой, районго эсепчи болуп ишке чыктым. Мына, мен да иштей баштадым...
Эрте менен эрте туруп, Бердигулду жумушка жөнөтмөй, балдарды бакчага, өзүм жумушка. Буту - бутума тийбей, убакытым ушунчалык тар болуп калды. Баягыле апам жардамга келди. Мен жумуштан келгиче балдарды бакчадан алып, кечки тамактарын берип, кээде кечигип калсам, уктатып да коет.
Өзүм ишке чыккандан кийин, Бердигулдун көбүрөөк кечиккендерине көп деле маани бербей кеттим окшойт. Эртели - кеч гана көрүшөбүз, күндүзү экөөбүз тең жумушта. Дем алыш күндөрү да үйдө дайым эле тура бербейт. Себебин сурасаң, жумушу көп экендигин айтат да, кетет.
Ал мага акчаны керектөө үчүн кеңири таштап кетет. Үйүбүз толук бүтө элек болгондуктан, көп жерин кошумчалап оңдоттум, жасалгалаттым. Баарын өзүм каалагандай жүргүзүп жаттым. Бердигул дем алыш күндөрү бир карап, кээ бир жерлерине кеңешин айтып коет. Бул аралыкта чоң кызым мектепке барып калды.
Апам дайым биздин үйдө болгондуктан, Бердигулдун дайым кечигип, түндөп жүргөнүн жактырбай жүрдү. — Түндөп - күндөп көчөдө жүргөнүнө жол болсун. Үйдө отуруп , балдары менен жөндөп чай ичпейт. Үч - төрттөн жандооч ээрчитип алып эле, машинаны чапкылап жүрөт. Алыстан көрсөм да, дароо тааныйм. Сүлкүлдөп кийинип, шляпа кийген күйөө баланы дароо тааныйм. Каткырып тургандарычы. Ай, ушу, көчөдө турганыбы! Акча бар да... Көрбөгөндүн көргөнү курусун - деп, ушуну айтат, кызым ...
Апамдын сөзүнү туура көрсөм да унчуга албайм. Иштеп жүрбөйбү, акча таап атат. Бизди эч кимден кем кылбай багып атат. Ашыкча десем да болот. Салган үйүбүз да элдин алды. Жумушка чыккандан бери мен да эч ким кийбеген кийимдерди кием. Баары мага суктана карашат. Акча колумда ... Бирге иштегендердин көбү— Айлык тийгиче - деп, карызга акча сурашат. Бирөөсүнө "жок " дебей, капчыгымдагы кызыл акчалардын бирөөсүн сууруп берем... Эч кандай кем - карчты деле билбейм. Өз маянама апама, бир тууган сиңдилериме белек - бечкек алып берип турам. Жашоом шүгүр эле, буюрса.
Өзүмө жакшы карап, мурдагыдан бир топ тыңып алдым. Жумушум да райондо болгондуктан, шаардагы эсептелүү " саркеч " аялдардын алдыңкы сабындамын. " Импорт " деп алып келген кийимби, атыр - упабы, сатып келип калышса кайдыгер калбайм. Эң кымбатына карабай, жактыбы, сатып алам. Өзүмө жаккан " таттуу " француз атырларын гана себинип калдым. Атырлардын жыттарын да жакшы билип, айырмалоого үйрөндүм.
Жакында текшерүү келет деп , жумуш убактысынан кийин да кагаздарымды тактап, ушул жума үйгө кеч кайтып жаттым. Апам үйдө, балдарымдан сарсанаа деле болбойм. Мага баарынан да, текшерүүдөн жакшы өтүп алуу маанилүү болуп турган. Чачылган кагаздарымды иреттеп, ар бирин тиешелүү бөлүктөрүнө бөлүп, эсебин чыгарып, тактап отургам. Капыстан чыккан үндөн чочуп кеттим.
— Мүмкүнбү ?
Ушул имаратта , бирок башка бөлүмдө иштеген Мамат экен. Иш боюнча кээде сурашып калчубуз.
— Келиңиз .. Кайдан биз жакка? Келип калыпсыз...
— Ии, ары - бери өтүп карайм. Байкасам эки - үч күндөн бери кечирээк кетип атасың. Коркподу бекен деп, сураганы киргем...
— Жоок, эмнеге коркмокмун. Сыртта кароолчубуз жүрбөйбү. Ал менин ушул жерде экендигимди билет. Көз салып турат.
— Аялды жалгыз койгон болбос. Айрыкча сендей ажарлууларды ...
— Ии... Эмне дээримди билбей , кагаздарымды иреттей бердим. Кетүүгө камынсамбы? - деп ойлонуп аттым.
— Майра , мен жеткирип коеюн.
— Жок, Мамат аке. Такси менен бат эле жетип алам.
— Жеткирип, сени менен баарлашып кетсем болбойт беле...
Мамат мага жакын турган отургучка келип отурду. Мен иреттелген кагаздарды ор - ордуна коюп келдим. Отургучка отуруп, акыркы барактарымды жазып кирдим. Көз албай тиктеп турган Маматтын көздөрүнөн сүрдөп кеттимби, колумдагы ручка түшүп кетти. — Ой ! - деп, Мамат экөөбүз тең эңилиппиз. Жерде жаткан ручканы экөөбүз тең кармадык. Ыңгайсыз боло колумду тарттым. Маматтын карылуу колдору колдорумду кое бербей, кыса кармады. Колум ооруп кетти, боюмду түздөй албай турдум.
— Ах, Майра , жытыңдан ! Таттуусуң го. Көкүрөгүң керемет экен ! ...
Уландысы бар...
Лира Кудайбердиева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев