***БЕРДИБЕК. Башыма жүн өскөнү, мынча кубана элек болсом керек? Мына эми тилегиме жакындап жатам! Нурзатты жанымдан артык көрөм! “Эй, океандай кенен жана терең мелтиреген көк асман! Бийикте сапар тарткан булуттар! Жер шаарын кыдырган шамалдар! Ак мөңгүсү асманды тиреп күн менен өбүшкөн аскалар! Силерге жүрөгүмдөн чыккан ыйык сөзүмдү айтам, мен эми Нурзатты өмүр бою сүйөм!!! Антыма силер түбөлүк эми күбөсүңөр!” Жоолукканга дагы эле батына албай, бирок жүрөгүмө конгон тунук сүйүүм жан-дүйнөмдү тынчытбай, булук салып кирет, аны саат сайын сагынып, таттуу кыялдарга киринип, ичимдеги бугумду чыгарып, жалгыз ага арнап ыссык ыр саптарымы тизмектеп кирем. Кээде ага жетип бара калгым келет, бирок анын жашаган үйү кыштактын алыс, эң четинде эле, суук көздөрдөн улам уялам. Мектебине барып тосуп алуудан да ийменем, анткени көчөлөш курбуларынан, аны кантип бөлүп алам, кантсе да Нурзат менден эки класс төмөн окуйт? Аны уялткым келбейт. Айлам кетип ырларымы кысынып жатып, сейрек аралыкта ага бирден жөнөтүп турам. Ага өзүмдүн бүтүн жан-дүйнөмдү арнаганымды бирок жашырам, ойго келген акындардын ысымын ыйгарам... Жооп келбейт, бирок эми катты алып калат экен. Улам убакыт чурканган сайын, тынчым кетет. Көңүлүм жазгы асмандай бирде бат бүркөлөт, анткени мектепти аяктар акыркы конгуроом жакындап калды. Бир күнү досум экөөбүз кеңешип, түштөн кийинки сменада окууган мектебине бардык, күн бата электе тарайт алар. Окуучулардан качып, алысырак бара турган көчөсүн аңдап, акмалап турабыз. Бир маалда топ болуп эрчишип бир нечеси, узун-кыска, кичине-чоңуурак жаштагысы аралашып, дүрбөп келе жатышат. Жакындай баштаганда алардын алдына түшүп, биз да баса баштадык. Бир топ аралык өткөндө арасы суюлду. Тең чамал курбусу менен гана калганда, жолун тородук. Алар артыбыздан бизди эчак эле байкап, кеп салып келе жаткан өңдүү. Жүздөрүнө иймеңки жылмаюлар конуп, бирок кирпигин түшүрүшүп, токтоп беришти.
Күзүндөгү шамал катуулап, желкеден түртүп жаткандай калдалаңдап жатып,
-Саламатсыңарбы!
Салам жолдобуз күтүүлусүз, бир ооздон чыгып кетти эле? Кыздар бырс күлүшүп, кыткылыктап, дагы жерди тиктешти? Обдула калып,
-Ой, кечирип койгула, шашып кетиптирбиз? -Нурзат, кандайсыз?...
Нурзат кирпигин көтөрүп, мени жалтаң карап, бирок учурашууга колун сунду. Шашкалактаган боюнча алардын колдорун кармай салып, жанындагы кыз менен да учурашып алдык. Нурзат теңтушунун атын атады,
-Асыл!
Анан атыбызды бизда атап тааныштык.
-Кинотеатрда бүгүн индиялык жаңы кино тасмасы жүрөт экен. Чогуу көрүп келбейликпи?
-Бүгүн бара албайбыз го? Үйдөн суранып алып, эртең барсак болобу?
-Жарайт! Рахмат!
-Бирок кинотеатрдын оозунан эле жолугалы? Саранышты кыздар.
-Мейли, жарайт! дагы ооздон жапырт чыгып кетти ...
Алар кайра күлүшүп, узашты.
Эртээси кинодон тарап, түгөй болуп эрчишип, мен Нурзат менен баратам. Ошол түндүн кооздугун айт!... Жымжырт, асман кара, жылдыздар төбөбүздө жабалактайт, ай гана көрүнбөйт, аба мелүүн, үлп эткен жазгы жел, бети-мойнуңубузду сылап, ойноп турат. Айтыла турган сөздөрүбүз бир топ чогулуптур... Адегенде кино тасмасы тууралуу, анан өзүбүздүн күндөлүк жашообуз, ойлорубуз, келечек максаттарыбызды баяндап түгөтө албай, түн түрүлүп баратканда, асманга Чолпон жылдызы алмаздай жашыл бриллиант нурларын таратып калганда гана үйлөргө тарадык. Эми деле сейрек жолугабыз, анткени ал элден, курбулаштарынан ийменет, бирок жолуккан сайын сезимдер деңиздей тереңдейт, толкуну буракандап, бүрккөндө агарган көбүктөрүн канатым тилет, ойкуп-кайкып ак чардактай учуп калам. Эми эт жүрөгүмдөн кан агызып, ага арнаган ырларым тетраддарга толуп барат. Күн жерди улам айланган сайын, жан дүйнөм айлан-көчөк, бирок бир өкүнүч көңүлдү уялайт, сырымды ага толук ача элекмин? Анткени дагы эле аны кичүү сезем, анын ойлору булак суусундай тунук, ага азыр ачылганым осол болуп, көңүлүн сындырып аламбы - ойлоп чоочуйлайм.
Мектепти аяктап, Фрунзедеги Политехникалык инститтун өнөр-жай жана граждандык курулуш факултетине тапшырып, өтүп кеттим. Эми кат жазышып, сагынган күндөрүм күчөдү. Жайкы каникулда инститтун комсомол уюмунун демилгээси менен курулуш отряд түзүлүп, мал жайыттарга кошар салууга, шаарга жакын делген Суусамыр аймагына чегилип кеттик. Ал жылы жолугушуу кыска жана учкай эле өттү. Чер жазыла сүйлөшө алган жокпуз. Ошентип жүрүп Нурзат да мектепти бүтүрүп, Улуттук университеттин экономика факультетинен окуп калды. Эми арзуулар азайып, эркин жолугуп турдук. Студенттик учкул ойлор, кыялдар коштогон; жашыл, тунук сүйүүгө толгон жашоо жүрүп калды. Ал экинчи курсту бүткөн учурда, мен институтту аяктадым. Алгачкы бир максатым аткарылып, кучак толо сүйүнүп, ал күндү өзгөчөлөнтүп, теңтуштарыман бөлүнүп, Нурзат менен гана өткөрүп, ошол институтка жакын жайгашкан “Жаштык” кафесинде белгиледик.
Күн бүркөк эле, аба нымдуу, жаан түнү бою жаап, шаар ичин тазалап, мелтиретип жууп салган, аба сергип калыптыр, эми тунган бейпилдикте, жашылдар дүйнөсү шүүдүрумдой мончоктору менен ажайып... Табияттын бул жагдайы маанайыбызга белек тартуулап жаткандай сезилет... Жай чырайына толуп, аба жумшарып, айланабыз сүйкүмдүү көрүнөт. Газондордо көтөрүлгөн түрлүү гүлдөр иймеңки, бойго жаңы жеткен кыздай жылмайышат, нымдалган жүздөрү кубулуп, жыпар жыты сызылып, баары назданып бизди тиктешет. Тротуарлар, көчө асфальттары күскү бетиндей жалтырайт. Сезимдер таза, тоонун желиндей үлбүрүнкү, ойлор ак мөнгүдөй бийик, жүрөк жалын, келечек эми айкын. Күндүсү эле үлпөтүбүздү өткөрүп жатабыз. Бир маалда терезе дабырап, июль айынын жылуу, жылдызданган жааны себелей баштады. Айнектерден салалап, көз жаштай аны жууп жатат. Бир маалда сезимдер оргуп, балалык кез эликтирди, сыртка атып чыктык, эми жылуу жаанга бийледик. Жүзүбүз нурга чайканып, жүрөктөр ээ жаа бербейт, таттуу кыялдарга чөмүлүп, жаан суусуна көл-шал болуп, сүйүү деңизинде сүзүп жүрдүк. Нурзаттын көздөрү жылдыздай балбылдап, кирпигине шуру мончок тагылат, кареги агаттай мөлтүрөп, эриндери анардай бултуят, менин делебем токтобой козголот. Суу денесин койнума оросом, кош алмасы төшүмдү тирейт, көкүрөгүмө балка урулгандай, кош жүрөктүн кагышы биригип дүкүлдөйт. Мойнунан канбай аймалап, жүзүнөн тамчыларын соргулап, жанымдай сүйрөмдү кайталап, Нурзаттын кулагына тынбай жамайм. Ошол жайкы асмандын берметтери мол кулаган, жүзүнөн алмаз нурлары бырыксыган, чачы шаркыратмадай кубулган күнү, жан дүйнөбүз бирикти! Үйлөнүү тоюн августун орто ченине белгиледик. Айылдан өткөрдүк. Сентябрь башталышында Нурзат кайра шаарга кайтып, окуусун улантууга киришти.
Мен институттун бөлүштүрүсү боюнча Проектилер институтунда инженер-проэтировщик болуп, шаарда калып, алгачкы кызмат жолумду баштадым. Издеп жүрүп, рабочий городокттон жапыс жер тамдардан, кичинекей далиси бар бир бөлмөлүү квартира таптык. Чымчыктын уясындай кичинекей болгону менен, биздей жаш үй-бүлөгө эң ыңгайлуу, жылуу, жагымдуу, сүйүгө толгон турмуштун алгачкы барактары ачылды, көрктүү жашай баштадык. Кийинки жазда эркек балалуу болуп, эми балапан күтүп, бүлө бактысына кириндик. Баланын күлкүсүнө, жытына тунган кызыктуу жашообуз уланды. Убакыттар учкан куштай, көпкөк, тунук, түпкүрү жок, терең мейкиндикте чабыттап, кубаныч, күлкү, коштогон турмушубуз жүгүрүп жатты. Нурзат балага карап, академиялык отпуска алды. ”Аял алсаң -отун ал!” дегендей, жумушума жаңы дем менен чуркап, ”үй-бүлөмө нан” таап кирдим... Эки жылдан кийин өндүрүш тармагына которулдум. Шаардагы курулуш ПМК ишканасына; адегенде бригадир, прораб, инженер кызматтарын иштеп, мезгил менен такшалып жаттым. Нурзат да окуусун аяктап, шаардагы спорт-интернаттын бирине, жөнөкөй бухгалтер кызматына орношту. Убакыттар көз ирмемдей чуркап, дагы эки кыздуу, анан эң кичиси кайра эркек бала төрөлүп, төрт баланын ата-энеси аталып, Тунгуч микро-районунан төрт бөлмөлүү квартира алдык. Турмуш бакубат, бейпил жүрүп турду... Анан эле, жерге ааламат түшкөнсүп, СССР мамлекети күтүлбөстөн урады. Элибиз эгемендуу мамлекеттигин алды. Заман өзгөрүлүп аны менен турмуш, иштер таанылгыс алмашты. Элдин жашоо-тиричилиги кыйынчылыкктарга тушукту. Мамлекттик ишканалардын бааардык түрлөрү приватизацияланып, менчикке өттү. Менин тагдырыма да өзгөрүү кирип, иштеген ишканам акционердик коомго айланып, акция үлүшүнө жараша менчикке өткөрүлдү. 25% акциясы мамлекетте калып, 75% акциясын коллектив ээлеп, жабык акционердик коомго айландык. Адегенде мамлекеттик карыздардан кутулуш үчүн иштеп жаттык. Бирок СССР учурундагы экономикалык интеграциялык байланыштар үзүлүп, курулуш баалары кымбаттап, аны сатып алыш үчүн банкттардын кредиттери асмандап, ишканын иштери солгундай баштады. Согуш жүрүп, бомбалар түшүп талкалангандай, басымдуу тармактардын иштери токтоду. Биздин ишканада бир жарым миңдей киши иштечү элек, курган квартираларга суроо-талап улам төмөндөп, сатып алганга элдин каражаты жок, анын айынан өндүрүш кыскарып отуруп, элуудөй эле киши иштеп калдык. Башка улуттар жапырт эгемендүүлүк алган, өз өлкөсүнө кете баштады. Ишканабыз акыры банкрот болуп, ликвидация иши жүрдү. Мага ишканынын 8% акциясы тандык болгон эле, бирок өлкөдөн биротоло чыгып кетип жатышкан акция кармоочулардын үлүштөрүн, арзан баада сатып алып жатып, 22% ке жеткирдим. Анан негизги каражаттарды бөлүштүргөндө; мага бир высотный Кран, бир жаңы Маз маркасындагы самосвал, дагы жүрүп турган ошондой маркадагы самасвал жана башка майда өндүрүш шаймандары тийди. Курулуп жатып толук бүтпөй (незавершенка) калгандан, бир жети этаж тамдын чала бүткөрүлгөн үч этажы жана үч этаждуу соода иммаратынын каркасынан 16% үлүшү мага катталды. Бирок мен да эми жумушсуз катары көчөдө калдым. Эки самосвал менен жаныма дагы бирөөнү айдоочу кылып жалдап алып, шаардын ар кайсы бөлүгүндөгү курулушу бар жерлерде кезекке туруп, жүктөп келген шагыл, кум, таш, топурактарды сатууга кардар издеп, күнүгө таң аткандан-кечке турмай. Ал жерде мен эле эмес көп аттандаштарым бар эле. Бул жагдай биздин үй-бүлөлүк турмушубузга залалын тийгизип кирди.
***НУРЗАТ. СССР учурунда топураган дос, тели-теңтуш күтүп, келечектерибиз айкын, турмуштук көйгөй жок эсе, туруктуу максат, учкул кыялдар менен жашап келсек, эми капыстан келе калган, “бул түбү түшкүр заман?” Жаман түш көргөндөй, бакубат жашап жаткан турмушубузду аесуз тебелеп-тепсеп кирди. Бердибектин иши жүрбөй, башы шылкыйып, көңүлү басынып, эмне кыларды билбей, үйдү тегеренип жүрөт. Ишканасы жоюлуп, андан үлүшкө тийген эки самосвалы менен каражат табууга аракет кылат, бирок ал жарытпайт. Анткени элдин колунда там салганга каражат жок кез. Анан көңүлү чөгүп, жолдош-жоролору менен алаксымыш этип, ичкиликке да жакындап баратат. Иштеген жеримде башкы бухгальтер болуп орус улутундагы аял иштечү эле, ал кызматын мага өткөрүп берип, мекенине, Россияга көчүп кетишти. Интернаттан ашырып бир аз; нан, сүт, консерва азыктарынан кол сумкама сала келем. Жашаш керек да. Аны көрүп Бердибектин көңулу чөгөт, эркектик намысы кармайт. Сыпайы жашап калдык. Жакын жолдош-жоролору азайып, ар кимиси өз арбайына жараша чуркап, алар менен байланышы үзүлүп, кийинчерээк үйгө камалып калды. Балдар эр жетип, аларды окутуу көйгөйлөрү да жаралды. Азыркы заманага суралган кесиптер болсо контракттык негизде окутулат, бюджет каражатынан каржыланган кесипке улуу балабыздын тандоосу тура келбеди. Айла кетип, Бердибек каражат таап жүргөн жаңы самосвалын садага чалып, взносун төгүп берип, Мед.акедемиянын врач-хирург кесибине окутуп кирдик. Кийинки балдарыбыз да артынан жетилип, аларды да кесипке окуту керек эле? Баарын ойлосок, эми жаныбыз тынчыбайт. Бердибектин бир туугун жеңеси; Кытай, Иран, Индия мамлекеттерине автобустар менен каттап, товар ташып келип, аны Россияга жөнөтүп, эки сиңдисин аяктагы базарга орноштуруп, чекене соода жасашып, кенен жашап жүрүштү. Аларды көрүп айла кетип, мен да кызматын өткөрүп берип, ошол жеңемден карыздап товарын алып, Уфа шаарына соода жүргүзүүгө жөнөдүм. Эми ал учурдагы чет жерде, өзгөчө Россияда соода жүргүзүү иши тозок боло турган. Расмий соода жүргүзүүга уруксат кагазын алуу кымбат, ошондуктан соодабыз көп учурда легалдуу эмес жүрөт. Суук жеринде үшүгөнүндү унутуп, ар бир келген кардарларды сыпаа-жумшак узатып, ага шилекеиңди чачыратып, товарыңдын сапатын мактап, кардарлардын ой-боюна койбой, ары бери тууралап, жабышып жатып соодалайсың. Жаныңды кечке сабап жүрүп акча тапсаң, кээде бир жагынан соода орунуңду, документтериңди текшерип, милициялары тоноп кетишет. Жашоо үчүн айгышкан кармашуу жүргүзүп жаттым. Ошентип жүрүп, июль, августь айларын да гана, эл эс алууга тараган сезондо, соодо бир аз солгундай түшөт, ошондо женемдин сиңдилери менен кезектешип, үй-бүлөңдү сагынып, жерине жөнөйсүң! Биринчи жылы талбай иштейин- болуп, бир эле жолу, кийинки жылдары эки үч жолудан, бир айлап гана үйгө барып келмей. Кайра тартканын да азап. Көзүңө жаш алып, кеткин келбей, аргасыз сапар тартасың. Кечке базарда тик туруп, жалданган квартирабызга жетер менен, мас болгон кишидей чайпалып, эч нерсе сезбей, уйкууга кирип, бул ыраймсыз дүйнөнү убактылуу унута каласың? Ошентип үй-бүлөдөн бөлүнүп жүрүп, жети жылды кечирдим. Кечке эле талаада бөрүдөй жалгыз жүрө бергин келбейт экен? Мен да чарчадым, тажадым, жашым ушундай турмуш менен күрөшүп жүрүп, көз ирмемдей чуркаптыр, 46 жашка чыгыптырмын, аны ойлогонго чамам болбоптур? Бул ишти токтотсом дегенде, эки көзүм төрт! Жылда эле токтоткум келет, бирок улам эле шарт тура келбей, турмуш кыстап кирет? Эми арадан онго жакын жыл өтүптүр. Бирок мага окшогон миллиондогон мигранттар аракеттенип, мындай шарттарга чыдап, үй-бүлөсүнө жиберген миллиардаган каражаттары, элдин турмуш-тиричилигин жакшыртып жатат. Өз жеринен участок сатып алышып, үйлөрдү заңкайта салышып, же квартира сатып алышып, курулуш тармактары эми жандана баштады... Бирок Бердибектин кыймылы өзгөрбөйт. Баягы жалгыз Маз-самосвалы менен; таш, кум, шагыл ташуу менен гана алектенет. Мурункуга караганда “шабашкасы” өсүп калды, бирок аны менен кошо “кекиртеги” жана көңүл ачмайы да көбөйдү. Үйгө продуктууга жеткидей акча таштайт, калганын мончодо биллиард ойногонго жумшайт. Экөөбүздүн мамилебиз кийинки кезде салкындап, бири-бирибизден алыстап баратабыз. Аны байкасам: “Мен анын ою боюнча, дагы эле жалгызсырап темселеп, бөтөн жерде тентип жүрө беришим керек экен? Дагы “ишимди” улантып каражат таап, жаралган көйгөлөрдү мен гана чечишим керек экен?” Кийинки жылдары бир дагы жолу, жок дегенде ыраазылыгын, чын ниетинен билдирип койбойт? “Нурзат болду эми жетишет, жакшы эле жанталашып иштедиң, эми үйдө эле окат кылалы?!” Дей элек? Кайра мага; “тиги жетишпейт, бул жетишпейт?” Дегенсип, көйгөлөрдү үйө берет... Ал эми “шоковый” заман эчак өтүп, элдин жашоо-турмуш денгээли жакшырып жатканы ага көрүнбөйт? Элче кыймылдайын деген аракети эмес, андай оюда жоктой сезилет? Курулуш жанданып, тамдар салынып, ага суроо-талап көтөрүлдү. Бердибектин иши гана кашаң, тигиниси-мунусу жетишсиз. “Кесиби суралбай жатса, эркек башы менен солоктоп бош жүрсө, ага деле кыйын да?” аны аяп жүрүп, өз башым менен аны бузуптурмун, кийин өкүнүп баратам. Эми жумшартып, сылап сыйпап, акыйкат сөз сүйлөсөм, ал сөз жебейт? Заматта көңүлү бузулат, үндөбөй сыртка качып жөнөйт. Илгери колумду сурап жатканда, тизелеп алып: «Мен сени өмүр бою мойнума көтөрүп багам!» Деген убадасын эстегиси келбейт, кайра мен аны өмүр бою мойнума көтөрүп багат окшойм? Үйгө түн ортосунан эбак өткөн убакта, эл эчак уйкусуна кирген маалда, мышыкча үн чыгарбай басып, кирип алат. «Булар уктасын, кулак мээм тынч болот?» окшойт? Биз ага үн деле какпайбыз. «Өзү ойлонор!» деп, кайра эле үмүт артабыз. Таң эрте туруп, күн жарыгы менен жарышып, «жумушуна”» шашып жөнөйт? Менден, балдардын сөздөрүнөн тайсалдайбы, же жалгыздык жашоого, жалгыз жанын гана багып көнүп алганбы? Эптеп мени Россияга жөнөткөнчө шашат! Мен жокто эмне кылып жүрөт, бир Кудай гана билбесе, улам үй-бүлөдөн да олактап, чоочун да болуп баратат. Курулуш фирмалары иштеп кирди. Бердибектин кесиптик адистигине, тажрыйбасына суроо-талап күчөдү. “Курулуш ишканалары иштеп калды, сен эми аракет жасап, иштеп көрбөйсүңбү” деп бир күнү кармап алып, кеп баштасам... Жылан чагып алгансып чоочуп, ордунан так секирет! «Бирөө үчүн иштебейм, учуру келгенде, банктардын кредит процеттери төмөндөсө, карыз алып, өзүм жеке ишкана түзүп иштетем!» Мени жекире карайт. Балдары чоңойду, элден, туугандардан мен уялчу болдум. Өңү көк асмандай мелтирейт эле, мелтирейт.
Кийинки бир жолу менден,
-Мен фирма түзөйүн. Россиядан тапкан акчаңды ишкананын оборотуна салып айланталы? -деп калыптыр.
-Мен чогулткан 10-20 мин долларга ишканаң иштеп кетеби? Ал каражат кайсыл курулуш материялыңа жетет? Десем.
-Анан эмне кыл дейсиң? Көп кредит алсам, процентти асмандын башы, анысы кантип төлөнөт?
-А башкалар, кайдан акча таап, кантип иштетип жатат? Мейли ишкананы жөн кой? Бизди байытпай эле кой? Жок дегенде иштеп жаткан ишканаларга кирип, прораб же бригадир болуп иштеп алсаң болот беле? Бош, колгоктоп, ичкилик ичип, көңүл ачып жүргөн гана сага жагабы? Мага акча алып келбей эле кой, өзүң бош жүрүп, элден четтеп калдың?
-Мага акча коротпой эле кой? Качан иштейм, өзүм билем! Керек болсо, Казахстанга жөнөп, үйдөн бир жолу кетип, жаныңарды жакында тынчытам-деп, өзүмдү кайра «коркутат?» Кийинки кезде эми анын оңолоруна ишенбей баратам. Акыркы жылдарда тапкан акчамды жашырып чогултуп, үйгө жакын микрорайон борборунан ишкерлик жүргүзүү үчүн жер ордун сатып алдым. Бердибекке кайрылып; “ага парихмакерская иммаратын куруп алалы, ошонун материалын мен сатып берейин, сен эми куруп бер?” Макул көрбөйт, жаңжалдашып жатып, араң көндүргөм. Бирок Россияга жөнөсөм, бүтүрмөк тургай чекесине басып барбаптыр. Эки уулум чуркап жүрүшүп, эптеп аны бүтүрүптүр! Көңүлүм ошондо анык муздады. «Эми аргам жок, маңдайыма жазылган тагдырым ошондой экен да?» Ичимен түтөп туруп бердим. Парихмахерлик кесипти контракт негизинде үч айлык кесиптик курсттардан окуп, өздөштүрүп, дагы үч келинди жалдап, ишти ийгиликтүү жүргүзүп алып, Россияга баруудан эми кутулуп, көңүл бир аз жайланып, өз жеримде, өз төшөгүмдө жашап жатам...
***БЕРДИБЕК. Бир күнү бир достун туулган күнүн белгилеп, аягында билиарда мелдешип, көп ичкилик ичип коюптурмун. Башым булуттап, бутум баш бербей, сүйрөлүп араң жылат. Достор такси жалдап үйдүн алдына жеткирип коюшту, «үйгө киргизип коюга», мен каршы болгом. Ал кезде Нурзат Россияда жүргөн, балдардан уялсам керек, үйдүн подьездинен дагы алыстап, башка катардагы эл жашаган корпуска эптеп жеткеним эсимде, скамейкага отуруп, анан уктап кетиптирмин. Ойгонсом бөлөк үйдө, чоочун диванда, көйнөкчөн, шымчан жатам. Башым салмактанып, зыңылдап ооруйт, оозум кургайт. Анан кечөөкү үлпөт эсиме чала-була түшүп. “Мени тааныган бирөө, бул үйгө киргизип, эс алдырып койгонго?” Деп боолгоп, кимдики болсо да, уялып жатам... Акырын дабыш чыгарбай, байпагымды кийип, туфлими колго алып, сыртка чыгайын болуп, эшикти акырын түртсөм, кулпулануу экен. Ачкычын издесем табылбайт? Качалбасымы түшүнүп, кайра ордума келип, соксоюп отуруп, үйдүн ээсин көпкө күтүп, «ден-соолугум» болсо кыйналып кирди. Суусаганымы айтпа? Тилим кургап оозума батпай, шилекейим чыкпайт. Уруу кылган мышыктай, бүктөлүп отурам. Бир топтон кийин бир бөлмөнүн каалгасы кыйчылдап калды. Ал тарапты карасам; ак халат кийген бир узун келиндин сөлөтү чыга калды, жүзү жылмайят, мени жагымдуу тиктегени байкалат. Бирок аны тааныганым жок. Анкайып оозумду ачып, кебете-кешпиримден корунуп, жалдырап анын көзун тиктейм. Эмнегедир өңү, көзү, тааныш көрүнөт, бирок ким экени эске келбейт? Ал жакындап келип, көзү чачырап, жадырап карайт,
-Бердибек агай! Кандайсыз? Мени тааныбай жатасызбы? Мен Бурулаймын да! -Биз чогуу бир ишканада иштешпедик белек? Мен экономист болуп иштеген, Бурулаймын!
Карегин балбылдатып, сөзү шаңдуу чыгат! Светти да жарык кыла коюп, жаныма, дивандын четине отуруп, өңүмө таңыркайт...
Эми эстедим, жооп берейин-десем, оозум баканыкындай кургап калган, үнүм тилиме клейдей жабышат. Көзүм жашылданып кеткенин байкадыбы, кайра ордунан тура калды. Бир кружка суу көтөрүп келди. Кружканы алайын деп жутунсам, кызык болдум, колум калтырайт? Уялгандан, апкарыгандан болсо керек, дейм? Же кечеги катуу ичкендин кесепети го? Бирок үн чыгарбай жутуп ийип, анан анын көзүнөн тайсалдап, ыймандыкты издейм...
-А, Бурулай! Тааныдым! Кантип тааныбай калайын? Кечирип кой, мени? Оозум кургап калыптыр... Кечөө бир досумдун туулган күнүн белгилеп, байкабай ашыкча кетип калыппыз? Сага даана уят болдум ээ!
-Эч нерсе болбойт! Турмушта баары боло берет. Идеальный адам жок, кимде болбосун кемчилик бар... В.И Лениндин деле кемчилиги эми билинип жатпайбы, байке! Азыр мен сизди айыктырам, заматта соо кулундай жүгүрүп каласыз! Жүрүнүз. Ваннаны көрсөтүп берейин, жуунуп алыңыз, анан кухняга келе калыңыз?
Мени эрчитип, ванный комнатасына киргизип ийди. Эми кымырылганда, кайсынымды жашырам? “Эмне болгонуму, ал түндөсү эле көрдү да?” Көйнөгүмдү чечип, башымды муздак сууга малып, анан жылуу суу менен самындап жууп, таранып чыксам. Ал кухнясында көрүнбөйт. «Бир бөлмөсүнө кирип кетсе керек» күтсөм, ың-жынсыз тынч... Күтүп отурам чыдамсыз, бир жагынан башым ооруйт, чайы болсо кайнап кирди, аны өчүрүп койдум, убакыт бир топ жүгүрдү, дайыны чыкпайт. Бир маал өткөн соң, сырткы каалгасы ачылып, шыртылдаган үн чыгып, ал ичкерий кирип келди. Жаркылдап алыптыр, колунда бир пластик баштык бар, аны столго коюп, ичинен бир бөтөлкө коняк жана минеральный сууларды сууруп чыкты. Аларын көрүп, дагы ынгайсыздана баштадым.
Эми бир топко кармаларымы түшүндүм... Маңдайыма отуруп, жүзүн нурдантып, мени тигиле тиктейт, жакын кишисиндей улам карап? Бирден чай куюп анан нан, колбаса туурап, жай кыймылдап холодильнигин аңтарып, эки жашылча салаттарын алып чыгып, столдун үстүн жайнатып салды... Улам менин көзүмдөн-көзүн албайт, күлмүндөп коет, бирок үн чыгарбайт. Баарын бүтүргөндө гана,
-Чай уртаныз, Бердибек байке! Өзүнүздүн эле үйдөй сезип, кенен отуруңуз.
-Рахмат,Бурулай!
Чайдан бирден ууртагандан кийин, мен туруп, коньякты бузуп, кичинекей конячный, узун бутту хрусталь стакандарга бөлүштүрүп койдум.
-Анда, Бердибек байке! Кайра жолугуп жатканыбызды белгилеп коелу! Мен сизге жолугуп калганыма абдан сүйүнүп жатам.
-Рахмат, Бурулай! Мен да кубанычтамын! Бирок ушундай шартта сага жолугуп жатканыма, чынында уялып жатам, дагы кечирим сурайм!
Стакандардын ичиндегини бирден алып ийдик.
Бурулай мурунку директорумдун кызы. Мени менен кийинчерээк, экономист-инженер кызматтарда иштеген. Бурулай менен жумуш тууралу эле маектешип калчубуз, азыр 35тер жашта болуш керек... Ал менден он үч жаштай кичүүрөк. Ачык, шайыр мүнөз кыз. СССР доору аяктап, ишкана иши жайлап калган жылы, турмушка чыгып, үйлөнүү тоюна Нурзат экөөбүз катышканбыз.
Бурулай аздан уртап, мени сүрөп кирип, 3-4куюм алдырды... Сөз кызып, СССР заманынан баштап, ал кезде гулдөп турган ишканабыз, жаркыраган заман жөнүндө жана азыркы заман тууралу жандуу маектешип, бир топ убакыт чер жазыштык. Кечөөкү ичкен ичкиликтин калдыгына аралышып кетти көрүнөт, кайра кызып баратканымы сезе баштадым. Анымды Бурулай да байкап калды.
-Бердибек байке! Сыртта бир аз жумушум бар эле, кечирип сурайм? Аны бүтүрүп келе калайын? Сиз бул жерден кетпей эле туруңуз? Үйүңүзгө барганда деле, жалгыс эмне кыласыз. Ваннага түшүп, сергип, диванга жатып эс ала бериңиз. Түштө чай кайнатып ичиңиз. Мен түштөн кийин келип, сизге ыссык шорпо кайнатып берип, бир коноктоп коеюн? Менден уялбаныз, менин мүнөзүмдү билесиз да, ачыкмын, чын ниетимди жашыра албайм, сизди абдан сыйлайм...
Кызуу болсом да, бул жерде дагы калганым уят экенин сезип, “ал жалгыз бойдок келин болсо, менин аялым, үй-бүлөм, үйүм турса” деп ойлонуп, кетуугө чыгынсам. Бирок таз кейпим кармаса боло? “Турайын десем, башым кайра айланат, бутум болсо бетон куюп койгонсуп оорлойт.” Ал аны сезип калды, дагы ой-боюма койбой, айтканын кайталап кирди. Сыртка жөнөп жатып,
-Бердибек байке! Мен сизди эми “камап “кетем? Тамашалайм! Сырттан бирөө келип калса, сиздин тынчынызды алат! Ваннада халат илинип турат, пайдалана бериңиз. Анда, пока!
УЛАНДЫСЫ БАР....
ЖАНЫШБЕК СЫДЫКОВ.
Комментарии 10