Унаанын башын буруп ойду келди айдап жөнөгөн Азат бүгүнкү күндү баштан аяк эстен өткөрүп жатты. Эмне деген укмуш күн болду бүгүн ал үчүн. Бир күндүк чыныгы тажрыйба жүз жылдык куру өткөргөн өмүрүнду жокко чыгарат деген ушул беле. Бирок дагы бир жолу бардык кырдаал анын атасынын кучтуулугун далилдеп турат. Эмнеге баары эле атасын колдой беришет, кантип алар Азат көргөн катуу кыял, өзүмчүл, адилетсиз адамды көрө алышпайт. "Жоок" , деди ал, "алар жөн гана андан коркушат, ооба бир эле ооздорунан аны жаман деген сөз чыгып көрсүнчү, эртең өздөрүн жер бетинен таппай калышат. Тагдырдан качан эмне кутушту билбейсин. Менчи? акыркы эле күндөрдө нечен ирет ага каршы чыктым, а бирок али да тирүүмүн. Балким Айкера туура айтаттыр, атамдын эң жакын адамы менмин ошондуктан ал мага зыян келтире албайт. Ашпозчу аял да ошону эле айтат. Барочу? Ал бизде ата баланы чырмап турган үзүлгүс түйүн бар дебедиби, биз кааласак да узо албайт имишпиз. Бир эмес нечендер бир эле сөздү кайталап жатышат, балким чын эле мен алар көргөндү көрө албай жаткандырмын. Атам менден алыста деп наалыйм, а мен өзүм ага жакындоого аракет кылып көрдүм бекен? Азыр барсам эмне болот? Үйгө киргизбей койсочу, өтө эле катуу айтып чыгып кетпедим беле." деген эки анжы ойлордун кучагынан чыга албай шаарды айланып жүрө берди. Канча ирет үйүнүн жанынан айдап өтүп бирок кирип барууга эрки жетпей койду.
Эрте менен жумушка келген Акжигит ишкананын алдында токтоп турган кара түстөгү БМВ М5 үлгүсүндогу кымбат баалуу унааны көрүп жанына басып келип, терезесин чертип ичинде уктап жаткан Азатты ойготту. Көзүн укалап айланасын карап кайсы убак, кай жер экенин эстей албай жаткандай дендароо отурган Азат экинчи ирет терезе чертилгенде гана бекилген эшигин ачып Акжигитти унаага отургузду.
-түнду ушул жайда откордунбу?
-мен өткөргөн жокмун, өзү эле өттү. Эгер мен өткөрө турган болгондо көп тундордо калып кетмекмин.
-тамаша сүйлөгөнгө чаман жетип турса демек жашоого болгон каалоон өчө элек. Анан эмне унаада буктолуп уктап жүрөсүң, шаардын жарымы сенин үйүн болуп турса.
-менин эмес атамдын.
-Туура, а бирок ал ата сеники эмеспи. Бир убакта ал да сендей эле баары атамдыкы деп жүргөн, демек учуру келип сенин уулун да ушул кепти айтат.
- А мен сага башкача айтам. Менин уулум да ушундай айтуусу мүмкүн, бирок ал айткан нерсе сен экөөбүз айтып жаткандан асман менен жердей айырмасы болот. Эгер айрыма болушун каалабасам анда менде уул болбойт.
- Ошондой де. А сага кайсы тандоон көбүрөөк жагып турат?
- экөө тең жагып турган жок. Бир бармагымды тандап экинчисин кесип салсам эмне жаным оорубай коймок беле.
-ошондуктан эки бармагынды тең соо алып кал, акылды иштет. Өзүңдүн бармагынды кесип салганга караганда бөтөн бирөөнукун кескен оң, жок дегенде анын оорусу сага сезилбейт, албетте мындан башка жол жок болсо, деп түшүп баратып кайра ордуна отуруп калды.
-Үйдө тунобой бул жерде жүрүп али да тирүү бул кымбат баалуу унаада отурсан демек атаңды жетүүчу чекке жеткире элексин. Ага жеткенче акылына кел, андай эле эр болсоң атаңдын дүнүйөсүн бүт кайтарып бер. Ошондо көрөсүң сага андан эч нерсе керек болбогонун, селсаяк да сенден байыраак жашаганын тушуносун. Ал го каалаган жайынан ачык асман алдынан жай табат, а сага бул шаарда эмес көп өлкөдө орун калбай калат.
-эмне дегин келип турат? деди Азат башын силке.
-Дегим келгенин деп болдум, эгер мени жакын санасан кебиме кулак сал. Мен сени бир тууганымдай жакын көрөм, балким башкалар да ушундай эле ойдо, бирок эч ким ал чындыкты көргөзө албайт. Мен аларды жакшы түшүнөм, себеби мен да алардын биримин. Тагдыр Акбарович турганда андан өтүп сага жакын болууга жол жок, деп курч көздөрү менен карап туруп, Азат кургап калган оозун суулап шилекейин жутканча унаадан түшүп кетти. Азыр ал дагы бир суроону берип сөздү көбөйтүп отурмак, андан көрө ал суроосуна өзү жооп издеп таап алсын дегенсип аны өз ою менен жалгыз калтырып кетти.
Азат болсо анын акыркы сөзүнүн түпкү маанисине түшүнө бербеди, өзү чечмелеген ойду өзүнон алыс кууп. Кантип эле Акжигит аны өз атасына каршы койсун, ал жөн эле эсине келтириш үчүн ушинтип айтты болуш керек, дайым эле чектен ашып баратканда ушундай катуу айтып эсине келтирип турат эмеспи, деп өзүн жооткотуп унаасын жүргүзүп ал жерден узап кетти.
Шаарды бир айланып чыгып саатына караса тогуздан өтүп калыптыр, бул убакта атасы эбаак үйдөн чыгып жумушта отурган болот. Ушул учурдан пайдаланып үйү тарапка өтүүнү туура көрдү. "Эгер кароолчулар дарбазадан кийирбесе демек баары бүттү. Жок андай болбосо атам кече мен айткан акыркы сөздү укпай калган болот, мен да эч нерсе болбогондой кадимки жашоомо кайтам. Балким чындап эле баары айткандай атам мени чексиз жакшы көрсө акыры айтканыма коноор, качанкы жаңылыш сүйлөгөнүм үчүн кечирээр. Бир эбин таап Айкера менен тааныштырып алсам бардык ою озгорулмок, аныкындай акыл анча мынча эле аял затында болооруна ынанмак, деп кыялданып отуруп үйүнө жетип келди. Анын унаасы дарбаза алдына жеткенде эле чоң дарбаза эки тарапка жылып кенен ачылып тосуп алды. Баары ал элестеткендей жаман эмес экен, кароолдогу жигиттер кадимкисиндей эле башын ийип салам берип турушат, үй кызматчылары да ага башкача көз менен карашкан жок, баары жайында күндөгүдөй эле өзү көнгөн жашоо уланып жатыптыр. Үйдү кыдырып атасы жок экенине ынанганда гана ашпозчу аялды издөөгө өттү. Ал үйдүн арка тарабынан келе жаткан экен.
-Мен келдим, деди Азат башын жерге салып уянкы.
-Кардын ачпы? деп кадимкисиндей куйполоктоп анын карды менен алек болду аял, башка эч нерсе дебей. Кыязы жигитти уялтпайын деди окшойт.
-башка эч нерсе дебейсизби? Атамдын айткандарын жеткирбейсизби?
-эмне дейин. Сен чоң адамсын эми өзүнчө туптолуп болгон инсансын. Мен ал күндөрдү көрбөй калайын ылайым, бирок Кудай буйруп насип кылса бул үйдүн келечектеги ээси сенсин. Өз үйүнө качан келип качан кетсен өз эркин. Учуру келип бул үйгө кирип чыккандын баары сага сиз деп кайрылып, алды менен кирип арты менен чыгышат. Ошондо жанында ким тураары белгисиз, эч качан кечегиндей катуу кыйкырба, сени айлангандар шыбырынан корккудай бол. Атаң да атаңдын атасы да катуу адамдар болгон бирок алар эч качан үнүн бийик чыгарышпайт, билесинби эмнеге?
-силер эмне баарыңар сүйлөшүп алганснарбы? Же эмне менин атам кеткени жатабы бизди таштап? деди Азат бул адамдардын баары эле аны келечекке даярдап акыл үйрөтүп жатканына ачуулана.
-так мына ошон үчүн. Мен бул үйгө келгенден бери бир нерсени жакшы түшүндүм. Дайыма үнүңдү бийик чыгарып жүрө албагандан кийин аны кээде боштондукка коё бергенин жарабайт. Качан доошун басайганда баары сага акыл айта башташат. Эгер андай болуусун каалабасан ар дайым бир калыпта жүр, адамдар эч качан түшүнбөгөндөй болсун сен кандай маанайдасын. Ошондо гана алар сага ар дайым бирдей мамиле жасашат өзгөрүүсүз. Кудум биз атаңа карагандай.
Буларды айтып болуп жолун улай алдыга басып кетти ашпозчу . Азат бир аз ойлонуп ордунан жылбай туруп калды да бир маанилүү нерсени эстегендей чуркап аялдын артынан жетип келди.
-Сиз эмне себептен бул үйдө журосуз камалып.
-ким камаптыр мени?
-өзүңүздү өзүңүз камап алгандайсыз. Болбосо сиздикиндей акыл менен өлкөнү башкарчуу орундактырдын бирин оңой эле багынтса болмок, Акбаровдун ашканасын эмес.
-ай тентек бала, муну айтып жатам дебейсинби. Жашоо биз ойлогондой жеңил эмес, андай жерге мендей бир байкушту киргизбей калышсын тиги жубарымбектер. Ал орунду багындырууда акыл керек туура, бирок меникиндей эмес. Сен аны түшүнбөйсүн, сенин аты жөнүндү укканда эле баардык эшиктер өзүнөн өзү кенен ачылып жатса, жабык эшиктин артында калуу эмне экенин кайдан тушунмок элең. Бирок жашоо биз элестетип алгандай татаал да эмес. Акылдуу адамдар андай жерге барбайт да, алардын каалаганы башка, жашоо гана. Күрөшүү дагы жакшы бирок ансыз жашап болбогон учурда. Тикенек жолго салып алып аны кыя бергендин пайдасы канча эгер жанында тикен сиз кең жол турса.
-ошондо сиз бул үйдү тикенсиз деп жатасызбы? Эгер бул үй тикенсиз болсо тиги орундуктарды суудан таза муздан жылтырак дейт элем, деп күлүп, көзү менен короону айландыра карап койду Азат.
Ашпозчу аял да аны менен бирге күлүп жатып токтоп калды.
-суу менен музда жашаган ынгайлуу болгондо адамдардын баары Антарктидада жашашмак. Тикенек жаман болгондо төөлөр жемек эмес. Болгону кимге кандай мамиле жасашты билиш керек. Мага сен айткан суу менен музга караганда сен ойлогон тикенек көбүрөөк жагат, деп басып кетти.
Азат эми анын артынан эрчибей ал айткан сөздүн артын андый баштады. Мен кимди тикенге салыштырганымды билбей калмак беле, билди. Демек бул менин атамды, Тагдыр Акбаровичти жакшы көрөбү. Кантип? Ушунча жыл аны сүйүп бирок айтпай анын оту менен кирип күлү менен чыгып жүрөбү. Атамчы? Ал билет болду бекен. Бир карашта жүрөгүңдүн үшүн алып, акылындагыны айттырбай билген айтылуу Тагдыр кантип эле бул аялдын сезиминен кабарсыз калып кетти. Мына кызык, экөөнүн кимиси күчтүү болуп билгендерин сыртка чыгарбай, сездирбей жүрүшөт.
Азат ашканага өтүп тамактанганча көзүн аялдан албай карай берди. Атам ушунчалык бир калыпта жүргөн адамбы, жада калса жакшы сезимдерди сүйлөтө койбогон. Байкуш аял ушунча убак чыдап кантип жүрөт сырын ичине катып. А балким бул мен үчүн гана сырдыр, алар эч качан узак убакытка бири биринен ажырашапаганынын сыры ушунда болуп жүрбөсүн. Анда эмнеге муну ачыкка алып чыкпайт атам, ашпозчу болгону үчүнбу, же тиги каргышты деп үйлөнүп анын өмүрүн коркунучка койгусу келбейби. Андай болсо жөнөкөй инсан өзүндө деле бар экен үйлөнүп каргышын жандыра берсе болмок. Жоок бул жерде бир нерсе бар, алар келишип алып иш алып барып жатышканга окшойт. Өздөрүн эмес башканын өмүрүн коюп тагдырды сынамакчы болуп жатышабы. Анда Жанылды эмне кармап отурушат, а эмне эгер ал байкушту бул абалга алып келген ушул ашпозчу болсо. Оюнун ушул жерине келгенде селт этип кетти. Кантип бул аял жөнүндө мынтип ойлоого акысы бар, төрөлгөндөн бери жанында болуп өз энесиндей эле кам көрүп мээрим төгүп остурбодубу, кийин эч качан андан жаман сапат көрө алган эмес. Жөнөкөй ашпозчу болсо да ар дайым анын акылына тан берип келген өзү эмеспи. Кээде жөнөкөй адамдар генийлерден күчтүү болушат, деп ойлонуп отуруп өзүнүн жөнөкөй тааныштарын эстеп кирди. Албетте биринчи эле оюна Айкера келет, оо анын акылына сөз жок, назиктиги менен сулуулугун сүрөттөп бүтпөйт, баардык аял заты андай болсо дүйнөгө акылсыз бала келмек эмес. Бирок ушуну менен анын айланасында жөнөкөй адамдардын саны аягына чыгып калды. Жакшылап тырышып эстеп отуруп бул үйдө жакындан бери дагы бир жөнөкөй адам бар экени эсине түштү, бирок ал менен азырынча тааныш эмес. Өз ойлору менен алек болуп отуруп бул столго отурган себебин да унутуп коюп тамактанбастан эле ордунан туруп кетти. Үстүнкү кабатка көтөрүлүп атасы айткан конок кыздын бөлмөсүнө баш бакса ал жерде өзү көргөн жапайы кыз эмес, такыр эле башка сулуусунан келген кымча белдуу жалбырактын шамалына учуп кетчүдөй назик кыз бөлмөнүн ичин ченеп жаткансып бир башкача басык менен ары бери басып жүрүптур. Азыр эле жөнөкөй адам менен таанышып сүйлөшүп көрүүгө келген Азат алдындагы сулууну көрүп даярдап келген сөзүн жоготуп койду.
Айпери каалга ачылганда дагы бир акылдуусу жашоону үйрөткөнү кирди да деп артын карабай койгон. Жымжырт болуп эч дабыш чыкпаганынан карай салса өлкөнүн байы аталган кишинин жалгыз мураскери, өлкөдө чыкчуу гезиттердин алдыңкы беттеринен жок эле дегенде бир жолудан орун алып улгургон айтылуу Акбаров Азат Тагдыровичтин өзү туруптур. Ким билет башка учур болгондо бул атактуу адамдан сурдоп сөзүн жоготуп коёт беле же кабарчыларды мындай учур сурдотпойбу, айтоор Тагдырдын өзүн көргөндөн кийин анын уулу Айперини сурдото албады.
- кош келипсиз. Айтылуу Азат Акбаров өзү келип калыптыр бизден эмне кызмат, деди эки күндүк көнүгүүлордун жыйынтыгын көргөзө.
-сиз кимсиз?
-Айпери. Ушундай атасаныз болот.
-сенин атыңды сураган жокмун, кимдигинди сурап жатам, деди Азат өзү каалаган узун жоопту ала албаганына ачуулана.
-кызык, бул жерде баары эле мага акыл болуп, сүйлөө, жүрүү, жашоо эрежелерин уйротушот. Жакшысы Тагдыр Акбарович ал мээнетти өз уулуна колдонсо болмок экен. Мен сизден сенге өтүүгө уруксат бербедим окшойт, деди Айпери Азатка тик карап. Анын кесиптик өзгөчөлүгү эмоциясы олуктой Тагдырга өтпөгөну менен уулуна жакшы эле таасирин тийгизе алганга окшойт. Азат ал курч көздөрго карап тура албай көзүн тартып кетти, бетке айтылган чындык ушинтип ар кимди болсо да мокото алат.
"Айпери, Айпери" деп ичинен кайталап жатты Азат, кайдан укту эле бул ысымды, жүзү да жылуу учурайт, кимдин кызы болду экен деди биринчи эле оюнда. Ооба кече атасы айтпады беле бул ысымды, бөлмөдөгу Айпери менен тааныш деп. Ошондо бул жанакы өзү көргөн жапайы селсаякпы.
-сен? Сен Айпери эмес эле селсаяк кыз эмессинби? деди башын көтөрүп кутурган иттикиндей көздөрү менен карап.
Бул ирет кыздын чын эле ачуусу келе түштү, кабарчы же селсаяк катары эмес, адам катары.
-эмне селсаяктар Айпери болсо жарашпайбы, же эмне аларда ысым болбош керекпи сиздин оюңузча?
Адам деген мынча тез озгорулбосо, жана эле бул сулуунун кимдигине кызыгып турган Азат анын ким экенин билгенде адам катары да эсептебей калды.
-сен кай жерде турганынды жана кимдин алдында турганынды унутпа! Мен силердин ысым жөнүндө ойлонмок түгүл бар экенинерди билгим келбейт!
Кыз эч качан эч кимден мындай кагуу жеп көрбөгөн, анын кабарчы экенин билгендер этияттап сүйлөшчүү, албетте эртең өздөрүнүн чыныгы жуздорун массалык маалымат каражаттарынан көргүсү келбегендер. Мындай бейбаштыктан кийин ал да аяна турган эч нерсеси калбагандай тилине эркиндик берип коё берди. А анын тили эркиндикке чыкканда буудайдын камы калчуу эмес.
-эсинизде болсун менин да сиздер жөнүндө оюм ошондой. Кимдин алдында кай жерде турганым мени кызыктырбайт. Бул жайга мен ишим түшүп жалдырап келген жокмун, тескерисинче эркиме каршы алып келген силер.
-менин эле сени бул жерде көрөйүн деп көзүм учуп турган жок. Дагы атам айткан жөө жомокко ишенип куру кыялдарды куруп алба. Мен эч качан сага уйлонбойм. Жакшысы мүмкүнчүлүк таап бул үйдөн качып жок бол кеч болуп кала электе, кечиксен өзүңдөн кор, деп чонток телефонун алдына ыргытып коюп чыгып кетти Азат...
УЛАНДЫСЫ БАР....
ДИМЕДРА.
Комментарии 12