Назик эртен менен ойгонсо,белине колун артып,Толкунбек кызуу уйкуда экен.
Чоп эттире ооп алды:
-Кайсы маалда келдин,катуу уктаган окшойм мен?
-Сени келип,бир жерини кесип кетсе да билбей уктайсын го?
-Ии каери ошондой,эмне шылдындайсын?
-Сени шылдындап болобу,мен туурасын эле айтып жатам.
-Ай мейличи ,бугун атамдардыкына барабызбы?
-Эмнеге чакырышыптыр, жай элеби?
-Ооба мейманчылап келебиз да барып.
Толкунбек уйбулосун алып кайнатасыныкына жоноду. Кечке конок болуп,кетээринде Назик кала берейинчи деп эркеледи. Эрке келинчегинин айтканын жерге таштабай ,анын устуно кайынжурттун козунчо жок дей албай,макул болууга аргасыз болду.
-Качан алып кетейин?
-Сагынычыбыз таркасынчы бир аз,чалышабыз да.
-Макул жакшы калгыла!
Жол катар ойлуу келди. Унаасын да жай айдап,озуно жаккан классикалык музыканы угуп келе жатты.
Деги мен сыяктуу ойлонгон адамдар бар болду бекен? Эмне учун кокурогумдогу боштукту эч ким толтура албайт?
Акча,акча дегенибиз менен,адамдын жандуйносу жакыр болсо кыйын экен.
Кызыгы мен бул тууралуу эмнеге мурдараак ойлонбодум . Албетте ойлонгом ! Бирок кор пенделик кылдым. Кунумдук жыргалчылыкты ойлодум.
Мен эмне учун жашап жатам? Кайдан келдим? Багытым каякта?
Кантип эле катардагы кор пенде катары жашап,анан куну келгенде олуп кете берейин? Озумду таба алаар бекенмин?
Жандуйномдун азыгы эмне болду экен?
Айланамдагы адамдардын баары эле мени тушуно бербейт тура,аларга оз оюмду тануулаган менен эмне пайда?
Эсине келсе уйуно жакындап калыптыр. Бирок ичкери киргиси келбей турду.
Туз эле китепканага жоноду. Ошол жерден мумкун озуно жаккан теманы таап окуп,озун бир аз эс алдыраар.?
Адеми жумуштан чыгып ,дароо апасына чалды:
-Оов кызым?
-Апоо канттиниз?
-Жакшы ,келе жатасынбы?
-Баратам. Эми чыктым жумуштан. Сизди сагынып сагынып кеттим.
-Садаган кетейин. Жолдо абайла!
-Болуптур!
Шаша жолдун наркы бетине отуп,аялдаманы коздой басты.
Назар артынан ээрчий,унаасын айдады.
-Кандай Адиш? Кел отур жеткирип коеюн?
Унчукпай карап тура берди кыз.
-Эмне Адиш дегеним жакпай калдыбы,отура берсен эми назданбай? Ичинден тушкун эле келип турат го,эмне озунчо гордая болуп жатасын?
Кыз тикчийе карады.
-Болуптур эми алдынызда айыптуубуз, антип жаман козунуз менен карабай эле коюнуз.!
Адеми тез-тез басып келдида,унаанын артына отуруп алды:
-Тим койсо суйлой берет экенсин да. Мына отурдум,айда, адрести айтайынбы?
Назар шашып калды:
-Ади кечирип кой конулуно катуу тийсе ооба айт. Жеткирип коем.
Унаасын от алдырып жоноп кетти. Экоо тен оз ойлору менен баратышты.
Назар кыздан мындай аракет кутпогон. Оюнда дагы отурбайм деп ,бир топ айтышабыз го деп ойлогон.
Адеминин телефонуна чакыруу келди.
-Как ты Байжи? Эмне жанылыгын барбы? Иии жакшы болгон тура?
Кайда,качан, боло берет.
Ооба жумуштан уйго,апамбы? Оаа уйдо эле.
Кыздын суйлошуп баратканын айнектен карап баратты. Озунчо кызганып да коет.
Кыз кубанганда каректери жалжылдап кетет экен.
"Кызганууга арзыйсын ",деди ичинен.
-Ким чалды жигитинби,деди Адеми суйлошуп буткондон кийин.
-Жок фанатым.
-Огоо ,бирок мумкун. Сендей сулууларда фанаттар коп болот да.
-Сулуусун деген адамдар жакпайт мага.
-Эмне жалганбы?
-Озун кандай ойлойсун?
-Сулуусун!
-Ну и хорошо. Айтуунун кереги жок анда
-Эмне сулуусун десе озунчо бактылуу болбойсунбу? Адамдар кызык,мактаса да жактырышпайт.
-Ушул жерден токто!
-Эмне?
-Мен жеттим!
Назар буйдала тушту. Омурундо мындай абалга тушпогондур. Озун сулуулардын сулуусумун, колумдан баары келет,керек болсо оздору суйуп,артымдан чуркашсын деген принциппте жашаган жигитке, чындыгында кыйын болчу.
Адеми эшикти катуу жапты да терезеге келип черткиледи:
-Рахмат байкеси.!
-Аа эч нерсе эмес эртен жумушка барасынбы?
-Ооба жакшы эс алыныз корушкончо!
-Давай давай!
Кыз артына карабай жугуруп кетип калды.
Назар рульду кармаган боюнча, бир чекитти тиктеп турду
"Мен Назармын карындашым! Карап тур сени озумо суйдуруп албасам элеби,сенин койногунду эле кийип калайын. Кайра кайра не удобно кылат адамды. Коробуз,ким кимди женээр экен?"
Уйго келсе апасы тынчсыздана кутуп отуруптур:
-Кечиктин го каралдым ?
-Келдим мына,канттиниз жаным,айым кунум?
-Мен жакшымын балам. Байжигит келген сени кутуп отурат.
Ашканага апасын ээрчий кирди:
-Кандай Байжи ?
-Жакшы жарыгым!
-Жарыгын бекем мен?
-Анда Байжи дебе да сен дагы?
Адеми кулуп жиберди.
-Эми сенин атын ошондой да сен дагы кичине окшоштурсан атымы да.?
-Аяш эне моо кызынызды карасаныз,мени чайга тенеп жатат?
Адеми кулкусун тыя албай:
-Чайга тенесем жаманбы? Чай деле керектуу нерсе. Ар дайым дастаркон устундосун!
-Озуну билип алсан Адиш-Мадиш.
-Мадиш эмесмин мен.
Апасы алдыларына тамагын алып келди.
-Койгулачы балдарым,каяктагыны айтпай,экоон тен керектуусунор. Тамагынарды ысыгында ичкиле!
Экоонун башы бириксе ушинтип чокулашып турушат. Байжигит абдан жакшы жигит. Адемини окуучулук кезиндеги сезимдери менен жактырат. Бирок кыздан ондуу жооп албаганы учун,ортодогу мамилени эн жакшы дос,сырдаш,айылдаш катары сактап калган.
Атаэнелери да убагында калын достордон болгону учун,биринбири абдан жакшы таанышат. Адеминин атасы отуп кеткенден кийин,шаарга баса беришкен. Ар дайым катышып турушат бирок. Тынбай келип кабар алып турганы да ошондон. Анын устуно Адеми экоо тен пикирлери туура келишкендиктен, суратпай жардам берууго аракет кылышат бири бирине.
-Эмне болду жумушун?
-Оттум буйруса. Биринчи кундон барам. Айлыгы азыраак экен го, бирок азырынча чыдаса болот. Баарыбыз эле чет жерге эле жулуна бербей,ушуга деле ыраазы болуп иштеп турбасак болбойт.
-Ооба да балам. Баарына шугур кылуу керек. Ошонун да берекесин берсин кудайым. Гулбарчын апа соз кошту.
-Байжи акылын кирип калганбы ыя? Экономист банкир болуп эле чыгып кететкенсин да эми, тоготпой калбасан болду анан бизди. Озунчо кыры чыккан шым,ак жака,тиги галстук тагып э?
-Офф ,ооба кыйын болуп кетем да сени карап отурамбы анан? Чыкыйып кийинип,кымбат унаа алам да ,кундо сенин уйунун жанынан отом. Сен аялдамада турганда айнекти тушуруп ,сага тилими чыгарып коюп отуп кетем. Кутулдумбу?
-Хе хе,сен андай кымбат унаа алгыча мен самолет алам. Сенин устунон учам. Тилини чыгарбай эле мен оозуну ачкан бойдон, караап кала бересин.
-Ырас болуптур!
Гулбарчын апа экоонун созуно аябай кулду. Наристе эле бойдон тообо,бой жетип калышса да,мейли коз тийбесинчи.
Адеми тамактангандан кийин,дароо идиш-аягын жууп,ашкананы жыйыштырды. Полдорду жылтырата суртуп,гулдоруно суу куйду. Апасынын кой дегенине болбой колдорун,белдерин массаж жасап,укалап берди.
-Ырахмат кызым!
-Эч нерсе эмес апа! Жакшы эс алыныз. Мен чыгайын. Байжи менен да суйлошоюн. Бирдеме айта албай турат го менимче.
-Мейли балам.
Адеми болмосуно кирди. Жигит ойлуу музыка жазган дептерин карап отуруптур.
-Эмнени карап жатасын?
-Аа келдинби,эч нерсени,баарыбир мен тушунбойм да мунуну, Ади?
-Ооба сен кызыкпайсын да. Чертип берейинби,уккун келеби?
-Албетте,жаным менен!
Кыз берилуу менен пионинодо ойноп кирди. Андан чыккан керемет классикабы, айтор соз менен жеткире алгыс,кандайдыр бир адамды башка ааламга ээрчиткен куулор агылды.
Бир саамга баарын унуткандай, бут теребел, бир гана ушул музыканын ыргагында бийлеп жаткандай сезилди.
Жигит кыздын коздоруно карады.
Бул коздор азыр армансыз коздор,эрке коздор,тунук коздор.!
Азыр ал башка дуйнодо журот. Музыка дуйносундо. Эргуу менен пионино черткенде ал ушундай болуп кетет.
Муну Байжигит эн жакшы тушунот . Бирок аттин ,тушунгондо эмне,кыздын колундагы кесиби башка да.?
Бирок келечекте мыкты композитор болуп кетсе кана?-деп ойлойт.
-Бактылуусунбу Адеми? Жигит акырын ун катты ,кыз токтогондо.
Кыз башын которду.
-Албетте! Эмне учун мындай дейсин?
-Сен музыка дегенде баарына даярсын. Сен ойноп жатканда таптакыр башка адам болуп каласын го? Ошого сураганым. Каалабаган нерсен менен алектенуу бир топ кыйын го?
-Ооба бирок билесин да Байжигит. Апамын айтканын кантип жерге таштайм. Андан башка эч кимим жок болсо? Бул байкушум деле мени деп жашап журот да? Ишеничин,умутун акташым керек. Кесибим деле жаман эмес. Колумдан келет. Жандуйномдун кусалыгы менен деп,башка нерсени унуттта калтыруу болбойт да.
Адеминин козунон жаш тегерене тушту.
-Кечирчи мени? Мен да билип деле сурай берем да. Мен бармын жанында. Эмнеге эч кимим жок дейсин? Сенин айлананда сени сыйлаган адамдар коп.
-Рахмат Байжи!
Кыз жылмайып жооп берди.
Байжигит унчукпай, чачын ары бери уйпалап эркелетип койду.
-Эчнерсе эмес ! Кой мен чыгайын. Эртен деле кун бар суйлошобуз го.
-Аа макул .
Коштошуп,ичинен эшикти илип алды. Жигит шуулдаган бойдон,ылдый тушуп кетти.
Уйго барып деле ,ондуу уктай албай,туну менен Адеминин жаштуу коздору коз алдынан кетпей,чабалактап чыкты.
Назар бугун эмнегедир эрте ойгонду. Эртен мененки конугуулорун жасап,жуунуп- таранды.
Уй кызматчысы даярдаган тамакты берилуу менен жеди.
Ангыча телефону шынгырап калды.
Бирге окуган,бирге жургон,баягы обу жок кыздардын бири экен:
-Да лапочка моя? Кандайсын,жакшы журосунбу?
-Оой Назарчик как ты,унунду угаар кун бар экен го э? Жумушка орношуп,озунчоле занят адам болуп жатасынбы,кабарын жок го?
-Журом кудайга шугур, бар элемин,озун жоктобосон жок болом да?
-Я скучаю по тебе,можеть жолугаарбыз?
-А я нет жаным,мен сени таштагам го,?
-Нуу сволочь.
Назар каткырды:
-Тамаша э,жумушка эми орноштум ,азыр таптакыр бошобой жатам,ишен мага!
-Аа тогда озун бил. Мени билесин да,аркандан издеп барам жолукпасан.
-Ну давай суйлошобуз да?
-Аха пока!
Назар кыжынып алды:
-Ах ты стерва,муну карасан? Жон эле артымдан келет имиш,тан азандан настройду да тушурду.
Жинденип телефонун чонтогуно салып койду.
Анан калгандар келишти тамакка. Майрам бетинде маскасы менен журот;
-Доброе утро уулум,кандай эс алдын?
-Сонун эс алдым! Рахмат улуу урматтуу айым!
-Нуу айым дегенинди койчу,апа десен уулум?
-Кантип апа дейм мадам, жапжаш,супсулуу болуп турсаныз?
-Ии дагы калжынынды баштадынбы, дебесен дебечи.
Майрам дароо чычалап кетти. Уулу айткандай эле бар, жаш сулуу.Эртеден кечке озунун сулуулугу учун кам корот,уй жумуштарын баарын уй кызматкерлери жасашат.
Албетте,башка эмне кылсын,баары оз ордунда болсо?
Эртенин да кечээгисин да ойлобойт.
-Кенжетай жумуштар кандай балам
? Айдар столго отура берип,уулуна суроо узатты;
-Жакшы кудайга шугур ата. Озунуздо? Эмнеге мени кенжетай дей бересиз,тигинде менден кичуу кызыныз бар го?
-Менде да жаман эмес уулум. Эми колубуздагы балабыз сен болсон айтабыз да. Сенден кичуу болгону менен ал бир кыздын апасы!
-Ойй эми турмушка менден мурда аттанса эле чон болуп калабы?
-Ообада. Сенда турмуш кур,уйлон кенжелик жакпай жатса?
-Болуптур! Бугун жумуштар коп. Буйруса эртен уйлоном.
-Тамашалайсын да кутуласын баарынан э?
-Жок э неге андай дейсиз пахан? Эми буттум го окууну , бираз иштейин анан болот да баары.
-Мейли балам. Менда жон жай айта салбадымбы. Кудайдын айтканы тургандыр.
Баары кыжы-кужу тушуп эртен мененки тамакты ичишти.
Назар уйбулосу менен коштошуп чыгып кетти. Артынан карап калган ата энеси, баласынын бой жетип калганын байкашып,ичтеринен суйунушот.
Жол бою ойлонуп барды. Коз алдынан Адеминин сырдуу коз карашы кетпейт. Деги мынча сырдуу болбосо бул коздор!
Унаасын буруп,гул саткан дуконго кайрылды. Кучак толо,чоктой кызыл розаларды алды да,унаасынын арткы орундугуна таштап койду.
Ойлонуп отурбай,кыз жашаган районго унаасын бурду. Жумуш башталышына али убакыт бар. Демек али жолго чыгалек кыз,деп ойлоду оюнда.
Уйго жакын токтоп,кайсы подьезд экенин таппай буйдалып туруп калды.
Жанынан отуп бараткан орто жаштагы аялдан Адеми тууралуу сурай кетти:
-Аа сен тиги Гулбарчындын кызын айтып жатасынбы?
-Билбейм эже апасын,болгону мен анын главный врачы болом ,менин колумда иштейт эле. Зарыл жумуштар менен издеп келген элем.
-Аий десе. Мейли журу анда уйун корсотуп коеюн.
"Таппасан сыйпалап кал,бая эле ушинтпейсинби? "-деп ичинен суйунуп кетти.
Ал аял кошунасы экен. Уйунун номерин айтып,озу артын кылчак-кылчак карап кирип кетти.
Жигит шашып эле гулду эшик алдына таштап,конгуроону басты да,кайра артына чуркады.
Эшикке чыгып,далдоодо кызды кутту. Жарым саат отпой колуна гулдорду которгон Адеми чыкты. Телефондо кызуу суйлошуп келе жатыптыр. Ордунан обдулган Назар,анын басканын карап турду.
Кичине бери баскан кыз бироону куткондой улам саатына карап туруп калды. Бир маалда нарытан Байжигит корунду. Чуркап келип эле кыздын саамайынан сылап учураша кетти;
-Ооуу тан атпай мынча гулду кайдан алдын?
-Аяз ата таштап кетти.
-Куздун куну каяктагы Аяз ата ботом?
-Ай билбейм чон ата. Эмне болду эмнени айтайын дедин эле? Мен жумуштан кечикпейин?
-Кароче бир кыз менен суйлошуп журдум эле да. Аны сен да тааныйсын.
-Иии анан? Ким экен ал кыз. Байжинин журогун ээлеген?
-Оофф Адиш дагы баштадынбы?
Кыз кыткылыктап кулуп жиберди;
-Койдум ,койдум айт кайсы кыз экен.
- Мадина.
-Ии тиги айылдагы, устунку кочодо жашаган Султан байкенин кызыбы?
-Ооба ошол.
-Айий ал качан чоноюп ,жигиттер менен суйлошо турган болуп калыптыр. Чимкириги агып эле журот элего кечээ эле.?
-Аддеммии не болуп калгансын?
Байжигит чындап эле таарына тушту.
-Ой тамаша да Байжи.
Мейли суйлошсон суйлош жакшы кыз го?
Ии баса моо гулдорду берип кой бугун жолуксан?
Адеми кучак толо гулду жигитке кармата салды.
-Эмнеге? Сенин белегинди мен алып аламбы?
-Ким айтты муну белек деп?
-Сен гулго анча маани бербейсин го,ошого атайын сатып албасан керек?
-Ооба туура айтасын. Эртен менен кимдир бироо таштап кетиптир. Эгер белек болгондо колума бермек да. Анан калса анын кимдигин билбесем. Сен алабер Мадина да суйунуп калсын.
- Аа мейли рахмат сен берсен алам.
Бирок Байжигит ичинен Адемини белгисиз бироодон кызганып кетти. Мадина менен да айылдаш карындаш катары эле суйлошуп койчу анда-санда. Сыртына чыгарбай,жылуу коштошуп,кете берди.
Адеми да коштошуп,жугургон бойдон,токтоп турган маршрутка барып отуруп калды.
Мунун баарын берите байкап турган Назар, жанын коерго жер таппай калды;
-Проклятия! Жон эле берип койгонун, гулдун баарын. Мен болсо ушуну деп .... Озу мени ким зордоду гул бер деп.?
Уфф! Шашпа дагы коро жатаарбыз калганын.
Жигит кыз тушкон маршруттун артынан жай айдап,жумушка келди.
Уландысы бар..
Пикир жана колдоо кутобуз😉
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1