Колдоп бизди колдоруна көтөрсө,
Кокуч алтын кошуп жооп бермекпиз.
Кандай болсо кайын журттун түйшүгү,
Көздү жуумп чыдап баарын женмекпиз.
Бир кездерде болсо деле жаш келин,
Тийиштирип сүйлөп турат кас кебин.
Канга сиңген көрүнүштүн бири деп,
Көңүл бурбай жашап жүрдүк анчейин.
Барган сайын күчөп барса кыйындык,
Жаратканга "жардам бер" - деп сыйындык.
Акырындап көнүп чөйрө, сөздөргө,
Таранчыдан болуп калдык чыйырчык.
Бир чоң үйдүн түйшүгү бүт артылды,
Билбейт эч ким тытынсаң да баркыңды.
Энең алыс, эмшиңдөөдөн пайда жок,
Эркелетип дарылоочу дартыңды.
Чарчабадык жазбадык бир калыптан,
Кайын эжени таанып калдык алыстан.
Капа кылса катырамын кайра деп,
Чыйырчыктан өтүп болдук сагызган.
Жаңы кийим түшкө такыр кирбеди,
Жарыбыз деп, колтукташып жүрбөдү.
Унутулуп сейилдөөлөр, сүйүүлөр,
Мурункудай эркелешип күлбөдү.
Турмуш кайрап мизибизди курч кылды,
Ар күн бизди кызыктарга туш кылды.
Берип эле келатабыз туруштук,
Сагызгандан алгыр, өткүр куш кылды.
Обу жок деп жаман көрүп келинди,
Ооруп калса карабайт го көңүлдүү.
Кайра эле унуткарып жашайбыз.
Үмүт бизге бербей келет чегинүү.
"Айландырып алды башын баламдын,
Эми деги кайдан айла табамын.
Колго алыптыр үйдүн дагы бийлигин,"
Деген сөздү далай угуп каламын...
Кагылайын кайын энелер, эжелер...
Качандыр бир келин болгон белеңер,
Бийлик турат эркектердин колунда,
Биз жөн эле багыт берчү немелер.
Сүйүп алган бизди уулдарыңыз,
Башы айланса себеп сулуу жагыбыз.
Көрсөчү деп бизди да өз кызындай,
Бошоп турат биздин муундарыбыз.
Тарбияны алдык барып сиздерден,
Оту менен кирип, чыктык күл менен.
Таптап бизди алгыр, өткүр куш кылып
Такшалттыңар сөз сүйлөбөй көз менен.
Кайын журтту жаман экен дебейбиз,
Кантсе дагы нанын, тузун жегенбиз.
Кызыңардай көрүп сүйүп турсаңар,
Куттуу үйдө сый- урматка бөлөйбүз.
Уулуңарга калдык эми байланып,
Күчтүү сезим, кудуретке арбалып.
Бирок турмуш тарбиялап коюптур,
Кийин калдык "сур жыланга" айланып.
Автор: Эльвира Мейманова:
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Талантына баа бердим !!!