Бала төрөлгөндө анын кулагына азан айтуу – ата-эненин мойнундагы милдет. Себеби бул дүйнөгө жаңы келген ымыркайдын кулагына эң биринчи угула турган нерсе азан болушу керек. Анткени азандын сөздөрүндө камтылган маани мусулмандар үчүн өтө маанилүү.
Ошондой эле азан – Ислам динин башка диндерден өзгөчөлөп турган белгилерден.
БАЛАНЫН КУЛАГЫНА АЗАН АЙТУУНУН ӨКҮМҮ
Ислам дининде баланын кулагына азан айтуунун өкүмү сүннөт. Имам Навави, раxимаxуллаx, айтат: “Бала төрөлгөндө оң кулагына азан жана сол кулагына коомат айтуу сүннөт иштерден”.
Абу Рафи, радыяллаxу анxу, айтат: "Фатима, радыяллаxу анxа, баласы Хасанды төрөгөндө Аллаxтын Элчиси, саллаллаxу алейxи уа саллам, Хасандын кулагына азан айтып жатканын көрдүм". (Абу Дауд, 5105)
Ошондой эле Абдуллаx ибну Аббас, радыяллаху анху, риваят кылган xадисте: "Пайгамбар, саллаллаxу алейxи уа саллам, небереси Хасан төрөлгөн күнү анын кулагына азан айткан: Азанды оң кулагына, кооматты сол кулагына айткан эле". (Байxакый, 8620)
БАЛАНЫН КУЛАГЫНА АЗАН АЙТУУНУН УБАКТЫСЫ
Баланын кулагына азанды ал төрөлгөн күндөн кечиктирбей айтуу керек. Эгерде ар түрдүү себептерден улам кечигип калса, анда башка күнү да айтса болот. Ал эми баланын кулагына азанды сөзсүз мечиттин имамы же молдо айтышы керек эмес. Тескерисинче ар бир ата-эне өзү айтканы абзел. Себеби азан айтуу ата-эненин баласына эң алгачкы тарбияларынан. Ошондуктан ал нерсеге ар бир ата-эне өзү акылуу.
АЗАНДЫН АЙТЫЛЫШЫ ЖАНА КЫРГЫЗЧА МААНИСИ
1. [Аллаху Акбар] төрт жолу.
Аллах улук.
2. [Ашхаду ал-ла Илааха илла-Аллах] эки жолу.
Аллахтан башка Кудай жок экендигине күбөлүк берем.
3. [Ашхаду анна Мухаммадан расуулу-Ллах] эки жолу.
Мухаммад – Аллахтын Элчиси экендигине күбөлүк берем.
4. [Хайаа ъала-ас-солаа] эки жолу.
Намазга шашылгыла.
5. [Хайаа ъала-аль-фалаах] эки жолу.
Ийгилекке шашылгыла.
6. [Аллаху Акбар] эки жолу.
Аллах улук.
7. [Лаа илааха илля-Ллах] бир жолу.
Аллахтан башка Кудай жок.
БАЛАНЫН КУЛАГЫНА АЗАН АЙТУУНУН СЫРЛАРЫ
Наристе төрөлгөндө азан айтылса, анын кулагына эң биринчи угула турган нерсе – Аллаxты улуктоо сөзү, күбөлүк келмеси, намазга жана ийгилкке чакыруу сөздөрү. Ислам дининде бул сөздөрдүн ар бири чоң мааниге ээ. Мисалга алып айтсак, Ислам динин жаңыдан кабыл алып жаткан адам эң биринчи күбөлүк келмесин айтат. Ошондой эле намаз – Ислам дининин эң негизги түркүктөрүнүн бири болуп саналат.
Салыштырып карасак, өлүм төшөгүндө жатып, бул дүйнөдөн өтүп жаткан адамга биз күбөлүк келмесин айттырабыз. Себеби күбөлүк келмесин айтуу ал адамдын Бейишке кирүүсүнө себеп болот. Ошол сыяктуу эле жаңы төрөлгөн наристенин кулагына азан айтабыз.
Себеби айтылган азан ал наристенин келечек жашоосундагы багыты Ислам дини болуусуна себеп болот.
Ал эми жаңы төрөлгөн наристе эч нерсени сезбегендиктен, айтылган азандан ага пайда жок же таасири тийбейт деп айтуу туура эмес. Себеби шариятта белгилүү болгондой, ар бир адамды төрөлгөндөн өлгөнгө чейин "Корийн" деп аталган шайтан жандап жүрөт. Ал шайтан бул дүйнөдө адамдын жанында ажырагыс шерик болуп, дайыма азгырып жүрүүсүн Аллах Таала тагдыр кылган. Демек, ар бир наристе төрөлгөндө, аны Корийн күтүп турат. Наристе төрөлгөн кезде азан айтылса, мына ошол шайтанга чоң сокку болуп, наристени азгыруу үчүн анын алгачкы аракеттери ишке ашуусуна тоскоол болот.
Үй-бүлөдө бала төрөлгөндө, баланын тарбиясы Ислам дининде болобу, же шайтан көрсөткөн жолдо болобу, ал нерсе ар бир ата-эненин өз колунда. Ошондуктан ата-эне Ислам дининде бала тарбиялоонун жолдорун үйрөнүүсү керек.
✍🏻 Касиет Аширалиев
_______
©ИсламОнлайнKg
– Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36