Жүрөк үшүп, жалганчы ал сөздөрдөн,
Жүгүрүп бир качууда ар көздөрдөн.
Тике карап жасалма жылмаюудан,
Тигилгени көздөрдүн калп көп көргөм.
Көңүл жийрип ийинин, кир сөздөрдөн,
Көнүп калды айыптуу, бир көздөрдөн.
Кайрый башын ашыктык сен тарапка,
Кайгы тарткан жүрөгүм бир өзгөргөн.
Алып учту махабат токтотподум,
Аккуулардын көлүндө, окшоп койдум.
Менден алыс, жаныңда башка адам бар,
Мен өзүмдү ошондо жоктоп койдум.
Улай басам караңгы жол учугун,
Убай тартып сүйүүңдү коюучумун.
Алыс жактан абалым сураганда,
Аман айтып жакшыга жооручумун.
Жан-дүйнөмдү аруулук мейкиндеген,
Жашка жуулган каректи сездиң бекен?
Жамалыңа арбалып баратканда,
Жансыз жаткан жүрөктү черттиң бекен?
Сүйгөнүм чын! "Калп" дебейм, сулуулукту,
Сенден чыккан кантейин, жылуулукту?
Мамилеңе төп келген чырайыңды,
Мага гана кылгандай улуулукту.
Жоолугуштук! Бир замат сен өзгөрдүң,
Жолуң таппай элеңдеп, кеч өткөрдүң.
Кетенчиктеп көп эле алыстадың,
Калдым жалгыз отунда терс көздөрдүн.
Талабыдыр тагдырдын мага кылган,
Балким сүйүүм ушундай жаратылган.
Тигилиштен сөгүлүп, эт жүрөгүм,
Кайра эле ажырап канатылган.
Жамаачысы эскирген кан жүрөгүм,
Жансыз эле бөлүнүп канатылган.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев