12-бөлүм.
-Мына эми сен эне болуу бакытына туш болосуң. Сен азыр эч тартынбай кийимиңди чечип, көмкөрөңдөн жат. Мен агып жаткан суу менен денеңе массаж жасашым керек деп, олтурган ордунан элпек турду. Аида аргасы жок бул сунушка дагы макул болуп, молдо айткандай болгон кийимин чечип көмкөрөсүнөн жатты. Жаш келиндин аппак денесин көргөндө молдокенин напсиси бузулуп, көзүн кымыңдатып жиберди. Чырактын алсыз жарыгынан Аида молдонун кымыңдаган көздөрүн деле көргөн жок. Молдоке таштардын арасынан аккан сууга колун тийгизип, Аиданын денесин эми суу менен сүртүп баштады. Асоо айгырды жоошуткан саяпкердей молдоке дагы алгач акырындык менен ак денеге колун тийгизип келип, бара-бара ачык эле аял заты дүүлүгүчү точкаларды баскылап, ушалаганга өттү. Аиданын барган сайын болгон денеси калтырап, алтымыш тамыры зыркырап, аз жерден үн чыгарып жибере дагы жаздады. Тиштенип алган жаш келиндин болор - болбос кыңкыстаган үнү молдокеге даана эле угулуп турду. Ан сайын молдоке өз ишин билгичтик менен аткарып, баштагыдан дагы күчтөнүп ишине киришти. Эгер Аидадан башка келин болгондо эбак эле озондоп, онтоп жеңилдигин билгизип коёт беле ким билет. Молдоке Аиданын чыдамкайлыгына абдан баа берди. Бул жөн келин эмес экенине көзү жетип, алгачкы оюнан кайтты. Кеминде дагы жарым сааттай массаж жасаганда Аиданын болгон чыдамы кетип калды. Ушуну эле күтүп турган белем, бир кезде сырттан бирөө келгендей болду. Ал келе жатып эле чыракты өчүрүп салды. Чырактын өчүрүлгөнү Аидага жакты. Анткени ак денеси аз да болсо жабылгандай болду. Денеси толук эркек менен кошулганга даяр болгондо молдо сыртка белги берген болучу. Баятан бери эшиктин сыртында чыдамы кетип күтүп турган Тажимурат, ичтен кандай белги берилгенде дароо кирип келген эле. Аида молдоке чыгып кеткенин байкабай дагы калды. Анткени молдонун ордун билгизбей Тажимурат ээлеп калып, анын колу тийген жерлерди сыйпалап, тигинин ишин улантып калган эле. Бир кезде Аиданын болгон чыдамы кетип, үнүн алсыз чыгарып:
-Болду, кыйнабаңызчы дегенде гана Тажимурат акырын үстүнө чыгып, сыпа өбө баштады. Бул жолу Аида даана байкады, бул молдо эмес экенин. Анткени молдонун сербейген сакалы бар болучу. Андан дагы бул белгисиз адамдан одеклондун жагымдуу жыты мурдун өрдөп, баштагыдан дагы башкача сезимге кабылтканы чын эле. Тажимурат ушул жерден болгон аракети менен Аиданын болгон денесинен сыпаа өөп, анан эч шашылбай ич кийимин чечти. Эх, ушуну баятан бери күтүп жаткан жаш келиндин денеси коргошун болуп ээрип, кичине эле уруктун учкуну денесине кирип кетсе, бала боюна бүтчүдөй сезип кетти. Ушул жашка чыкканы азыркыдай абалга кабылып көрбөгөн Аида, эмне себептен балалуу болбой жүргөнүн сезди. Көрсө эркектин чыныгы мээрими жетпей жатканына акылы айран болуп, алтымыш тамыры зыркырап, жаны өзүнөн чыгып кетип кайра кирип жатканда, бул дүйнөнү унутуп, денесинин жан жыргалы менен алп урушуп жатып ойлогонго үлгүрдү. Ооба, бул уят ишти тереңдеп жазган, менин табитиме туура келбейт. Бирок кээ бир сөздөрдүн ачык жазылып кеткени үчүн окурмандан кечирим сурайм.
Бир кезде үңкүр ичин жаңырта кыйкырган жаш келиндин үнү, жаш төрөгөн аял затынын үнүндөй чыгып, акырындык менен барып басылып калды. Ал эми Тажимурат чоң жеңишке жетишкен адамдай Аиданын катарына сулк эле сөзгө келбей жыгылды. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча Тажимурат, Аидага өзүнүн ким экенин билгизбеши керек болучу. Анткени келин кимден бала боюна бүткөнүн билбегени иштин ийгилигине алып келмек. Ал эми Аида ушул жерден Бүбүайымдын акылына баа берди. Ушул бакыттан куру калып жүргөнүн, Бүбүайым билгенине таң калды. Караңгыда колу менен сыйпалап көрдү, өзү менен болгон эркектин денесин. Бир кезде колу тиги эркектин моюнундагы кичинекей калга такалганда, тиги колун түртүп жиберип, ордунан тура калды да, сыртка чыга жөнөдү. Аида эч сөз кайрып айта алган жок. Ал турсун анын ким экенине акылы жетпей, кабагы бүркөлө түштү да, дароо ойлоду "эми мен арам сийдик бала төрөймүнбү" - деп. Ооба, ак нерсеге кара көө сүйкөсө билинип калат эмеспи. Ал эми кара нерсеге көө сүйкөсө билинбейт. Аида, ак никенин алдында ак болгон үчүн ушул иш болуп өткөндөн кийин, өзүнөн-өзү жийиркенип алды. Эгер мурда бирөөлөр менен кыйшаңдашып жүргөн болсо минтип аз убакыт ичинде азап чекпейт эле. Жанындагы эркек чыгып кеткенде дароо ордунан тура калып, кийимин кийгенге үлгүрдү. Бир кезде сырттан алиги абышка кирип келип жарыкты күйгүздү да, кийинип турган Аиданы көрүп дагы таң калды. Ал ойлогон болучу "азыр дале эсине келе албай жатат болуш керек" деп.
Анткен менен бул түнү Аида абдан жакшы уктап, жакшы эс алды. Эртең менен көзүн уйкудан ачар замат түнү көргөн түшүн эстеди.
Түшүндө белгисиз бирөө келип колуна ак көгүчкөн карматып "муну жакшылап багып ал" - деп айтып карааны жок болуп кетет. Аңгыча эле кайын энеси келип колунан көгүчкөндү алып, кучагына кысып, өзүнчө эле сүйүнүп жаткан болот. Ал эми Касым каралжын тарткан жүзүн ала качып, бир сөз айтканы жатканда Бүбүайым келип калат да, Касым ал жерден кетип калган болот. Аңгыча эле Тажимурат көгүчкөн меники деп талашканы жатканда Бүбүайым колу менен тигинин оозун жаап, нары жетелеп кеткенде, Абдысабыр молдо келип колун кысып куттуктап жатканда ойгонуп кетип түшүнүн аягы эмне болуп бүткөнүн билбей калып, төшөктөн турбай бир топко жатып, кечинде болгон окуяны эстеп өзүнөн-өзү уялып кетти. Анткен менен өткөнгө өкүнбөй, болор иш болду деп ордунан туруп, Аида сыртка чыкканда, эшиктин алдында күтүп турган Бүбүайымды ушундай бир көз караш менен карады эле, Бүбүайым эч сөз айттырбай билди, Аиданын эмне айта турган сөзүн. Дароо башка бөлмөгө ээрчитип кирип:
-Аида, сен мага туура түшүн. Эч кам санаба. Сен төрөй турган бала адал болот. Анткени сага молдоке дем салып койбодубу. Андан дагы бинаа боло турган наристе күйөөң Касымга же сага окшош болуп төрөлөт. Менин айткан сөзүм төп келет. Мындан кийин сен дагы бала төрөйсүң. Эң негизгиси кечинде болгон окуяны жан адам билбегендей болгону оң. Сен өзүң туура түшүн. Сенин бала төрөбөй жүргөнүңө жолдошуң Касым күнөөлү. Анткени анын уругунан бала жаралуу мүмкүн эмес же сенин денең андан качып калган. Буга эки гана нерсе себеп болгон. Аида ушул жерден бир нерсени эстеди.
Бир жолу врач айткан болучу " Күйөөң дагы текшерилсин. Баланын төрөлүшү бир гана аялдан болбойт, күйөөдөн дагы болушу толук мүмкүн" - деп.
Сөз кезегин келтирип Бүбүайым:
-Аида сен эч санаа чекпе. Эртең кечте Касым мында келет. Ал шекшип калбас үчүн сен аны менен мында бирге түнөп, ага боюңду кенен арна. Ошондо баары жабылуу бойдон калат. Баса сен кечинде болгон окуяны унутуп салганга аракет кыл! Болбосо өмүр бою ал окуя эсиңден кетпей бушайман кылат. Аял киши сүйүүгө кабылбасын. Ашыктык деген эң жаман илдет. Андай азаптуу дарттын салдарына чалдыккан пенденин көргөн күнү курусун. Ашыктык илдети тирүүнү санга кошпой, бүтүндөй турпатын, дилин эзет, өзөгүн куйкалайт, санаасын удургутат, кыйнайт, күйүткө салат, уйку качып, жүрөккө тамак баспай калат. Ошол сепетен аял киши күйөөсүнөн башка эркектин даамын татпашы абзел. Башка эркектин даамын татып калган кээ бир жеңил аялдар, баарына кайыл болуп калат. Ушунун себебинен эркектер ашыкча кызганчаак келет. Кызганган парз деп айтылат. Сенин абалыңды туура түшүнөм. Кечинде болгон окуя атайын даярдалган. Болбосо сени мен ачык эле эркектин койнуна салып берип коймокмун. Кечинде сени менен болгон эркекти сен билбей эле койгонуң оң. Аида ушул жерден дагы ойго алаксып кетти. Чын эле кечинде болуп өткөн окуяны эми кантип унутат. Ушул жашка келгени, тактап айтканда өмүрүндө биринчи жолу кечинде болгон улуу иштин учурунда аял болуп жаралып калганына ыраазы болбоду беле. Аны кантип тана алат. Он жылга чукул бирге жашаган күйөөсү Касымдан көрбөгөн сыйкырлуу сырды, тигинтип бей тааныш эркектен көрсө, андан дагы боюна бүтүп калганына минтип толук ишенип турса, "туубас" деген аттан кутултуп, эне болуу бакытына туш кылган эркекти унуту бул колдон келбес иш экенин дитинде билип турду, бирок кара күчкө башын ийкеп, Бүбүайымдын сөзүн тыңшаган болду. Билинбегени менен аял затынын түйшүгүнөн дагы, азабы көп белем. Эми чындап азаптын-азабына кабылганын Аида кантип тана алат. Көз алдына кечиндеги окуя келип, чын ыкласынан ошол окуянын кайталанышын тиледи, бирок Бүбүайым билип калбасын деген ойдо жүзүн ала качып, жер караган болду. Аттиң, баардык кара нерсе, жаман ой, жаман сапат канчалык жашырган күндө дагы оркоюп билинип калаарын, жашырып болбойт го. Бүбүайым, жер караган Аиданын абалынан улам билди, анын дити кимгедир бурулуп калганын. Ушул жерден чукул ойлонгонго үлгүрдү " Тажимурат сыр алдырбаса болду" - деп. Бир кезде сырттан эч күтүүсүз эле Тажимурат кирип келгенде Аида алгач эле анын моюнуна көз агытты да, анын кечинде колуна илинген калын даана байкап, ичинен кым эле дей түштү. Ушул жерден көзүнө Тажимурат тим эле асмандан түшкөн жомоктогу баатырдай бир укмуш көрүнүп кетти. Бир саамга көздөр кагылыша түштү. Бул көз караштан Тажимурат сыр алдырып койду. Анткен менен Аида амалдуулук кылып:
-Эмне бизди алып кеткени келдиңби? - деп суроо берип ыңгайсыз абалдан кутултуп кетти. Тажимурат кара кою кашын өйдө серпип, кырдач муруну менен энтиге дем алып:
-Машина бузулуп калды. Эже, акча керек болуп жатат. Бир тетик алып келиш керек. Бирок, тетик табылса, тез эле оңолот. Дагы жакшы ушул жерге келгенде бузулганын карасаңыз. Кечинде жолдон бузулса эмне болмок элек? - деп, сөз улаган болду. Бүбүайым олтурган ордунан туруп акча алып келгени сыртка чыкканда Аида учурдан пайдаланып, оң көзүн кызып койду. Бул белги " сени таанып калдым" -деген белги болучу. Тажимурат жагымдуу жылмайып, жооп кылып, ал дагы көзүн кысып жооп берди. Ушул кичинекей белги экөөнү түбөлүккө азапка салаарын экөө тең билишти, бирок ашыкча сөз ооздорунан чыгарышкан жок.
Тажимурат дагы уйкудан ойгонору менен Аиданы эстеген. Жаш келиндин ысык денеси, кумарлуу үнү, жан жыргаткан жыпар жыты деги койчу, айтып сөз жеткизе албаган аял затынын миң түркүн жагымдуу жоругун Аидадан көрүп, ошол убакта убакыттын токтоп турушун миң кайталап тилебеди беле. Анан уйкудан ойгонору менен Аиданын жүзүн көрүү үчүн канча далбас урду. Эми минтип жүзүн көрмөк турсун бир бөлмөдө тиктешип, ал турсун көз кысышканга жетишкени үчүн өзүнө-өзү ишенбей, денеси денесине батпай сүйүнүп турганда сырттан дабыш чыгып калды. Бул дабыш кечиндеги молдонун дабышы болучу. Аны көргөндө Аида жети өмүрү жерге киргендей уялып кетти. Көрсө бул жалганда жашоо бир кууралы, бир жыргалы менен кызык белем. Аз убакыт илгери эле Тажимуратты көрүп сүйүнүп турган Аида минтип молдокени көргөндө жердин катуулугунан гана турду, денеси чымырап уялып. Ушул жашка чыкканы азыркыдай абалга кабылып көрбөсө керек. "Уят өлүмдөн катуу" - дегендей, тиги молдого ак денесин көрсөтмөк турсун, ага аз жерден денесин арнап коё таштаганы үчүн жети өмүрү жерге кирип кете жаздады. Ооба, уятты билген адам гана уялганды дагы билет. Болбосо, чакчаңдаган бирөө болсо Аидадай жер карабай тик карап, молдого дагы көз кызат беле ким билет. Тартынчаак элеттик бул келиндин болгон кылык-жоругу, сыпаалыгы, мококтугу, аял затына таандык уяңдыгы Абдышүкүр молдону ойго салды. Кайраты качып, карылыкка моюн сунуп калган молдоке, кичине жашыраак болуп, күчү келгенде кечинде эле баарына көз жумуп, Аиданын башын өзүнө имерип алат беле... Буга чейин көп эле келинге кечиндегидей дем салып, балалуу болгонго салымын кошкон. Бирок ушул жолкудай абалга кабылып көргөн эмес. Жашы карылык айылына баш бакканы менен кайран жүрөгү жаш бойдон калганын моюнга алып турду. Баардык жерде асыл нерсе адамдын көзүн, дитин өзүнө бурат эмеспи. Аиданын болгон турган турпаты, жоодураган көз карашы, келишкен келбети молдокенин жүрөгүн козгоп койгонун өзү гана моюнга албаса, сыртынан эч сыр берген жок. Ушул ыңгайсыз абалдан дагы Бүбүайым куткарып кетти. Сырттан кирген Бүбүайым кабагы ачык:
Тажимурат сен артыбыздан келгендей бол, Аида экөөбүз кете берели. Мени ал жакта күтүп калышат, эрте барбасам. Сиз молдоке, мен айткандай кылыңыз. Бүгүн кечте дагы келебиз, даяр болуңуз деди. Бул айтылган сөздүн артында "дагы төрөбөгөн келин келет" - деген сөз жатканын Аида дароо түшүндү, бирок эч сөз айта алган жок. Ушул жерден Тажимуратты бирөөлөрдөн кызганып жиберди да, көз карашы менен билгизди "дагы башка келиндин боюна бүтүрөсүңбү" -деген сөздү. Тажимурат акырын гана башын чайкап койду, жооп кылып.
Анткен менен бул күнү Аида өзүн абдан жеңил сезип жүргөнү менен кечинде болуп өткөн окуя көз алдынан кетпей койду. Адам баласы эч качан унутпайт эмеспи, жанга жагымдуу нерсени. Ал турсун бирөөлөр мактоо сөзүн айтып койсо, ошол сөздү дагы бийик тутуп алган жайы бар экенин жашырып болбойт. Убакыт чоң шашкеден ооп, дигер намазы окулуп болуп калган кезде Тажимурат машинасын оңдоп келип калды. Бул кезде үйдө Аида жалгыз болучу. Бүбүайым иштери менен базарга кеткен. Тажимурат кирип келгенде эле Аида олтурган ордунан тура калып, алдыга кадам таштады. Бул эми өзүн башкара албай, аруу махабатка баш ийип калгандын белгиси болучу. Тажимурат ушул жерден өктөмдүк кылып, алгач Аидага жакындады. Экөө эмне болуп кучакташып калды өздөрү дагы билбей калышты. Бир кезде Аида каргылданган үнү менен:
-Тажимурат, мен билем. Кечинде мени менен болгон сен болучусуң. Аны эмне жашырасың? Экөөнүн ортосунда сөз ушуну менен уланып, бир кезде ысык эриндер бири-бирине чапталыша түштү. Таттуу өбүшү бир топко созулуп, аягы кечинде болгон окуя менен аяктады. Дагы жакшы ушул кезде экөөнө тоскоол болгон жан адам болгон жок. Эми чындап эки жаш бири-бирине жипсиз байланып, жүрөктөр бирин-бири гана эңсеп согуп калды. Бул болуп өткөн окуя жашырынып жаткан ички сезимди жарыкка алып чыгып, жашоонун бир кызыгы сүйүү менен байланыш экенин эстерине салды. Анткен менен Аиданын башы бош эмес экени гана экөөнө тоскоолдук жаратып турду. Бул ишке барганы үчүн Аида эмнегедир өкүнгөн жок. Анткени, Касым мындай ишке ачык эле барып, болгон айыл элине билинип, уят кылбадыбы. Аял заты үчүн күйөөсүн башкага тарттырып жиберген абдан намыстуу, уят иш экенин Аида башына келгенде билип, канча санаа тартты. Бирок эмнегедир кечиндекиге караганда бул жолу баары ачык болгон үчүн, Аида дагы бир жолу аял болуп жаралып калганына ыраазы экенин өңү билигизип турду. Кызылы-кызыл, агы-ак болуп көзгө абдан сүйкүмдүү көрүнүп, чырайына чыга түштү, соолуган гүлгө суу куйганда гүл өңүнө чыккан сымал. Ал турсун Тажимуратты жанынан жарым карыш чыгаргысы келбей, андан көзүн албай карай берди. Бир кезде ыгын келтирип сурап калды:
-Тажимурат, сен эми бүгүн дагы башка келиндин жүрөгүн козгогону барасыңбы? - деп. Бул суроону күтпөгөн Тажимурат көзүн алаңдатып:
-Жок, кайдан. Сени менен болууга эжени араң көндүрдүм. Ал турсун сени жактырып калганымды эже билип калган үчүн, мага уруксаат берген. Бирок бир шарт менен " сага таанылба" деп катуу эскерткен болучу. Сен, менин мойнумдагы калды кармалап билип калганыңда, айлам гана жок сенин жаныңдан туруп кетүүгө тура келди. Эгер сен сыйпалабай жөн жатканыңда анда экөөбүз дагы бир топко жатат болчубуз. Сыр алдырып койгонум үчүн өзүмдөн-өзүм уялдым. Аида жагымдуу жылмайып:
-Сен эми менин жүрөгүмдүн төрүнөн орун алып алдың. Кантип сени унутат болдум экен. Тажимурат шашкалактап:
-Жүрү, экөөбүз эч ким билбеген жакка качып кетебиз. Ансыз деле бетибиз ачылып калбадыбы. Бала дагы меники. Аида колун жаңсап:
-Жок, анда биз Бүбүайым эженин ишине тоскоол болуп калабыз. Бул жагын башкача ойлонушубуз керек. Сөз ушул жерге келгенде дарбаза кагылып калды.
Экөө элеңдеп, дароо терезеден сыртка көз агытышты. Бул эми калпыс ишке барган адамдарга таандык көрүнүш болучу. Алгач Тажимурат кыймылга келип дарбазаны ачканы алдыга кадам таштады. Бирок, ким келгенин ачык биле албай, Бүбүайым болбосо экен деген ой, болгон дитин ээлеп алганын корккон жүзү эле билгизип турду. Ушул ойду үйдүн ичинде терезеден сыртты караган Аида дагы ойлоп, тынчы кетип турганы анык эле.
Касым үчүн эки күн, эки кылымга тете убакыттай сезилди. Баягы жаш кезиндегидей абага кабылып, Аиданы көргөнгө эки көзү төрт болду. Ушул жолу билди, дагы да болсо Аиданы сүйөөрүн. Жөн эле билим берүү министирине жолукчудай абдан берилип даярданды. Ал турсун базарга барып өзүнө чактап кийим дагы алып кийди. Бул эми жөн адамга жолугу үчүн жасалган далалат эмес. Ооба, ар бир адамдын өзүнүн адамдык сапаты жана даражасы болот. Ошого жараша адам баласы даярдык көрөт. Буга мисал катары жогорку кызматтагы адам келе турган болсо айыл өкмөтү же мектеп директору кандай даярдык көрөрү баарына дайын эмеспи. Ал эми кадыры жок адам келе турганын эч ким элес албайт. Айткандай ушул жерден эле билсек болот, Аиданын кадырын. Ачкыл суунун кулуна айланган Касым чачын суулап тарап, боюна карап, улам күзгүнүн жанына барганы эле эмне деген сөздү айтып турат. Айтып жана жазып койгон оңой, бирок ар бир нерсенин азабын тартуу чоң эмгекти талап кылат. Касымдын керек болсо акыркы күндөрү табити ичимдикке тартпай, такыр башка ойлорду ойлоп, таттуу кылга жетеленип, жашоону башкача баштоону, Аида менен гана бактылуу боло ала турганын анализдеп көрдү. Аскерден жаңы келген кезиндеги сүрөтүн көрүп алып, такыр болуп көрбөгөндөй өзгөрүлгөнүн билип, ичинен арданып дагы алды. Ушул абалга алып келген ачкыл суунун азгырыгы жана өзүнүн чечкинсиздиги экенин билди. Болбосо күнү-түнү оюнан кетпей, басса-турса эсинен кетпеген алган жарынын аз да болсо кадырына жетет эле го. Жок дегенде калыстык үчүн апасына каршы сөз айтып койсо, Аиданын көңүлү өсүп калбайт беле. Баарына бир гана өзү күнөөлүү экенин кеч сезди.
Эртең шаарга барам деген түнү уйкусу качып, болгон дитин бир гана Аида ээлеп алып, анын кадырына жетпей жүргөнүн моюнга алды. Апасы менен Аиданын адамдык сапатын салыштырып көрдү. Апасы айлыгына ээ кылбай алып алганын эстегенде, кайсы кылымда жашап жатканын билди. Тээ илгери келиндер кайын энесинин гана акылы менен жашап, баш көтөрүү эмне экенин билбесе, Аида дагы ошол эски, кат тааныбаган сабатсыз заманда жашап жүргөнүн баамдады. Анткени өз айлыгына ээ боло албай, апасын тик карамак турсун ачуу тилине түтүп, баарына баш чайкап тим болгонун бир баштан эстеп, сүйүп алган жары көз алдында кор болгонуна ичи ачышып кетти. Апасынын "туубас, сен баламдын башын айлантып тийип алгансың" деген сөзүн бир эмес канча жолу укту. Ошондо калыстыкка келип апасын тыйып койбой, басып кеткен күндөрүн эстеп, өзүнүн кандай адам экенин билди. Эгер башка бирөө болгондо төркүнүнө болгон ишти, айтылган сөздү ташып барса эмне болмок? Кайра ал жактан төш алып келип, эт жок калганда тамак жасаган күндөрү болбодубу. Зымпыйып эч кимге сыр бербей, болгон ичтеги окуяны эч кимге айтпай жашырып келгенине уйкусу качып ойго жатып Касым эми гана баа берди. Аида барда үй ичи кандай көзгө сүйкүмдүү жана жарык көрүнчү эле. Ал эми ал кеткени жарыгы өчкөн үйдөй, бир нерсе жетишпегендей сезилгене эми баам салды. Канчалык башка нерсени ойлоюн деген менен болгон оюнун аягы барып эле Аидага такала берип, аны менен эртерээк эле жолуккусу келип кетти. Көзүн жумуп уктап калгысы келди, бирок кайдагы уйку. Уйкусу качкан адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Ар нерсени ойлоп жатып таңга жуук гана көзү илинип кеткен Касымды апасы ойготту. Ооба, Калича дагы түн ортосуна чейин уктай албай жаткан. Келини менен эми кантип жүз көрүшүнү ойлоп жатып, ал дагы кеч уктап эртең менен күндөгүдөн кеч ойгонгон. Касым ойгонору менен дароо саатты карап, кеч болуп калганын билип, ордунан дароо турду.
Сыртка чыгып келип таңкы наарга олтуруп жатып, апасына кайрылды:
-Апа, эмне эрте эле ойготпойт белеңиз? - деп. Калича чай куюп сунуп жатып:
-Балам мен дагы уктап калыптырмын. Болбосо эрте эле ойготот болчумун. Кайсы кара теке сүзүп уктап калдым, билбейм. Бул таңкы уйкудан өткөн таттуу нерсе болбосо керек. Ошол себептен айтылат да "эртең менен таң эрте ырыскы чачат" - деп. Уйкуну жеңе билүү жөн адамдын колунан келе бербейт. Уйку бул жалкоолордун жолдошу. Жалкоо адам керек болсо уктаган уйкусу менен дагы мактанат. Иштемчил адамдар таң эрте ишти баштайт. Таң эрте баштаган иш тез арбыйт. Биз экөөбүз минтип уктап жатканда Абды кошунанын эки баласы тигинтип беш сокмо согуп коюшуптур. Бул эми иштин ийгилиги эмеспи. Касым бул айтылган сөзгө маани деле берген жок. Болгон дитин бир гана Аида ээлеп алып, ага тез жетип баруу гана оюнда турду. Шашып чай ичкен Касым сөздү бөлүп:
-Апа, таң эрте тамакка деле табит жок. Мен эрте жолго чыгайын. Таксилер кетип калды го. Эрте барсам эрте келем. Эгер Аида макул болуп калса бүгүн эле жолго чыга беребиз. Ишимден араң уруксаат берди. Калича калдастап калды. Анткен менен Аиданын кетип калганы өзү үчүн жана кийинки жашоосу үчүн жакшы эле сабак боло турган сын сөздөрдү угуп, элге сөзү кыска болду. Бир жагынан өзүнүн ким экенин билди. Балким Аида минтип чечкиндүүлүккө барбаган болсо, баягы кыялы менен жүрө берет беле ким билет.
Касым аялдама келсе бир чоочун машина турган экен. Айылдан мындай көзгө жат машинаны көзү чалбаптыр. Чет элден келип жаткан иномарка машиналардын саны жаңы гана өсүп келе жаткандыктан, бул машинанын маркасын деле билбей жакын басып келип караса, шаардагы классташы Мелис экен. Аны менен кучакташып көрүшкөн соң дароо эле:
-Досум, жорго кут болсун деди. Мелис башын ийкеп:
-Андай болсун, эмне шаарга барасыңбы? - деген болду. Экөөнүн ортосунда сөз ушуну менен уланып жарым саат туруп калышты, кардар күтүп. Машинанын салону толгондо, ордунан жылды. Жолдо ката сөз дагы уланды. Касым:
-Бул машинанын маркасы эмне? - деди эле Мелис жол караган тейде:
-Германский машина "БМВ" - деп аталат. Жолдун каролу. Алдына бир дагы машинаны салбайт. Мотору күчтүү анан абдан күлүк машина. Илгери мындай машинаны бир гана болуштар минген десек болот. Тактап айтканда күлүк атты качан кедейлер минчү эле. Бул машинаны илгерки болуштар минген күлүккө салыштырсак жарашат. Мелис бала кезинен бери эле мактанчаак жайы бар болучу. Анткен менен сабакты начар окуп, эптеп мектепти бүтүргөн эле. Ошол чабыр бала минтип ооз керип сүйлөгөнү Касымдын ичин күйгүздү. Андан дагы кардар күтүп турганда Аида жөнүндө сөз болуп кеткенде Мелистин айткан сөзү такыр көңүлүнөн кетпей койду. "Көзү ачыкка ишенген сен дагы бир байкуш экенсиң. Алар таппаган акыл жок. Кайдан билесиң, сен ишенген көзү ачык, аялыңды башка эркекке салып бергенин. Алардан баарын күтсө болот. Сен кайсы заманда жашап жатканыңды билесиңби, азыр деген жыйырма биринчи кылым" - деген сөзү көкүрөгүнөн кетпей, кызганыч сезими күч алып, көз алдына Аиданын башка эркек менен кучакташып турган элеси тартылып, өзү салондо болгону менен санаасы такыр башка жакта болду. Эч ойлогон эмес эле, мындай кызганыч ойду. Бир чети Мелис дагы жакшы сөз айтты. Медицинанын күчү жетпеген нерсеге, көзү ачыктын кантип күчү жетет эле. Бир кезде Мелис оюн билгенсип:
#кечигипторолгонэгиздер
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2