1-БӨЛҮМ.
Көл кылаасы. Жаштарга шыкала толгон эки машина кууша пансионаттардын бирине келип токтоду.
– Ураа!
– Эми чындап эс алабыз, балдар!
– Ю-хууу!
Кыйкырык-сүрөөн, кулак тундурган музыка абаны жарып, жаштардын үнүнөн эс алуучулар да кылчайып карап калып жатышты. Тобу менен кооз коттеждердин бирине бет алышкан алар Бишкектин айтылуу “золотой молодёжу” эле.
Машинадан акыркы болуп түшкөн жигит теңтуштарындай кыйкырып, элире чуркап кетпей, айланага токтоо тигилип, көз салып турду да, досторунун артынан ышкырып коюп жылмайып алды. Бою узун, кең далылуу, токтоо мүнөз жигиттин аты Аскат болчу. Мүнөзү үчүнбү же келбетиненби, а балким, атасынын байлыгы үчүнбү, чөйрөсүндөгү кыздардын баары ага ыктай беришчү. Азыр да Алтын аттуу кыз жанына келип тамашалай берди.
– Көлгө суктанып эле тура бересиңби? Жүрү, сууга түшөбүз.
Чуркап келген Азамат тиги бийкечти көлгө сүйрөп жөнөдү.
– Эмнеге мени көлгө чакырбайсың, ыя? Аскаттын кызы бар, а мен бошмун.
Аскат адатынча жылмайып гана койду. Жаштар кумардан чыкканча көлгө түшүп келип, кумда кактанып жатышты. Эс алуучуларды сыдыра тиктеп жаткан Аскат селт дей түштү. Өңү кубара, ордунан обдулуп барып токтоду. Анын мындай өзгөрүүсүн оюн-күлкүгө мас болгон теңтуштарынын бири да байкабады. Көл жээгинде ким менен кимдин иши бар дейсиң. Аскаттын так алдынан кыналыша бараткан экөө үчүн аалам тегиз болчу. Өзүн зор күч менен кармаган Аскат шарт бурула өзү жашаган коттеджге жөнөдү.
– Аскат, сен кайда?
– Эй, кызык го бул?.. Жаңы эле келсек...
Аркасынан кыйкырган досторунун үнүнө назар салбаган Аскат имерилиштен көрүнбөй калды.
– Буга эмне болду?
Колуна тийген сүлгүнү алган Нурик кабатырлана кетти. Бала бакчадан бери чогуу өскөн досунун мүнөзүн ал беш колундай билчү.
– Ичи ооруп кетсе керек.
– Ха-ха-ха.
– Атасынын назик баласы эмеспи,- деди мыскыл күлгөн Азамат.
Бөлмөсүнө барган Аскат тынч ала албай жатты. Аркы-терки басып жатып оюна бир нерсе түштүбү, токтой калды. Ошол замат чөнтөк телефонун колуна ала эшикти көздөй бет алды. Кайра көл жээгине келип, теңтуштарынын жанына барбай, көпчүлүктүн арасынан бир адамды издегенсип, көпкө көл жээктей басып жүрдү.
– Аскатка эмне болгон?
– Бема, сен эле барып билип келбесең болбой калды,- деген теңтуштары Бегимайга кайрылып калышты. Узун бойлуу, сымбаттуу бийкеч башын ийкеп, сүлгүсүн таштай Аскатка жөнөдү. Кумдагы изди телмире тиктеп турган Аскат аны жанына келгенде гана байкады.
– Кимди издеп жатасың?
– Сен жанымда турганда кимди издейт элем?
– Эки жылдан бери мен сени жакшы эле билип калдым го. Сен бир нерсеге капасың. Же...
– Же эмне?
Аскат Бемага күлүмсүрөй тигилди.
– Же болбосо көлдөгү русалкалардын биринин торуна түшүп калдың.
– Мен эчак эле русалкалардын эң сулуусунун торуна түшүп калгам. Муну башкалар жакшы билишет окшобойбу, тор жаймак түгүл жакшы көңүл да бөлбөй жатышат.
– Ооба сага, баарынын көзү сенде.
– Кызык го, менде экенин байкабапмын деле.
Аскаттын жылмайганы таптакыр башкача болчу. Кабагы жарк дей түшүп, көздөрү мээримге толуп кетчү. Атасы сыймыктана “бул менин уулумдун фирменный жылмаюусу” деп калчу. Аскат Бегимайдын кызганычына бир чети күлкүсү келип, экинчи чети кыжалат ойлордон арыла түштү. Кызды кучагына бек кысып, көздөрүнөн өөп алды.
– Мына эми өзүңө окшодуң. Жана кайда чуркап кеттиң?- деди Бегимай да көңүлү жайланып.
– Телефонумду бөлмөгө таштап коюпмун. Папам “жетериң менен телефон чал” деген да. Мен как всегда унутуп коюпмун.
– Жалгыз баласы болсоң, кабатыр болот да.
– Жок, кеп анда деле эмес. Өткөндө депутат досунун уулун өлтүрүп кетишпедиби. Ошондон бери эле ушинтип калды.
– Да, ар нерсени ойлоп мен да коркуп кетем.
– Эмнени ойлоп коркот экен ушул русалка?
– Сени, өзүмдү ойлоп да. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок сен бир нерсе болсоң, мен жашай албайм. Телохранитель жаныңда жүрсө, балким, кооптуу болбойт беле...
– Бир эмес, эки телохранитель жанында болсо деле өлтүрүп кетип жатышпайбы? Папам да өткөндө кыйытып жаткан. Койгулачы, өзүм спорт менен машыгып жүрөм го. Анан бир-экөөнү ээрчитип алсам, эл эмне дейт? Досторум шылдыңдап жатып өлтүрүшөт.
– Эмне демек эле, Кыргызстандагы эң бай адамдын уулу болсоң...
– Эй, мен эч кимге деле моюн бербейм чындасам.
Жарк эте күлгөн Аскат Бегимайды колдон ала көлгө жөнөдү. Кичинесинен бери шаарда бассейндерден чыкпаган экөө кууша чабак уруп жүрүп жедеп чарчаганда гана араң чыгышты.
– Болгулачы, силер үчүн кечки тамакка кечигебиз. Экөөң дельфин болуп кеттиңер го. Кыйкырып жатып үнүбүз бүтүп калды.
Алина курбусуна сүлгүнү суна берип наалып калды.
– А силер билесиңерби, дельфин – жаныбарлардын арасынан сүйүүгө эң туруктуусу, - деди Аскат тамашалай.
– Сүйүүгө бекем экениңерде кеп жок. Бирок арабызда экөөңдөн башка дельфин жок экенине байланыштуу биз тизеге чейин эле кечип келдик. Туурабы, балдар?- деп Нурик кепке кошулду.
Шаракташа күлгөн жаштар узап бара жатышты. Кечки тамактан кийин пансионаттын күндө боло турган дискотекасына барышмак. Алар даярданып жөнөп калышкандыктан, Аскат башка коттеждерди аралап жөнөдү. Бирок оолактай, бир нерсени издегендей абайлап карап жүрдү. Бир топко кыдырып, анан башын шылкыйта бөлмөсүнө келди. Өңү купкуу, ал тургай колдору да титиреп жаткансыйт.
Бөлмөгө кирип келген Бема тигини көрүп таң кала түштү.
– Кайда кетип калдың? Элдин баары дискотекага кетишти, а сен жоксуң.
– Көл жээктеп басып жүрдүм. Убакыттын өтүп кеткенин байкабаптырмын.
Аскат күнөөлүүдөй унчукту.
– Мына, кайрадан капасың. Эч жериң оорубай элеби? Суук тийип калган жокпу? Бул жакта шаарга караганда бир кыйла эле салкын. Азыр дискотекага барсак, көңүлүң көтөрүлөт.
Бема Аскатты колдон ала сыртка умтулду.
– Бемуля, бүгүн дискотекага көңүл жок. Жөн эле басып келеличи.
– Макул, сени менен мага кайда болсо да жакшы.
Кол кармаша ээрчишип бараткан экөөнүн тынчтыгын телефондун үнү бузду. Аскаттын атасы экен. Бир аз кырылдап сүйлөгөн коңур үн Бегимайга угулуп жатты.
– Аскат, жакшы жайгаштыңбы? Эмнеге чалган жоксуң? Мен кабатырланып. ..
– Кечирип кой, пап, унутуп калыпмын.
Аскат оор улутунуп алды. Дагы бир нерселерди айткысы келди.
– Качан келесиңер?
– Бүрсүгүнү жолго чыгабыз, папа. Сен кабатыр болбо. Менин жанымда Бемуля бар. Ал сенден да өткөн жоопкерчиликтүү. Жылуу кийиндирип, эмне тамак ичкенимден бери карап турат.
Атасы менен сүйлөшүп бүтүп, өзүн таң кала тиктеп турган кызды бооруна кысты.
– Мени ушинтип карабачы. Карегиңе чөгүп кетчүдөй болуп кетем. Чын эле, папама чалам деп унутуп коюпмун.
– Менден бир нерсе жашырып жатасың.
– Кечирип кой, сенден сыр жашырбайм деп коюп, жашырып жатам. Балким, кийин айтармын. Бирок азыр эмес.
Эңиле кыздын жүзүнөн сүйгөн Аскат ары басты. Көлдүн түнкү көрүнүшү өзгөчө эле. Асмандагы толгон ай көл бетине из чала чагылышып жатты. Аскат менен Бегимай жетелеше көлгө терең орнотулган пирстин үстүнө чыга келишти.
– Көлгө көп жолу келсем да, ушунчалык кооздугун байкабапмын. Ай экөөбүздү тигилип карап тургандай сезилип жатат,- деди Бегимай айланага суктана карап.
Аскат тамашалай свитеринин жеңи менен Бегимайдын жүзүн калкалай койду.
– Кой, анда бетиңди жаап турайын. Сага айдын көзү тийип кетпесин.
– Айдын ичине кыз кирип кеткен деп уккам. Балким, сага тигилип, суктанып жаткандыр,- деди Бегимай кызгана.
– Эй, стоп! Экөөбүз азыртадан эле бири-бирибизди кызганбаш үчүн мен өзгөчө жол таптым. Мына!
Аскат чөгөлөй калып, чөнтөгүнөн кутучаны алып Бегимайга сунду.
– Ой, бул эмне?
– Ачсаң көрөсүң.
Кутуну акырын ачкан кыз андагы бриллиант чөгөрүлгөн алтын шакекти абайлап сууруп алды. Бакырая Аскатка тигилип калды.
– Бема, мен билем. Бул жашоо биз каалагандай жеңил эмес. Анда баары эле шыр болуп кетпейт. Оор күндөр болорун да билем. Бирок ошол оор күндөрдө да эч качан сени таштап кетпегенге, ар дайым жаныңда болгонго, сени коргогонго убада берем.
– Аскат, биз коё туралы деп чечпедик беле. Сен чет өлкөгө окууга кетсең, мен...
– Билем, бирок ичимдеги бир күч негедир мени шаштырып жатат. Ушул күнү, ушул айдын алдында колуңду сурап калбасам, жетишпей калчудаймын.
– Макоом десе, сенден эч кайда кетпейм.
– Билем, макул дечи.
– Макул, макул, миң жолу, жүз жолу макул.
Кыз жигиттин мойнуна асыла кетти.
Аскат Бегимайдын колуна шакекти салып, саатын карап жылмайып алды.
– Саат 12ден өтүптүр. Демек, сени туулган күнүң менен куттуктай берсем болот экен.
– Эртең достордун баарына айтабыз, ээ?
– Папам катуу сүйүнөт. Акыркы убакта “эрте үйлөн” деп эле шаштырып жатат.
– А меникилер капа болот.
– Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын!
Кучакташып, таттуу өбүшүп турган экөөнүн шыбырын толкундар коштоп жатты.
Чакан кафеде Бегимайдын туулган күнүн белгилеп, достор уу-дуу болуп жатышты. Аскат ордунан тура:
– Достор, бир аз убактыңарды бөлүп койгула. Биздин жакшы жаңылыгыбыз бар,- деди.
Кол кармаша ордунан турган экөөнү жапырт тиктеп калышты.
– Оо-уу! Достор, деги тынчпы?
– Тынч эле. Биз жакында баш кошууну чечтик. Той болчу күндү шаарга барганда ата-энелер менен чечебиз.
Достор бири-бирин тиктеп, ышкырып-кыйкырып эле жатып калышты.
– Молодцы!
– Куттуктайбыз!
Алина тура калып курбусун өөп алды.
– Туура кыласың. Мындай жигитти колдон чыгарбай, эрте аркандап алыш керек.
– Асик, досум, биздин арабыздан биринчи үйлөнөт экенсиң. Буюрса, мен акыркы үйлөнөм,- деп Нурик кучактап далыга таптап, тамашалай ичке уруп калды.
Столдун четинде отурган бир гана адам бул сөздөргө кошулбай турду. Ал Азамат болчу. Бала бакчадан мектепти бүткөнчө чогуу жүргөнү менен, ар дайым Аскатка ич күйдүлүк менен карачу. Окууда болобу, спортто болобу, достор чөйрөсүндөбү, айтор, экөөнүн атаандаштыгы күчтүү эле. Бегимайдын Аскатты тандашы экөөнүн ортосун ого бетер алыстатып койду. Анткени бул кара көз сулууну ал дагы кичине кезинен жактырар эле. Баарынан да экөөнү өзү тааныштырганына ичи күйөт. Анда мектепти бүтө элек кездери болчу. Аскат кезектеги спорттук таймашка катышмак. Досторунун баары чогулуп колдоого келишкен. Досторуна “мени ушундай сулуу кыз жандап жүрөт” дегиси келдиби, айтор, ошол мелдешке Бегимайдын жанын койбой жатып ээрчитип алган.
Мелдеште жеңишке жетишип, досторунун кучагында жылмайып турган Аскат өзүн тиктеп турган сулуу бийкечти байкап калды.
– Бул ким?- деди акырын Нурикке ээк кага.
– Азаматтын таанышы экен.
– Таанышы элеби же...
– Таанышы эле болуш керек.
Акырын суурулуп чыккан Аскат тиги кыздын жанына келди да жылмайып койду.
– Салам!
Кыз да күлүмсүрөй бир нерсе деп жооп бергиче Азамат келе калып, сөзүн буруп кетти.
– Бул – Бегимай, мени менен келген. Аскат, куттуктайм. Жеңишиң кут болсун. Бема экөөбүз үйгө кетели деп жатканбыз.
Бегимай тигини таң кала тиктеп алып, оолактай берди.
– Рахмат, бирок мен өзүм эле кетем. Жакшы калгыла.
Кызды узата тиктеген Аскат “Бема” деп кайталап алды. Эртеси эле анын канчанчы мектепте окуурун, ким экенин тактап, аркасынан чуркай баштаган. Бегимай эки жыл артынан тынбай ээрчиген Азаматты эмес, эки жума тааныш болгон Аскаттын сунушун кабыл алып, анын кызы болуп калган. Ошондон бери мурунку ич күйдүлүк эми ачык жек көрүүгө айланган Азаматка бул жаңылык оор тийди.
Кече ортолоп калган эле. Катуу кызып калган Азамат теңселе ордунан туруп, колундагы вилкасы менен бокалын тарсылдатып, досторунун көңүлүн өзүнө бурду.
– Менин би-ир сөзүм бар. Бема, сен Аскатты тандап, чоң жаңылыштык кыласың. Бул – жашооңдогу э-эң чоң жаңылыштык. Анткени... ал... Аскат сенин баркыңа жетпейт.
Тамашалай күүлдөп отурган жаштардын жүздөрүнөн күлкүсү күбүлө берди. Айрымдары оозун ачып Азаматты тиктеп калышты. Биринчи өзүнө келген Нурик Азаматты жеңден тарта берди.
– Эй, сен эмне деп дөөрүп жатасың? Ичсең алыңа чактап ичпейсиңби? ! Жүрү, сыртка чыгып бир аз эс алалы.
Тиги анын колун тескери какты.
– Турчу ары, Аскаттын кошоматчысы. ..
– Эмне дедиң?
– Эмне уксаң ошо. Аскатка кошоматтанып эле жүрөсүң. Эскисине ушунча алданасыңбы?
Бул сөздөр теңтуштарынын арасында бир аз колунда жогураак турган Нуриктин талуу жерине тийди.
Ал Азаматты жакадан алды.
– Айбан десе, сен эмне деп жатасың?!
– Ха, эмне, жалганбы?
Тирешкен экөөнү достор араң ажыратышты.
– Эй, койгула, болдугулачы, балдар.
– Экөөңө эмне жин тийдиби?
Аскат гана Азаматка токтоо тигилип турду.
– Жүрү, сыртка чыгып сүйлөшөбүз, - деди жеңинен тарта.
– Кыйын болбо! Эл корксо да мен сенден коркпойм.
– Мен сени коркутайын деген жокмун. Болгону, эркекче сүйлөшөлү дегем. Бул жерде кыздар да бар. Алар...
– Сен мага жентельмен болбой эле кой. Баары бир Бема сага тең эмес, эртең эле ыйлатып баса бересиң. Айтчы, канча кызды ыйлаттың?
– Сенин менден айырмаң жок.
Аскаттын токтоо турганы Азаматтын ого бетер жинине тийди. Атырылган жинин баса албай энтиге берди.
– Мен сени өлтүрөм. Бема меники! Уктуңбу? Үйлөнчү болсоң эле өзүңдү өлүкмүн деп эсептей бер. Өз колум менен өлтүрөм.
Жулунган Азаматты кафеде отурган көптөр тигилип карап калышты. Достору “Аза, эсиңе кел” деп аны сыртка чыгарып кетишти. Бул чыр кимдир бирөөнүн чырагына май тамызып жатканын эч ким билген жок. Ошондой эле бир караан жаштар отурган кафеден жылып чыгып, көл тарапка басканын да байкашпады.
– Кечирип кой, Азаматтын сөздөрү, балким, сага катуу тийди.
– Көп кызды ыйлатканың мага жаңылык деле эмес болчу. Баары бир мен сени сүйөм.
– Бемуля, сен чындап эле ошол сөзгө маани берип калдыңбы? Андай сөздөр айтыла берет эмеспи.
Кабагы сузданып кеткен бийкечин тиктеп алып, Аскат шашып кетти. Чын эле, дөөдүрөгөн Азаматтын сөздөрүнө ишенип алдыбы? Бегимай оор үшкүрүп алды да, өзүнүн бөлмөсүнө бет алды.
– Эй, сага эмне болду?
– Эч нерсе.
Кыз эми артына да кылчайган жок. Аскат караңгыда көмөкөйү ката “Бема” деп шыбырап алды. Кыз алыстай берди. Ошол боюнча таптакыр көрбөй каларын билбей, эртең эле өксүп, өкүнүп чачын жуларын билбей, бир карап койбой кирип кетти.
Таңдын салкын жели Аскаттын тармал чачтарын сылап жатты. Баары бир көңүлү түтпөгөн Бегимай таң атпай анын бөлмөсүнө баш багып, жанында турду.
– Асик, мени кечирип койчу...
– ...
Эми биз таптакыр урушпайбыз. Мен...
Аскат дагы деле үнсүз.
– Аскат дейм...
Жакын келип колунан кармай берген Бегимай дирт дей түштү. Анткени Аскаттын денеси мупмуздак болчу.
Муздак колдору шейшептен чыгып калганы гана болбосо, Аскат тек уктап жаткандай жүзү мемирейт. Дендароо болуп туруп калган Бегимайдын көздөрү чоңоюп кетти. Аскаттын үстүнө түшө калып, анын жансыз жүзүн өпкүлөп жиберди. Кыздын кыймылынан Аскаттын үстүндөгү тыкан жабылып турган шейшеп шыпырылып түштү. Кан! Жигиттин көкүрөк тушу канга чыланып калган экен.
– Ааа-а!
Кетенчиктей берген кыз бетин жаба чаңырып жиберди. Жапан кыйкырыктан коңшу жаткан достору топурап келе калышты.
– Эмне болду?
Көздөрү чанагынан чыга жаздаган Бегимайдын өңү купкуу эле.
– Асик!
Бирин-бири үрпөйө тигилген жигиттер эмне кыларын билбей туруп калышты. Канжалаган Аскаттан көзүн албай айрымдары кетенчиктеп кетишти. Досунун жанына жете барып колдон алган Нурик отура калып дубалды муштагылап жиберди.
– Кечээ эле жакшынакай эмес беле? Эй, айткылачы, балдар, кечээ эле чогуу отурбадык беле. Кантип?
Ушинтип таңкы тынчтыкка бөлөнгөн пансионат бат эле будуң-чаң түшүп калды. “Тез жардам” менен келген ак чач врач топтошкон жаштарды аралап өттү да, Аскаттын номерине кирип кетти. Аз убакыттан кийин чыккан ал акырын сүйлөдү.
– Бул жигиттин жакындары барбы бул жерде?
– Ооба, мен – жакын досу, бул – сүйлөшкөн кызы.
Бегимайды чыканактан кармап, алдыга кадам таштаган Нурик врачка үмүттүү тигилди.
– Жардам бере албадык. Жүрөгү кечинде эле токтоп калган экен.
Кыздын кулагы чуулдап, алдында турган ак чач врач көзүнө эки болуп көрүнүп барып эсин жоготуп жиберди.
– Бема!
Кыздын алсыз денесин кучактай берген Нуриктин кыйкырыгынан жанындагы теңтуштары да чуулдап жиберишти.
– Эй, токтоткула! Эмне турасыңар, номерге алып киргиле!
Шашып калган врач катуу сүйлөдү. Эстери ооп турган жаштар Бегимайды көтөрүп, Аскаттын номеринин каршысында турган бөлмөгө алып жөнөштү. Эч кимиси баш көтөрүп бир нерсе дегенге жарабай үрпөйүп турушту. Врач аларды тегиз карап алып “карасаң, баары жапжаш, эне сүтү ооздорунан кете элек. Буларды жалгыз жиберишкен ата-энелери да келесоо. Азыркы ата-энелер деги эмнени ойлошот, билбейсиң” деп ачуулуу күңкүлдөп алды. Тегеректе чогула калган эс алуучулар иштин чоо-жайын угуп, өздөрүнчө ой жүгүртүп жиберишти.
– Кызык, кимдин колунан келди?
– Эми тополоң болуп баштайт.
Ушундай болду. Кечээ эле жылмаюусу жүзүнөн кетпей, шамдагай кыймылдап, тамашалуу сүйлөгөн Аскат суналып жатып калды. Ал эми каршысындагы бөлмөдө жанындай көргөн Бегимайы таноолору кыпчылып араң дем алып жатты. Врач өз ишин кылып бүтүп, тигилерди көз айнектин сырты менен тиктеп калды. Бегимайдын курбу кыздары Алтынай менен Алина көз жашын чубуртуп, курбусунун колдорун улам кармалап чебелектеп жүрүшөт.
– Кыздар, курбуңардын абалы оор эмес. Азыр укол кылдым. Эми тынчтык керек.
– Кечирип коюңуз, байке, бирок биз коркуп... Аскат менен Бема...
Өзүн токтото албай Алина бышактап жиберди.
– Өзүңөрдү кармагыла. Тиги жигиттин жакындарына кабарлаш керек. Милицияга өзүм кабарладым. Азыр келишет. Силер эми номерди бошоткула.
– А Аскатчы?- деди Нурик дагы деле болуп жаткан нерсеге ишенгиси келбей.
– Ал номерге да киргенге болбойт. Эми... Ага эми эч кимибиз жардам бере албайбыз. Ал эми кылмыштын бетин ачууга кедергибиз тийиши мүмкүн. Эч ким кире электе милиция кызматкерлери номерди изилдеп чыгышы керек.
Ушуларды тез-тез сүйлөгөн врач сыртка адымдады.
Нурик турган ордунда тура берди. Жеңинен тарткан Алмаз акырын үн катты.
– Нурик, Аскаттын атасына ким айтат?
– Ыя, Аскаттын атасына...
– Врач жакындарына кабар бергиле деди го.
Нурик айланасында топтошуп турган досторун сыдыра тиктеди. Баары чарасыз баштарын жерге салып турушту. Мына, Аскаттын жоктугу! Мындай маселелерди дайыма Аскат чече турган. Кандай кырдаал болбосун өзүн жоготуп, карбаластап көргөн эмес. Чөйрөсүндө чыныгы лидер болчу. Ал болгондо... Көмөкөйүнөн такалып турган оор нерсени араң жуткан Нурик салмактуу сүйлөдү.
– Мен өзүм айтам ага. Бирок азыр эмес, өзүмө келип алайын,- деди да бурулуп басып кетти.
Райондун кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Голубое море” пансионатына тез келип калышты. Бөлмөдө эч кандай баш аламандык, кармашуунун белгиси жок. Болгону, жигит жатарында муздаткычтан апельсин ширесин алып ичкенин айгинелеген бокал турган. Ары жак, бери жагынан сүрөткө тарткан соң сөөктү, Аскаттын колу тийген нерселерди экспертизага жөнөтүштү. Эми милициянын майору Аскаттын теңтуштарын биринен сала бирин суракка ала баштады.
Биринчи болуп жакын досу Нурик көрсөтмө берүүгө кирди. Көзүнүн кыйыгы менен бир тиктеп алган майор отур дегендей жаңсап коюп, адаттагы суроолорун чубуртуп кирди.
– Аты-жөнүң?
– Нурбек Алмабеков.
– Туулган жылың?
– Бишкек шаары. 1989-жыл, 1-апрель.
– Өлгөн жигиттин эмнеси болосуң?
– Досу.
– Аты-жөнү?
– Кимдин?
– Досуңдун дейм. Өлгөн жигиттин...
Кыжырланып жатканын жашыра албаган майор кыйкырып алды. Чыйрала түшкөн Нурик башын көтөрүп, тигини тиктеп калды.
– Токтосунов Аскат Аскарович.
– Эй, эй, токточу. Тиги жигит кадимки Аскар Токтосуновичтин тууганы болобу?
– Жалгыз уулу болчу.
Нурикти тиктеп турду да, майор колу менен жаагын сүргүлөп кирди. Кыжалат боло столду тарс эттире чаап калды.
– Шайтан алгырдыкы десе! Ушул эле жетпей жатты эле. Сен бар, барып тур. Керек болсоң дагы чакырабыз. Нурик эшикти жаап чыгып кетери менен шашкалактап чөнтөк телефонун алып райондук милициянын начальнигине чала кетти.
– Саламатсызбы, жолдош подполковник, биздин райондо ЧП...
– Ии, дагы эмненин ичинен чыктыңар?- деди салмактуу үн.
– Токтосуновдун жалгыз уулун бизге караштуу территориядан өлтүрүп кетишиптир.
– Эмне дейсиң? Эмне, Аскар Токтосуновдунбу?
– Ооба.
– Качан?
– Бүгүн эртең менен билдирүү түшкөн. Мен дагы бул жакка келгенден кийин билдим, “Токтосуновдун баласы” дешти.
– Тынч жашоо деген жок экен го,- деп ачууланып алды подполковник.
– Майор, эми бул жагын өзүң билесиң, кандай иш алып барышың керек экенин. Токтосуновду айтып отуруштун кажети жок го дейм.
– Билем, жолдош подполковник.
– Билсең, анда жаныңды таштап иште. Эгерде кылмышкерди тез кармабасаң, сага да, мага да оор болуп калышы мүмкүн. Мен дагы азыр барып калам.
Өлгөн жигиттин ким экенин, кимдин баласы экенин билгенден кийин милиция кызматкерлери кыйсыпыр түшүп жатып калды. Нурикти чакырган майор кайрадан суракка баш урду.
– Досуңду акыркы жолу качан көрдүң?
– Кечээ... Биз Беманын... Бегимайдын туулган күнүн белгилеп кафеде отурганбыз. Аскат менен Бегимай үйлөнүшөрү тууралуу айтышкан. Ошо...
– Аскатка кимдир бирөө тиш кайрап жүргөнүн билчү белең?
– Жо-ок, ал эч качан конфликтке барчу жигит эмес болчу. Кээде балдар менен урушуп кеткенде деле сүйлөшүп чечкенге аракет жасачу.
– Болуптур анда, ошол күнү адаттан тышкаркы эмнени байкадың?
Нурик ойлонуп калды. Көңүлүндө Аскат менен Азаматтын урушуп кеткени тууралуу айтпай эле коёюн деп ойлоп жатты. Бирок анын өңүндөгү өзгөрүүнү байкап турган майор дал көңүлүндө турган суроону берди.
– Эстесең, ошол күнү эч ким менен урушуп кеткен жок беле?
Суроо дал бутага тийди. Кежигесин кашып алган Нурик акырын үн катты.
– Бегимайдын туулган күнүндө Азамат менен Аскат урушуп кеткен.
– Во-во-во, ушуга кенен токтолсоң болот.
– Ээ, андай нерсе боло берет го. Бегимайды мурун Азамат жакшы көрчү. Аны баарыбыз эле билчүбүз. Анан алар үйлөнүү тууралуу сөз кылганда... Айтор, Аза ичип да алган. Анан ал...
Мукактанып калган Нуриктин көз алдына Азамат жана анын көздөрү элестеди. Жек көрүүгө толгон көздөр... “Мен сени өлтүрөм. Бема меники! Уктуңбу? Үйлөнчү болсоң эле өзүңдү
өлүкмүн деп эсептей бер. Өз колум менен өлтүрөм”. Ушинтип жулунуп жаткан кезин эстеди. “Айтыш керекпи? Жок, Азага илип коюшу мүмкүн. А балким, чын эле...” Өз оюнан өзү коркуп турду.
Майор Нурикти көпкө тиктеп, “сары ооз балапандар десе. Силердин эс алууңар эми биз үчүн тозок болот экен го. Алыңарды билип иш кылсаңар эмне?!” деп кыжырланып турду.
“Күн чайыттай ачык экен” деп ойлонуп алган Аскар асманды карап алып, жеңил чуркоого өттү. Бул анын көп жылдан берки адаты. Спортчулардыкындай дене түзүлүшү аны өз жашынан өтө жаш көрсөтчү. Чуркап келди да сүлгү менен терин аарчып алып, үйүнө кирди. Чөнтөк телефонун тиктеп, уулу Аскатка чалып коюуну эстеди да, кайра кофе ичип алып чалмай болду. “Да, “атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада” деген экен. Ал жигит телефон чалам деп коюп эле “унутуп калдым, папа” деп калат. Азыр уктап жатса керек, ананыраак чалайын” деп ойлогон ал ошол боюнча баш-оту менен ишке киришип кетти. Саат 11 болгондо күткөн уулу эмес, анын досу телефон чалды.
– Алло, ким бул?
– Мен, Аскар байке, Нурбекмин...
Жигиттин үнү буулугуп чыккандай сезилди.
– Аа, Нурбек, жакшы эс алып жатасыңарбы?
– Биз... Аскаттан ажырап калдык, байке...
– Эмне дейт?!
Уккан кулагына ишенбей, ордунан ыргып турду.
– Түндө бычактап кетишиптир. ..
Оор денесин креслого таштап жиберген Аскар бир топто барып өзүнө келди. Бир аздан соң ордунан оор копшолуп, телефонун издеп тапты. Жардамчысынын телефонун араң терди.
– Самат, Аскат кырсыктап калыптыр. Балдарды тез чогулт. 10 минутада чыгам. Көлгө барабыз.
– Макул.
“Кырсыктап калыптыр...” деп тургусу келди. Уулунун каза болуп калганына таптакыр ишенгиси келбеди.
10 минутага жетип-жетпей Аскардын заңкайган үйүнүн жанына үч Жип келип токтоду. Эки жигиттин коштоосунда чыккан Аскар ортоңку машинага отурары менен машиналар ордунан жылды.
Эшиктен кирип келген начальникти көргөн майор ордунан тура калды.
– Жолдош подполковник. ..
Сүйлөйүн деп келе жаткан майорду колун шилтеп токтотту да, түз эле ишке киришти. Толук неме ысык күндөн кыйналып кеткендей жүз аарчысы менен терин сүртүп алды.
– Кана, майор, кандай версиялар бар?
– Негизи, үч версия боюнча иш алып барып жатабыз. Биринчиден, өлгөн жигит ошол түнү сүйлөшкөн кызынын туулган күнүндө бир досу менен урушуп кетиптир. Күбөлөрдүн айтымында, ал “өлтүрөм” дегенге чейин барыптыр.
Экинчи версия, Аскар Токтосуновичтин ким экенин эске алганда, анын кас адамдары болушу мүмкүн.
Үчүнчүдөн, талап-тоноо. Мындай версияга такалганыбыздын себеби, досторунун айтымында, өлгөн жигиттин кымбат баалуу чөнтөк телефону жок экенин айтышты.
– Дагы кандай жаңылыктар бар?
– Өлүктү экспертизага жөнөттүк. Аскар Токтосунович бул жакка бет алыптыр.
Тиги семиз манжалары менен столду тырсылдатып ойлонуп калды.
– Сен эми башка бардык иштериңди жыйыштыр. Жанагы урушуп кеткен баланы жакшылап көзөмөлдө...
– Макул.
Уюлгуган чаң алыстан көрүнүп, пансионатка машиналар жакындап келе жатты. Аскардын колдору калтырап, тамекини биринен сала бирин чегүүдө. Пансионатка келери менен топтошуп турган уулунун досторун байкады.
– Аскат кайда?
– Моргдо.
Уулунун жансыз денесин көргөндө гана ишенди Аскар. Башын мыкчый чөгөлөп отура калды. Чындыгында, Аскардын таянар тоосу болчу, бул жарык дүйнөдө жашап жүргөнү, чогулткан дүнүйө-мүлкү жалгыз уулу үчүн эле. Мындан бир нече жыл мурун ак жеринен камалып кеткенде анын азабынан үй-бүлөсүнөн ажырап, жалгыз гана колунда калган медер туткан адамы Аскат болчу. Кийин түрмөдөн бошонуп чыгып, бутуна туруп, Кыргызстандагы алдыңкы байлардан болду. Анын кримчөйрөдө да, саясатта да орчундуу орду бар эле. Ошол кудуреттүү Аскар азыр мөгдөп отурду.
– Аско-о! Кандайча болуп кетти, балам?- деди калтыраган үн менен.
– ...
– Менин жалгыз экенимди билип туруп... Ия? Кантип таштадың, сен?!
Көпкө отурду. Сыртка чыкканда бир нече жашка карый түшкөндөй сезилди. Теңселип кеткенде жакын турган эки жигит кармай калышты.
– Кеттик,- деди бир ооз гана.
#тагдыроюну
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12