«Ибн Аббастан мындай дегени кабардалат: (Бир жолу) Аллахтын Элчиси бизге хутба окуп, мындай деп кайрылды: Оо адамдар! Чындыгында, силер Аллах Тааланын алдында жылаңайлак, жылаңач жана сүннөткө олтургузулбаган (кесилбеген) абалда чогултуласыңар. Анткени Аллах Таала мынтип айтты: " Биз алгачкы жаратууну кантип аткарган болсок, аны убадабыз боюнча кайрадан ишке ашырабыз. Чындыгында, Биз жасоочубуз!" (Анбия 104) Ошондой эле, махлуктардын ичинде Кыямат Күнү биринчи болуп кийим кийгизиле турган адам Иброхим ьалайхиссалам. Анан менин үммөттөрүмдөн адамдарды алып келишет да, солго (тозок отуна) карай сүйрөп жөнөшөт, ошондо мен айтам: "Оо Эгем, булар менин сахабаларым!" Ошондо мага айтылат: "Чындыгында, сенден кийин алар кандай жаңы кошумчаларды (бидьат) киргизишкенин сен билбейсиң!" Ошондо мен (илгерки) таква кул (Иса ьалайхиссалам) айткан сөздү айтам: "Мен алардын арасында болгон кезимде, аларга күбө болдум. Сен мени алып кеткениңден кийин, аларга Өзүң күбө Болуучусуң!" (Маида 117-118) . Жана мага ошондо айтылат: "Чындыгында, сен алардан ажырагандан баштап алар чегинүүлөрүн (Аллахтын Элчисинин сыннөттөрүнөн жана түздүк истикома же; Исламдан капырлыка карай чегинүү) токтотушкан жок».
(Риязуссолихин 132 бет №165. Ал-Бухари. Муслим)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев