1839-1937 жылы туулган, анын байлыгы төрт жүз миллиярд долларды түзгөн.
Бай болуу үчүн он эки кеңешин айткан.
Биринчи кеңеши:
Бирөөгө азыраак иште сен канчалык бирөөгө көп иштеген сайын, сен ошончолук жаман жашайсын, бирөөгө иштөө деп бирөөгө жалданып иштөө деп айткан.
Экинчи кеңеши:
Акчаны үнөмдөө кайсы жерде табар арзаныраак болсо ошол жерге бар, ала турган нерселериңи тизмелеп жазып алда андан башкасын сатып алба.
Үчүнчү кеңеши:
Эгерде сенде акчаң аз болсо бизнес жасашың керек, эгерде бир да акчаң жок болсо бизнести азыр башта.
Төртүнчү кеңеши:
Байлык пассивдүү киреше аркылуу келет, пассивдүү киреше булактарын түз, изде, пассивдүү киреше жөнүндө кичине түшүндүрмө берейин, пассивдүү бул сенин кийлигишүүңсүз сага акча алып келе турган булак бизнес. Мисалы: акциялар дивидендтер.
Бешинчи кеңеши:
Сен кыялыңда күнүнө элүү миң доллар тапканды кыялдан, элүү миң доллар андан көп болсо болсун бирок кем эмес, элүү миң доллар деп бекеринен айтылган эмес, анткени дүйнөдө кээ бир адамдар күнүнө элүү миң долларга чейин акча коротушат.
Алтынчы кеңеши:
Акча сага башка адамдар аркылуу келет, уялба, тартынба, сүйлөш мамиле түз, тартынчаактык - тартынчаак адамдар көп учурда ийгиликсиз болушат.
Жетинчи кеңеши:
Жакыр коом дайым сени аркага тартат, ошого пессимист адамдардан алысыраак бол, алар сенин кыялдарыңды бузуп сени чечкинсиз кылат, дайыма оптимисттер менен жана ийгиликтүү адамдар менен сүйлөш мамиле кыл, сенин досуң ким экенин айт мен сенин ким экениңди айтам.
Сегизинчи кеңеши:
Жакырчылык жоопкерчиликтен качканда пайда болот, өзүңө ар кандай шылтоолорду ойлоп таппа, жоопкерчиликтүү бол.
Тогузунчу кеңеши:
Эң бай жана эң ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымаалдарын окуу, бил.
Онунчу кеңеши:
Кыялдар жашоодо биринчи оорунда турат, кыялдарыңды ишке ашыр тайманба план түз акырына чейин иштеп чык жана аларды ишке ашыр.
Он биринчи кеңеши:
Адамдарга жардам бер, аларга кийинки пайдаңды ойлобой таза ниетте жардам кыл, пайдаңдын он пайызын садака кыл.
Он экинчи кеңеши:
Бизнес системаларын түз жана өзүң иштеп тапкан акчаларыңдын жыргалын тап.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев