а) атасынан
риваят кылат, Пайгамбарыбыз
(саллаллооху ъалайхи ва
саллам) айтты:"Туугандык
мамиле кылгандын акысы
баарынан тез берилет.
Уйдогулор куноокор болсо да,
бирок элдер менен жакшы
мамиледе болсо, алардын
ырыскысы кобойо берет".
(Макаарим 264)
______________________________________
Факих Абу Лайс (р.х)
айтат:Туугандарга жакшылык
кылуунун он пайдасы бар:
1 Аллах Таала ыраазы болот.
Анткени Аллах Таала Озу
туугандарга жакшылык кылууга
буюрган
2 Туугандар суйунот,
Пайгамбарыбыз (саллаллооху
ъалайхи ва саллам)
айткан:"Абзел амал момунду
суйундуруу
3 Ага туугунадары да коп
кубанат
4 Мусулмандардын тарабынан
бул кишиге мактоолор айтылат
5 Шайтан анын бул кылган
амалынан кайгыга чогот
6 Омуру узарат
7 Ырыскысында береке болот
8 Олгондор да анын амалынан
кубанат
9 Ортодо байланыш кучойт.
Анткени сен кимге жардам
берсен, сен кыйналып турган
кезде, ал да сага жардам
берууго аракет кылат
10 Сен олгондон кийин сага
сооп жетип турат. Анткени сен
кимге жардам берсен ал сен
олгон кийин да сени, эстеп,
жакшы дуба кылып турат.
(Фазааилу Садакаат 203)
______________________________________
"Өлүүдөн мурда тообо
кылгыла! Кайырлуу иштерди
аткарууга тоскоолдук
чыгуудан мурда шашылгыла!
Аллаху тааланы көп эстегиле!
Зекет жана садага берүүдө
шашылгыла! Ушундайча
Раббиңердин ырыскыларына
жана жардамына ээ
болгула!” [Ибни Мажа]
______________________________________
"Беш нерсе келүүдөн мурда
беш нерсенин кадырын
билгиле: Өлүмдөн мурда
өмүрдүн кадырын, оорудан
мурда ден-соолуктун
кадырын, дүнүйөдө акыретти
табуунун кадырын,
карылыктан мурда
жаштыктын кадырын,
кедейликтен мурда
байлыктын
кадырын.” [Хаким]
______________________________________
«Ал силерге жерди баш
ийдирип койду. Анын бүт
тарабына баргыла, (Аллахтын
адал) ырыскыларынан жегиле
жана Ага гана кайра тирилип
кайтабыз». 67 Мулк 15
______________________________________
«Эгер намаз окулуп бүтсө, анда
Аллахтын ырыскыларын издеп
жер бетине таркагыла». 62
Жума 10
______________________________________
«Оо, Аллах! Сен берген нерседе
эч бир тоскоолдук болбойт, Сен
тоскон нерседе эч бир берүүчү
болбойт». (Муслим)
______________________________________
«Силердин ырыскыңар асманда
жана убада кылынган нерселер
дагы бар. Асман менен жердин
Раббисине ант, акыйкатта, ал
(Лаухуль Махфууз) силер сүйлөп
жаткан сыяктуу чындык».
(51 Зарият 22-23)
______________________________________
«Эгерде адам баласы өлүмдөн
качкан сыяктуу ырыскысынан
да качса, анда ырыскысы
адамга өлүмү жеткен сыяктуу
качкан адамга да жетет».
(Сахих Жаами, 5240) «Эгер
айылдардын элдери
баарысы тең ыйман келтирип,
Мага такыба болушса, Биз
аларга асман менен жердин
берекесин ачып коймокпуз.
Бирок алар муну жалганга
чыгарышты, Биз алардын
жалган ойлогондугу үчүн
(азапка) алдык». (Аьроф
сүрөөсү, 96-аят)
______________________________________
«Үй-бүлөңдү намазга буйру
жана ага (намазга) сабыр кыл.
Биз сенден ырыскы
сурабайбыз, Өзүбүз сага
ырыскыны беребиз. (Жакшы)
акыбет такыбалар үчүн». (Тоха
сүрөөсү, 132-аят)
______________________________________
«Ким Аллахтан корксо, Аллах
аны кыйынчылыктан чыгарат
жана ал күтпөгөн жактан ага
ырыскы берет». (Талак сүрөөсү,
2-3-аят)
______________________________________
«Анан Мен айттым:
Раббиңерден кечирим
сурагыла! Чындыгында Ал –
Кечиримдүү! Ал силерге
асмандан нөшөрлөгөн жамгыр
жаадырат. Ошондой эле мал-
мүлк, бала-чака менен
кубаттайт жана бактарды,
дарыяларды агызат». (Нух
сүрөөсү, 10-12-аят)
______________________________________
«Ким көп истигфар айтса, анда
Аллах Таала анын машакатын
кетирет, кыйынчылыктан
куткарат жана ал ойлобогон
тараптан ырыскы берет».
(Ахмад)
______________________________________
«Ким Аллахка таянса, Аллах ага
жетиштүү». (Талак сүрөөсү, 3-
аят)
______________________________________
«Эгерде силер чын дилиңер
менен Аллахка таянсаңар, анда
Аллах чымчыкка ырыскысын
берген сыяктуу силерге да
берет, ал уясынан курсагы ач
учуп чыгат да, кечкисин
курсагы тойо кайтып келет».
(Бухари)
______________________________________
«Ким ырыскысынын кенээн
болушун кааласа жана
кадамынын кечиктирулуусун
кааласа (өмүрү узун
болуусун) анда
туугандары менен мамилесин
бекемдесин». (Бухари, Муслим)
______________________________________
«Кандай садака кылсаңар да
Аллах өзүңөргө көбүрөөк
кылып кайтарат». (Сабаа
сүрөөсү, 39-аят)
______________________________________
«Ажылык менен умра кылгыла!
Чындыгында, ал экөөсү
жакырчылык менен
күнөөлөрдөн көөрүк темирдин
ширендилерин тазалагандай
тазартат». (Тирмизи)
______________________________________
«Эгер үйлөнүүнү каалагандар
кембагал болушса, анда Аллах
Өз пазилети менен аларды
байытып койот». (Нур сүрөөсү,
32-аят)
______________________________________
«Зарыккандын дубасына
(Аллахтан башка) ким жооп
берет жана жамандыкты андан
ким кайтарат?!». (Намль
сүрөөсү, 62-аят)
______________________________________
«Айткын: “О Аллах! Бардык
мүлктүн падышасы! Сен мүлктү
кимге кааласаң бересиң жана
кимден кааласаң тартып
аласың. Кимди кааласаң
ардактуу кыласың жана кимди
кааласаң кор кыласың. Бардык
жакшылык Сенин колуңда.
Чындыгында Сен бардык
нерсеге кудуреттүүсүң. Түндү
күндүзгө алмаштырасың,
күндүздү түнгө алмаштырасың.
Өлүүдөн тирүүнү, тирүүдөн
өлүктү чыгарасың жана кимге
кааласаң эсепсиз ырыскы
бересиң». (Аалу Имран сүрөөсү,
26-27-аят)
______________________________________
«Мен
сага кыйынчылыгыңды кетирип
жана диниңе жардам берүүчү
сөздөрдү үйрөтөйүнбү?».
“Албетте үйрөтүңүз” - деди.
Пайгамбар (соллаЛлоху алайхи
ва саллам) айтты: “Эртең менен
жана жатаардан алдың: «Оо,
Аллах! Сенден кыйынчылык
жана кайгы-кападан сактооңду
сураймын, алсыздык жана
жалкоолуктан коргооңду
сураймын, коркоктук жана ач-
көздүктөн коргооңду
сураймын, карыздын
кыйынчылыгынан жана
адамдардын мага үстөмдүк
кылууларынан коргооңду
сураймын!». Абу Умама айтты:
“Бул дубаны калтырбай айттым
эле, Аллах Таала менден
кыйынчылыкты кетирип,
динимде жеңилдик берди”.
(Аллахумма иннии аузу бикя
мин аль-ьажзи уа аль-касали, уа
аузу бикя мин аль-жубни уа
аль-бухли, уа ауузу бикя мин
голябати ад-дайн уа кохри ар-
рижаал) (Абу Давуд)
______________________________________
Эгер силер
(Менин нээматтарыма) шүгүр
кылсаңар, силердин
(нээматтарыңды) көбөйтөм. Ал
эми каапырлык кылсанар,
Менин
азабым катуу» (Ибрахим
сүрөөсү, 7-
аят)
______________________________________
“Чындыгында Аллахтын кулу
өзүнүн кылган күнөөсү үчүн
ырыскысынан куру калат”.
(Муснад Имам Ахмад)
______________________________________
Эй адамдар Чындыгында мен
бар болгону силерге
эскертуучумун дегин. Ал эми
ыйман келтирип жакшы
амалдарды жасагандарга
кечирим жана сыйлуу
ырыскылар бар. 22 Хаж 49-50
______________________________________
Аллахтын сага берген доолоту
аркылуу акырет конушуна
умтулда, бул дуйнодогу
ырыскыны да унутпа. Аллах
сага жакшылык кылгандай, сен
да жакшылык кыл. Жер
бетинде бузукулук кылууну
коздобо. Аллах бузукуларды
суйбойт 28 Касас 77
______________________________________
Силер Аллахтын ордуна
солокотторго табынып,
жалганчылыкты жасап
жатасынар. Акыйкатта
Аллахтын ордуна силер силер
сыйынып жаткандар, силер
учун ырыскы бере албайт.
Ырыскыны Аллахтан гана талап
кылгыла. Ага сыйынгыла Ага
шугур кылгыла. Силер ага
кайтарыласынар 29 Анкабут 17
_____________________________________
Давуд бин Иса (р.х)
айтат:"Товратта мындай деп
жазылган: Жакшы мамиле,
жакшы
ахлак, туугандар менен жакшы
мамиледе болуу каапыр болсо
дагы уйлорду абат кылат, мал -
дуйнону кобойтуп, омурду
узартат". (Умдатул Каари
11/181)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев