' 538. Салим бин Абдуллах бин Умар өзунун атасы
Абдуллах бин Умардын (@) мындай дегенин кабарлайт:
«Аллахтын Элчиси (сав) мага тез-тез белек берчу,”‘ а мен болсо: “Муну менден да муктажыраак болуп тургандарга бериниз” деп айтчумун. (Бирок, бир жолу) ап минтип айтты "Муну ал. Эгерде бул мүлктөн сага өзундун каалоондон сырткары, сен сурабаган бир нерсе тийсе, аны алгын да, ээлик кылгын, (анан) эгер кааласан аны (өз муктаждыгына) сарптагын. кааласан аны муктаждарга (садакага) бергин. Ал эми андан башкаларына (нафси каалоо) умтулбагын!».
Салим айтат:
«Ошентип, Абдуллах (бин Умар да) эч кимден эч нерсе суранчу да эмес, ага (суратпастан) берилген эч нерседен баш да тартчу эмес». (ал-Бухари; Муслим).
59-БЭЛУМ
АДАЛ МЭЭНЕТ МЕНЕН ТИРИЧИЛИГИНЕ (ЖЕТЭЭРЛИК АКЧА) ИШТЕП ТАБУУ ЖАНА ОШОНУН АРКАСЫ МЕНЕН АДАМДАРДАН СУРАНУУДАН ЖАНА “БЕЛЕК” АЛУУГ А УМТУЛБООГО ЧАКЫРУУ ТУУРАЛУУ
Аллах Таала мындай деген: «Качан намаз аяктаган сон Жер бетине тарагыла да, Аллахтын ырайымын (ырыскысын) издегиле жана Аллахты көбүрөөкк зикр кылгыпа, балким. (ошондо) ийгиликке жетесинер». ("Жума":10).
539. Абу Абдуллах аз-Зубайр бин ал-‘Аввам (р.з) Аплахтын Элчисинин'(сав) мындай дегенин кабарлайт:
«Чындыгында, силерден ким болсо да, жип алып, тоого чыгып, (бир) тангак (болсо да) отунду жонго’” (артып) келип, сатсанар жана ошону себеп кылып Аллах силерди (адамдардан сурануудан) сактаса, ошонун озу (кээде) берип, (кээде) бербөөчү адамдардан тилегенге караганда (кептеген эсе) жакшыраак» (ал-Бухари; Муслим).
540. Абу Хурайра (@) Аплахтын Элчисинин (сав) мындай дегенин кабарлайт:
«ЧЫндыгында, силерден киминер болсонор да, (бир) таңгак отун алып, (аны өз) жонуңарга (болсо да) көтөрүп келип сатсанар, ошонун озу (кээде) берип, (кээде) бербөөчү кимдир бирөөлөрдөн сурангандан жакшыраак». (алБухари; Муслим).
541. Абу Хурайра (@) Пайгамбарыбыздын (№,) мындай дёгенин кабарлайт:
«дауд (ага тынчтык болсун) өз колу менен иштеп тапкан (халал) ырыскыны гана жечү»
(ал-Бухари; Муслим).
542. Абу Хурайра (@) Аплахтын Элчисинин (а) мы“дай дегенин кабарлайт:
«Закария (пайгамбар) жыгач уста болгон» (Муслим).
Э 543. Микдама бин Ма'дикариб (р.з) Аплахтын Элчисинин (сав) мындай дегенин кабарлайт: «Өз колу менен иштеп тапкандан мыкты тамакты эч ким эч качан жеген эмес, чындыгында, Аллахтын
пайгамбары Дауд (ага тынчтык болсун) өз колу менен иштеп тапканын гана жечү» (ал-Бухари).
Ырыстууга жуучу келет ырысы жокко доочу келет.
Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт.
Ырысы жоктун ырымы күч.
Ырыс алды ынтымак.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев