Түшүндө, кайнене кайнатасы, күйөөсү үчөө арак ичип олтурушат, " иий ушу аракты ичпей эле койгулачы" десе , күйөөсү тура калып " сен бизге үйрөтүп калдыңбы, азыр өлтүрүп тыштайм" деп колун тарбандатып муунтчудай болуп келе жатты.Кайнене кайнатасы каткырып атышты, үчөөнүн каткырган үндөрү коркунучтуу болуп угула баштады, жүздөрү да бузулуп коркунучтуу нерсеге айланып кетишти, куйоосу да шумдук коркунучтуу болуп муунтуп калды,чочуп ойгонгон Гүлай тура албай калды, денеси кыймылдабайт, деми кысылып,кыйкырайын десе үнү чыкпайт, кулагы шуулдап, башы дүңгүрөп чыкты. Басырык басып атат окшойт деп, апасы кичинесинен үйрөткөн келмесин ичинен кайталап кирди " лаа иллаха, иллалох, Мухаммадур расулулох" деп атты. Ошол маалда эшик тарс ачылып, оолжуган күйөөсү кирип келди, үстүндөгү оор нерсе заматта жоголуп, денесине жан кирип кыймылдап жиберди. Мас күйөөсүнөн коркуп тура калды. " Жүр чай ич" деди оозунуп. " Энеңди десе , тырайып уктап атасың, кыйратып койгонсуп" деп сүйлөп кирген күйөөсүн жетелеп, ашканага киргизди, баланы ойготуп чочутпасын дегени. Даярдап майлык менен жаап койгон дасторконду ачып, термостон чай куюп, тамагын чырылдатып ысытып ,идишке салып алдына койгуча , чыны ийининен ашып өтүп, тамга тийип чачырап түштү, ичиндеги ысык чай моюнуна чачырап ,моюну ысып ачышып чыкты. Корккон келин " мына же гой эми ,чайды кайра куюп берем " деп тызылдап ийди. " Ээнееңди , сен тыркыйып жатпай, эрте эле ысытып койбойт белең а" деп ызырынып чачтан алып, жыгып туш келди аялын тепкилей берди. Түпкүчтөй түйүлгөн келин бетин, башын ичине катып, үнүн чыгарбайт, " акырын, болду эми, кечирип койчу" деп жалооруп ийди келин, баласы чоочуп ойгонуп дагы жүрөгү түшпөсө экен деп атты. Кээде ушундай ызы чуудан баласы ойгонуп аёосуз апасын тепкилеп аткан атасын көрүп, болушунча бакырып ыйлайт. " Жаагыңды жап, үнүңдү чыгарба, өлөсүң" деп күйөөсү желекеден алып баланы тамга жабыштыра түртөт, корккон Эрмек үнүн чыгарбай көзүн алайтып ыйлап отура берет, аны көргөн Гүлай баласына жаны ачып , күйөөсүн жек көрүп кетет. Болушунча тепкилеп алып , күйөөсү баласынын жанына барып жатып уктап кетти. Далай токмок жеп жүрөгү калган Гүлай денеси титиреп, өйдө болду чачылган чачын жыйнап жоолугун салынып, ачышкан моюнун сыйпады.Сынган чыныны чогултуп эшике башынан айлантып, ыргытып ийди. Жатчу бөлмөгө кире албай турду, уктай элек болсо дагы чыр чыгарбасын деп тура берди. Кайнене кайнатасынан жардам жок, алар келип болушса деле аларды ыргыта түртүп, андан бетер күчөп, сабап кирет, аны билген ата энеси баласы дүкүлдөтүп келинин уруп атканын угушса да , кулактарын жапырып жата беришет. Бир топко турган келин, уктады окшойт деп акырын кирип, дагы кийимчен жатып калды. Эртең менен бүт денеси жанчылып ооруп турду, эшике чыгып жуунуп, идишке муздак суу алып күйөөсүнүн жанына койду, ал ойгонуп суу сурарын билет. Ата энесине чай берип , үйүн жыйнап баласын жетелеп жөнөөрдө, күйөөсү чыкты көздөрү шишип, башын мыкчып саксайган чачтары сербейет, " арак барбы , өлөйүн деп атам" аялын жөөлөй токтоду , " жок да тиги акча ала элекмин" деп келин коркуп кетти. " Ай кел мында бир стакандай бар " деп кайненеси бөтөлкөнүн түбүндө калган, аракты алып чыгып көрсөтүп калды. Келин уруш чыгарып ийбесин деп шашып жөнөдү.
Кооз дарбаза ачылып дагы Күлүйпа эжеси тосуп алды. Келиндин кызарып шишиген көздөрүн көрүп, айттырбай түшүндү, ичинен " байкушум десе жапжаш, сулуу, зирек келинди ура берип түбүнө жетмей болду, акылсыз десе" деп ичинен ойлоп, келинди аяп турду. Тыпылдап ишине киришкен келинге " Гүлай ары бери жүрбөй, бүткүчө биякта эле жатып турбайсыңбы, бүткөндө анан кетесиң" деди түндө жок дегенде тынч уктасын деген ойдо. " Жок эже тиги Кубат урушат барып келип эле иштейин" деди келин күйөөсүнүн кыялын билип. " Эч коркпо алар менен мен сүйлөшүп коём, коркпой жата бер , мен анан барып күйөөңдү да, ата апаңды да айтып көндүрүп коём" деп Гүлайды да көндүрдү. Анан барып Гүлайдын кайната кайненесине, азык түлүк,арак бир аз акча берип, Гүлай бүткөндө келсин деди эле, колуна тийген акчага кубанышып макул болушту.Ал жактан чыгып Кубаттын иштеген жерине барды , чоң тамдын сыртын шыбап жүрүптүр, " иш илгери болсун, бери келчи " деп жанына чакырды. " Колуңа береке тимеле мизилдетип шыбап атыпсың, аябай колуң алтын кишисин да " деп мактай кетти, " ээ Кубат кызымдын себин эрте бериш керек эле, тиги Гүлай биздикине жатып иштесинчи , антпесе эрте бүтчүдөй эмес, эрте баштап, кечке тиксе бүтүп калат, макулбу, эми чарчап чоң тамды шыбап атыпсың, иштен кийин бирдеме ал" деп колуна акча карматты.Кекиртеги күйүп аткан неме акчаны көрүп сүйүнүп, дароо макул болду. Үйүн шыбаткан адам , иш бүткөндө ичесинер деп, арак ичирбей ,акча да бербей аткан, эми дүкөнгө көрүнбөй барып, арак алып, катып алып акырындан иче беришет. Гулайга да жакшы болду эртең менен бияка, кечинде үйгө чуркабай, эрте туруп эле төшөктөрдү тигип баштайт,кечинде дагы түнгө чейин төшөк каптайт, бир тобун бүтүрүп койду. Түндө да качан тиги келип уруш чыгарат деп коркпой тынч уктап ,мээси эс алып сергип калды. Күйгөн моюнуна Күлүйпа дары сыйпап атып айыгып калды. Бүгүн да түнгө чейин иштеди, бир убакта терезе туштан караан көрүндү, сырттан бирөө карап тургандай, караан пайда болуп жоголду, жүрөгү болкулдап кеткен Гүлай акырын басып барып,терезенин пардосун ачып карады эч ким жок, эже чыкса керек деп ойлоп ,жатып калды.Үчүнчү күнү, түштөн кийин жууркан төшөктүн баарын бүтүп, эжеси
менен коштошуп баласын жетелеп, базарга жөнөдү,баласына оюнчук алып береин, үйгө барганда акчасы жок болуп кетет деп ойлоп, биринчи базарга барды. Машина , тапанча оюнчук, балмуздак алып берди , баласы кубанып көзүн жымыңдатып , кудуңдап улам бирдемени сүйлөп, бактылуу. Үйгө да азык түлүк, керектүү буюмдарын алып үйгө барды. Калган акчасын экиге бөлүп бир бөлүгүн чөнтөгүнө,бир бөлүгүн шырдактын астына катты.Антпесе күйөөсү алып ,алып ичип салышы мүмкүн. Үй жайын жыйнап, тамак жасап кайната кайненесине тамак берип , мончо жагып кирди, ата энеси жуунуп чыккандан кийин, Эрмекти киринтип үйгө киргизип өзү жуунганга кирди , "караңгы кирип калды, Кубат эртерээк келип жуунуп алса болмок " деп ойлоп жуунуп атты. Бир убакта ийинине бирөө колун койду, чочуп кеткен келин артына караса эч ким жок, жүрөгү лакылдап чыкты, шашып баттан жуунуп үйгө шашып кирди. Коркуп калган неме жүрөгү токтобой дүкүлдөп согуп атты. Эрмекти уктатып өзү уктай албай атты.Кубат да келип калды , эрте келди соо го деп ойлоду. Кызуу болгон күйөөсүнө тамагын берип , сүлгү кийим берип, мончого жөнөттү. Мончодон соолугуп чыккан неме " акча алдыңбы берчи ун алып келип коем эртең, сен алып келе албайсың да " деди , арака сурап атканын билсе да чөнтөгүнөн акча алып чыгып берди, бербесе токмок жейт эмеспи. "Ушунча элеби " деп акчаны санап аткан күйөөсү бетин тырыштырып карады. " Жок , үйгө керектүүлөрду алдым ,балаңа оюнчук алдым,калганы ушул" деди дагы чыр кылбасын деп чочулай. " Оюнчук, эй аны эртең эле талкалайт, акча коротуп ага " деп күйөөсү нааразы боло. " Мейличи эми ойногусу келет да ,бала да " деп келин күйөөсүнүн көзүн карап. Мейли дегендей колун шилтеп коюп чарчап турган неме, жатып уктап кетти. Бүгүн урушу жок жатып калган күйөөсүнө сүйүнүп,келин да жатып уктап кетти. Бир түн убакта уйкусу ачылып кетип көзүн ачты, караңгы бөлмө, сырттан түшкөн айдын жарыгы бир аз жарык кылгансыйт.Чалкасынан оодарылып жатып,шыпты карады, өзүнүн үстүндө шыпка жакын учуп тургандай беш алты узун кара караандар каалгып айланып атышыптыр. Коркуп кеткен Гүлай үнүнүн болушунча кыйкырып отура калды, чоочуп ойгонгон күйөөсү тура калды " эй эмне болду, эмне болду" деп барып жарыкты күйгүздү, өң алеттен кеткен ,титиреген аялына , " эмне болду айтпайсыңбы" деп атты. Тилден калгансып Гүлай колун өйдөгө жаңсап сүйлөй албай атты. Ачуусу келген Кубат " эмне болуп атасың айтпайсыңбы" деп кыйкырып кирди. Кубаттын үнү кулагына жоон күркүрөгөн коркунучтуу добуш менен угулду, өңү да карарып башкача болуп көрүндү. Аны көрүп андан бетер корккон келин калчылдап, " кыйкырбачы үнүң коркунучтуу угулуп, өңүн да башкача көрүнүп атат" деп ыйлап ийди. Баласы Эрмекти да унутту, баласы чарчаганбы эчтеке сезбей уктап жатты. Өңү кубарып титиреген аялын көрүп, Кубат да чочуй түштү, "азыр апамды чакырып келеинчи" деп басканда, " мен да барам жалгыз тыштаба,корком" деп ээрчип алды. Ата энеси жаткан үйдүн эшигинен башын салып " апа ,апа бери чыксаңыз" деди Кубат. Чала була халатын кийип апасы чыкты, " тынчылыкпы эмне болду түндө" деп , купкуу болгон келинин көрүп чочуп кетти, сабап талуу жерине чапканды деп ойлоп ийди. " Айтчы өзүң эмне болгонун" деп аялын карады. Гүлай титиреп атып көргөн караандарды, Кубаттын коркунучтуу болуп кеткен үнүн, өңүн айтып берди.
" Ботом бул эмнеси келчи апаптап коёюн" деп келинин отургузуп апатап анан, арча түтөтүп кирди. " Азыр эми жат жарыкты өчүрбөй, эртең менен өйдө жакта табып апа бар ошого алып барайын , жүрөгүңдү көтөрүш керек го, бир нерседен чочуп калган окшойсуң" деп апасы келинин тынчтандырып атты, оюна ар кайсы ойлор келди. " Балам уруп сабап атып ,оорукчан кылып койгон окшойт" деп ойлоду.Гулай жарыкты өчүрбөй жатып, бирок уктай албады, көзүн жумса эле жанагы кара караандар келип калчудай, чекчейип жатып таң атырды. Эртең менен ачкарын барыш керек деп кайненеси табып апаныкына ээрчитип жөнөдү. Карыган болпойгон ак жүздүү байбиче , жумшак колдору менен тамырын кармап отурду, анан дем салды, суу ичирип , оозуна сары май салды. Жүрөгүн көтөрүп бүтүп, " азыр жай чилдеси, чилденин кырк кызы деген болот, ошолор илээшип алыптыр, коркпо. Жалгыз эшике чыкпа караңгыда, булар ушундай жалгыз аялга, кош бойлуу аялга алдары жетет. Эми үйгө барып үч күн байка алар көрүнбөсө, чочубасан болду, эгер коркуп чочуй турган болсоң кел дагы" деп экөөнү узатты.Чилденин кырк кызын түшүнбөсө да ал эмне деп сурай албай кетти. Бирок өзүн жеңил сезип, корккону басылды. Түнү да тынч жакшы уктады. Эртеси кир жууп жүрдү. Кубат ишин бүтүрүп акча алып, түштө эле мас болуп келди. Кир жууп жүргөн аялына адатынча ызырынып, уруп кирди, моокуму канганча сабап үйгө кирип кетти.Капталында жашаган Калыс кошуна короосуна чөп жыйып аткан, кошуна келинди күйөөсү аёосуз сабап атканын көрүп арачалайын , десе кемпири болгон жок " кой кийлигишпе, бул баланын кыялын билесиң өз ата энесине кол көтөргөндөн кайра тартпайт , сени да жыга чабат кой барба " деп астын тороп бардырбай койду. " Бечара келинге убал болду, туугандары жокпу кор кылбай алып кетишсе гана, келгенден бери , токмок жеп келе атат" деп кемпири боору ачый сүйлөдү. Жанчылган денесин сүйрөп араң турду келин, топурак болгон кийимин күбүп, жоолугун оңдоп, барып суу ичти. Башы чыдатпай ооруп атты. Үйгө киргенден коркуп, калган кирди бутурөйүн деп, жууп кирди. " Кайсы кылганыма мынча сабайт, менде эмне өчү бар, мен буга эмне жамандык кылдым эле, тойдум мунун токмогуна " деп ойлонуп ыйлай берди. " Кетиш керек, бирок каяка барам балам менен, мени батыраар адам барбы, тайжем эмне болду экен бирөөнүн телефону менен сүйлөшүп көрөйүнчү" деп ойлонду. Тайжеси апасынын сиңдиси, айылда турганда кат кабар алып, Гүлай барса жетине албай тосуп алып ,колунда болгонун берип турчу, кийин күйөөсү сабаарын угуп , алып кетсемби деп жүргөн, көп өтпөй Орусияда иштеген баласы чакырып кеткен, балдарын карайт, келин баласы чогуу иштеп атышкан. Телефон аркылуу чалып кабарын билип турчу, " күздө барам ошондо чогуу алып кетейин, даярданып тур , балаңды, неберелериме кошуп багам, уулум жумуш таап берет иштейсиң. Күйөөң оңолбой калды окшойт, бияктан иштеп өз жаныңды багып кет" деп аткан. Телефонун дагы Кубат бир күнү сабап атып, жерге чаап сындырып салган ошондон бери байланыш үзүлүп калган. " Ооба бирөөнүкү менен чалайын Батма эжем да өчүк номериме чалып сарсанаа болуп атса керек" деп ойлоду. Акырын үйгө кирди күйөөсү уктаптыр, баласы апасын уруп атканын көрүп коркуп чоң энесинин колтугуна кирип отуруп уктап калыптыр, аны төшөккө жаткырып, өзү да жанына жатты, башы ооруганы күчөп чыкты.
( уландысы бар)
Нике шакеги ✍️ С.Ж
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 76
Окугандар айтпай турсаңар сураныч
Күйөөсү жаман болсо кее бирөөнүн аялы жаман эки жакшы бир болбойт бир болсо бирөөсүн алып коёт экен кудайым