Аял заты үчүн аборт кылуу - өз өмүрүнө коркунуч келтирүү.
Дүйнөдөгү эң чоң бакыт эне болуу экенин адам баласы тажабай айтып келет.
Буту-колу тыбыраган кичинекей наристе кандай кубаныч тартууларын аял заты төрөгөндөн кийин түшүнбөсө андай бакытты сөз менен сүрөттөй бергенден пайда жок болсо керек. Өкүнүчтүүсү, азыр жаш энелердин көбү бактысын өз колу менен кыркып жатканы.
Жеке гинеколог Жунушева Чынара он жылдан бери ушул тармакта иштейт. Тилеке каршы, жумасына аз дегенде бир жолу аборт кылганга туура келет. Кайрылган кардардын теңинен көбү жашы жете элек кыздар. Аборт кылдыраардан мурда анын түрлөрү кандай болоорун, натыйжасы эмнеге алып келээрин жакшы билип алышса дейт адис.
Мини –аборт (вакуум-аспирация) –
4-5 жума болгон түйүлдүкө жасалат. Жергиликтүү наркоз менен жасалып, жатынга түйүлдүктү сордуруп ала турган ийне (вакуум) киргизилет. Беш мүнөт убакыт алган аборт аялдын ден-соолугу жакшы экенине 100% кепилдик болгондо гана жасалат. Мисалы, цистит, сифлис, ар кандай инфекцияларды жуктурган учурда толугу менен дарылануу курсунан өтүү керек. Дарыланганча убакыт өтүп аны менен бирге түйүлдүк да чоңое баштайт. Бул болсо аборттун башка түрүн колдонуу дегенди билдирет.
Медикаментоздук аборт –
5-8 жумалык түйүлдүктөргө жасалат. Тирүү түйүлдүктү жок кылууга дарынын жардамы колдонулат. Азыр мындай таблеткалар интернет аркылуу сатылып жатканы адамдын өмүрү үчүн өтө кооптуу. Анткени, ал дарынын бойдон түшүрүү үчүн канчалык өлчөмдө ичүү керек экенин дарыгер гана аныктап бере алат. Дарыны ичкенден кийин эки саат доктурдун көзөмөлүндө болот. Ич этек кир келген сыяктуу катуу бурап оорутуп кан менен кошо ичтеги түйүлдүк да түшөт. Бир аптадан кийин УЗИге түшүп жатындын ичинде кир кан калган жокпу кылдат текшерилип чыгат. Бул жол менен бойдон түшүрүүнүн кооптуу жери дары адамдын өпкө-боорунан баштап жүрөгүнө чейин зыян алып келет. Аялдын гормондорунда өзгөрүү болуп этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат.
Классикалык аборт
– 16-28 жума аралыгында жасалуучу аборт. Түйүлдүктү медициналык жабдык менен улам денесинин бир бөлүгүн жулуп отуруп жатындан аны толугу менен алып таштайт. Бул мөөнөттө бала дем алып, жүрөгү согуп тирүүлүк үчүн күрөшүп калган кези.Демек, тирүү адамды өлтүргөнгө барабар. Болоору болуп боесу кангандан кийин мындай аборттун түрүнөн кийин милдеттүү түрдө эки жума дарыланып дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек.
Жогорудагы аборттун үчөөнүн кайсынсы жакшы экенин айтуу акылсыздыкка жатаары талашсыз. Үчөөнүн тең ден-соолука зыяны ченемсиз. Өкүнүчтүүсү, азыр көбү аборттун түрүн түшүнбөй эртерээк түйүлдүктөн кутулгуча шашылат.
Чынара Жунушева "Эне жана баланы коргоо" жеке клиникасынын акушер -гинеколог: "Кыздардын сабатсыздыгы үчүн доктурлар жооп бербейт"
- Чынара Жунушевна, учурда аборттун айынан көз жумган кыз-келиндердин саны көбөйүп жатканы маалым?
- Аборттун айынан аял кайсы учурда көз жумат? Өз алдынча криминалдык абортко барышканда. Менин практикамда мындай учур болгон, он тогуз жаштагы кыз боюнда болуп калып ата-энесине айтпай жашырып жүрө берет. Өзү медициналык окуу жайда окуган кыз болчу. Ваннага ысык суу толтуруп горчица кошуп түшкөн экен. Түнүчүндө кан кетип тез жардам менен оорканага алып келишкен. Доктурлар эки-үч саат анын өмүрү үчүн күрөштүк. Бир ай дарыланып чыкты, бирок эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Азыр ал кыз балдар дарыгери болуп иштегени менен бала жытына зар болуп жүрөт. Кээ бир акылсыз кыздар бар, эгер ичиме күч келсе түйүлдүк этек кир сыяктуу эле түшүп калат деген ойго алданган. Түйүлдүк деген жатынга тамыр аркылуу байланган нерсе да. Ага күч келгенде өзү менен кошо тамырларды жулуп кетип кандын токтобой келгени ушундан. Ошон үчүн боюнан үй шартында түшүргүсү келгендер оор иш жасап, ичи менен жерге кулап түшүп аракет кылбай эле койсо.
- Ошентсе да доктурдун катасы менен туура эмес аборт кылып төрөбөй калгандар канча?
- Мен баардык кесиптештерим үчүн жооп бере албайм. Кээде доктур ката кетирген учурлар кездешип жүргөндүр. Бирок айта кетээрим мага кайрылган кардарлардын көбү суук тийип ооругандар, жыныстык жашоонун гигиенасын сактабай түрдүү инфекция жуктуруп келгендер. Инфекция жана түйүлдүк бири-бирине карама-каршы түшүнүктөр. Түйлдүктү алыш үчүн алгач инфекцияны дарылаш керек. Көбү аны түшүнбөй эки көйгөйдөн көз ирмемдик убакта бирдей айрылгылары келет. Кээ бир аялдарда күлкүнү келтирген түшүнүк бар экен. Аборт кылдырбай өзүңдү кыйнап бойдон түшүрсөң кийин кайра балалуу болуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деген. Сабатсыз кыз-келиндерге мүнөздүү ой жүгүртүү демекмин. Криминалдык жол мененби же кокустукпу айтор бойдон түшкөндөн кийин жатынды баары бир тазалаш керек.
- Аборттон кийин кайра бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү кандай?
- Теңме тең. Аборттон кийин бир айга чейин карманып жүрө турган эреже бар. Мисалы, үч жумага чейин жыныстык катнашка барбоо керек. Оор көтөрүп, жеңил кийинип жүргөнгө болбойт. Ваннага эмес бир жумада эки жолу душка түшкөн жетиштүү. Табарсык чыдатпай ооруса же кан келсе дароо дарыгерге кайрылуу керек. Биздин кыздар болсо аборт кылдырып туруп кайра жигитине чуркашат. Анан кантип кийин балалуу болосуң деген кепилдикти берсе болот?
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9