Беттеги тырыктар ар кандай себептерден улам пайда болуп так болуп калат. Маселен, күйүктөн, хирургиялык дарылоодон жана безеткиден кийин тырык калып калат. Ал эми тырыктын калып калышы, бет териге залака тийгенден кийин адамдын организминдеги өзүн- өзү калыбына келтирүү механизими жаракатты жаап коёт. Анын айынан тырык тактар жоголуп кетпей так болуп калып калат.
Ар кандай жаракаттарга кабылган учурда эске алчу маанилүү жагдай бар. Анткени жараатты туура дарыласаңыз тырык калбайт. Ал үчүн жараат алган жерди алгач, перекис водород менен тазалап, йод, спирт же арак менен дезинфекциялоо зарыл. Бирок, убагында туура кам көрбөй тырык калып калган болсо, анда косметолог адисине кайрылуу зарылчылыгы чыгат. Ал эми косметолог адистеринин кызматы албетте арзан эмес, ошондой эле ар бир адамдын буга мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан үй шартында элдик ыкманы колдонуу менен тырыктардын тагын кетирсеңиз болот.
1) Тырык такты күн сайын эринбей Е витаминин менен сүртүп турсаңыз болот. Ал убакыт өткөн сайын такты кичирейтип отуруп, жок кылат. Муну менен катар эле, Е витаминге бай азыктарды да колдонуу талапка ылайык. Е витамини жыңгакта, сафлор майында, арахис майында болот.
2) Алоэ нымдандыруучу жана сыйдамдоочу касиетке ээ. Ал теринин кабылдап кетүүсү менен жакшы күрөшөт. Алоэнин гелин күн сайын колдонсоңуз тырыктан калган так жоголот.
3) Зайтун майы дагы абдан пайдалуу. Бырыштарды жазат, өлгөн клеткаларды териден тазалап чыгарып, тырыктын тагын кетирүүгө себепчи болот. Ал үчүн так калган жере күн сайын эки жолу эртең менен жана кечинде сүртүп туруу керек.
4) Какао- майы терини сыйдам кылат. Тырыктын тактарын кетирет. Терини жумшартат. Андыктан бир ай боюу тынымсыз күн сайын какао майын сүртүп туруңуз. Жакшы жыйынтык берет.
5) 5 чай кашык ашкана содасына 1 кашык суу куюп, аралаштырып, аны тырыкка сүйкөп, кургап калгандан кийин жылуу суу менен чайкап коёсуз. Аптасына эки жолу 2 ай жасалат.
6) Кебезди горчица майына малып, так калган жерге сүртүңүз. Күнүнө 3 ирет. Жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт.
7) Лаванда майы жашартуучу жана тактардан арылтуучу касиетке ээ. Күнүнө 3 ирет сүйкөп туруңуз.
8) Лимон ширеси безеткилерден калган такты жакшы жоготот. Эки күндө бир жолу так калга жерге 5 мүнөткө сүйкөңүз. Андан кийин жылуу менен жууп коёсуз.
9) Сандал пастасына роза майын кошуп так калган жерге сүртүп жатыңыз. Эртең менен кадимкидей эле жууп саласыз.
10) Таза балдын өзүн эле таза жуулган бетиңизге маска жаап турсаңыз. Бетиңиздин өңү жакшырып тактар кетет. Эки күндө бир жолу 15 мүнөттөн маска жасасаңыз болот.
12) Бадыраңдын ширеси да жакшы кетирет.
13) Кокос майы менен так калган жерге 5 мүнөттөй массаж жасап турсаңыз, тактардан арыла аласыз. Бул жаңы пайда болгон тактарды жакшы кетирет.
14) Шиповниктин майын күнүнө бир жолу массаж жасап сүртүп жүрүңүз. Жыйынтыгы бир айда билинет.
15) Картошканын ширеси дагы тактарды жакшы кетирет. Ал үчүн картоканын кабыгы менен күн сайын такты сүртүп туруңуз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 46