Балаңыз алсыз болуп, чыргоолонуп эч нерсе жебей калды. Дене табын өлчөсөңүз - 39°С. Кайсы жеринин ооруп жатканын сураганыңызда ичин көрсөттү. Ичи ооруп жатат деп тез жардам чакырганыңызда "ангина" деген диагноз коюшту. "Ичинин кандай тиешеси бар?" деп ойлошуңуз мүмкүн. Жаш балдар ички органдарынын кайсынысы ооруп жатса да "ичим" дей беришет. Мындай көрүнүш ар бир ата-эненин башынан өтүшү мүмкүн. Андыктан, баланын ангина оорусу тууралуу кененирээк маалымат берүүнү туура көрдүк.
Балдарда ангинанын
пайда болушунун себептери
Ангинаны ар кандай микробдор чакырышы мүмкүн, бирок ошолордун ичинен бул оорунун негизги козгоочусу - стрептококк вирусу болуп эсептелинет. Бул вирус сапатсыз тамактар менен кошо, ошондой эле ангина болуп ооруп жаткан адам менен сүйлөшүү учурунда ооз көңдөйүнө кирет да, узак убакытка чейин билинбей жүрө берет. Качан гана организм өтө муздап кеткенде, абанын температурасы кескин түшүп кеткенде, бала начар тамактанганда, иммунитет начарлап кеткенде организмде "жашынып" жаткан вирус ачыкка чыгып, оору күч алат. Мурун бүтүү, тиштеги кариестер да ангинанын келип чыгышын шарттайт.
Ангинанын белгилери
Тамактагы бадам сымал бездин (миндалина) жабыркашынын деңгээлине жараша ангина бир нече түрлөргө бөлүнөт. Бардык түрүндөгү негизги белги болуп тамактын оорушу (айрыкча жутунганда) эсептелинет. Бул жагымсыз симптомго баш оору, алсыздык, көңүл айнуу жана кусуу кошулат. Булардан сырткары, баланын температурасы 39-40 °Сге чыгып кетиши мүмкүн. Эгер балаңыздын тамагын көрө алсаңыз, без чоңоюп, көөп турганын, өңү болсо ачык-кызыл болуп калганын байкайсыз.
Ангина эмнеси менен коркунучтуу?
Ангинага кадимки сасык тумоо катары кароого болбойт. Эгерде аны убагында дарылабаса, өтүшүп кетип, төмөнкү ооруларды пайда кылат:
- Ортоңку кулактын сезгенүүсүн;
- импетиго (жугуштуу тери оорусу);
- бөйрөк оорусун;
- муун ревматизмин.
Буга жол бербөө үчүн врач жазып берген дарыларды акырына чейин ичип, оорунун бардык симптомдору жоголгуча үйдөн чыкпоо зарыл.
Компресстер
Быштактын кандай түрү болбосун, аны жылытып, кездеменин ортосуна саласыз да, баланын тамагына түнү бою байлап коёсуз.
3-5 даана картошканы сууга бышырасыз. Эзип, ага 3 тамчы йод жана 1 чоң кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы жумшак кездеменин ортосуна салып, аны баланын тамагы менен көкүрөгүнө байлап коёсуз.
Капустанын жалбырагына тегиз кылып балдан сүртөсүз да, баланын тамагы менен көкүрөгүнө түнү бою байлап коёсуз.
Тамакты чайкоо
Ангинада врач жазып берген антибиотиктерден сырткары тамакты чайкоо сунуш кылынат. Күнүнө 6-10 жолудан йод, фурациллин, сода же болбосо шалфейдин, календуланын, ромашканын маңызы менен чайкоо зарыл.
Ангина учурундагы тамактануу
Оору учурунда камыр,туздуу, майлуу, таттуу, ачуу, куурулган тамактарды балаңызга бербеңиз. Ансыз деле мындай абалында бала бардык тамактардан баш тартышы мүмкүн. Ошентсе да бир нерсе жегиси келсе, ботко, апельсин, грейпфрут берсеңиз болот. Ошондой эле кайнатылган жылуу суу, витаминдүү суусундуктардан: жаңы сыгылган шире, компот, чөп кайнатмаларынан тез-тез берип турушуңуз керек.
Балаңыздын ангина
менен оорушун каалабасаңыз...
Балаңыздын тамак-ашына жакшы көңүл буруңуз. Анын жеген тамагында белок көбүрөөк болууга тийиш (ал эттин курамында көп болот). Ошондой эле май (жашылчаларга өсүмдүк майын, боткосуна каймакмай кошуп бериңиз), углевод (нанда көп болот), жашылча-жемиштердеги минерал туздары, витаминдер жетиштүү болуш керек.
Витамин-минерал комплекстерин берип туруңуз. Алар баланын иммунитетин көрөтүү үчүн керек жана организмдин инфекцияларга каршы турушуна жардам берет.
Иммунитетинин түшүп кетишине жол бербеңиз, аны такай көзөмөлдөп туруңуз.
Эртең менен көнүгүү жасатып үйрөтүңүз, муздак сууга жуунганга бара-бара көндүрүңүз, сыртта спорт менен машыктырыңыз.
Таманына массаж жасап туруңуз. Таманда адамдын ар бир органына таандык активдүү биологиялык чекиттер бар. Мурун-тамактын ишине жооп берүүчү зона болуп буттун бармагынын астындагы зона эсептелинет. Ангинадан сактоо үчүн балаңыздын так ошол жерине көбүрөөк массаж жасоодон тышкары күнүнө 5-7 мүнөттөн катуу килемдин үстүндө, кумда же кандайдыр бир дандын үстүндө жылаңайлак бастырыңыз.
Бадам сымал безди хирургиялык
жол менен алдыруу
Кандай учурда операция жасатуу зарыл?:
- Башка жол менен дарылоо таасир этпей калганда;
- Ангина ай сайын же бир айда эки жолу кайталанган учурда;
- Бадам сымал бездин шишигинен улам дем алууга жана жутунууга кыйындык жаратылса;
- Ангина кулакка, жүрөккө, муундарга жана башка органдарга таасир бере баштаса;
- Антибиотиктер менен дарылангандан кийин деле шишик тамактын сыртынан көрүнүп турса.
Дарыгерлер операция аркылуу бадам сымал безди алдырууну акыркы учурда гана, башкача айтканда, жогорудагы белгилер байкалса сунушташат. Болбосо дарылоонун башка ыкмаларын колдонууну туура деп эсептешет. Анткени, бадам сымал без - коргоочу функцияны аткарат. Башкача айтканда, тамак аркылуу, аба аркылуу кирген оору козгоочу вирустарды өткөрбөй кармап калат. Бул безди алып салганда балада ангина кармабай калат. Бирок "чегара" ачык болгондуктан вирустар эч тоскоолдуксуз өтүп, өнөкөт фарингит, бронхит сыяктуу башка ооруларды козгойт. Андыктан, аны алдыруу керекпи, же кереги жокпу, аны врач гана аныктайт.
Ангинаны дарылоонун элдик ыкмалары
Прополис - ангинаны айыктыруунун эң натыйжалуу ыймасы. Балаңыз эгер чоңураак болсо, ар бир тамактангандан кийин болжол менен 2 грамм прополисти чайнатыңыз. Ал ооздо өзү эрип жок болуп кетет.
Йод - баарына жеткиликтүү, арзан экендигине карабай ангинаны айыктырууда антибиотиктерден кем эмес кызмат кылат. Кашыктын кармагычына пахтаны ороп, йодго малып жакшылап сиңдиресиз да, ангинанын ордуна сүйкөйсүз.
Лимон менен дарылоо үчүн лимондун ширесин сыгып, аны 1 чоң кашыктан күнүнө 2 маал ичирип турасыз.
Кызылча ширеси да ангинаны айыктырууда жардам берет. Ал үчүн кант кызылчасын кыргычтан өткөрүп алып, анын үстүнө ушунча өлчөмдөгү кайнак суу куясыз. Идиштин капкагын жаап, алты саат тыныктырып коёсуз. Ушул маңыз менен балаңыздын тамагын ар 2 саатта чайкайсыз. Натыйжасын күчөтүү үчүн 6%дуу уксустан 1 чоң кашык кошуп койсоңуз болот.
Бал кошулган суу менен тез-тез чайкатып турасыз.
Бака жалбырактын маңызы менен чайкоо да жакшы натыйжа берет. Бул маңызды даярдоо үчүн 4 даана жалбыракты 1 стакан кайнак сууга салып, 30 мүнөт демдеп коёсуз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
,