Айрымдар кооздук үчүн, айрымдар дарылык үчүн, дагы бирөөлөр бизнес үчүн гүл өстүрсө, бул ишти хобби катары көргөндөр да бар. Баарынан аялзатынын жан дүйнөсүнө жакыны кооздук болсо керек. Айрыкча, гүлдөр биздин жашообузга, ден соолугубузга жана маанайыбызга абдан жакшы таасир тийгизерин көпчүлүк учурда байкабайбыз. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда гүлдөр адамдын маанайын көтөрүп, мээдеги албууттанууну, нервтик жарылууну тынчтандырат.
Бүгүн биз 20жылдан ашуун убакыттан бери гүл өстүрүп, гүлдөр менен сырдашып келген Гүлмира Абдырахманова эжебизди да жеке тажрыйбасынан бөлүшүү үчүн кепке тарттык...
Гүл дүйнөсү тууралуу айтып берсениз...
Гүл - жаратылыштын бизге берген белеги. Мен кичине кезимден бери эле гүлдөрдү жакшы көрөм. Алардын кооздугу эле эмес, дарылык касиеттери да өтө күчтүү экендигин окуп, изилдеп билдим. Жөнөкөй эле каакым, бака жалбырак сыяктуу биз күнүгө көрүп жүргөн өсүмдүктөр бөйрөк, боор ооруларына жакшы. Деги эле Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн баары эле дары. Жөн гана аларды изилдеп окуш керек. Биз аларды күндө көрүп жүргөндүгүбүз үчүн баркын билбейбиз да. Андан сырткары гүлдөр бизге энергия берет. Негизи эле айлана жапжашыл болуп, бажырайып жоогазындар гүлдөп турса өзүнчө эле керемет эмеспи? Ошондо гана эргүү жаралат.
Гүл өстүрүүгө эмне түрткү болду эле?
Башында жакшы көрүп баккам, анан СССР кулагандан кийин каражат азая баштады, ошол учурда үйдө да өтө көбөйүп кетти, анан сата баштадык да бизнеске айланып кетти.Эң биринчи баштаганда помидор, бадыраңдардан өстүрүп баштаган элем, бара-бара гүлгө өтүп кеттик. А бирок абдан жакшы көрөм. Алар менен сүйлөшүп, эркелетип, жакшы көрүп суу куйсаң да ошону сезет. Мурда теплицаларда гүл өстүрчүбүз. Ошондо бир күндө 1000ге жакын гүл отургузган учурлар болгон. Гүлгө да жакшы көрүү, иштетүү керек, биз гүлдөн энергия алган сыяктуу булар да энергия алат.
Гүл өстүрүү үчүн кандай кеңештерди бересиз?
Гүлдү көбөйтүүдө жазгы убакта көчөт алыш керек, Анан башка идишке отургузууда сугарганда жакшы циркуляция болсун үчүн идиштин түбүнө таш салабыз, анын үстүнө кум анан топурак салсак суусу токтолуп гүлдү чиртпей циркуляция жакшы жүрөт. Анан кечинде сугарбоо керек, мупмуздак суу куюудан да алыс болуу зарыл. Анткени, гүл үшүп калат. Булардын баары жылуу жактардан, тропикадан келген гүлдөр да. Жери химикат кошпой, кык менен семиртебиз, чөп менен, өсүмдүктөрдөн алынган тундурмалар менен да топуракты дарылайбыз. Суукта сууну абайлап куюуу керек +15 градустан өйдө гана жашайт, ошондуктан температурага өтө көңүл буруу керек. Сууну жери кургаганда, үйдүн жылуу кезинде, жана кечинде эмес, эртең менен же түштө куюш керек. Негизи эле гүлгө ар дайым көңүл буруп, багып туруу керек. Анан эң башкысы жакшы көрүү керек.
Келечекке койгон пландарыныз тууралуу да ой бөлүшө кетсениз.
Келечекте гүлдөрүм жөнүндө китепче, брошюра жазууну максат кылып жатам. Ар бир гүлдүн тегин, дарылык касиетин жазып ар бирине брошюра чыгарып, элге таанытсам. Башкалар да алардын касиеттери тууралуу маалымат алышса деп ойлойм. Буюрса өнүктүрүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Андан сырткары кышкы бакча жасоону да каалап жатам. Теплицаларды дагы кеңейтип гүлдөрүмдү дагы көбөйтүүгө аракет кылам.
Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
Маектешкен: Жанара Кайыпбекова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1