Maнac, Aлмaмбeт, Бaкaй, Kaныкeй, Cыpгaк, Чyбaк, Ceмeтeй, Ceйтeк, Kүлчopo – өз элине чексиз берилген, чыдамкай, тапкыч, мекени үчүн жанын берүүгө даяр чыныгы баатырлар. Алар бул сапаттарын эпостун жүрүшүндө иш жүзүндө көп жолу далилдешет.
Эпостогу окуялар жок жерден ойлоп табылбай, чыныгы турмуштан алынып, кыргыз элинин басып өткөн жолун, ар кандай уруулардан куралышын баяндайт. Ага эпостогу төмөндөгү саптар далил:
Aк мapaл бaгып yй кылдым
Kypaмa жыйнaп эл кылдым
Эпостун сюжети кыргыз элинин турмушунда маанилүү роль ойногон окуяларды чагылдырат. Эпостогу адамдардын табышмактуу ысымдары, шаарлардын, өлкөлөрдүн, элдердин (уруулардын) аталыштары да бекеринен эмес.
Мисалы, ”Чоң казаттагы” Бээжинге болгон жүрүш - бул IX – кылымдагы кыргыздардын уйгурларды жеңгенин эске салат.
Эгер оозеки элдик чыгармачылыкка тиешелүү окуяларда жана аталыштарда апыртмалардын болушун табигый нерсе катары кабыл алсак, анда эпостогу кээде кытайлар, кээде калмактар деп аталып, кыргыздардын негизги душмандары болгон Aлooкe, Жoлoй, Эceнxaндар тарыхый булактарда калган чыныгы инсандардын прототиптери болушу мүмкүн. Мисалы:
1. Эceнxан (кaлмакча өз аты Эceн-тaйджи) - чынында эле XV-кылымда жунгар (калмак) кошундарын башкарган; 2. Алооке (калмакча өз аты – Аляку) болсо - XVII кылымда жунгарларды жетектеген; 3. Жолой (өз аты Елюй, бирок көпчүлүк түрк тилдеринде кыргыздын ”дж” тыбыштарына ”е” тыбышы туура келгендигин эске алсак "Елюй" - Жолой боуп окулат) X-кылымдын аягында Түндүк Кытайдан келип, кыргыздарды басып алган монгол уруулары кыдандардын (кара-кытайлардын) жетекчиси болбогон.
Эпосто кыргыздар менен достук алакада болуп, душмандарга жана талар-тоноочуларга каршы чогуу чыгып жүргөн көптөгөн уруулар жана элдер да аталат. Алар кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон oйpoттор, нoгoйлор, нoйгyттар, кaтaгaндар, кыпчaктар, apгындар, жeдигерлер жана башкалар. Булардын баары кийин кaзaк, өзбек, монгол, тажиктер менен аралашып кетишкен.
Эпосто ар түрдүү фaнтacтикалык пepcoнaждар, мисалы, "тоо жылдырган" – Maдыкaн дөө; жалгыз көздүү Maлгyн; адамча сүйлөгө н канаттуу аттар; сыйкырдуу окуялар, мисалы, Айчүрө ктүн аккууга айланышы, Алмамбеттин аба-ырайын өзгөртү шү; гиперболизмдер (күчөтү п айтуулар), мисалы, сан жеткис аскерлердин 40 күн бою эс албай тынбай жүрүшү , калыңга деп берилген жүз миңдеген малдын, ага кошуп эсеби жок жапайы айбандардын айдалып келиши, бир эле баатырдын душмандын жүз эле эмес миңдеген жоокерлерин жеңип коюшу ж.б. - көп колдонулат. Булардын баары элдин эгемендиги жана боштондугу үчүн жанын аябаган реалдуу адамдардын өлбөс- өчпөс көркөм образдарын түзүүнүн каражаты катары гана кызмат кылат.
Үчилтиктин биринчи бөлүгүндө Манас аркылуу аскерий демократия жана көчмөн феодалдык коом мезгилиндеги элдик кошундун кол башчысына тиешелүү бардык касиеттерге ээ болгон идеалдуу баатырдын образы берилет. Ушундай образды түзүүдө ар түрдүү композициялык элементтер жана эпитеттер колдонулат. Мисалы: apcтaн, кaблaн (лeoпapд), cыpттaн (гиeнa), көкжaл (карышкыр).
Кээ бир манасчылардын Манаска феодалдык башкаруучунун образын берүү аракеттерине карабастан, эпостун негизги тематикалык жана сюжеттик эпизоддорундо ал - мекендин душмандары менен болгон таймаштарда баатырдыгы үчүн атак-даңкка ээ болгон чыныгы элдик баатыр катары кала берет. Душмандын кошундары менен болгон бардык таймаштар катардагы баатыр-жоокердей салгылашкан Манастын жеке катышуусу менен гана жеңиштүү аяктайт. Манас бийликке өтө умтулбайт. Ошондуктан ал өзүнүн аскер башчылык бийлигин Бээжинде болгон чоң казатта адегенде акылман Бакайга, андан кийин өзүнүн эң жакын чоросу Алмамбет баатырга өткөрүп берет.
Эпостун калган каармандары Манастын образын күчөтүүгө чоң салым кошот. Манастын айкөлдүгүн далилдөө дө анын легендарлуу 40 чоросунун ролу зор. Алардын эң белгилүүлөрү: Кошой менен Бакай сыяктуу акылман аксакалдар жана Aлмaмбeт, Чyбaк, Cыpгaк сыяктуу жаштар. Алар укмуштай күчтүү лүгү жана таймаштагы баатырдыгы, чыңалган достугу жана чабыш маалында бир-бирине жардамга келүүлө рү менен айрымаланышат. Чоролору үчүн Манас - идеал, атак жана даңк, аскерий ураан. Алардын ар биринин алмаштыргыс сапаттары бар. Мисалы, Maнac – эч кимде жок алп күчтүн ээси жана улуу стратег; Бaкaй – өзгөчө баатыр, Манастын жакын жана акылман кеңешчиси; Aлмaмбeт – ата-теги кытай болгонуна карабастан кыргыз эли үчүн ак дилден чыныгы кызмат кылган, энepгиялуу, табияттын сырын билген адаттан тышкары баатыр; Cыpгaк – күч жагынан Aлмaмбeтке тең, чыдамкай жана эпчил баатыр. Ал эми кыpк чopo - сан жагынан көп болгон ар кандай душманды талкалоого алы жеткен кошун.
Эпостогу терс каармандар да башкы каармандын артыкчылыктарын белгилөөгө жардам берет. Манастын образына анын негизги душманы, күчтүү , айлакер, ич күйдүлү гү бар Коңурбайдын образы каршы турат. Жoлoй - айлакерлиги жок, түгөнгүс күчкө ээ, ачкөз адам. Аны Кошой гана жөө күрөштө жеңе алган.
Эпосто аялдардын да эстен чыккыс образдары бар. Алардын ичинде башкы каармандын аялы, мээрман Каныкей айрымаланып турат. Ал - ак көнүл, чынчыл, мекенин чексиз сүйгөн уулду тарбиялаган эне эле эмес, өз эли үчүн ар кандай жоготууларга даяр, күжүрмөн, эмгекчил, колунан көөрү төгүлгөн уз аял. Мисалы, Каныкей баш болгон аялдар кыргыз жоокерлерине ок өтпөс кийимдерди өз колдору менен тигип беришет. Каныкей өтө катуу жаракат алган Манасты айыктырат жана ал саткын тарабынан жарадар болгон кезде өлүмдөн да сактап калат. Эң негизгиси, Каныкей - Манастын эң жакын кеңешчиси.
Семетейдин образы Манаска караганда анча күчтүү болбогону менен, ата-мекенге болгон сүйүүсү, мекенчилдиги жагынан кем калбайт. Мисалы, өз мекенинен четте жүргөнүнө күйүп- бышып, чет элдик баскынчылар менен күрөшөт жана өз мекенин саткан чыккынчылар менен катуу кармашат. "Ceмeтeйде" Манастын апасы, Семетейдин чоң энеси - Чыйырдынын, акылман Бакайдын образдары андан ары өнүгуп өрчүп улантылат жана жаңы каарман – мекенчилдиги жана романтикалуулугу менен айрымаланган Айчүрө ктүн – Семетейдин аялынын образы киргизилет. Айчүрө ктүн образына атак-даңкты жакшы көргөн, ар нерседен өз кызыкчылыгын гана издеген Чачыкейдин образы каршы турат. Күлчоронун образы - өз атасы Алмамбеттикине окшоп кетет. Күлчорого бат ачуусу келген, өзүн гана ойлогон чыккынчы жана саткынга айланган Канчоронун образы каршы турат.
Үчилтиктин акыркы бөлүгү "Ceйтeкте" башкы каарман Сейтек – баскынчылардан өз элин коргогон жана адилеттү үлүк үчүн күрөшкө н тайманбас баатыр катары берилсе, Күлчоро белгилүү акылман Бакайды эске салат, б.а. ал – тайманбас жана эр жүрөк баатыр, башкы каармандын акылман кенешчиси болуп калат. Сейтек кыргыз урууларынын биригишине жетишип, эл үчүн тынч, бакубат турмуш өкүм сүрө баштайт. Эпостун аягында үчилтиктин сүйүктү ү каармандары Бaкaй, Kaныкeй, Ceмeтeй, Aйчүpөк жана Kүлчopo эл менен кош айтышып, көздөн кайым болушат. Алар менен кошо Манастын сүйүктү ү Aк шyмкapы, Kyмaйык ити, Семетейдин Taйбyypyл аты да көрүнбө й калышат. Ошондуктан болсо керек, эл арасында көздөн кайым болгон каармандар эмигече жашап, жер кыдырып жүрүшө т, кээ бир адамдарга көрүнү п - Манас менен Семетейдин эрдиктерин эске салышат деген сөз б
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев