3-БОЛУМ
Жолдо баратышып Боомдон, тездик менен келаткан джип менен сузушуп ошол жерден беш адам жан бериптир. Кийин айтып журушту катуу сузушконунон машине лепешка сымал эле жалпайып калыптыр дешип. Ары- бери откондо ошол жерден токтоп дайым куран тушургондон башка аргам жок кызым. Суук кабарды угузушуп келгенде, чанырып, бетим тытып атып эстен таныптырмын. Доктур чакыртышып укол сайып атып эсиме келтиришиптир. Андан кийинки жашоом бир тозок болду го,канча жолу олом деп чуркап чыккан кундорум болду,анан уйдо бужуроп козунду жалдыратып калган сени эстеп эсимди жыяр элем.Айыл элинен кагылайын десен болот ар кими кирип акыбалыбызды сурап, курсагыбызды тойгузуп,кеп- кенештерин айтышып,колдоо корсотуп атышты. Ошентсе деле боксоргон жерим толбой жан дуйномдо бороон уруп,ушук журуп жатты. Ушунун баары туш болуп эле калса экен деп тиленгенимди айт. Аял киши алсыз болобу билбейм айтор арманымды арактан чыгарчу адат таап алдым. Адегенде жалгыз эле уйдон отуруп алып балдарымдын, атандын суротун мандайыма койуп алып суйлонуп да,ыйлап да,ичип да отура берчумун. Бизди кандай кунго таштап кеттинер, садагаларым, деп эле сыздай берер элем. Андайда сен молтуроп толгон каректерин менен мени карап унчукпай отура берчусун. Секет кетейин баладан башкача бир акылдуу жансын, атандын боорукерлиги сага откон окшойт жанда жок боорукерсин. Бала болсон да мени аяп мен уктап калгыча кутуп устумо тошогумду тепендеп которуп келип жаап, мени ушуп калат деп аяп турар элен. Эртен менен туруп устумдо жабылып турган тошончумду коруп жылмайып алчумун. Жылуу жатканым учун эмес жашоомду жылытаар жарыгым сенин бар экенин учун Жараткандын мунусуна да шугур дээр элем. Жакшы эле кайраттанып жашоого умтулуп жашайын сенин келечегин ойлойун деп озумо-озум убада берем да кайра эле бир-эки кундон кийин ботолкону кармап отурган болом. Андан кийин ичкич достор табылып башташты. Ошентип кундон-кунго сазга батып баратканымда ыраматылык чон атан келиптир. Бизден кабар алып келейин деп. Атандын жылдыгына жетпей чон апан каза болгон.Андан сон оорудан атандын эжекеси дуйно салды.Ошентип чон атандын да уйундо карангы тун тушуп кыйын болуп жатты. Ал убакта мен оз кайгым менен алышып аларды ойлоого чамам да жок болчу. Чон атан ооруп жаны эле айыкканын айыгары менен эле бизге жоногонун божурап атты. Менин кейпимди коруп жашообуздун кандай нукка бурулуп баратканын тушунсо керек. Кепти мындай деп баштады: Кемпирим да кетип,уулумдан да,кызымдан да, ажырап карыганда мага да кыйын болду.Ошолордун алдына мен кетпей,балдарыман топурак буйрурбай,мен бир шумшук Кудайдын каарына калган чал болдум го. Кана куйчу, арагын барбы? Болсо чогуу ичели. Омуру ууртап корбогон ушу аракты да ичип коройун мен да. Ушул арак эле жашоону женилдетип жиберсе атан кору ичейин анда. Куй деп уну каргылдана суйлоду.Козунун кычыгында молтуроп жаш турган эле коздорун ирмеп жиберсе эле молт-молт жаштар куюлуп кетчудой сезилди ошондо. Уялганыман кирерге тешик таппай,намысыман муунуп турдум.
-Садагам Жамийла, сени кызымдай кором, тигинтип бир кызымдан ажырадым.Карачы Чынаркемдин кебетесин,кыз бала го.Кызга эненин тарбиясы керек, болбосо мен апкетип калат элем.Эстуу жан элен го,ушул тырнактай кызын учун тырмышып,намыстанып жашасан боло.Осмонумдун тамыры тубу менен кыркылган жокко.Сен жонундо угуп алып оз козум менен коройунчу деп келгем же каттабай койдунар...Ушу аракты ичсем мына мен ичишим керек эле карыганда как баш болуп балдарымды жутуп деп кемшендеп ыйлай баштаганда жугуруп жетип кучактап калдым. Кечириниз ата мен мени кечириниз ата бул жалганда армандуу мен элемин го деген элем.Ичпейм экинчи ичпейм ата деп ыйлап жаттым. Ошондо чон атан келип туура жолго салып кетпегенинде кандай болмок эстегим келбейт. Ошол кундон баштап намыстанып озумду колго алып кайраттанып белимди бекем бууп сени бала бакчага берип жаныбыздагы коншу айылда жайгашкан пансионат-санаторийге алгач кир жуугуч прачечныйында иштеп андан сон сестра-хозяйка болдум. Тапканым экообузго кудайга шугур жетип жатты. Анда-санда шабашкабыз да бар эле. Сен окууга кирип окуучу болдун. Ошол сен биринчи класска барган жылдары таянып жургон чон атандан да ажырадык. Чон атан байкуш олорундо да бизди ойлоп тигил Тамчыдагы эки гектар жерин мага жаздырып койгон эле. Чакыртып жибергенинен барсам: - Аа Жамийла кел, келегой кызым. Мен атайы бир иш менен чакырттым эле. Осоорумон олоорум жакындап ,минтип ажалдын босогосунда отурам каралдым.Кандай жатасынар, эт-ашынар барбы? Чынартайым, чырпыгым чонойуп атабы? Окуусу кандай?
- Жакшы, биз жакшыбыз ата, буйурса каникулда силердикине жиберейин деп атам. Чон атамды сагындым. чон атамдын козуларын сагындым. Упчу менен сут берип бакчубуз да деп- откон каникулда келгенин айтып тугонбойт. десем, чон атан борсулдап кулуп жатып, жотолу кармап сыйпалап тукургучун издеп ыкшып жотолуп чыкты. Банкага гезиттен ороп ичине салып койуптур кок какырык чубалтып какырып койуп, созун улады. Мен ,бул оорудан турбай калдым окшойт. Койунуз ата, антип айтпаныз, сизди тиги Тамчыдагы ооруканага апаралы. Баякыдай эле дарылап айыктырып койушат.Сиз бизге керексиз. Сиздин бар экенинизди сезип, жашоо, бизге канча дем, куч, кубат берет Сиздин акылыныз менен кенешиниз менен адам болуп жашап келе жатам атаке. десем.
-Аа каралдым эстуу жансын.Бекем бол.Мен жашарымды жашадым ыраазымын жаштайынан жайрагандарды айтпайсынбы десен, деп, оор ушкурунуп алып тунжурап ойлонуп калды.
У.б
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев