АЛ БААРИБИР ЭНЕ ...(болгон окуя) ============================= Бир жалгыз бой аял чиедей жаш балдарын атасыз чонойтууда коп эле кыйынчылыктарды баштан кечирет. Башкалардан кем кылбайын деп кара жанын карч урат. Эс алууну, жакшы кийинууну унутат. Башкаларга окшоп тойго,кечелерге да барбайт, озу менен озу убара.Эч ким деле аны чакырбайт. Бар дуйносу тооктору бар....Балдарына тез тез тоок кайнатып, этине тойгузат. Эттуу жиликтерин балдарына берип, озу моюн этин жемиш болот, балдарым кенири,тое жесин дейт эне.Апа, сиз озунуз неге жебейсиз? дешсе балдары, " мен моюн этти жакшы кором" деп коет. Таттуу алып келип, балдарына болуп берип, балдарым жесин деп, " мен таттууну жактырбайм" деп коет экен, абдан жегиси келип турса да,балдарым жесин деп....эч качан жаны кийим озуно сатып албай,турдонуп кийингенди жактырбайм деп коет...балдарым кийсин деп... Балдары чоноет,уй- було кутушот... Эне ооруп калат... Балдары сурап келишет...Ар бири тооктун моюн этин салып, шорпо кайнатып келе беришет... Тойго чакыруу келсе, апасына айтышпайт, апам барганды каалабайт деп... Таттууну жактырбайт дешип, эч нерсе деле алып келишпейт. Турдонуп кийинуу апама жакпайт деп, эч кандай кийим- кече деле сатып беришпейт... Эне оор улутунуп...ушкурот! Бирок, баары кеч эле..Балдарына берген " туура эмес тарбиясына" абдан окунот. Эми ал коксогон тамагын жасап иче албай, жумшак кийим кие албай, айыл апага бара албайт, ал ооруулуу. Урматтуу энелер! Балдар жашында эле торго отуруп, эттин майлуусун, кийимдин жумшагын,тамактын таттуусун эле жеп оз кадырынарды жайына коюуну унутпагыла! Оорубагыла!
    8 комментариев
    383 класса
    Аруу махабат Автор:Айгул Шаршен 1-болум - Ой, бирдеме ичип алсын, кечке ачка болбойбу? - деди Кемелбай аялына карай, - Бармактай кызды ачка өлтүрөсүңбү? - Азыр, - Оңолкан Шайгүлгө карады. - Өлмөсөк болбой бетиңди жуу да жармадан ичип ал, бол тез, торпоктор ачка болот. - Ой тигил Адыл менен Мадылды деле кайтартсаң боло, кыз баланы үй жумушуна жумшасаң кантет? - Ыя, дагы эмне кылайын, жүктүн түбүнө чоюлтуп гана отургузуп койбоюнбу? - Оңолкан күйөөсүнө акшырая карап силкинип ары басып музоолорун бошотуп мойнуна жибин ороп ары айдап кетти, - Өзүм кайтарайын анда, кызыңды созултуп күнгө чыгарбай бак! - Уул бала кайтарсын дегеним да, Шайгүл кыз эмеспи, аны өз балаңдай көрө албадың го? - Кемелбай күңгүрөнө үйгө кирди. - Байкуш кызым жүдөп да бүттүң, таенең болгондо да мынчалык кор болбойт элең, - деп Шайгүлдүн жанына отуруп чачынан сылап жатканда Оңолкан кирип келди. - Эми көргөнсүп кызыңды жаныңа албай чыгар, торпоктор эки жакка кетип кала электе, каяктан дагы ушу сага жолуктум экен, жетимиң үчүн жаман-жакшы айтышып жадап да бүттүм! - дегенде Шайгүл ордунан бүжүрөй туруп сыртка жөнөдү. - Айрандан куюп берип койсоң боло, кечке талаада куруйт. - Өлбөйт! - деп күйөөсүнө булкунган Оңолкан Шайгүлдүн артынан кошо чыкты, - Жип алып ал, отун көтөрө келгенге. - Алдым, - Шайгүл торпокторду көздөй жүгүрүп кетти. Бул шордуу кыздын апасы үч жашында өлүп калган. Жыл айланбай эле Кемелбайдын туугандары ага Оңолканды алып берип эки уулдуу болуп калгандыктан аялына эчтеке дей албай секелек кызы үчүн аралжы боло албай өкүнүп жүргөн эле. Оңолкан Шайгүлгө келгенден мээр сала албады. Кемелбай бир бутунан сылтып басып жумушка жарачу эмес. Бир аз мал-кели, эки уй, бир жылкысы бар. Өтө бай болбосо да карды тоюп, кийими бүтүн, орто чарба жашоосуна ыраазы. Оңолкан эки уулун чалчаңдатып иш кылдырбайт. Шайгүл он экиге карап калса да кийим-кечесин оңдоп коюуну ойлободу, ал турсун тамакты жарытып бербейт. Коңшусунун баласы бар, ал Шайгүл менен кичинесинен бирге ойноп, ыйласа сооротуп, үйүнөн нан, кээде сүт алып чыгып берчү. Бүгүн дагы Шайгүл торпок артынан жөнөгөндө ал койнуна нан катып алып артынан жүгүрдү. - Шайгүл токто! - дегенде кылчая берип: - Келе бер, - деди да торпокторун кайрып сексеңдей жүгүрүп баратканда Амалбек ага жете келди. - Шайгүл, сен окуйсуңбу быйыл? - Апам макул болсо. - Эмнеге, сен сабакты жакшы окуйсуң, сабактан калтыра бергени жаман, атаң болушпайбы? - Болушат, апам тилин албайт да… - Аа-а, нан жейсиңби? - Кардым ток. - Анан жейбиз ээ? - Ооба, - деп отко кызыга жерден башын албай оттоп жаткан торпокторду жайына коюп отун термекке киришти. - Отун тересиңби? - Ооба, отун тере барбасам апам урушат. - Кел, экөөлөп теребиз, отуруп эс алып албайлыбы? - деди Амалбек ага, токтоло калып ташка көчүк басты. Шайгүл экөө көпкө үнсүз отуруп, бири-бирин кыя карап коюшат, Амалбек балалык кыялында Шайгүлдү абдан аяйт, аны Оңолкандын урганын далай ирээт көргөн, ошондуктан анын көңүлүн көтөргүсү келди. - А сен үйүңдө жумуш жасабайсыңбы? - деди бир топтон кийин Шайгүл ага карай. - Жок, мен жасачу жумуш деле жок го, уйларды жайлоого эрте эле берип ийишет, а отун болсо көп, силерде деле көң бар го, эмнеге сени отун тер дей берет, мен Оңолкан эжени аябай жаман көрөм. - Ал жакшы эле, отун баары бир керек, сүт бышырат, анан суу ысытып кир жууйбуз, - деп Амалбек карап тургандай көйнөгүнүн жыртыгынан чыгып турган тизесин жаап койду. - Мен сага көйнөк алып келип берейинби? - Амалбек аңдоостон сурап калды. - Эмнеге? - Эжем сага берем деген… - Апам урушат да. - Аа-а, - деп унчукпай калды Амалбек. - Сага жакшы, мен дагы апам өлбөгөндө же таенем өлбөгөндө минтип кор болмок эмесмин, - Шайгүл улутунуп алды. - Капаланба Шайгүл, сен чоңойгондо аябай сулуу кыз болосуң, анан бактылуу күнгө жетип баарын унутасың. - Унута албас чыгаармын… - Жер карап көзүнө жаш тегеренди, - Бул күндөрдү эч унуталбайм. - Кел, нан жеп алчы, - Амалбек койнунан чачыкка оролгон бир бүтүн нанды алып чыгып сындырып сунду, - Ме жесең. - Ошончо көп алып алдыңбы? - Эмне экен, апам дандырга жабат, бул эчтеке эмес, сен экөөбүз мектепке бирге барабыз, ошондо да алпарып берип турам ээ? - Амалбек ага мулуңдай карады. - Мектепке барганга кийимим жок, аз эле калды го, баралбайм го? - Шайгүл нандан тиштеп жер карап калды. - Атаңчы, ал дагы окутпай коебу? - Атам инвалид, пенсиясын апам алып коет, мага кийим-кече алгысы келбейт. - Кийим болсо эле окуйсуңбу? - Китеп, дептер дагы керек… - Дептерди мен берем, китепти мектептен деле берет. - Көрөбүз го. - Шайгүл ордунан тура калды. - Отун теришим керек, эми эле кеч болуп кетет. Отунду аз терсем дагы урушат, - деди да Амалбекке карады, - Сени апаңдар урушпайбы, бара берчи. - Алар урушпайт, - деп Амалбек Шайгүл менен кошо куурай тере баштады. Замандын гүлдөп турган учурунда тоолуу райондордун колхоз-совхоздорунда жетип-жетпей жашаган үйбүлөлөр деле болгон. Дал ошол гүлдөгөн союз учурунда Шайгүл Токтогул районунун Кара-Суу совхозунун көл жээктей жашаган айылдарынын биринде өсүп жатты. Кемелбай өтө жоош да, инвалид да эле, карыган апасы өтүп кетип, эки иниси, бир агасы бар, алардын өз чарбасы бар: "Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар" дегендей, ар кимиси өз киндигин өзү кесмей. Кечинде чоң таңгак куурай отунду көтөрүп, төрт торпокту айдап үйгө карай жөнөгөн. Элдин баары эле мал-салын койчу-уйчуларга кошуп ийчү, Кемелбайлар ошол жылы эки жылкы, торпогу менен эки уюн алып калышкан. Торпоктор ар жак, бер жакка качканда отунун жерге кое коюп улам тосуп кайра жонуна таңгакты көтөрүп, Амалбек экөө каш карайганда гана бөлүнүштү. - Селбиреген өлүк, өлүп калган экен десе, тирүү белең, эртерээк эле келбейт белең, саан уйлар эбак келген, - деп алкына каршы алды Оңолкан. Жонундагы отунду жерге коюп үндөбөй торпокторду байлоого жүгүрдү, - Бир торпокту жөн гой, азыр саайм. - Макул, - деди да тай торпокторду көнгөн адатынча короого камап, бир торпокту казыкка байлап, бирин энесине кое берди. - Ачка болдуңбу, кызым? - деди ошол кезде таягын таяна жанына келген Кемелбай. - Жок, ачка болгон жокмун. - Садага болоюн, эптеп чоңоюп алсаң болду, жаның аман болсун, - деп чака көтөрүп келе жаткан аялын көрүп унчукпай калды. - Тарт торпокту, ээмп койду? - деди жете келген Оңолкан. Шайгүл эрбеңдей торпокту тартып казыкка байлай бергенде жулунган торпок бутун басып кетти. - Аа-ай! - деп отура калды. - Эмне болду, Шайы? - Кемелбай арытан үн салды. - Эчтеке, - Шайгүл жаны көзүнө көрүнө бутун кармап отуруп атасына жай унчукту. - Өлүп кеткенсип кыйкырасың да, атакеңдин жүрөгү түшө жаздады, - деп өзүнчө кагынып алды Оңолкан. - Торпок бутумду басып албадыбы апа, - Ыйлап ийди Шайгүл. - Өлбөйсүң. - Ошого асылганды койбодуң, - деп Кемелбай көөнү тынбай кайра бери басып келди, - Үйгө кире берчи кызым, торпокторду мен эле байлап коем. - Өзүм эле байлайм ата, сиз байлай албайсыз. - Деги сенин азабың өттү да, өлүксүзүң же энеси менен кошо өлбөй чекеме чыккан чыйкан болду. - Кой Оңолкан, мунун да көрөөр күнү бар, анчалык эле заар болбосоңчу, бала да бул деле. - Бала болбосо башын жутсун, ушу болбосо тынч жашамакпыз, күндө ушунун айынан уруш-талаш болуп тажап да кеттим, - деп Оңолкан эки уйду саап үйдү көздөй сүйлөнө басып кетти. - Катуу басып кеттиби, кызым? - Жок, анча деле эмес, - Шайгүл торпоктордун моюнчасын түрүп, короого жетелеп киргизип коюп анан атасына кайрылды, - Ата, мен окууга барамбы быйыл? - Барасың кызым, өзүм сага кийим-кече алып берем, канча калды окууңа? - Бир ай. - Шашпа кызым, окууга барасың. - Чынбы, апам "окууга эмне бар" деп жатат го? - Айта берет, Адыл менен Мадылга кийим алганда сага дагы алып беребиз, азыр илгерки заман эмес, сени окутам кызым, кам санаба, - деп кызынын чачынан сылап койду, - Капаланба ээ, мен сөзсүз окутам. - Макул ата, - Көңүлү көтөрүлө түшкөн Шайгүл күндүзгү Амалбек экөөнүн сүйлөшкөндөрүн көз алдына келтирип алды: "Мен дагы окуйм, бешинчи класска көчүрдү бекен" деп ойлуу атасынын артынан үйгө кирмек болуп жуунуп алмак болгондо Оңолкан чыга калды: - Казанга суу куюп от жага сал, жылыса кир жууп кой, эртең колуң бошобой калат. - Бирдеме ичип алса боло, күнү кечке үйдөсүң, кирди өзүң деле жууйсуң, - деди Кемелбай кайра чыгып. - Сен тамагыңды иче берчи, биягын мага кой. - Оңолкан, балдарды төрөп койдум деп милдет кылбай жүр, кызымды ошол эки баладан кем көрбөйм, үстүндөгү кийимин карачы, эл журт деле кеп кылып жаткандыр… - Ой-ой-оо-ой, милдет кылбаса билгениңди кыл, кааласам балдарымды алып кетип калам. Жүдөп-какап кызың экөөң биттегенде жалдырап барасың, - деп булкунуп алды Оңолкан. - Эк барсаң бара берчи, катыны жок жүрсөм болмок экен, кызымды жалдыраткыча, - деди Кемелбай дагы кайраттана, - Балдар сен турганда кор болбойт, аман-эсен чоңойсо таап келет! - деп ичкери кирип кетти. Бул кезде эмне кылаарын билбей аларды карап туруп калган Шайгүл делдейе: - Ата, мен үчүн урушпагылачы, мен баарын аткарам, кирди да жууйм, торпок кайтарам, андан эчтеке болбойм, - деп ыйлап ийди. - Ишиңди кылчы! - деп Оңолкан силкинип үйгө кирип кетти. Ошол кезде короонун оозунан Амалбек үн катты: - Шайгүл. - Эмне? - Бери келсең, - дегенде Шайгүл жүгүрүп жетти. - Апам көрсө урушат, эмнеге келдиң? - Тамак алып келдим, кел жеп алчы. - Кандай тамак? - Эт бар, апама айтып куйдуруп келдим, - деди эле Шайгүлдүн карды ачып турганга эттүү тамактын жыты мурдун жара кесени алып кашык менен ичип кирди: - Апам көрүп калса жаман болот, - деп алды да шашыла ичип жатты, Амалбек аны карап турду, негедир аны үйүндө жатып да ойлой берет, шашыла ичип, - Мен сага ыраазымын, - деди да идишти берип жүгүрүп кетти. Арыдан бери кирди жууп, Оңолкан берген кийим-кечелерди бүткүчө кеч болуп кетти, Кемелбай жанында отуруп карап ойлуу: - Каргадай болгон садагам, мени кечир, калкалай албадым, эптеп бой жетип алчы, - деди, күңгүрөнүп сүйлөп эки сөзүнүн бири: "Каралдым" деп жатты. Түн бир оокумга чейин жууп жайып анан кирип жатып алмак болгондо Кемелбай, - Шайы, тамак ысытып ичип алчы, - деди. - Ата менин кардым ток. - Кантип, эртең мененки жарма менен жүрөсүң го? - Жо-ок ата, кам санабаңыз, кардым ток, - деди да ордуна жатып калды. Кызына боору ооруган Кемелбай кыңырылып кыңкайды. Ал убакта Оңолкан коңурук тартып уктап жатканЯ. Мындай күндөрдүн далайы өттү, аялын далай жолу кетирмек болсо да кете койбоду. Ичтен тынып Шайгүлдүн ал акыбалынан зээни кейисе да колунан эчтеке келбесин сезгенде каңырыгы түтөп тим болот. Эртеси дагы Оңолкан күндөгүсүндөй эле алкынып келди да: - Тур ой кыз, уйду саа, мен ооруп турам, - деди. - Азыр апа, - деп уйкусурай туруп келе жатканда Кемелбай аялына карады: - Үстү башын оңдоп койсоң боло, мындан башка кийими жокпу? - Кайра эле кирдетет да, өзү таза жүргөндү билбесе… У.б
    3 комментария
    15 классов
    4 комментария
    151 класс
    3 комментария
    664 класса
    "Кызы кызы"
    -Мен аларга суктанам. -Кимдерге? -Сени күндө көргөндөргө. Баарыңыздарды ЖАРАЛАНГАН ЖҮРӨК группасына келип таанышып,сүйлөшүп,сырдашып,тамашалашууга чай ичип отурганга үйгө чакырам.🌹🌹🌹
    42 комментария
    70 классов
    2 комментария
    669 классов
    1 комментарий
    414 классов
    34 комментария
    198 классов
    27 комментариев
    373 класса
    442 комментария
    453 класса
53042783715463

ЫНТЫМАК

АЛ БААРИБИР ЭНЕ ...(болгон окуя) ============================= Бир жалгыз бой аял чиедей жаш балдарын атасыз чонойтууда коп эле кыйынчылыктарды баштан кечирет. Башкалардан кем кылбайын деп кара жанын карч урат. Эс алууну, жакшы кийинууну унутат. Башкаларга окшоп тойго,кечелерге да барбайт, озу менен озу убара.Эч ким деле аны чакырбайт. Бар дуйносу тооктору бар....Балдарына тез тез тоок кайнатып, этине тойгузат. Эттуу жиликтерин балдарына берип, озу моюн этин жемиш болот, балдарым кенири,тое жесин дейт эне.Апа, сиз озунуз неге жебейсиз? дешсе балдары, " мен моюн этти жакшы кором" деп коет. Таттуу алып келип, балдарына болуп берип, балдарым жесин деп, " мен таттууну жактырбайм" деп коет экен,
53042783715463

ЫНТЫМАК

Болгон окуя.. Бая куну бир окуя болду. Бир жигит, жашы 32де экен такси заказ кылып, республикалык ооруканадан уйуно жеткирип коюуну суранды. Мен аны салып, жаны эле жол журо баштаганыбызда ал соз баштап ушу бугун башынан отуп жаткандарды кеп сала баштады: -«Байке, менин азыр эки бойрогум иштебейт. Жаны эле больницадан канымды жуудуруп, капельница, укол алып чыктым. Буга 4саат убакыт кетти. Доктурларга 6000 сом, анан витаминдерди сайышат, ага 1000сом, баары болуп 7000 сом толойм. Бир жарым жыл ушинтип толоп дарыланып келдим. Жакында эле льгота алып,бекер дарыланууга оттум…. Эми бурсугуну келем. Эгер бир кундон кийин келип кайра жуудурбасам ары кетип калам байке. Ушинтип кунуго жашоо учун кур
Показать ещё