Предыдущая публикация
Осмонов
Эне тили
Тил үйрөнүү,
Жакшы көрмөк сүймөктөн,
Энем тилин жакшы көрүп үйрөткөн.
Ойротто жок, оңой тил бейм биздин тил,
Бир жашымда
Ата, апа,
Ат, эт дегенди сүйлөткөн.
Тил кадырлоо
Чын көңүлдөн сүймөктөн,
Атам тилин сүйгөндүктөн сүйлөткөн.
Эрдик, өнөр, билим менен сүйлөшүп,
Бир жүрсүн деп, бир жашымда үйрөткөн.
Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандан артык көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5