Отуз төрттө солкулдаган жаш жигит,
Келинчеги отуз эки жаштарда
Беш жөжөсүн таштап коюп кетишкен,
Жанашыша жандары учуп асманга.
Андан бери далай суулар шаркырап,
Таңдар атты,тирүүлөргө жаркырап.
Төртөө эркек,арасында бир тал кыз,
Тайенеси багып алган асырап.
Кийим бүтүн, курсактары ток болгон,
Көкүрөк ач, ичке арман топтолгон.
Мээримине суусап өткөн балалык,
Ата-эненин ордун издеп жоктогон.
Беш бир тууган баардыгысы чоңойду,
Тарбиялуу, билимдери жогору.
Кырктан ашып,өзүлөрү ата-эне,
Үй-бүлө бар,жолун карап тозоору.
Дарак соолуп,көчөттөрү бак болду,
Мөмө байлап, куру эмес шак толду.
Тайененин кесиби эле мугалим,
Зор эмгеги азын оолак акталды.
Зор эмгектин ээсин өтсөк барктабай,
Энебиздин эмчек сүтүн актабай,
Анда бизге керек эмес тирүүлүк,
Ата-журттун салтын жүрсөк сактабай.
Беш бир тууган, бешөөбүз тең чоңойдук,
Милдетибиз зор эмгекти,аппак сүттү актамай!
Айнура Мамытова
24.04.2017-жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2