- Чыңгыз, кайда?
- Москва, Берлин, Лондондо.
- Эмнеге кетти?
- Бир маанилүү маселе болгон
го.
- Байдылда кайда?
- Мал жайылган тоолордо.
- Эмнеге кетти?
- Туз берип жүрөт койлорго.
Чыңгыз кайда?
- Прага, Париж, Римде.
- Эмнеге кетти?
- Эл аралык адабияттын
Абалын билүүгө.
- Байдылда кайда?
- Таластагы үйүндө.
- Эмнеге кетти?
- Тамеки үзүүгө,
Апийим тилүүгө.
Чыңгыз кайда?
- Джакарта, Каир, Алжирде.
Америкага барат кай бирде.
- Эмнеге кетти?
- Эл менен жолугушат
Ар күндө...
Жакшы жазуучу менен
Жалпы элдик жан бирге.
Байдылда кайда?
-Бүгүн Ташкенде.
Эртең барат Баткенге.
-Эмнеге кетти?
-Суу сактагыч курушат
Суу жетпеген какжерге.
Чыңгыз кайда?
- Варшавада, Багдатта.
Чакырган эл көп ар жакта...
- Азамат экен!
- Азаматтыгы
Адабияттык салмакта.
- А Байдылда кай жакта
- Алма терип жүрөт чарбакта.
Жакында кызылча казышып
Пахта теримге бармакта.
- Чыңгыз кайсы кызматта?
- Сырттагы кызматты аткарат.
- Байдылда кайсы кызматта?
- Үй тиричилигин...
Чарбаны башкарат.
Чыңгыз дүйнөнү кыдырат
Кыргызга сыймык жыйнайм
деп.
Байдылда тоодо олтурат
Тоолорумду кыйбайм деп
Тоо жылмайынча
Жылбайм деп.
Чыңгызды кыргыз көтөрдү.
Кыргызды Чыңгыз көтөрдү.
Бириктирип
Советтик турмуш көтөрдү.
Жакшы тилек, жакшы сөз
Кут кылсын ушул экөөнү.
- Байдылда деле көп элге
Барганды жаман дебестир,
Акындардай ыр жазат
Болбосо дагы эң өткүр.
Алыска чыкпай жүргөнүнө
Айрым бир нерсе себептир?
—А мүмкүн...
Чыңгыз сыртта жүрсө
Айылга да киши керектир...
Байдылда Сарногоев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1