Бишкекте 19 жаштагы Айзат Айтпекова аттуу кыз жоголду.
Бул тууралуу анын туугандары билдирди.
Маалыматка ылайык, Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең менен саат 8:00до үйүнөн чыгып кеткен. Андан соң телефонун өчүрүп, ошол бойдон туугандары менен байланышкан эмес. Айзаттын телефону 8-май күнү Политехникалык университетинин аймагынан жандырылган. Бирок бир нече убакыттан кийин кайра өчүп калды. Жоголуп кетүү жоругу жок Айзаттан кабатыр болгон туугандары издей баштаган. Курбу кыздары Айзат Айтпекова акыркы айларда сабака келбей жумуш издеп жүргөндүгүн жана Рустам аттуу бала менен сүйлөшүп жүргөндүгү тууралуу айтып беришкен. Азыркы учурда аталган окуя боюнча, Бишкек шаардык Свердлов районунун издөө бөлүмү иш алып барууда. Айзат Айтпекованы көрүп калсаңыздар төмөнкү номерлерге чалып байланышсаңыздар болот: (0559)10-30-22 же 102.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2