Чыдам кетип, уйку качып чекчейип,
Чыйрыгамын чыканактай бүрүшүп.
Сөз түгөнүп, тилдер келбей күрмөөгө,
Ич этимди туурап турам урушуп.
Көз карыгып киртийиңки санаадан,
Түпкүрүнө катып ачуу ызаны.
Жакшылыкка жоруп санайм мүнөттү,
Батыралбай көкүрөккө кусаны.
Күлгөн болом эл көзүнө жайдары,
Көлөкөсүн ызалыктын жашырып.
Көңүлүмө сиңбей турат эч нерсе,
Шайыр мүнөз ийилүүдө басынып.
Боюм түзөп барам түптүз басууга,
Андай эмес, бирок дүйнөм ийилген.
Эки көзүм көрүнбөгөн ашууда,
Ачык жолдор бар бекенби чийилген?
Ийилүүдө максат, үмүт, тилегим,
Каруу кетип бошоң тартып билегим.
Төрт аяктап калсам деле жол карап,
Сагынычын аста айтат илебим.
Бул дүйнөдөн калбагандай ишеним,
Жүрөк дагы өзгөртүүдө ийкемин.
Эшик ачып уулум мага келгиче,
Жыгылбастан тике тураар бекенмин?
Оо, жүрөгүм, буза көрбө ийкемиң,
Сени менен менде бышык ишеним!
Кундузбү Маматова
Куку
13.05.2024.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев